presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргыз гезиттер
Курманбек АБДЫЛДАЕВ, Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин ректору:
Билим берүүнүн сапатын көтөрүү үчүн көп аракет жасалды

- Курманбек Кыянович, окуу жайдын жалпы абалы жөнүндө кыскача айтып бериңизчи.
- Университетте окуу иштери боюнча сапат жылдан-жылга жогорулап жатат. Мугалимдерибиз жаңы метод менен иштөөгө үйрөндү. Жаңы терминдер кирди. Болон борборун ачып алып, четтен да эксперттерди алып келип, лекцияларды өтүп, тренинг, семинарларды уюштурдук. Студенттерди да даярдадык. Муну иштетүүнүн көп механизмдери бар, биз муну аткара алдык.
Жакында университетте реформа жүрдү. Тиешелүү кафедралар бириктирилип, билим берүүнүн сапатын көтөрүү үчүн көп аракет жасалды. Ар бир факультетте окуу мастерскойлорду, лабараторияларды ачуудабыз. Азыр бизде 8 борбор иштеп жатат. Материалдык-техникалык базабызда эч бир кемтик жок. Студенттерибиз чет мамлекеттер менен онлайн олимпиадаларга катышып, кай бири четтен билим алууга мүмкүнчүлүк алууда. Мугалимдер башка өлкөлөрдүн тажрыйбалары менен бөлүшүп жатат. Быйыл жогорку окуу жайлар арасындагы "Акыл таймаш" студенттердин сынагынан биздин балдар 24 окуу жайдын ичинен биринчиликти алды.
Тарбия боюнча өтө көп иштер жүрөт. Жакында эле улуттук педагогиканы өнүктүрүү максатын көздөгөн мугалимдер арасында "Ыр кесе" сынагы жыйынтыкталды. Спорт иштери боюнча универсиадада окуу жайыбыз 21 окуу жайдын ичинен биринчи орунду алды. Жаңы спорт залдын курулушун октябрь айында баштадык эле, буюрса, 2014-2015-окуу жылына аяктап калабыз деп турабыз. Чет тилдер кафедрасы Бишкекте өтүлгөн дебатта биринчи орунду алып келишти. Университеттин "Жалын" гезити окуу жайдын турмушун чагылдырып жатат.
Окуу жайда "Темпус" деген фонддун 11 долбоору, андан сырткары, майда көп проектилер иштөөдө. Маселен, Норвегиянын билим берүү агенттигинин долбоору 3 жылдан бери иштеп жатат. ЮСАИДдин бир долбоору бүтүп, экинчиси менен иштешүүдөбүз. Билим берүүнүн сапатын көтөрүү боюнча "Эрасмус Мундус" , "ССДС" деген долбоор бар. Быйыл эл аралык байланыштар боюнча 51 ЖОЖдун ичинен биринчи орунду камсыз кылдык. Айтор, жетишкендиктер көп. Абитуриенттер бизге келип билим алса, заманбап техникаларды колдонушат.
- Албетте, биз окуу жайдын кадыр-баркын, андагы окутуучулардын билим деңгээлин жакшы билебиз. Ошентсе да, окуу жайда студенттердин саны жылдан-жылга азайып баратканы эмнеликтен?
- Чындыгында абитуриентти кабыл алуу жылдан-жылга оор болуп баратат. Биринчиден, болон процессине өткөндүгүнө байланыштуу, окуу жайыбызда бир топ өзгөрүүлөр болду. Экинчиден, биздин окуу жайга өрөөнүбүздөгү айыл жериндеги бүтүрүүчүлөр келет эмеспи. Алар жалпы республикалык тестирлөөдө төмөн балл алып, босого баллдан өтпөй калууда. Мунун себеби, айыл жеринде өз убагында тестке даярдыктар көрүлбөй калганында деп ойлойм. Тестте мектептин программасында өтүлбөгөн стандарттуу эмес тапшырмалар, логикалык суроолор да бар, ага окуучуну даярдоо керек. Ушуларга элет мектептеринде көп көңүл бөлүнбөгөндүктөн балдарга кыйынчылык туулуп жатат. Кай бир суроолор орусчадан кыргызчага которулганда маанисин жоготуп коюуда. Анын үстүнө, тест өз мектебинде эмес, райондун борборунда алынгандыктан, башка мугалим, башка аура окуучуларга да таасир этпей койбойт. Дагы бир жагдай, элет окуучулары негизги баллдан сырткары кошумча балл жөнүндө дагы маалыматы жок болууда. Ушушун бары ЖОЖго кирүү нормативине жетпей калууга алып келүүдө.
Дагы бир кыйынчылык облусубузда калктын саны өтө аз, 420 миңдин тегерегинде адам жашайт экен. Бул Оштун бир Кара-Суу районунун калкы менен барабар. Анан да Каракол шаары буйткада болгондуктан, көпчүлүк биздин алыскы райондогулар Бишкекке кетип жатышат. Бул жерге шаардыктардын аз балл алганы, башка жакка кете албаган шарты жоктору, Жети-Өгүз, Түп, Ак-Суу райондорунун тургундары гана келүүдө. Биздин анализде жылдан-жылга ушул жакынкы райондун балдары гана келет. Студенттер контингенти суюлушу менен тайпалардын саны азайып, биздин атайы счет да кыскарып, мугалимдердин жана башка персоналдардын дагы саны кыскартууга туура келүүдө. Ушинтип кете берсек, көп жылдык тарыхы бар, алгачкы ЖОЖ болуп аталган университет кичине окуу жайга айланып калат. Караколдо студенттер болбосо, шаардын, облустун маданият, спорт, соода, транспорт башка жагы да төмөндөп кетет. Жылыга университетибизден 50-60 окутуучу кете берсе, кийин кайра аны толуктоо оор болуп калат.
