Сандан-санга
Мамбет Мамакеев
МЕЗГИЛ ЖАНА ИНСАН
Автобиографиялык
мемуар

(Башталышы өткөн санда)

Экинчи жолу дагы жүрөгүн текшергенге электрокардиограмма жасайт да, сестра чуркап келди, жаман болуп жатат деп. Чуркап барсам сүйлөй албайт, тиштенип калыптыр. Эмне болду десем айта албайт, булдурайт, жанына отуруп, коркпо, жүрөгүңдүн иштешин текшерет деп түшүндүрдүм. Бир аздан кийин эс алып, эмне колу-бутумду тушап жатат дейт. Резинка менен буту-колун байлап текшерет да, ошондон коркуп, тушап союп жиберет деп түшүнсө керек. Мындай болгонунун себеби, өмүрүндө ооруп дары ичип көрбөгөн киши эле. Ошентип, бүт органын текшерип бүтүп комиссиядан өткөзүп, экинчи группадагы майып деп чыгарышты. Өлөр-өлгүчө пенсиясын, сыйлыгын алып жүрдү. Согуштун майыбы дегенди кеч өткөзүп калдым 75 жаштан өткөндө, көп көңүл бурбай жүрө берип, кийин мен өзүм дагы өкүнүп калдым. Кийин өзү кубанып жүрдү, согуштун ардагеримин деп. Колхоздун жумушун деле ушул 75 жашка чейин иштеди. Кийин мен ай, байке, болду го иштебей эле койсоңчу дечүмүн. Көрсө, туура эле кылган экен. Дени соо киши ошол эмгек менен алаксып жакшы дем менен жүрөөрүн. Мына мен 85 жашка чыгып билип жатам, эмгек эмне экенин, азыр мен 1-2 күн иштебей калсам, барарга жер таппай, колу-бутум шалдырай баштайт. Кийинчерээк энем-атам экөө тең тың эле, бирок карый башташканы билине баштады. Ошон үчүн кышкысын шаарга алып келип кыштатып, жазга жуук айылга жиберип жүрдүм. Ошондо да араң чыдашат. Үйүн, неберелерин сагынышат, кетсек деп эле турушаар эле. Болбой эле, кээде атам эртерээк кетет, энемди көбүрөөк кармаганга аракет кылчу элек. Атам тың, баскан турганы, ден соолугу, тамак ичкени, көзү, кулагынын угушу жагынан карылыктын белгиси жок эле. Бир күнү атама анча-мынча ичирип туруп, тамашадан баштадым. Илгери-кийин байкедей өсүп, калгандан кийин ачык эле тамашалаша берчүмүн. Менин тамашамды абдан түшүнчү, көтөрчү, өзү сөзгө жок, көп сүйлөбөгөн киши эле, ошон үчүн сөз чыгарыш үчүн, сырын билгендик кылып адегенде 150 гр ичирип коюп, ал таасир эткенден кийин мен сөз баштап, тамаша аралаштыра сүйлөй берчү элем. Тамак ичкени өтө жакшы эле, өзү арыкчырай адам. Бир күнү кечки тамакта келини Сокен, семиз койдун этинен бешбармак жасады. Ошондо карап отурсам, атам адегенде 3-4 майлуу кабырганы жеп койду, анан бешбармактан жакшы жеди. Мен тынч отура албай, ай, байке, сенин ашказаның "дизелдин моторунан" күчтүү го десем, ушу сенин менин ашказаныма көзүң тийип калды деп капа боло түшкөнүн өңүнөн түшүндүм. Түшүнүп, ай байке, мен тескерисинче сүйүнүп жатам. Эгер сенин ашказаның