Уурусу күчтүү болсо, ээси доого жыгылат же "Аврорадагы армандын" - уландысы

Эки-үч айлык изилдөөдөн, ары жакка оодарылып түйшөлүүдөн кийин, элдин тагдырын, мамлекетибиздин келечегин ойлоп аргам калбаганда, өкмөткө караштуу Ысык-Көлдөгү "Аврора" - пансионатындагы акыбал жөнүндө жазбай коюуга журналисттик милдетим, кыргыздык ар-намысым чыдатпай, колума калем кармоого мажбур болдум. Ошентип адамды-адам дебей дөөгүрсүгөн, мыйзамды-мыйзам деп сыйлабаган зөөкүр чалыш, дөөпөрөс сымал Аскат Акибаевдин кылык-жоруктарынын бир азын эле "Алиби" гезитинин 24-июнь, 2014-жылдагы санына "Аврорадагы арман" деген ат менен кичирээк макала жазып чыктым.
Буга удаа эле Аскат Акибаев өзүн актап-жактап, ошол эле "Алиби" жана "Фабула" гезиттеринде мени жамандап, баягы ажобуз Нарында айткандай, "Аврорадагы" аялдардын артында туруп алып "Калптын казаны кайнабайт"- деп кыйкырды. Урматтуу окурман, Аскат Акибаевдин эмне үчүн мынчалык жандалбастагандыгын түшүнүп тургандырсыз. Мунусу менен Аскат Акибаев кожоюндарына отчет берип, актанып жатканы. Кыскартып айтканда, (мурдагы жазгандарга кайрылбайлы) бир жылга жетпеген убакта Аскат Акибаев "Аврорадагы" - 300 гө жетпеген колективдин 100 гө жакынын ар кандай айла-амал менен жумуштан кубалаган. Башка мыйзамды сыйлаган Европа мамлекеттеринде Аскат Акибаевдин бул кылыгы чоң толкундоолорго алып келип, Акибаевдин сөзсүз түрмөгө түшүшү менен аяктайт эле. Бирок демократиянын аралы делген Кыргызстанда адамдын укугун сыйлоо дегенди унутуп калгандай. Эгемендүүлүктүн жыйырма жылдан ашык мезгилинде туура эмес чечим чыгаргандыгы үчүн бир судья, кылган кызматтык кылмышы үчүн бир чиновник жазаланбаптыр. Анан кайдагы мыйзамдуулук, демократиянын аралы. Буга кыргызча айтканда тил барбайт. Бул бардактын аралы. Өз мамлекеттүүлүгүн жоготуп бара жаткан эл, жер деп айтсак жарашат. Ушунун баары Акаев, Бакиев Атамбаевдердин азабынан болуп жатат. Байкуш кыргызым, шоруң арыла элек окшойт дагы эле. Алаксып кеттик окшойт, Акибаевге кайрылалы. Акибаев мына ушул башаламандыкта орустар айткандай "половит по больше рыбы мутной воде" дегендерден болот. Аны эртеңки мамлекеттин, элдин тагдыры ойлондурбайт. Ал бүгүн өз чөнтөгүнүн гана камын көргөн эргулдардан. Көрсө мурдагы жазгандарыбыз айсбергдин үстү жагы эле экен. "Аврорадагы арман" деген макалам гезитке жарыялангандан кийин телефон тынчыбайт, дарбазам жабылбайт. "Алиби" гезитине менин макаламды жактагандардын көптөгөн телеграммалар келип түштү. Көрсө, айсбергдин асты өтө эле терең экен. Эмесе, айсбергдин бир азын эле чукуп көрөлү.
