presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргыз гезиттер
Кадам ушул…
Намаз менен ниетиңди
оңдой албайсың го

Орозо айт күнү Бишкектин эски аянтына намазга чогулгандарды телевизордон көрдүк, адамдын ушунча көп болору ойго келет… баары бир кылка олтуруп, чөк түшүп, сыңар тизелеп… бир тилектин күүсүн чалып турушту. Он миңдеген адамдардын тилеги ошол учурда бир чекиттен тогошуп, ал чекит жакшылыкка сугарылган тазалык болуп турду го! Ошол жерде тоңкочук аткандардын баарынын оюнда ушул болду да: отуз күндүк орозодо баары тазарып алды, болгон-толгон жакшылыкты дилине сиңирди, эми кудай таала колдоп берет… мындан аркы жол таза болот, жалаң гана жакшылык алып келип турат…Сонун тилек, адам баласы жаралып-таралгандан баштап көөнөрбөй келаткан тилек! Оо, арман күн, ошол жакшы тилектин маселесинде да "бирок" деген эч кимге баш бербеген маани аралай чаап, жакшы тилектин ишмалдасын чыгаргысы келип жатпайбы, курч кетип калган учуру- жамандыкты да алып келип жатпайбы. Эй, миңдеген адамдар бир кишидей каз-катар тизилип, чөгөлөй калып сурап алып жаткан тазалык, жакшылык аз өтүп эле булгана кетип жатпайбы! Ким күнөөлүү ага?! Ошол наадандыкты жасагандын өзү ким деги?! Туура, ушу сенин акылың бар, баарын жасап жаткан өзүбүздөн өзүбүз! Эгерде бар жамандыкты башка бирөө жасаса, анда азыркы адам саны эки эсе көп болмок. Түшүндүңүз го, маселени… Демек, жакшылыкты тапкан да, жамандыкты алып келген да өзүбүз экенбиз. А эмнеге антип жатабыз? Жакшылыкты го самап алып келебиз, ал эми жамандыкты башыбызга урат белек, андан жаа бою качып туруп эле жаныбызгы алып жатканбызыдын себеби эмне?! Бу жолу да туура айттың, ооба, анын баарын кылган кара ниеттигибиз, ачкөздүгүбүз, көралбастыгыбыз болуп жатат. Көрдүңүзбү, жамандыкты үйүр кылган сапаттарыбыздын баары дилибизде "атка жеңил, тайга чак" болуп даяр турат. Анан андан кантип кутулат элек?! Тирүү турганда кутула албаспыз!
Адам баласы баарын билип турат: жамандыкты да, жакшылыкты да алып келген өзү экенин сен экөөбүздөй эле мыкты билет, окурманым. Бирок, аны моюнга алгыбыз жок. Жамандык башка келсе, "кудайдын кылганы, айла жок", "маңдайга жазганы ошол, айла жок" деп жөн жаткан Кудайды ала жатмайыбыз, маңдайды "чиймелеп" жибермейибиз бар. Анан ошол учурда ошол эле Кудайдан жардам сураганыбызды кантейин. Баарыдан да жаман ишти өзүбүз жасап алып, жардам сураганды айт! Кудайдан кийин Манастан жардам сураганды түптүз эле мода кылып алдык, а балким салт болуп тынды. Жүрөгүң түшөт, жазуучулардын үйүн салам деп миллиондогон акчаны жеп салган бир шылуун жазуучу бар эмеспи. Мына ошол накта эр экен, агарам деп ажы болуп алыптыр, эми болсо басса-турса "Манас" дегенден тажабайт. Ошентип атып агарам дегени го. Кайдан агармак, дилиңди бир ирет карарттыңбы, ал эзели агарбайт! Ушуну моюнга албай жатабыз… Коррупциялык иште алдыга кеткен адамдардын көбү Мекеге барып ажы болуп алышты, Орозо кармап тоңкочук атып беш маал намазынан жазбайт… анысы-кылган күнөөм кечирилет дегени. Аны ким кечмек?! Баарынын корккону эле тиги дүйнөгө барганда тозокко түшүп, шайтандын казанына куурулам дегени. Эй, дили кара, сен ошол казанда куурулбашың үчүн бу заманда таза жаша, элдин эсебиндегилерден таптакыр алба, ак дил бол, көралбастыгыңды ташта, карасы дааналанган кылыктарыңдын баарын таштасаң, сен бейишке чыгасың, казанга куурулгандарды терезеден карап коюп жата бересиң, бейиш төрүндө.
… Орозо айт намазында шаардын мэри Кулматов жүрөт. Ал мэр болуп келгени шаарыбыздын кейпи кетип, акыр-чикирге толуп жатканы, ал келгени бир дагы орчун иш жасабаганы, тескерисинче, бак-дарактар куурап турганы, жол кирени кымбаттатабыз деп маршруткалардын көпкөн шоопурлары чабуулга өтүп турганы… Бу Кулматов деген намазда тоңкочук аткандын ордуна, кол алдындагыларды тоңкочук аттыра иштетсе болбойт беле! Намазга жыгылып, бажы кызматында кылган кээ бир иштеринен арылса арылсын, бирок, шаарды карасын да! Намазга жыгылып Жогорку Кеңештин Төрагасы Жээнбеков да жүрөт. Жогорку Кеңештин жыл бою жасаган иштериндеги кемчиликтерди бу Жээнбеговуң бир намаз менен оңдоп салар беле?! Оңдоп салган күндө да эртең эле бир коррупционер депутат ЖКны кайра карартып салууга жарап берет!