начар иштесе мен эле азабын тартпайт белем деп оңдодум эле, унчукпай кайра ыраазы болуп калды. Энем экөөңөр эмнелерди гана көрбөдүңөр деп, кез-кези менен ичирип койчумун. Бир күнү теңтушум Мукамбет Мамбетов энем-атам менен кошо чогуу конокко чакырып калды, бир топ адамдар менен байкеме кыстап Мукамбет: "Ата, анча-мынча ичип туруңуз?" - деп ичирип жатат, ичкенде байкем түбүнө чейин шыпкап ичип жатат, бир убакта карыган киши кызып калабы деп, мен, байке шаардагы кишилерди көрүп отурбайсыңбы, ары жак-бери жагыңда отургандардын баары ичкенде стакандын жарымына чейин гана ичишет. Кээде сөздү укмуш таап, чукугандай жооп берип койчу. Байкем: "Мен деле, жарымын эле ичейин деп аракет кылам, бирок болбойт, көтөрсөм эле стакандын түбү көрүнө түшөт", - деп отургандарды күлдүрдү. Ушундай сүйлөгөнү, баскан-турганы ар дайым ушул күнгө чейин эсимде. Кийин эле айылга отпускага барып калганымда, туугандардан, теңтуштардан айланса болот, күнүгө "расписание" түзүп алып, конокко чакырышат. Бир күнү Дүйшеке Жумакеев деген кичинесинен бери бирге өскөн, менден 4 жаш улуу жакшы киши эле, чакырып калды. Айылда кандай, түнкү 2-3тө араң таратат, кетээрде эшикке чыгып, кызып алган адамдар бир аз сүйлөшүп туруп калдык эле, эшик караңгы, кетели деп жатсак эле байкем жок. Ай, абышка, кайда кетти, чогуу кетели десем айтып калышты, абышка эчак эле кеткен деп. Мен чочуп кеттим, ай кантип кетип калат, ушундай караңгы, жол да түз эмес - десем, - айылдагылар түнкүсүн жүрө беребиз - дейт. Үйгө келсем жатып алыптыр, тамаша кылдым, ай, байке, бул караңгыда кантип жол таап келдиң, көзүң укмуш, үкүнүкүндөй го десем, "Түнкүсүн кадимкидей эле көрөт, анан айылдын жолун кайсы жерде арык, кайсы жерде өңгүл-дөңгүл жатса билем", - дейт. Таң калдым, ушул көзүң аман болсун деп. Жогору жакта айтпадымбы, бир сөз чыгаарда, сүйлөшөөрдө бир аз ичирип алып сүйлөшчү элем деп. Оюма келип туруп алды. Байкем тың адам, энем байкуш карып калды, ден соолугу да начарлап баратканын байкап, энемди такыр эле Фрунзеге алайын, байкем Фрунзеге чыдабайт деген ой келип, кой, атама башка аял алып берип, айылда жашай берсин деген ой кетти. Аркы-беркини сүйлөшүп отуруп айта салдым. Кемпири, келини баары отурушат.
- Байке, сага мен башка аял алып берейин макул болсоң - десем, бир аз унчукпай калып өзүң бил деп турбайбы, кемпири да унчуккан жок. Мен ишенип алдым.
Ошондон тартып атама аял издей баштадым. Тааныштар аркылуу ары жак-бери жактан табыла баштады. Кээ бирине өзүм барып сүйлөшө баштадым, көпчүлүгү макулбуз, өзүн көрөлү дешти. Мен чочулабагыла тың эле киши дейм.