"Аврора" комплексинин айланасында жана ички имаратында көптөгөн точкалар арендага берилет. Арендага берүүнүн шартын Акибаев өзү аныктайт имиш. Мына ошол арендага берилип иштеп жаткан бар, ресторан, магазин, киоскалар жана башка ар кандай кызмат көрсөтүүчү кабинеттердин саны эле элүүдөн ашат. Мына ушулардын теңинен көбүн Акибаев кубалап, өзүнүн тууган-туушкан, досторун, көңүлү жакындарын алып келген. Демек кубалангандардын мамлекет, президент, өкмөт жөнүндө ойлору кандай болот? Анан Атамбаев кайдагы Кыргызстандын өнүгүү жол картасын айтып жатат? Атамбаевдин мунусу Акаев менен Бакиевдин "Швейцариясы" менен "Бакубат турмушуна" куду эле окшоп турат. Бир мисал: Ишенбаева Асел 2010 - жылы кароосуз калган 40 койкалык "климат-павильондун имаратын ремонттоп, администрация менен келишим түзүп, беш жылга арендага алат. Акчасын убагы менен төгүп турат. Акибаев келгени "беспредель" башталат. Ал Аселди "сен кайдан келдиң эле, кет бул жерден" деп кодулай баштайт. Асел "Авроранын" администрациясы менен түзгөн келишимин көргөзүп, 2016- жылга чейин "климат павильонду" бошотпосун айтат. Себеби, Ишембаева кароосуз калган павильонду оңдоп түзөп, ремонттоп жабдуулар менен эмеректерди алып келгенин түшүндүрөт. Мына ушу ак ниет ишкер келин менен Акибаевдин ортосундагы "согушка" мен аргасыз күбө болуп калдым. Бул окуядан мен Акибаевдин үч-төрт жогорку окуу жайын бүткөндүгү тууралуу кеп жөн эле жомок экендигине көзүм жетти. Берген маалыматка караганда Акибаев жогорку билимдүү юрист имиш. Ал эми Акибаевдин кылгандарын юрист эмес, зөөкүр чалыш дардестер дагы кылбайт. Ал Ишенбаеваны Бишкек шаардык экономикалык сотуна берет. Бишкек шаардык райондор аралык экономикалык соту жарандардын ишин карабайт. Алар чарбалар ортосундагы талаш-тартыштарды териштирет. Чынында эле Бишкек шаардык райондор аралык экономикалык соту Акибаевдин дооматына жогоркудай жооп берип, ишти карабай тургандыгын билдирет. Эгерде Акибаев муну билбесе, ал жогорку юридикалык билимди Тоолуу-Бадахшандан алганбы? Кыргызстанда кабыл алынган мыйзамдар, нормативдик актылар, деги эле каада-салт, адамгерчилик боюнча тараптар сот бүтмөйүнчө бири-бирине жолтоо болбой, соттун бүтүшүн күтүп туруулары керек. Муну убактылуу келишим, "перемирия" деп айтышат. Убактылуу "перемирия" кургакчылык убакта жунглидеги айбандардын ортосунда дагы сакталып, суу ичүүгө келген айбанаттар, жырткычтар бири-бирине кол салбайт. Акибаев айбандан да жаман окшойт. Соттошуу убагында туристтердин, жетим балдардын климат павильондо эс алып жаткандыгына карабастан светти бат-бат өчүрүп, сууну бууп турду.
Урматтуу окурман, эми сөздүн ток этер жерин айтууга убакыт жетти деп ойлойм. Эмне үчүн Акибаев мыйзамды бузуп, адамгерчиликтен кетип, бул ишке барды. Буга бир гана жооп бар. Акибаевдин ач көздүгү, элдин эмес, өз чөнтөгүнүн камын көргөндүгү. Суроо туулат. Акибаев эмне үчүн "аврорадагы" иштеген 300 жумушчу-кызматчылардын 100 гө жакынын, 50 гө жакын арендаторлордун жарымынан көбүн кубалаган? Буга бир гана жооп бар. Жеп-ичип, пара алуу үчүн.
Кыргызым! Жаман нерсеге бат көнөсүң, муну мойнубузга алышыбыз керек. Жаңы келген начальникке ар кандай шылтоо менен жол таап, бир коюңдун мойнуна эки бөтөлкөңдү байлап алып жетип барасың тууган болуп. Анан эси жок, ач көз Акибаев сыяктуу ачендиктер эмне кылат. Ай деген ажосу, кой деген кожосу болбогон мамлекетте өз билгендерин кылышат. Мунун аягы эмне менен бүтөт? Сөзсүз революция менен. Ошондуктан, Акибаев сыяктуу ачендиктер бардактан пайдаланып, ишти чаташтырып, жеп-ичүүгө киришет. Мурдагы макалада "Авроранын" колунда талканы бар кызматкерлерин кызматтан кууган себептеринин башын кылтыйттык эле. Көрсө, булар айсбергдин үстү эле жагы экен. Эми айсбергдин астын казууга убакыт жетти.
