ЧЫҢЫРГАН ЧЫНДЫК ЖАНА ЭЛ КАНЫНА
СИҢЕ ТУРГАН ЭКИ КЕРЕМЕТ!
Биз, кыргыздар кийинки мезгилдерде кимдир бирөөнү катыра сындап, таш ыргытканга гана маш болуп бараткандайбыз! Айтуу керек албетте, бирок ошондой сынды айтаардан мурун анын оң жана терс, эң башкысы баалуу, керектүү жактарын дагы көргөнгө, айтканга, айтпасак дагы жок дегенде түшүнгөнгө аракет кылууну унутпашыбыз керек эле. Мындайдан арылбасак болбойт!
Жаманбы-жакшыбы, азбы-көппү арабыздан чыгып жаткан мыктыларыбыздын эл суусап турган учурда жаратып жаткан керемет чыгармаларын барктап-баалап, окуп-көрүп, жакшы жактарын кабыл алганга, ошондой жактарын даңазалап турганга жан үрөгөнүбүз оң эмеспи. Мындай маанилүү көркөм чыгармалар кантип зыяны менен терс таасирин тийгизсин, тескерисинче пайдасы тоодой эмеспи, мен ушуга бөркүмдөй эле ишенем жана ишенгиле деп айтаар элем..
Элинин, улутунун жүрөгүнүн түпкүрүнө терең сиңип, жан дүйнөсүн козутуп, ой-туюмунан бекем орун алып, ар бирин ойлонтуп, ойгото турган баалуу чыгармаларды көрпенделик кылып, ойду-тоону сүйлөп, кошкуруп чочуп, андан да кызыгы аз-көп деп акча менен баалоого мүмкүн эмес.
Ачык эле айтып коеюн, акыркы 23 жылда кыргыздын канын жарып чыга турган эки баалуу чыгарма пайда болду окшойт, анын бири бүгүнкү күндө бүткүл кыргыз коомчулугунун бүйүрүн кызытып, эртерээк көрсөк болот эле деп көздөрүн кызартып жаткан Садык Шер-Нияз тарткан тарыхый эпикалык тасма "Курманжан Датка" жана кыргыздын кыйырына тарап, түтүнмө-түтүн издеп, түп көтөрө окуйт элек деп ээликтирип жаткан акын Шайлообек Дүйшеевдин "Агындылары".
"Курманжан Датка" азыркы тапта адашып, кайсалап, кайда басаар жолун таппай, тамтаңдап турган кыргыздар үчүн так багыт бере турган жол, көөдөнү менен көзүн ача турган күзгү, азыркылар, ал гана эмес урпактарыбыз үчүн кала турган көөнөрбөс байлык деп эсептейм. Кино жаатынан алганда, ал эми адабият, жазма жаатын алсак "Агындылар" анча-мынча дүйнөлүк адабиятты титиретет дегендерден ашса ашып түшөт, асты кем калбайт деп ойлоп турам.
Эгер менин капчыгым калың болуп, чөнтөгүмдү жашыл кагаздар "жарып" турган байлардын бири болсом, ушул сыяктуу улуттун суусунун кандырып, жаркын келечегине "жарк" этип үмүт жандыра турган руханий-маданий аталган баалуулуктарды, байлыктарды ар бир кыргызга бекер көргөзүп, бекер таратып, ал эмес ар биринин үйүнө бекер жеткирип бергенге даяр элем, болгон ал-күчүмдү жумшап, акчамды да, аракетимди да аябас элем..
Аз мурун Питерде (Ленинград) болуп, азыр Монреаль (Канада) фестивалына катышуу укугун алып, ошол куттуу жерде шымаланып, "мына мени көргүлө" деп билегин түрүп турган айтылуу тасма "Курманжан Датканын" режиссер коюучусу Садык Шер-Нияз менен жолугуп, эки күн дурус эле эзилип сүйлөшкөндөй болдук. Өзгөчө ушул тасманын тегерегинде, тартылуу тарыхы боюнча да бир топ божурашып, Питердин салкын жел аймап мемиреген алгачкы түнүндө "Вероника" аттуу керемет мейманканасынын эшик алдында түн ортосун оодурганча отурдук. Эмнеге эле ушул тасманы бир айтып бир койбой, эки айтып эки койбой, эбиреп-жебиреп, оозунан түшүрбөй калды дегендер деле чыгып жатса керек? Айта турган аш-пишти айтыш керек, дей турганын деш керек. Ага татыктуу, ошон үчүн ой-санаамдан кетпей турат, боштукка айланып бара жаткан көөдөнүм көөп, кадимкидей толуп, толкундап турат.