Акырында өзүмдүн досум Мукамбеттин аялы, аяшым Турдубүбүнүн төркүнү мобу Кой-Таштан, телефон чалып калды: - Ай Мамбет, сага эне таптым - деп. Мен сүйүнүп кетип, ой Туке, жүр көрүп келели деп, Мукамбет, Турдубүбү үчөөбүз Кой-Ташка жөнөдүк. Барып, Турдубүбүнүн эне-атасыныкына чакыртып ачык эле сүйлөштүк. Боло турган эне 60 жаштын тегерегинде экен, угуп отуруп "Бир жума күткүлө, бул келген жерим жакпады, бир жумадан кийин кетем, анан макулмун", - деди. Көрсө, 2-3 ай
мурун ошол жерге күйөөгө тийген экен. Келген жериби же күйөөсү жакпай калганбы, кетем деп айнып калыптыр. Макулдашып кете бердик, бери чыгып Турдубүбүгө кеңештим. Ай, бул аял ары жак-бери жагыбызды сурабай эле макул болуп жатат, деги дени соо немеби деп. Келип эле кечинде атама сүйүнчүлөдүм, буюрса аял таптым, эртеңден баштап даярдан, сууга түш, сакал-мурутуңду тегизде, таза кийимдериңди даярда, бир жумадан кийин күйөөлөтүп алып барам десем, "Ай, балам, убара болбо аял албайм, аялыңды урдум", - дейт. Мен таң калып, эмне болуп кетти? Өзүң макул болбодуң беле, эмне мени ошондон бери убара кылып, канча жерге бардым, аял издеп деп, мен да ачууландым. Чыныңды айт, ким сени айнытты десем, алып эле көр деди дейт. Шак эле отура калдым. Акмакчылыгымды ошондо биле койдум, тилден калып калдым. Мурун ойлонбоптурмун, карыган немелерге көрсө, өмүр бою бирге жашап жүрүп башка аялга абышкасын кыйбайт экен да. Энем жоош, көп сүйлөбөгөн киши дебедимби. Көрсө, сүйлөбөгөнү менен акылы башка экен. Мен энемдин алдында ит эле болдум, жүзүн карай албай, тамак ичип олтурганда тамашага айлантып, атама караба, мен жөн эле тамаша кылгам кантээр экен деп, көрсө чын көрүп ишенип алган турбайсыңбы деп тамашага айланттым. Экөө тең унчуккан жок. Кийин атамды ичирип туруп, жалгыз алдап сурадым. Энем эмне үчүн ушинтти десем, "Сен чындап эле киришип калганда кеңеш салып айттым, уулуң ушинтип жатат алайынбы десем, бир эле сөз айтты, алып эле көр деп басып кетти", - дейт. Кемпиринен кийин эки жылдан кийин оорубай төшөккө бир аз жатып, 1985-жылы кайтыш болду. Энем өлгөндөн кийин атамды бир жолу шаарга алып алайын деп ойлоп кеңештим, Фрунзеге алып кетейин десем, жок балам барбайм - деп койду. Эки жылда бир да келген жок. Эмнеге барбайсың деп баласы Абдылда айтса, барсам энеңдей ошол жактан өлүп келейинби деп, өтө коркок киши коркуптур.
Айылда экөөнө тең бирдей кызыл гранит таштан эстелик койдук. Барган сайын, үйгө түшөөр замат мүрзөсүнө барып куран окутуп, арбагында колдой жүргүлө деп көзүмө жаш келип, ушул күнгө чейин капа болуп кетем. Атам байкуш ырыстуу киши экен, 93 жашка жетип, бала-чаканын алдында, небере-чөбөрөлөрүн көрүп кетти. Бул дагы эне-атанын тилеги, алардын балдарына жалынганда "алдыңа кетейин" деген сөздүн маанисине түшүнсөң, укмуш эле сөз экен. Атам байкуш тилегине жетти, жогоруда айтпадымбы, Кудай берет деп ар дайым айтчу. Менин түшүнүгүм жок, кедейчиликтин азабынан атама сенин Кудайың бергиче ачкадан өлөбүзбү деп күпүлдөп койчу элем. Ушул кишинин Кудай берет деген тилегин кийин түшүндүм, чындыгында, Кудай берди. Жаман болгон жокпуз, ошол баласы мен, азыр Кыргыз Республикасынын Баатырымын, академик, профессор, болгон сыйлыктын баарынын ээсимин.
Экинчи баласы Абдылда 67де, 6 баласы бар, неберелери менен жакшы карылыктын үзүрүн көрүп отурат.

(Уландысы кийинки санда)