Эл эмгектен эскерсин...
Марат Алышпаев,
Кыргыз Эл артисти, Токтоболот Абдымомунов атындагы КырДрамдын мурунку жетекчиси:
"Куудулдар театрын жойбой койгондо, маркум куудулдарыбыз наам алышат беле?! "
- Марат байке, арабыздан эрте кеткен атактуу куудулдарыбызды жакшы билесиз, алар менен бирге иштешкенсиз. Эскерүү катарында: Манас Бердибеков, Дөөлөт Мадымаев, Жаныбек Алыкуловдор тууралуу кеп кылсак...
- 1990-жылы КырДрамда башкы режиссёр болуп турган Искендер Рыскуловду кызматтан алышып, анын ордуна министрдин орун басары Мелис Шаршенбаевди көркөм жетекчи жана директор кылып, атактуу актёр Советбек Жумадыловду болбой эле кыйнап дайындап салды. Мен ошондо парткомдун секретары болчумун: "Советбек байкемди эмне кыйнап жатасыңар? Бул деген гениалдуу артист, эч качан директор боло албайт, кичине ойлонуп иш кылбайсыңарбы?" -деп айттым. Ошол жылы декабрдан баштап Шаршенбаев мага асылып: "Республикалык куудулдар театры ачылганы турат. Ошол театрга директор болуп бер" - деп суранып калды. Ойлонуп жатып макул болдум. 1991-жылы 8-январдан баштап барсам, ал жерде Жаныбек Алыкулов директор болуп туруптур. Манас, Дөөлөт, Жамбыл Камчиев, Рахман Разыков, Медет Кадыршаев, Абидин Темировдор иштешет экен. Театр деген эле аты болбосо, эч кандай шарты жок. Имараты да жок. Жашаган жери жатакана, ошол жер театр экен. Театрдын уставы да жок экен, ишти ошол уставдан баштап, театрды ачтык. Севердлов райондук администрациянын башчысы менин жакшы таанышым эле, ал киши аркылуу, акимиаттын жанынан имарат алдык. Ачык айтыш керек, бир жыл жакшы иштедик. Ошол жылы май айында КырДрамда 10 күн катары менен концерт бердик, аншлаг менен өтүп, он күн бою сатылган билеттер калбай калып жатты. Ушундай эле ийгилик менен Көлгө 8 күн, эл келбеген Токмокко 3 күн, Ошко 13 күн концерт койдук. Түшкөн акчага дароо автобус, анан музыкалык аппаратураларды алдык. Мен өзүм Москвага барып, 32 миң рублга "Псен" деген жаңы чыгып жаткан ямаха алып келдим. Андай ямаха, анда бизде өлкө боюнча бирөө-экөө эле болчу. Андан кийин дагы эки машине алдык. Кыскасы, ошентип бутка туруп дүңгүрөп баштаганда, мени жарым жылдан кийин ошол кездеги премьер-министр Апас Жумагулов өзүнө чакырып, "Марат, Куудулдар театрын Шаршен атындагы театры кылып өзгөртүп, Чүйгө өтпөйсүңөрбү" - деп сунуш кылды. Мен: "Биз бюджеттен бир тыйын албаган, өздүк эсепте иштеген, республикадагы жалгыз театрбыз, анан кантип Чүйгө өтөбүз" - деп кыйылдым. Ошону менен сөз бүтүп калгансыган. Бирок октябрдын аягында дагы чакырып: "Мына министриң, Назарматов менен сүйлөштүм, силер толугу менен бизге өтмөй болдуңар" - деди. Көрсө, бизге айтпай эле Куудулдар театрын Чүй облустук Шаршен атындагы театры кылып өзгөртүп, мени ал жаңы театрга көркөм жетекчи кылып буйрук чыгарып салышыптыр. Ошону менен каяша кыла албай олтуруп калдык. Балдардын арасынан Рахман менен Жамбыл: "Биздин максат мындай эмес болчу, биз иштебейбиз" - деп биринчи болуп кетип калышты. Калганыбыз калып, Шаршен атындагы жаңы театрда иштеп калдык. Эң кызыгы, биз өзүбүздүн эмгегибиз менен тапкан машинелерди, музыкалык аппараттарды өзүбүзгө энчилеп бөлүштүрүп албай, баарын толугу менен Шаршен атындагы театрдын балансына өткөрүп берип салдык. Кыскасы, баарыбыз эле баладай болуп, ал кезде оокат менен ишибиз жок экен. Министрлик болсо унчукпай эле алып койгон. Балдардын бири да, мен дагы бөлүштүрүп алуу маселесин ойлонбоптурбуз. Азыр ойлосом, бир аз өкүнүп кетем. Театрдан 1995-жылы Манас, Дөөлөт, Жаныбектер, 1996-жылы Медер менен Абидиндер кетишти, 1997-жылы драм театр болуп калгандан кийин, мен дагы кеттим.