Алгач трейлерин көрүп эле элейип калганыбыз деле чын. Анан эле кайдан-жайдан тасманы толук көрүү бактысына туш келип, көрүп чыккандан кийин көлкүлдөп кадимки коргошундай "эридим". Көздөн жаш кетти, дене бой чымырап, эмоция деген шумдугу бир топко элжиретип салганы менен, жок жерден эле эрдемсинүү пайда болуп, муштумдар чытырап түйүлүп, "биз кыргыздар ушундай болгонбуз, баатырбыз, багынбайбыз, бөлүнбөйбүз" дегендей айбаттуу дем-күч пайда болуп, толкуп, дердеңдей түшүп, калдактап, каалгый басып калганды айтпагыла. Кадимкидей канды кызытты, шердентти..
Айтайын дегеним бул, аз мурун эле атыла элек аюунун терисинен тон бычып жиберишип, андан да ошол тонду талпактай эле талап, тытмалап жиберишпедиби, телегейи тегиздер. Эң кызыгы ошол өлө да элек, эч ким көрө да элек аюунун терисинин баасында болду. "Тоңуп өлүп баратсак деле жылаңач жүрсөк болмок, казынанын акчасын самандай сапырып салыптыр" дешти. Балким туурадыр, бирок мышык бекер мыйоолоп бербей турган заманда ким бекер оокат кылат, ким бекер кино тартат, жана ошондой эле ким бекер бирөөгө жок жерден жабышып, асылып, шыбап, "шыбакчынын" жумушун аткарат? Анын баары азбы-көппү акча турат. Же калп айтамбы?
Ким гана болбосун өзүнүн акыл-күчүн коротуп, тыным албай жасаган ишин элге жаккыдай, көргүдөй, мактап-жактагыдай, акыры ак эмгегин актагыдай болсо экен деп тилейт, ошого алынын жетишинче жан үрөбөскө аргасы жок. Жүздөгөн актерлер тынымсыз тытынып тарткан ушул тасмага кеткен каражат азбы же көппү? Мен айтаар элем, арзыбаган акча. Чындыгында Садык мырза өзү дагы баса белгилеп айткандай, бул тасма чыгармачыл топтун көкүрөктөрүндөгү демдеринин күчтүүлүгүнөн, анан булардын карандай мекенчилдигинен, эр жүрөк, көк беттигинен эле тартылып бүтүптүр. 70 миллион сом 70 миллион доллар эмес, албетте, 1,5 миллион доллар карапайым, чор тамандардын жакасын мыкчытып, жаратканына жалынтып жибериши мүмкүн, бирок мындай акчаны бүгүн кыргыздын орточороок делген байбачасы бир күндүк эле "крутой" эс алуусуна чачып салып, чыйт түкүрүп, чычайып басып кете берет эмеспи? Муну да жалган деш кыйын.
Майдалап отурбай эле маанилүүлөрүнөн ортого сала кетейин. Эгемендик алган күндөн тарта талап-тономой заман келип, кой эмес анын коргоолу, сарай эмес самандын бир талы калбай, завод-фабриктеги станокторду койгула, суусаганда суу жутаарга стакандарын калтырбай талап жок кылган учурда, киночулардын үйүндө кыйраткан техниканын "бүдүрү калыптыр" дегенге ким ишенет? Кино тартып баштаардан мурун эң арзан дегендеринен эптеп-септеп сатып алып, аздыр-көптүр техникалык шаймандарыбызды оор-топондотуп алганыбызга, жетине албай кудуңдап турушканын деле жашырышкан жок. КМШ дагы бирден-бир мыкты, сапаттуу делинген үн жаза турган студиянын ичин аралап жүрүп отуруп, анча чоң эмес залга келип отурдук. "Шырп" эткен ашыкча үндү дароо өзүнө сиңирип жутуп кете тургандай жасалгаланган ошол тепкедей көрмө залдын жасалгасынын өзү эле үч миллион "жашылбайды" жайлаптыр.
