Топурак салуу ыйык иш, ага
башка ишти жамоого болбойт
Элине кылган кыянаттыгы боюнча Бакиевден кийинки экинчи орунду бербей турган Аскар Акаев бүгүн агасын жайына берүү үчүн Москвадан учуп келет деген кабар гезиттин ушул номуру терүүгө түшүп жатканда келген. Бүгүн учуп келдиби же жокпу билбейбиз. Аскар Акаевдин улуу агасы Болот 3-август күнү 82 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Ыйманы саламат болсун. Ал кишинин бүлөсүнө, туугандарына гезитибиздин жамааты көңүл айтат.
Ошентип, Аскар Акаев бир тууганына топурак салуу үчүн келет экен. Келгени жигиттиги, мусулманчылыгы… келбесе, дагы бир сапатынын даңазасы болор… Кыргыз баласы үчүн өлүмдөн улуу нерсе жок, бардык кирди-чыкты көрүнүш, окуя ж.б. өлүм алдында кыкка турбаган нерсе. Акаев келет десе "эми аны кармаш керек, камаш керек" дегендер да чыгып жатат. Топурак салганы келген адамды кармаш, бери дегенде адамгерчиликсиз иш болор, аша айтылса айбандык болор. Анысы туура. Агасын акыркы сапарга узатканы келип турган адамга көңүл айткандан башка аракет жасалышы жосунсуздук, арбакты тебелегендик!
Туура, Аскар Акаевдин кыргыз элине кылган кыянатчылыгын санап бүтө албаспыз. Бийлигинин экинчи мөөнөтүнөн баштап бийлигин аялына алдырып, анан дагы кызы менен баласы кошо талашып бүтүндөй мамлекеттин абийирин кетирди го, кунарын качырды го! Акаев жана анын бүлөсү, жан-жөкөрлөрү жеп кеткен эл байлыгы ошол бойдон жок болду. Ага эч ким жооп берген жок. Бүгүнкү күнгө чейин чуусу бүтпөй келе жаткан "Кумтөргө" байланыштуу чырды түптөп кеткен да ушул Акаев болду. Көөп турган кезинде "Кыргызстанды Швейцарияга айландырам" деп асмандын башындагы маанини сүйлөп салды да, кийин маңкасы агып, "Манастын арбагына койдум" дегенди айтып, коррупцияга таптаза жеңилгенин жар салып турду. Ооба, Аскар Акаевди, анын аялын, баласын сот жообуна тартыш керек. Бирок, аларды эми сот жообуна тарта албаспыз. Биздин бийлик темтелеңдеп жаткан убакта Акаев небак эле орустардын атуулу болуп алган, эми анын …ошонусуна куурай сая албаспыз.
"Акаев келсе, мыйзам чегинде аны сурайбыз" деп Генпрокурор Салянова шымаланып турат экен. Жок, антсе жосунсуздук болот. Агасына топурак салганы келген немени суракка алууга мыйзам жол бергени менен, адамгерчилик жол бербес! Азырынча Аскар Акаевди кое туруп, күндөн-күнгө геометриялык прогресс менен көбөйүп жаткан бул жердеги коррупционерлерди жоопко тартып алышса, иштин тууралыгы ошондо болор…

Баратбай Аракеев




Бийлик Барак айылынын жашоочуларынын тентип кетүүсүнө жол береби?

PS: Кыргызстандын Кара-Суу районуна караштуу айтылуу Барак анклавы Өзбекстандын чек арасында жайгашкан. Аянты 270 гектар. Аймакта 1628 киши, дээрлик 268 үй-бүлө күн көрөт. Мурда маалымдаганыбыздай, жергиликтүү калк адатынча мал чарбачылыгы менен жан сактайт, ошондой эле "ак алтын" өндүрөт. Анклав райборбор Кара-Суу шаарынан он сегиз чакырым алыстыкта жайланышкан. Улуу империя СССР таркап, Кыргызстан жана Өзбекстан чек араларын биротоло бекиткенден кийин анклавга каттоо, чынында, азапка айланган. Аймакта маал-маалы менен чыр-чатак чыгып турат. Өзбекстан 2001-жылы бул анклавга өзү тарабынан Ак-Таш аркылуу коридор ачууга аракет кылып, бирок, андан натыйжа чыккан эмес!