- Аны чечүү жолу кайсы деп ойлойсуз?
- Бир гана жолу-Каракол уникалдуу болгон менен буйткадагы шаар болгондуктан, жалпы республикалык тестирлөөнүн баллын биздин окуу жайга айыл жергесинен келгендер үчүн төмөндөтүп берсе, жакшы болмок. Жалпысынан региондук окуу жайлар деп айтылганы менен, Баткен, Жалал-Абад, Ошту биз менен салыштырууга болбойт. Буларга жергиликтүү калктан сырткары, абитуриенттер Тажикстан менен Өзбекстандан да агылып келет экен. Биз кабыл алууну ошол түштүктөгү ЖОЖдордун катарында эле жүргүзүп жатабыз. Бул маселе боюнча тийиштүү жерлерге кайрылганыбыз менен азырынча жыйынтык жок болууда.
- Кереги жок адистиктерди жоюп, жаңы, заманбап адистерди чыгаруу аракети барбы?
- Биздеги факультеттердин баары керек. Коомго кереги жок адистерди чыгарган жокпуз. Ал эми жаңы адистиктер боюнча аракет жасап жатабыз. Акыркы жылы Түркия мамлекети менен байланышыбыз жакшырууда. Өзгөчө Кара деңиздин жээгиндеги ЖОЖдор менен байланыш түзүүдөбүз. Булар балык чарбасына көп көңүл бөлөт экен. Ал жерде балык өстүрүүчү, водолаз, изилдөөчүлөр сыяктуу бизге өтө тааныш эмес кесиптерди даярдайт. Токой чарбасын өстүрүү күчтүү. Бир карагай кыюу, уурдоо деген түшүнүк жок экен, түшкө да кирбейт. Бизде болсо карагай каалагандай кыйылып жатпайбы. Түрктөрдүн ушу багытын үйрөнөлү деп жатабыз. Табият таануу факультетинин окутуучулары тажрыйба алмашса деп турам. Ал жактагы Кастаному университетинен жакында эле делегация келип кетти.
- Жайдын толуп турган мезгилинде окуу жайдын менчиктештирилип кеткен "Эдельвейс" эс алуу жайы жөнүндө сурабасам болбойт го?
- "Эдельвейсти" сиз эле эмес, мугалимдер да сурап жатат. Бул ишке аракет жасап келдик, бирок, жыйынтыкка жетпей жатабыз.
- Курманбек Кыянович, акыркы кезде илимдин кандидаттары, докторлору көбөйүп кеткендей сезилет, учурда илимий даражанын баркы түшүп бараткан жокпу?
- Жок, акыркы үч-төрт жылдан бери бул боюнча катуу талаптар коюлууда. Ортодо бир мезгилде баркы кетип бараткан, ЖАКтар да жайнап кеткен. Бирок, мунун бары илимдер академиясынын, ЖАКтын аракети менен иретке салынып, бир жерге топтолуп, тиешелүү адистер менен толукталууда. Азыр илимге барчу жол оор.
- Сиз жеке өзүңүз докторлукту жактоодо эмнеге кечигип жатасыз, көп убактыңыз интригаларга кетип калган жокпу?
- Мен кандидаттык диссертациямды талап өтө катуу учурда жактагам. Ал кезде минимум тапшырыш үчүн эле бир жылдап окучубуз. Жетекчим дагы талапты катуу койгон киши эле. Андан бери 20 жылдан ашып кетти. Докторлукту жактоого толук даярдыгым бар. Монографиям чыккан. Ошентсе да, убакыт жеңет экен. Окуу жай интригалардан алыстаган менен, иш көп. Чыгынып, жактап алууга убакыт бөлө албай жүрөм.
- Биздин билишибизче, агаңыз Эркин математика илимдеринин доктору. Дегеле үй-бүлөңүз, ата-энеңиз жөнүндө айтып бериңизчи?
- Менин атам көп жыл зоотехник болгон. Райондук, айыл деңгээлинде иштеди. Өзү адистиги боюнча күчтүү кадр болсо керек. Ишине берилип мамиле жасачу. Бизди катуу тартипке чыкырган. Энем башталгыч класстын мугалими эле. Алар 10 баланы тарбиялап өстүрдү. Энем бизди кичинебизден эле тамга таанытып, окутту. Эстесем, өз алдыбызча иштөөгө тапшырма көп берчү. Алар бизди күчкө салып, акча менен окуткан жок. Баарыбыз өз күчүбүз менен жогорку окуу жайларын аяктадык. Бир туугандарымдын баары мектепте алдыңкылардан эле. Райондук, облустук олимпиадаларга барчубуз. Азыр ата-энем экөө тең жок, көзү өтүп кетти. Шаарда жүрсөң билинбейт. Айылга барганда алардын жок экенине ишенип, жүрөгүң сыздайт.
- Быйыл эс алдыңызбы?
- Айылыма-Жети-Өгүздүн Ак-Терегине барып турган менен, ал көлдүн жээгинде болсо да көлгө түшкөнгө убакыт жок. Отпуск алсам дейм, университетте чарбалык иштер бүтпөй турса кантип кетип калам. Бирок, убакыт бөлүп, үй-бүлөм менен эс алам деген тилегим бар.
Маектешкен
Жумагүл БАРКТАБАСОВА










??.??