Warning: include(../../ggle_v.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/fabula/14/0815_9.htm on line 7

Warning: include(../../ggle_v.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/fabula/14/0815_9.htm on line 7

Warning: include(): Failed opening '../../ggle_v.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/fabula/14/0815_9.htm on line 7

Warning: include(../../shilteme.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/fabula/14/0815_9.htm on line 9

Warning: include(../../shilteme.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/fabula/14/0815_9.htm on line 9

Warning: include(): Failed opening '../../shilteme.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/fabula/14/0815_9.htm on line 9

mainkaptal

Warning: include(../../search.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/fabula/14/0815_9.htm on line 14

Warning: include(../../search.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/fabula/14/0815_9.htm on line 14

Warning: include(): Failed opening '../../search.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/fabula/14/0815_9.htm on line 14
п»ї
Кыргыз гезиттер
п»ї
Доор жүгүн көтөргөн "Кыргыздар" сүрөтү

Үсөн Сарыбаев көп кырдуу чыгармачыл инсан. Бир карасаң жазуучу, бирде коомдун көйгөйлүү маселесин көтөрүп чыккан журналист, элге көрүнбөгөнү менен жай турмушунда "Ак тамак, көк тамакты" айдата черткен комузчу. Бирок, көп өнөрүнөн аны кыл калеми, тагыраагы сүрөтчүлүгү ачып берди окшойт. Ал ушуга өмүрүн арнады жана майнап чыгара алды десек да болот. Буга анын республикалык деңгээлде сүрөт көргөзмөлөрү өтүп, коомчулуктун оң баасын алып келе жатканы далил.
Биздин баамыбызда кыргыз сүрөт искусствосунун бараандуу өкүлдөрүнүн бири Үсөн Сарыбаев живопись жанрынын чебери. Бул жанрда тематикасы кенен, масштабдуу эмгектенген деп айтсак да жарашар. Анын чыгармачылыгын карап отуруп, өзү туулуп өскөн Кара-Кулжанын айтылуу "Ажыке" жайлоосуна барып, түштүктүн берекеси төгүлгөн талааларын аралап, касиеттүү "Сулайман тоого", бул эле "Байтиктиктин Бас-Бөлтөгүнө" чыгып, аягында Бишкектин "Кузнечный крепостуна" баш багып келгендей болосуң. Живопистеги Ү.Сарыбаевдин чыгармачылыгы атайын адистер үчүн өзүнчө бир иликтей турган тема. Бир гана кошумчабыз, бул жанрда өзүнүн устаты талантын байкап, бир кезде атайын чакыртып алып, СССР Көркөм сүрөт академиясынын Бишкектеги филиалынан окуткан улуу сүрөтчү Г.Айтиевдин жолунда келаткан шакирттеринин бири экендиги талашсыз. Ошондой эле Ү.Сарыбаев сүрөт искусствосундагы портрет жанрынын да акесин таанытат десек аша чаппайт элек. Ал "Рыспай", "Байдылда", "Жазуучу Ө.Кулумбаев", "Акын Саалаев" өңдүү 200дөн ашык замандаштарынын портреттерин тарткан. Муну менен ал кыргыз сүрөт искусствосунун портрет жанрына да өз салымын кошуп отурат.
Анткен менен сүрөтчү Ү.Сарыбаевдин чыгармачылык бийиктиги же фундаменталдуу эмгеги катары анын эки чыгармасын айта алабыз. Биринчиси, "Курманжан датканын генерал Скобелев менен кездешүүсү" болсо, экинчиси "Кыргыздар".
"Курманжан датканын генерал Скобелев менен кездешүү" чыгармасында өз элинин наркын-салтын, ар-намысын бийик туткан Курманжан датканын ошол калыбынан жазбай, өз даражасын кемитпей, Скобелев менен тең ата сүйлөшүп турганын көрөбүз. Бул тарыхый окуя аныгында эле ошондой болгон. Бекеринен эченди көргөн генерал Скобелев "Курманжан датка - Алайдын ханышасы" деп айткан эмес. Сүрөттө ошол учурдун тарыхый ирмеми өтө таасирдүү берилген. Канчалык мезгил өтпөсүн бул Ү.Сарыбаевдин бул чыгармасынын да мааниси өсө берери шексиз.
Ү.Сарыбаевдин сүрөткерлик түйшүктүн ушундай ашууларын басып, чоң даярдыктан өтүп келип жараткан чыгармасы, а балким чыгармачылыгынын туу чокуларынын бири "Кыргыздар". Бул идеологиялык жактан алганда да өз үнүн айтып, жол көрсөтүп турган, кыргыз мамлекетинин бүтүндөй бир доорун чагылдырган, тарыхый жүк көтөргөн чыгарма деп түз эле айта алабыз.
Идеологиялык дегенибиз, бүгүнкү күндө өзүбүздү-өзүбүз баалабай, мамлекетибиздин өнүгүшүнө, калыптанышына ар тараптан зор салымын кошкон инсандарыбыз менен сыймыктана албай жаткандайбыз. Кыргыздын "Улуу көч кайда барса, кичүү ошол жакка барат" деген жөпжөнөкөй сөзү бар. Байкасак, улуу көчүбүз бараандуу да, байсалдуу да көрүнөт. Алар мамлекетибизге күйгөндөй, теңдешсиз талант-жөн­дөмдөрүн, өр­нөк­түү өмүрлөрүн элге арнагандай, ар кимибиз өлкөбүзгө салым кошо алабызбы - бул сүрөттүн чакырыгы мына ушунда.
Сүрөттө мамлекетибиздин түндүгүн көтөрүп турган, көзү бар да, көзү жок кыргыздын каймактары тартылган… Түндүк өзү эле көтөрүлө койбойт. Ал көтөрүлүп туруш үчүн уугу, керегеси, башкасы болуш керек дегендей. Атын атасак куту сүйүнгөн мындагы инсандар кыргыз журтчулугунун бүгүнкү да, эртеңки да мактанычы, сыймыгы же идеология деген ушул. "Кыргыздар" сүрөтүнүн темасынын актуалдуулугу, түбөлүктүүлүгү да биздин оюбузча ушунда жаткансыйт.
Кубанганыбыз, бул чыгарма Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүлүп жатыптыр. Бул ага толук татыктуу, доор жүгүн көтөрө алган чыгарма деп эсептейбиз.
Темирбек Алымбеков "Кыргыз Кабар"







Warning: include(../../ggle_link.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/fabula/14/0815_9.htm on line 44

Warning: include(../../ggle_link.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/fabula/14/0815_9.htm on line 44

Warning: include(): Failed opening '../../ggle_link.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/fabula/14/0815_9.htm on line 44


а ­е¦Є.НҐй«