presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргыз гезиттер
Чындыкка карай...
Марат Алышпаев,
Кыргыз эл артисти, КырДрамдын мурунку директору:
"Эми Опера жана балет
театрына Керим Тураповду
коюп алышса, жандары тынат!"
- Марат байке, алгач жетекчилик кызматтан кеткениңиздин негизги себебин айтсаңыз?
- 2010-жылы мени КырДрамга ошол кездеги министр Момбеков Рыскелди алып келген. Мен ага: "Жаштар театрына барайын, тынчыраак иштейин" десем, "Сиз чоң театрда иштеп, оңдоп бериңиз", - деп болбой койду. "Анан ал жакты оңдоп койгондон кийин даяр ашка асылгандар көп болчу эле?" десем, "Мен турам, өкмөт турат" деп болбой койгон. Ошентип, 2010-жылдын октябрь айында ал кездеги президент Отунбаева театрды оңдоого 8 млн. сом берди. Андан кийин өкмөт 2,5 млн. сом берди. Ошол каражат менен театрды толук оңдоп, 2011-жылдын октябрында ачтык. Чынын айтканда, азыркы бийликке профессионалдын кереги жок болуп калбадыбы. Өзгөчө, парламент каалаган чалмакейди чалып жатат. Мына азыр, 120 депутаттын 100ү өз кызыкчылыгы менен иштеген депутаттар. Мисалы, Кубат Оторбаев КТРКны 4 жыл ичинде жакшы оңдоду. Акыры интригага, асылгандарга чыдабай кетип калды. Мен дагы өз ишимди жакшы аткарып жаткам. Ушул 4 жыл ичинде мен 6 министр менен иштештим. Ушул 6 министрге карыган кезимде белек берип, туулган күнүндө чуркап жүрүшүм керекпи? Мен бирине да барганым жок. Министр айымыбыз, бир айдай ооруп жатты. Ага да барбадым. Чынын айтайын, министрлерден Момбеков, Жунусовдон башкасынын баары мага асылды. Садык Шер: "Театрдын үстүнө бак өсүп калыптыр, иштен алам", - деди. "Бак өсүп калса, аны мурунку директор жаныңдагы Кыргызбайдан сурабайсыңбы? Мен көрбөптүрмүн", - дедим. Кийинки министр Шакиев: "Ордуңузга Одуракевди алып келем", - деп опурулду эле, Одуракаевди ит талагандай кылып, жамаат жолго салып, айдады. Раев дагы кызматтан алууга абдан аракет кылды. Азыркы министр көп деле тийишкен жок. Бирок акыры чарчадым. Интригадан тажадым. Карап олтуруп, кадимкидей зээниң кейийт экен. Мисалы, министрлер алмашкан сайын кадрлардын баарын алмаштыра беришип, министрликтеги аппаратты талкалап бүтүштү. Мына: Абдыраев музыкалык мектебинде жакшы иштеп жаткан Асакеевди алып, анын ордуна Исрадин Аманбаевди, Чуйковдогу Матубураимовду алып таштап, анын ордуна дагы бирөөнү алып барышты. Кылдан кыйкым издешип жатып, филармониядан Замирбекти алышып, Кыргызбайды олтургузушту. Искусство институтуна сынак өткөрөбүз деген шылтоо менен Чотоновду, Чалабаевди Жаштар театрына жетекчи кылышты. Анан менин ордума Саманбековду алып келди. Эми бир эле Опера жана балет театры калды. Анын жетекчиси Саламатовду айдап, анын ордуна Керим Тураповду алып барышса, ошону менен жандары тынат. Көрдүңөрбү, кандай иш болуп жатканын? Мунун көбүн Раев жасады. Түндүк-түштүккө бөлгөндүк эмес, бирок чындык үчүн айтайын, ушул азыр жетекчи болуп жаткандардын басымдуу бөлүгү түштүктөн. Айтор, жетекчилик кызматтарды айлантып келип эле, туугандарын же досторуна алып берип жатышат. Же калппы?! Калп болсо, айтышсын. Жаман көрүшсө, жаман көрүшө берсин, мен чындыкты айттым.