Олчойгон акча тураарын, ойлонбой туруп көздү жуумп, сапаты мыкты болуш үнүн ушул жерден жаздырууга туура келгенин, ошого улай эле "буюрса, жакынкы келечекте өзүбүзгө дагы так ушундай үн жаза турган студияны ачуу максатыбыз бар" деген Садык Шердин дымагы мени да бир топ шердентип салды. Ичимден, азамат, аракет менен дымак эч убакта адамды артка тартпайт, сүйрөбөйт, алдабайт, ылайым ишке ашып кеткей эле дейм.
Кино тартуунун тарыхында ушул килтейген шаар Питердин эң көрүнүктүү делген чок ортосундагы "Сарайлар аянты" (Дворцовый площадь) аталган аянтты эки гана кинорежиссер бир канча саатка киши баскыс кылып жаптырыптыр. Биринчиси атактуу Бондарчуктардын улуусу "Кызыл коңгуроолор" (Красные колокола) деген тарыхый тасмада 1982-жылы жаптырганга даремети жетсе, экинчиси ушул, кыргыздын киносу "Курманжан Датканы" тартууда Садык Шер төрт саатка жаптырыптыр. Болгондо дагы кышында, орустар жаңы жылдык шаан-шөкөткө күпүлдөп даярданып, ал эмес аянтына бакыйтып балатысын орнотуп койгонуна карабай, керектүү эпизодун келтире тартып алышыптыр. Бекер эле бере коймок кайда, аянтты дарбаза жапкандай дароо жаба салбай калсын, муютуп, муруттарынан сылап, окелеп-жокелеш керек, ансыз кайдан?
Кыскасы үч жылга жакын машакат менен азап-тозоктон тотугуп, жуурулуп чыгып тартылган тасманын бир эле үзүмүн толук айтуу далай убакытты талап кылаарына толук көзүм жетти. Эң башкысы тасма тартылып бүтүп, калың элдин таразасына коюлуп жатканы чоң жетишкендик. Эми эл-журт өзү чечет, жакса жан дүйнөсүнө бекем сиңирип алат дагы, кайра-кайра кубалап жүрүп көрөт, жакпаса "ушу да кинобу" деген тейде чыйт түкүрүп бурулуп, тескери басып кетет.
Ушул тасманы тартууда Садык Шер өзүн өтө оор жана опурталдуу сыноого салып, тобокелдикке барыптыр. Биринчиси, буга чейин мындай көлөмдүү, толук метраждуу тасма тартпагандыгы, экинчиси, техникалык базанын жоктугу, үчүнчүсү, жетишээрлик каражаттын каралбагандыгы жана башка толгон-токой себеп-жетишпестиктерди билип туруп көз жуумп, өзүнүн башка болгон аракет-кыймылдарынын баарын жыйыштырып салып, ишенимдүүлүк менен ишти баштап жибергени жаман болбоптур. Ким кандай баалайт, бирок кино тартылды…
Эгер президенттин өтүнүчүн аткарып, кайрадан маданият тармагын тейлеп кеткенде Садык мырза кыргыздардын маданиятын канчалык деңгээлде көтөрүп жиберет эле, буга деле эч ким кепилдик бере алмак эмес, албайт дагы. Себеби, элдин маданиятын министр көтөрүп, момпосуй бергенсип ар бир адамдын чөнтөгүнө сала коюп, бат эле баарын маданияттуу кылып жиберет деген болбогон сөз, жомок. Маданият ар бир адамдын өзүндө, көкүрөгүндө жашап, аң-сезими ойгонуп, акыл-эси оңолуп, айлана-чөйрөгө, коомго жасаган көз карашын өзүнө жасагандай эле өзгөртүп калса болду, мындан өткөн маданият жок. Элдин маданиятын миң жолу маданият министрин алмаштырган күндө деле өзгөрбөйт, ал тургай ордунан козголбойт. Тескерисинче артка кетээри турган иш. Ал эми Садык мырза "Курманжан Датканы" тартуу менен эл-журтуна көөнөрбөс маданий жана руханий байлык тартуулаганы бүгүнкү күндүн ачуу чындыгы…

Асыран АЙДАРАЛИЕВ,
Хельсинки шаары,
Финляндия