Өзбекстандын чек ара тилкесинде жайланышкан Кыргызстандын Кара-Суу районундагы Барак анклавынын тургундары ары-бери каттаганда абдан кыйналгандыктан, нааразычылык акцияларын райондук жана облустук Ак үйдүн алдында байма-бай өткөрүп келатышат. Бирок, мурду балта кеспеген борбордук бийлик булардын муң-зарына таптакыр кулак салбагандыктан, эмдигиче барактыктардын көйгөйлөрүнүн бири дагы чечиле элек.
- Бизге Өзбекстандын Ак-Таш чек ара бекети аркылуу каттоо, чынында, абдан жеңилге тураар эле. Анткени, бул тараптан Кара-Суу районунун борборуна дейре үч гана чакырым жол басабыз, - деп агынан жарылды Кара-Суу районундагы Ак-Таш айыл өкмөтүнө караштуу Барак айылынын (анклавынын) башчысы Бурканбек Ашыров. - Тилекке каршы, Өзбекстан аталган бекетин былтыр атайылап жаап таштаган. Ошол себептүү былтыртан бери 600 чакырым айланып, Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаары аркылуу аргасыздан каттап жатабыз. Буга айылдаштарымдын басымдуулугу чыдабастан үй-жайын жана мал-жайын бирөөлөргө атайылап таштап, Ош шаарына жана башка жактарга тегиз көчүп баса беришти.
- Бул боюнча Кыргыз Президенти Алмазбек Атамбаевге бир тобубуз атайын барып, Бишкек шаарында өзүнө жолукканбыз. Өлкө башчысы биздин маселелерибизди чекесинен чечкенге бир катар узун убадаларды берген эле. Тилекке каршы, алардын бирин дагы аткарган жок! - деп ыйлактады Барак анклавынын тургуну Диларам Мурзаева. - Өзбекстан менен сүйлөшкөнү ушулбу? Дагы эле биз шору жоктор Кызыл-Кыя аркылуу айланып каттап жатабыз. Мына, жыйым-терим бүттү. Пахтаны кирешелүү экендигине карабастан, коркуп экпей койдук. Анткени, Кыргызстанга алып чыгып сатуу чоң азапка айланды. А буудайларыбыз жакшы болгондуктан, моминтип чекесинен оруп жатабыз. Бирок, буларды сыртка, Кыргызстандын Ош аймагына ташып сатуу бизди эмитен сары санаага салып турган чагы. Кыргыз Өкмөтү узак мөөнөттүү ссуда жагынан каралашса, Кара-Суу районуна биротоло көчүп кетет элек. Тилекке каршы, бийлик эч ким басып барбаган Сары-Колот аймагынан жер тилкесин сунуш кылып жаткан чагы. Уялышпайбы? Биз эзели ал жакка көчпөйбүз!
- А шарты дурус Ак-Таш айыл өкмөтүнөн он гектар суулуу аянт бөлүүгө кыргыз өкмөтүнүн атайын токтому чыккан. Бирок, эмдигиче ал токтом аткарыла элек. Ошентип, барактык бечараларды кыргыз бийлиги дагы эле мышык-чычкан ойнотуп жатышат, - деп тызылдады барактык Иминжан Эргешов.
- Азыр айылда отуз чакты эле үй-бүлө туруктуу жашап жатат. Калгандары ар жакка тентиди. Шарты жакшылары Ош шаарында батирлерде күн көрүп жатышат. Орусияда иштеп каражат топтогондор башка жактардан чек алып, үй салгандын камын жеп жатышат. Менде ижара акысын төлөгөнгө каражат жок. Ошон үчүн Баракта эле өлбөстүн күнүн көрүп келатам, - дейт Рахила Төрөкулова.
- Жумасына бир жолу Кызыл-Кыя шаары аркылуу автобус уюштурушкан. Ага кезекке жазылып анан каттайбыз. Ага чейин тамакты кантип тыясыз? Аргасыздан Кара-Cууга каттап, кем-карчыбызды толуктаганга аракет кылабыз. Тилекке каршы, Өзбекстандын чек арачылары Баракка ашыкча жүк өткөрбөйт. Жалынсаң деле энеңди тоготуштпай. Тилин албасаң, автомат такап "Атып таштаймын!" деп коркутушат.
- Эгерде акыбал кудум ушундай уланса, кыргыз бийлиги барактыктардын талабын таптакыр тыңдабаса, эски журтубузду жапырт таштап, баш оогон жактарга биротоло көчүп кетебиз жана чындап тентийбиз, - дейт Аттокур Төрөкулов.
- Анткени, чыдамыбыз таптакыр түгөндү. Өзү чыдаган бизчелик болоттур. Дагы бир жагдай: бизге ажыратылган Беш-Үй участогуна генплан түзүлгөн. Тилекке каршы, жаңы конуштун инфракструктурасына эле 75 500 миң сом зарыл экен. Мындан тышкары барактыктардын ар бир үй-бүлөсүнө турак жайын толук бүтүрүү үчүн өкмөт тарабынан жок дегенде 500 миң сомдон узак мөөнөттүү ссудда ажыратылышы шарт. Ансыз кыска аралыкта там-ташыбызды толук бүтүрө алышкыдай эмес!
- Биз өкмөттөн туруктуу жашаганга ыңгайлуу жай берсин деген орчундуу талапты коюп жатабыз. Азыр Баракта жашагандар ал жаңы конушка жапырт көчүп, кыштагыбыздын атын сактап калышыбыз кажет. Ал эми кыргыз өкмөтү сунуштап жаткан Сары-Колот накта адыр. Ишенбей, барып көрүп келдик. Барактан дагы шарты абдан катаал экен, - дейт Таир Каримов.

Алишер ТОКСОНБАЕВ,
Кара-Суу району