- Жетекчи болуп турган 4 жыл аралыгында кандай иштерди бүтүрдүңүз?
- Чыгармачылыкты биринчи айтайын. КырДрам 2000-жылдан 2009-жылга чейин болгону 32 спектакль коюптур. Ошол 2009-жылы театрдын билеттен жана ижарадан тапкан акчасы 617 миң сом болуптур. Мен төрт жылда мамлекеттен бир да акча албай, театрдын тапкан акчасына 25 спектакль коюп, 8 спектаклди кайра калыбына келтирдим. Биз 2013-жылды билет менен ижарадан 4 млн. сомго жакын акча таптык. Төрт жылда төрт чет мамлекетке, тактап айтканда Молдова, Казакстан, Россия жана Түркияга барып спектаклдерибизди фестивалдарга катыштырып, чоң ийгиликтер менен келдик. Театрда машинелердин баары талкаланган экен, биз аларды жаңыртып, "Мерседес Бенц", (Бус), УАЗ "Акварим" (бул машинени мага берилген "Волгага" алмаштырып алганбыз, себеби, мен машине минбей өмүр бою жөө жүргөн адаммын) жана жүк ташыган УАЗ алдык. Ошондой эле төрт жыл ичинде төрт артистибиз "Эл артисти" наамын алышты.
- Кыргызбай Осмоновдун учурунда театрды оңдоо иштеринде өзүм билемдикке жол берилип, бир нече курулуш компанияларды миллиондорду жеп кетпеди беле? Ошол акчаны кайтарып алууга аракет кылдыңарбы?
- Театрды оңдоо иштери жүрүп жатканда Раев, Бектеналиев, Осмоновдор иштешип, бир топ иштерди бир канча компанияларга жасаттырышкан. Бирок театрга "Ариет" компаниясы 812 миң сом карыз. Анын ээси менен "Стройтехмонтаж" фирмасынын ээси бир адам. "Контрактшин Элизум" деген фирма 1,5 млн. сом карыз. Ушул үч фирма жыйынтыгында театрга 2 млн. 300 миң сом карыз. Биз аларды сотко берип, утканбыз. Бирок ал акчанын 1,4 млн. сому дагы эле кайтарып алына элек. Бул курулуш фирмалары акчаны алып алышат экен да, "банкрот болдук" деп жаап салышып, ошону менен кутулуп кетишет турбайбы. Кайра башка ачып алышат экен, болду эч нерсе кыла албайсың. "Ариеттин" ээси таластык жигит экен, фирмасын банкрот деп жаап коюптур.
- Темирлан Сманбековдун директору болуп келишине жамаат каршы чыккан жокпу? Жакшы иштеп кете алат деген ишенимдесизби?
- Тажрыйбасы бар да, бир нече жыл Куурчак театрын башкарбадыбы. Ал эми ага каршы чыга турган жамаат азыр жок, эс алууда 15-августта келишет. Мен: "Сиздин ордуңуз керек болуп жатат, эртерээк бошотуңуз" дешкен Бектеналиевге, Болот Осмоновго мурун: "Бир аз коё тургула. Болуптур Корея бере турган 180 миң долларлык грантка жарык берүүчү аппараттарды алып, аны толугу менен бүтүрүп кетейин, баштаган ишимди" -дегенимди укпай коюшту. Анан дагы чалышканда: " Жамаат келсин, кетип жатканымды айтып, алдынан бир өтөйүн да, арызымды жазайын", - десем да болбой коюшту. Кыязы, жамаат каршы чыгып, Шакиевди талагандай талайт деп коркушту окшойт. Себеби, мени жамааттын 80 пайызы колдойт.