Менин колумда азыр "Аврорадагы" эс алгандардын тизмеси менен эсеп жүргүзгөндө, Акибаев "азаматтары" менен эл эң эле аз эс алган кыш айларында 42 күндүн ичинде 3 миллиондон ашык сомду сол чөнтөккө солошкон. Буларды далилдеш үчүн мага жарым сааттык эле убакыт керек. Мына ушулардын баарын ГКНБ, Эсептөө палатасы, Прокуратура текшеришкен. Бирок негедир эч нерсе табышкан эмес. Демек бул текшерүүчүлөр жеп-ичүүлөрдү көрсө көрмөксөн болуп жабышкан. Же акылы жетпеген көрөпайлар болгон. Кандайынан болсо дагы мен жогорудагы атын атаган мекемелерден барган текшерүүчүлөр жок дегенде кызматтарынан кетишип же камалууга тийиш. "Кой дагы аман, карышкыр да ток" дей берсек Кыргызстанды жоготуп алабыз. Биз четин чыгарган маселелер Акибаевдин толгон токой кылмыштарынын бир азы эле. Же аңгемебиздин башында айткандай айсбергдин үстү жагы. Айсбергдин астын шашпай казабыз. Мына ушуга байланыштуу, менин Акибаевге агалык бир сунушум бар. "Аврораны" бардакка айландырып, анын архитектуралык проектилерин бузуп, 300 жумушчу кызматчылардын 100 гө жакынын кубалап, айбанчылык кылгандыгы үчүн кор болгондордон кечирим сурап, алдыларына түшсө, жеп-ичкендерин мамлекетке кайтарса (бул 45 миллионго жакын сом) кылган кылмышы балким жеңилдээр. Эң эле кызыгы, Акибаевдин Кыргызстандын тагдыры жөнүндө ойлонгону болду. Мен ага айтаар элем, элдин күлкүсүн келтирбечи иним. Жүздөн ашык адамдын тагдырын өз кызыкчылыгы үчүн садага чапкан көрөпай, кантип мамлекеттин келечегин ойлосун. Бул жөн эле жомок. Мындай адамдын Кыргызстанды менин мекеним, элим деп айтууга дагы акысы жок. Жогору жактан келген кагаздарга жакшылап резолюция кое албаган адамдардын республиканын бет ачаары болгон 300 дөй адам эмгектенген мекемени башкарып калышы мамлекетибиздин ишинин өтө эле начар экендигин билгизет.
Ал эми Акибаев Аскат менин үч жогорку билимим бар деп мактанып жатат. Аны далилдеш үчүн сени Аскат Акибаев мен Кытайбек Раманов диктант жазышууга жана экинчи жолу теледебатка чакырамын.
Эми урматтуу окурманым сен өзүң кимсиң Кытайбек Асылбек уулу деп сурайсың да. Айтайын, 1982 - жылы "пландуу экономика мамлекеттин өсүшүнө бут тосо баштады. Ошондуктан, мамлекетти өнүктүрүү үчүн базар экономикасынын элементтерин киргизе баштайлы" деп 1986- жылы Москвага КПСС БКга партиянын сьездинде өз сунушумду айтып чыгууга телеграмма бергемин. Москва, Акаев, Бакиевдер менин сунушумду угушкан жок. Дүйнө жүзүн титиреткен империя кулады. Акаев менен Бакиев туулган жердин топурагына зар болуп, күйүттөрүн арак менен басышып, тентип жүрүшөт.
Мен Атамбаевчилеп Манасты "этнический Россиянин" деген жокмун. 1999- жылы Красноярскийдеги 2000 адам катышкан жыйында "Уважтье фамилию Рамановых, дайте долю предков моих, это наша земля, земля киргизов" деп орустарды күлдүрүп да, күйдүргөнмүн. "Оо царь пришел, хозяин пришел" - дешип залдагылар күүлдөшкөн. "Карагай тактайды Россиянын башка региондорунан деле тапсаңыз болот эле да, а сиз эмне үчүн именно Краснояркийге келдиңиз" - деген орустардын суроосуна мен минтип жооп бергем. " Красноярск, Енисей центр Киргизкой цивилизации. Я пришел в Красноярск для того чтобы омываться водою Енисея и забрать бутылочку воду Енисея, чтобы дети мои омылись! Это наша земля, земля кыргызов. Поэтому все названия рек и речушек и местности на кыргызком языке" деп айткандарымды далилдеп кеткеним. Мен балдарыма кызмат сурап Атамбаевге асылып жаткан жокмун. Мне "за державу обидно". Бүгүн Акибаев сыяктуулар мамлекетти башкарып калса, Кыргызстан өз мамлекеттүүлүгүн жоготоорун бөркүңдөй эле көрө бер, кыргызым. Менин макалама чычалагандардын баарын жана аларга болушкандарды кошуп туруп теледебатка чакырам. Мага бир кызык маалыматтар келип жатат. Аскат Акибаев обончуларга акча төлөп, Раманов Кытайбек Акибаевдин астына түшүп кечирим сураптыр деген ушак-айыңды таратып жатыптыр. Орустарда мындай сөз бар. "Сколько веревечке не виться, всеровно будет конец" - деген. Муну эсиңден чыгарба Аскат.
Кыргызстан журналисттер союзунун мүчөсү Кытайбек Раманов