presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргыз гезиттер
Оңтойсуз суроолор?
"Жылаңач" жардысызбы?
Абдулда Шергазиевич, Сиз бир жарым жылдан бери Ички иштер министрлигин жетектеп келе жатасыз. Бул аралыкта эмне иш кылып, эмненин ичинен чыгып жатканыңызды өзүңүздөн башка жан киши билбейт. Чынбы? Сиздин учурда бийликтин криминалды кынына киргизебиз деген урааны таш каап отурат. Буга сиздин өз ишин жөндөй албаган "эт менен челдин" ортосунда жүргөн "мажүрөөлүгүңүз" себеп болгону айтылууда. Мындай пикирлерге кошуласызбы? Кийинки кездери кызматтан кетээриңиз тууралуу узун сабак болуп жатат. Ордуңузга Кеңешбек Дүйшөбаев келет экен дешүүдө. Сиз болсо, кыргыз милициясынын 90 жылдык маарекесин өткөрүп берип коюп кетейин деп, жогору жактын эшигин жыртып суранып жатыпсыз, чынбы? Ушундан улам суроо жаралат, эмнеге кыргыз чиновниктери кызматка жетсе жамбашы креслого тамырлап, кеткиси келбей калат? Сиз түшүндүрүп бере аласызбы? Бул бир. Экинчиден, сиз учурда пайгамбар жашынан өттүңүз. Азыркыга дейре батирлеп, үй-жайыңыз жок, жардылыктан кутула албай жүрөсүзбү? Дегенибиз, өзүңүздүн декларацияңызда эч бир кыймылдуу жана кыймылсыз мүлкүңүз жоктугун, министр катары эптеп-септеп айлык менен күн көрүп жаткандай түр көргөзүптүрсүз. Деги сиздин эч нерсеңиз жок, жылаңач жарды экениңизге ким ишенет? Мынчалык байкуш болуунун канчалык кажети бар деп ойлойсуз? Же мүлкүңүздү жашырбай ачык көргөзүүдөн, бийликтен же "каралардан" чочулайсызбы? Андай болсо, 25 миң сомдук айлыгы бар министрлик кызматка жулкунбай эле, "Мегаком" компаниясынын Ички коопсуздук башкармачылыгын жетектеп турганыңызда айына алчу 5 миң доллардан кем эмес маянага ыраазы болуп отурсаңыз болмок экен, жарды аталып жаманатты болбой… Чынбы?


Мэр болуш үчүн мээнин кереги жокпу?
Кубанычбек Кеңешович, Сиз учурда Бишкек шаарынын мэри кызматын жарым жылдан ашык мезгилден бери башкарып турасыз. Бул убакытта шаарды таштандыга толтуруп, бак-дарактарды кургатып, гүлдөрдү соолутуп бүттүңүз. Же жалганбы? Шаардыктар сизди көрөйүн деген көзү жок калды. Ишенбесеңиз, алдыңыздан чыккан жарандан "Кулматов кандай иштеп жатат" деп сурап көрүңүзчү, өңүңүз бозоргон жооп угасыз. Буга дейре маалымат каражаттарынан окуй берип ишенбей жүргөнүңүзгө өз кулагыңыз менен үрөй учурган наалаты сөздү укканда ынанасыз. Жек көрүндү болгонуңузга көзүңүз жетет. Чындап өзүңүздүн ким экениңизди билиш үчүн чыгынып сурамжылоо жүргүзүп көрбөйсүзбү? Балким жек көрүндү болуу жаман экенин туюп, колуңуздан келбеген ишке тырмышпай, кызматтан өз каалооңуз менен кетип калышыңызга жардамы тиет. Ойлонуп көрбөйсүзбү? Ансыз да аттуу-баштуу эле Дастан Сарыгулов "Кабарлар org" сайтына сизди "Бул шүмшүктө мээ деле жок экен" деген баасын бериптир. Сиз кандай кабылдадыңыз? Же мындай сөздөр сизге майдай жагабы? Сөөккө жеткен сөз укканча, "мээ бар, бирок мэр болуу колумдан келбейт экен" деп, кызматтан баш тартсаңыз кантет, эгер абийир, ар-намыстан таптакыр кечип таштаган болбосоңуз? Же эмне мэр болуш үчүн мээнин кереги жокпу?


Оторбаевден сүйүнчү
Кыргызстанды туташ кризис каптады. Коррупция менен криминалга каршы күрөш популизм жыттанып калды. Ичип-жегендер менен крим төбөлдөрү камактан бошоп, бийликке мыйыгынан күлүп, шакаба чегүүдө. Элдин бийликке ишеними жоголуп баратат. Күйүүчү майдын баасы өсүүдө. Какаганга муштаган болуп, эми жарыксыз отура турган болдук. Өкмөт башчысы Жоомарт Оторбаев 1-октябрдан тарта электр энергиясы маал-маалы менен өчүрүлө турганын сүйүнчүлөдү. Жарыкты өчүрүү 2015-жылдын 21-мартына чейин созулат. Учурда 2014-жылдын 12-августуна карата алынган маалыматтар боюнча, Токтогул суу сактагычында топтолгон суунун көлөмү болгону 11,6 миллиард метр кубду түзгөн. Бул көрсөткүч 2013-жылга караганда 3,5 миллиард метр кубга аз.










??.??