Оо, ошол намазда молдокелер мончок боло момурайт, уктап жаткан наристедей… Анан азга тескери бурулуп алардын баскан жолуна саресеп салып жиберсең, кээ жеринен күлүп, кээ жерине өлгүң келет. Ошолордун ордосу болгон муфтиятта эмнелер гана болбойт, так талашуулар, акча талашуулар, аял маселесинен… Баса, мурунку муфтийдин "секс окуясы" мамлекетибизди бир "жакшы" дүңгүрөтүп берди го! Эми андай окуяларды шарияттын кай жерине такап куурадык?! Жок, жок, андай жаман кылыктарды шарияттан издеп, аны булгаба… баары конкреттүү бир молдонун дилинде! Молдонун түрүн кара: телевизордон сайрап, билбегени калбаганы жок курдили бар, адамдыгы көңдөй; пакистандыктардын дамбалын кийип, башына селде чалынып, тышы молдо да ичи наадан дагы бири бар, кулкулдаган; эл дүрбөсө эшек кошо дүрбөйт маанисиндеги молдокелер канча; молдолукту жалаң гана тирилик өтөөнүн булагы кылып жүргөндөр андан көп! Жок, дин жагынан жалаң эле жакшылыкты издей берген да болбос! "Молдонун айтканын кыл, кылганын кылба" дегенди мен чыгарган эмесмин жана да аны туура эмес деп бир да адам айтпас! Биз молдолордун көп ишин колдошубуз керек, маселен, жаштарды динге ээрчитип, анда айтылган: жакшы бол, жатык бол, абийирдүү бол, ак бол, жаман ишке барба сыяктуу үндөө-үйрөтүүлөрүн кантип колдобой коймокпуз. Бирок, жаш баланы карандай эле динге сугара бериштин зыяны аябагандай чоң болот. Турмуштун калган тармагын: эмгек кылууну, илим-билимге умтулууну, маданиятты сиңирүүнү ж.б. кантип үйрөтөбүз. Демек, динге үндө, бирок, берки турмуштан колун үздүрбө! Угуп жатасыңбы, молдоке! Ушул маселеде көп талашайын дедим эле, кайра ал жолдон кайттым. Анткени, сенин дин менен чектелген дилиңдин тамтыгын чыгаргым келген жок. Талаша кетсем, Коперник менен Галилейди… кийинки эле Эйнштейн менен Королевди, Гагарин менен Армстронгду… жана да жүздөгөн адамдарды бетке кармап ,адамдын жөн турмушун коргоп алмакмын…
Адам баласы менен кошо туулган заң-закүн болбойт. Анын баарын адам баласы жашоо процессинде өзүнө ыңгайлаштырып түзүп келген, түзө берет… жанагы, "жеп-жутуп алганың көп жыл өтсө эч нерсеге жооп бербейсиң" дегенди да адам баласы өзү түзүп алган. Жок, жалгыз эле Келдибековго карата эмес…бул аздап куудулдана кеткеним. Акаев деген бар, Чынгышев деген бар, Жумагулов деген бар, Кулов деген бар, Сыдыков деген бар…балээ баскан Бакиевдер бар, мындайлардан баш адашат! Генпрокурор Салянованын да башы адашып жатат, Жогорку Соттун Төрагасы Жамашеванын да башы адашкан болот… Биздин жетекчилерди баштары тегиз адашып жатат. Ал эми жалпы соттордун башы болсо… алардын башы ошондой…
Жашоо табышмак, өзгөчө азыркы кыргыз турмушу дүңү менен табышмак. Бирин түшүнсөң, миңине мээң жетпейт. Коррупцияга каршы күрөш жүрүп жатат деп ураалап келатканыбыз ушул бийлик келгенден катуу башталды …эми болсо ал иштин ташталганы башталды окшобойбу. Бийликтин бардык бутактарында коррупционерлер батпай олтурат да жооп бергени жокко эссе. Келдибеков сындуу бирөөнү кармап алып, аны ары ала салдырып, бери ала салдырып жыга албай жатканы. Күрөш болбосоң кое кал! Жалаң гана "ит жыгылыш" менен бүтчү күрөштүн кимге кереги бар?!
Ушу бизде мамлекеттин ишин жөндөп турчу бийлик барбы деги?! Бар деп айтайын десең, турмуш жокко чыгарып жатат. Көп мисалдан бир мисал: Россиядан келаткан мунайзатты казак тарап кармап жатканына көп болду. Анын айынан жанагинтип маршруттук таксилер бааны кымбаттатабыз деп турганы. Дагы далай нерсе кымбаттап жатат. Мына ошол цистерналарды алып келүү биздин жетекчилердин колунан келбей жатат. Жыл мурун Атамбаев Казакстанга барып, Назарбаев менен кечинде кофе ичип…Астананы кыдырып сырдашып…деп экөөнүн жакындыгын аябай даңазалаганбыз. Эгерде экөөнүн достугу чын дилден болсо, анда казак тарап басып жаткан мунайзатты Атамбаев эмнеге чыгарып албайт?! Бары-жогу билинбеген Жоомарт Оторбаев Астанага жүрүш жасап келди, ал эмнеге аталган маселени чече албайт. Анткени, биздин жетекчилердин казактарга кадыры жок! Алар Аалы Туткучев айтканды айта албайт! Айтып турушса, башкача мамиле болмок…
…Ооба, намаз менен, орозо менен, ажылык менен ниетиңди оңдой албайсың. Адегенде ниетиңди оңдо да, анан калганын каалашыңча жасай бер!

Баратбай Аракеев









??.??