- Сиз үчүн ал куудулдардын кимисинин таланты күчтүү эле?
- Мен үчүн, Жаныбек Алыкулов күчтүү сезилчү. Ал баарынан интеллигенттүү, терең билимдүү, орусча, кыргызчаны мыкты сүйлөгөн, орус-кыргыз адабиятын жакшы билген, таланты да ошого жараша күчтүү болчу. Адамгерчилиги да ушунчалык жогору эле. Жаныбек пародияны Кыргызстанда биринчи болуп баштады. Андан кийинки эң мыктысы Манас болчу. Ал эч нерсе менен иши жок, ак көңүл, куулук-шумдук менен иши жок таза адам эле. Мен кээде Манаска айрым кемчиликтер боюнча доомат коюп калсам, ал кемчиликти дароо оңдочу. Анан ал өтө эмгекчил эле, тынбай иштеп, улам жаңы интермедияларды ойлоп тапкан жагынан алдына киши салчу эмес. Айрым учурларда китептерден ылайыктап, ушуну карап көрчү деп которуп берчүмүн. Эми анын талантына сөз жок. Кайран жигит, элди укмуш күлдүрөт эле го. Ал эми Дөөлөт Мадымаев болсо, баладай таза жүргөн, назик адам эле. Медер Кадыршаевдин да адамдык сапаты мыкты, билимдүү, өзгөчө адам болчу. Ал дагы орусча, кыргызчаны мыкты билген, эки тилде таза ырдачу. Анткени, ал Москвадагы Маданият институтун бүтүргөн эле.
- Баарынын тең эмгеги бааланбай калбадыбы. Же аларды сүрөп да койгон адам болгон жок...
- Эми бул маселе өзгөчө сөз кыла турган маселе. Кээде мен да өзүмдү күнөөлүү сезип кетем. Анткени, мен өзүм эле Шаршен атындагы театрды жетектеп бергенге макул болуп, Куудулдар театрын жоюп жибергенге такыр макул болбой койсом болмок экен. Ал театр жоюлбай ушул кезге чейин иштеп турса, ошол театрдан кезек-кезек менен ар бир куудулду наам-сыйлыкка көрсөтүп турсак, балким алар наамга жетип калышмак. Себеби, биз эскерип жаткан инсандардын туруктуу иштеген жери жок, ар кимиси өз алдынча болуп калышты. Болбосо, ушул кезге чейин бир-эки ыр ырдап коюп Эмгек сиңирген наамды басып жыгылып жатышпайбы. Керек болсо, эл тааныбаган Эл артисттер бар. Алар кайсы эмгеги үчүн Эл артисти болуп алганын түшүнбөйсүң. Анан кантип күйбөйсүң. Салыштыра келгенде, ошол чала ырчылар биздин маркум куудулдардын деңгээлине караандашпайт да. Мындай айтканда, чаңында калат.
2010-жылы мен Маданият министрлигинде башкармалыктын башчысы элем, министрге айтып Жаныбекке филармонияда чоң концерт берип жатканда, мен ага өзүм барып, "Маданияттын мыкты кызматкери" деген төш белгисин тапшыргам. Эсимде, 1991-жылы 31-августа Алайдан Жаныбек Аскар Акаев, Куловдорго Горбачевду, анан өзүн катыра туурап берген экен. Ошондо Акаев абдан ыраазы болуп, колундагы алтын саатын чечип бериптир. Бизге келди алтын саатын тагынып, абдан сүйүнүп келди.
Болбосо, Жаныбек эчак эле Эмгек сиңиргенди алышы керек эле. Макул, Манас менен Дөөлөт эрте өтүп кетишти. Бирок Жаныбек Эмгек сиңирген эмес, Эл артисти наамына толук татыктуу болуп, бышып турган да. Себеби, ал 30 жылга жакын тынымсыз эмгектенди. Кыргыз пародиясына жол ачып берди. Мисалы, Казакстандын биздин куудулдар менен тең чыккан куудулдары эчак эле Эл артисти болушкан. Эми Жаныбектей, Манастай куудулдар жаралабы, жаралса качан жаралат? Бул суроонун жообун эч ким айта албайт. Кыскасы, бир келген залкар таланттарды баалай албай колдон учуруп жибердик. Негизи эле кыргыз эли, кыргыз бийлиги ушинтип эле басып жүрөбүз да, көзү өтүп кеткенден кийин мактап жатып калабыз.
Маектешкен
Айбек Шамшыкеев