- Төрт жыл чоң театрды башкарып, канчалык деңгээлде таза иштедим деп ойлойсуз? Коррупциялык иштерден алыс болдум деп ишенимдүү айта аласыз да...
- 2011-жылдын октябрында театрдагы оңдоо иштери аяктап, иштеп баштабадыкпы. Байкасак, кээ бир артисттер ишке такыр келишпейт. Жөн эле айлык алып жүрө беришет экен. Мисалы, Нуркан Турсунбаевди чакыртсак да ишке чыкпай койду. Анан ага сөгүш жарыяласам, мени сотко берди. Андан да Президент, ЖК, Башкы прокурор, премьерге жазыптыр. Анысы "Мен сонун иштеп жатам" деген мааниде го. Анан Жипариса Көчөрбаева деген актрисабыз да менин үстүмдөн 3 жолу арыз жазды. Ошентип, мени, театрды жалпысынан Баш прокуратура, ИИМ, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы, Эсептөө палатасы 4-5 жолу текшерип чыкты. Быйыл январда да пилоттук долбоор менен 6 киши бир жарым ай текшеришти. Эч кандай деле кемчиликтерди таап чыгышкан жок. Мен өзүм баш-аягы театрларда 18 жыл директор болгон адаммын. Чүй театрын түптөп, ал жерде 7 жыл иштедим. Анан Көл театрында да 7 жыл иштедим. Биринчиден биз коммунист доорунда жашап, башкача тарбияланып калганбыз. Ансыз да артисттер коомчулуктан ар кандай сөз уккан калк болот. Анан мен ошолордун акчасын жеп, уурдасам, ошол акча мага жугабы? Мен эч кимге пара бербейм да, албайм дагы. Кыскасы, бир да театрдан артымдан жаман сөз ээрчиген жок. Мен ушуга тобо кылам.
- Сатылган Сазаев деген актёруңардын КырДрамдын алдындагы окуу жайды жабыш керек, өзүн-өзү актабай жатат деген пикирине кошуласызбы? Деги эле, жоюп салуу туурабы?
- Сатылгандын ал пикири түп тамырынан туура эмес. Профессионалдык деңгээлде ойлонгон жетекчи андай ишке барбайт. Эмне дегенде театрдын алдындагы ал окуу жайдын ачылганына 42 жыл толду. 1974-жылкы биринчи бүтүрүүчүлөрү Чоро Думанаев, Замир Сооронбаев, Сейдалиева баштаган бир топ артисттер көч башында турушат. Демек, окуу жайдын тарыхы терең. Театрдын кадрын толтура турган ушул окуу жай болуп эсептелет. Мисалы, мен жетекчи болуп иштеген 4 жылда театрга эки кыз, эки баланы жумушка алдык. Башка жактан бүтүп келгендердин, талантынан мурда билими тайкы болуп чыгат. Ачык айтайын, Искусство институту абдан начар. Мен ал Бейшеналиева атындагы ЖОЖду бүтүрүп чыгып, Эл артисти, же Эмгек сиңирген деген наамга жеткендерди көрө элекмин. Айтор, аны биздин окуу жай менен салыштырып болбойт. Себеби, бизде окуган студенттер театрдын ичинде залкар актёрлор менен аралашып, алардан сабак алып турушат. Кез-кези менен спектаклдерде эпизоддорду ойноп, массовкага катышып, өздөрүн сахнага көндүрүшөт. Кыскасы, бизде практика абдан күчтүү. Москвадагы Шепкин атындагы театрда да ушундай эле окуу жай бар. Сазаев өзү ошол Шепкинди бүтүрүп келген. Тажрыйбасы аз болсо да, КырДрамды башкарам деп чыкканы менен, аны Куурчак театрына Саманбековдун ордуна коюшту. Эми жетекчилик тажрыйбаны ошол жаткан топтойт деген ойдомун.

(Уландысы кийинки санда)

Маектешкен
Айбек Шамшыкеев










??.??