presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргыз гезиттер


Жусупжан Жээнбеков:
"Текебаев үч ай иштеп качып кеткен…"

- Жусупжан мырза, сиздин кызматтан алынышыңызга эмне себеп болду?
- "Де-факто" гезитине Өмүрбек Текебаев маалымат берип, мени коррупционер деген мааниде айтыптыр. Мен эле эмес, Текебаевдин айтуусу боюнча дирекцияда иштегендердин баары, ал тургай жөнөкөй кызматта иштеген кызматкерлерден бери коррупционер экен. Жөнөкөй кызматкерлер убагында дирекцияга башын сайып, күнү-түнү иштешкен. Балдар бычактын мизинде туруп иштешкен эле. Ал учурда Текебаев кайда эле? Текебаевдин бир тууган иниси, жер жамандап барбасын, ыраматылык Асылбек Текебаев кайда эле? Ал Бакиевдин үйүн өрттөйм деп, Кыргызстандын байрагын өрттөгөнүн эмне Текебаев унутуп калдыбы? Текебаев мени кызматтан кетсин десин, дирекциянын орун басары болуп иштеген Каданбай Бактыгуловду, Эркебаевди кетсин десин, а карапайым, жөнөкөй кызматта иштеген кызматкерлерди эмнеге азыр башка иште иштеп жаткан жеринен кетсин деп, жумуштан алдырат? Же эмне алардын балдарын Текебаев багабы? Текебаев алардын жашоосун ойлогон жок. Текебаев креслону, эмдиги жылы боло турган парламенттик шайлоону ойлоп жатат. Менин губернатор болгонум, менин бийликте турганым Текебаевдин кокосуна сайылган тикен болууда. Текебаев мени кызматтан алдырып, ордума "Ата Мекенден" бирөөнү алып барып дайындоону максат кылып жатканы ачык эле байкалып турат. Текебаевге караганда мурдагы муфтий Рахматулла Эгембердиев жигит экен эй! Экинчи аялы менен болгон төшөк маселеси коомчулукка жарыяланып кетти эле, дароо арызын жазып жумуштан кетти. А Текебаев жүрбөйбү, уялбай эле. Мен Жоомарт Оторбаевге айттым, мен бирөөнөн он сом же жыйырма сом алсам, же бирөөнү шапалак менен бир койсом, койду деген далилиңер барбы десем, "Текебаев алынсын" деп жазып берди, фракция лидерлери кол коюп беришти дейт. Текебаев амалдуу, жөн эле бир нерсени жазып туруп башкаларга дагы кол койдуруп койгонун мен билип эле турам.
- Фракция лидерлери Чыныбай Турсунбеков менен Феликс Кулов да кол коюп берген турбайбы…
- Ошону айтып жатпайынбы. КСДПнын лидери Чыныбай Турсунбеков айтыптыр. "Байкабай коюп алыптырмын" - деп. Мен КСДП партиясынын мүчөсүмүн. КСДП партиясы үчүн башкалар менен чабышууга даярмын. Эң башкысы "Де-факто" гезитине Текебаев эмес, сот айтса ишенимдүү болмок. Сот айтса эл ишенмек. Мамлекеттик дирекцияны Бабанов жойгон. 2012 - жылы декабрь айында. Дирекция отуз айга түзүлгөн. Жантөрө Жолдошевич өкмөт башчы болгондон кийин дирекцияны мен жетектедим. Текебаев айтып жаткан он эки кызматкерди мен иштесин, текшерилишсин деп алып калгам. Эсептөө палатасынын кызматкерлерине мен ыраазымын. Аябагандай текшеришти, дагы текшерип жатышат, текшеришсин. Мени да текшеришсин. Жеп-ичкенибиз болсо жооп берүүгө даярбыз. Текебаев мени күнөөлөгөндөн бери менин ачуум келди.
2008 - жылы уулумдан ажырап, "менин башыма салганды жыландын башына салбасын" дедим эле. Ошондон бери саясаттан алыстап, унчукпай иштейин дегем. Унчукпай иштеп жүрсөм, Текебаев мени ойготту. Эми мен дагы саясатка аралашып, үн чыгарам.
- Текебаевге каршы чабуулга өтөсүзбү?
- Чабуулга өтпөй эле айтам. Текебаев Кыргызстан үчүн эмне кылды? Бир да жолу өнөр жай тармагында иштеп көргөн эмес. Кыргызстанды бөлүп, талкалап келе жатат. Жалал-Абадда үч ай губернатордун орун басары болуп иштеп, иштей албай качып кеткен. Губернатор ыраматылык Бекмамат Осмонов эле. Текебаевди "эй иштебейсиңби" деп үстөлдү бир муштап урушканда Текебаев качып жок болгон.
- Сиз эми кызматтан бир айга эле убактылуу четтетилдиңиз да. Кайра иштейсизби?
- Кайра иштетишсе иштейм. Иш текшерилгенче убактылуу иштен четтей турайын деп, иштен кетүү боюнча өзүм арыз жаздым. Бирок бардыгы Текебаевдин кийлигишүүсү менен болгонун мен сезип, билип эле турам. Жогоруда айтпадымбы, Текебаев шайлоону көздөп жатат деп. "Ата Мекенден" бирөөнү губернатор кылгысы келип жатса керек да. Убагында "Ата Мекен" Кыргызстанды мазарга айлантышпады беле, жердин баарына кызыл чүпүрөк байлап. Келээрки шайлоодо дагы ошентип мазар кылгысы келип жатса керек.
- Чыныбай Турсунбеков менен Феликс Куловго кайрылып, эмнеге кол койгондорун сурап көрдүңүзбү?
- Эч кандай сураган жокмун. Бир нерсе деп сурасам, алар ойлошу мүмкүн, мени актанып жатат деп. Ошондуктан мен кызматтан кеткенимди фракция лидерлеринен сураганым жок. Чыныбай байкабай кол коюп алганын гезитке айтыптыр. Гезиттен окудум. Бокоев деген комитеттин чечимин чыгарып бериптир. Анын ким экенин фамилиясы эле айтып турбайбы. Бокоев деп. Башы "боктон" башталып жатпайбы. Чечимди чыгараардан мурун ошол Бокоев деген жигит менден же Жантөрө Жолдошевичке кайрылып сурап койбойбу. Ал деле Текебаевдин айтуусу менен чечимди чыгарса керек.
Суроо салган
Мирлан Алымбаев










??.??