presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргыз гезиттер
Байболовдун башкача кеби акылга сыябы?
Дептутат, Баш прокурор болуп иштеп, "карт бөрү" саясатчылардын бирине айланган Кубатбек Байболов өткөн жумада үйүндө жатып алып, көлөмдүү маекти өзү жазган экен, өтө акылдуу, өтө маанилүү кептерди болушунча камтып. Анысы бир сайтка жарыяланды. Окуп алып таң калдык. Деги Байболов 2010-жылдын 7-апрелинде каякта эле? "Бакиевдер өлтүргөнү жатат, мени кыргыз эли коргоп калмак беле?" - деп АКШга кире качпады беле. Эми болсо: "Биздин билишибизче ошол тополоң күнү аянтта курман болгондордун саны 20 гана киши, калган 60тан ашык адам кайсы жерде, кантип, эмне себептен өлгөндүгү тууралуу маалымат эмне себептен ушул күнгө чейин жабылуу боюнча келе жатат? Ал эми өлгөн, өтө оор жаракат алган милиция кызматкерлерине ким жооп берет? Эмне себептен 25 жылга эркинен ажыратылгандардын баш коргоо чарасы өзгөрүүсүз калып, үй камагында калтырылды? Ден соолугуна байланыштуубу? Анда Келдибековго келгенде, анын ден соолугу эмнеге эске алынбайт?" - деп каңырыгы түтөптүр. 7-апрелде аянтта 20 эле киши өлгөнүн АКШда жатып алып кайдан билди. Калптын да чеги бар эмеспи. 2010-жылдын 7-апрелинде 87, андан бери тийген октон улам ооруп каза болгондорду кошсок, 110дон ашып кетти. Мынча эр-азаматтын баары ошол кандуу 7-апрелде үй-бүлөлүк бийликтин огунан улам каза табышкан. Ал каргашалуу күнү Кубат мырза АКШда ЖМКны тиктеп олтурган чыгар. Кыскасы, Байболов байкебиз байкабай акылга сыйбаган кепти сүйлөптүр. Мунусун тарых кечирер бекен?! Мамлекетке 40 млн. сом чыгым келтирген Келдибековдун ден соолугуна кам көрүп жатканы да кызык.


"Чыр канал" качан "ыр каналга" айланат?
Чырдан башы чыкпаган КТРКда дагы эле баягы көрүнүш. Кубат Оторбаевдин ордунда 1-августтан тартып иштей баштаган Султан Жумагуловдун башчы болушуна нааразы болгондор четтен чыга баштады. "Азаттык" кыргыз журналистикасынын акыркы чындыгыбы, башка киши калбай калганбы", - дешип бири тарабы чурулдаса, экинчи тарабы Султан Жумагуловдун директордун милдетин аткаруучу болуп шайланышынын өзү мыйзамга туура келбей калды деп жатышат. Негизи мыйзам боюнча КТРКнын Байкоочу кеңешинин 8 эмес, 10 добушуна ээ болгондорго гана жашыл жарык күймөк экен да.


Суу куйду
Олку-солку , өңгү-дөңгү билдирүүлөрү менен деңгээли чектелүү экенин эчен ирээт айгинелеген Ташиев, НТС каналынан Ак үйдүн тосмосунан ашып түшкөнү үчүн бийликтен кечирим сурап, кемчилигин мойнуна алган эле. Анан айтканын ай айланбай унутуп, "Азаттыктын" "Ыңгайсыз суроолор" телеберүүсүнөн айтканын танып кетти. Оппозициялык маанайдагы көз карашты карманып жатканын айтып. Кудум, эле Ак үйдү басып алабыз деп айтканын танып чыккандай. Эл көзүнө минтип бакылдап коюп, анан жең ичинен бийликке келин болуп жүгүнүп чуркап жүрөт. Буга Жалал-Абадда КСДП партиясынын аталган облус боюнча куратору болуп жүргөн Жогорку Кеңештин депутаты Токтогул Туманов менен чайлашып, КСДП партиясын колдоорун, келечекте биригүүгө кызыкдарлыгын айтып жалпаңдаптыр. Мындай эки жүздүүлүгүнө күбө болгондор, жакасын кармап жатышат, даана суукуйду тура дешип.


Тажиктердин кезектеги чагымы
Баткендин Ак-Сай айыл аймагындагы кыргыз-тажик чек арасында кайрадан чыр чыкты. Тажикстандыктардын мал-жандыктары кыргыз тарапка өтүп эгиндерди жеп салгандыктан, аларды кыргыз чек арачылар кармап алган, андан соң тажик жарандары кыргызстандыктар айдап бараткан бир жеңил унаанын айнектерин талкалап, Кожалы айылынан Ак-Сайга жана Ворух анклавына барчу жолду бууп салышкан. Окуя болгондон кийин, эки өлкөнүн тиешелүү жетекчилери сүйлөшүп, жол ачылган. Учурда кырдаалды күч кызматкерлери көзөмөлдөөдө.
Эксперттер, жергиликтүү тургундар тажик жарандары Ак-Сай - Тамдык-Кишемиш жолун курдурбоо үчүн атайылап чагым жасап жатышат деген ойлорун айтышууда.


Пара берип, кызматка баргысы келеби?
Маалымат каражаттарында Каржы министринин орун басары Таалай Таткуловду кызматтан алуу аракети көрүлүп, ордуна Салык кызматын жетектеп кеткен Кабыл Абдалиев келээри күтүлүп жатканы туурасында кызуу талкуу пайда болду. Абдалиевдин сүрөөнчүсү Өмүрбек Текебаев экени да айтылууда. "Маалымат kg" сайтынын жазганына ишенсек, Кабыл мырза "Текебаевге 200 миң доллар берип, орун басарлык кызматты сатып алганын айтып мактанып" жүрүптүр. Аталган маалымат булагы кошумчалагандай, бул соодалашууга "Ата Мекен" партиясынын депутаты Абдимукар Маматов ортомчулук кылганы айтылат. Эми бул маалыматтын канчалык чындыгы бардыгын Кабыл Абдалиев өзү ачыктап, ак же көк дээр. Болбосо бул жоругу менен өзүн эле эмес, "Ата Мекендин" "атасын" кошо жаманатты кылып жатканын түшүнүп, коомчулукка айтылган маалыматтын чын-бышыгын тактап бербесе, кыялданып жаткан ордунан куржалак калбастан, "этиң тургай табагыңды таап ал" деген абалга тушугуп калышы ажеп эмес. Демек, эси болсо бир нерсе дээр?


Жер жүзүн согуш каптады
Үчүнчү Дүйнөлүк согуш ана башталат экен, мына башталат экен деп божомол-жоромолдордун айтылып келатканына өтө эле көп жыл болду. Бирок учурдагы жер жүзүнө абай салып көрүп, аты жаман ал согуш эчак эле башталып, бүгүн эң кызуусуна киргендей түрү бар. Дүйнөнүн кайсы жерин караба, бири-бирин кырган согуш жүрүп жатат. Украинада бир тууган орус менен украин эзелки душмандардай кан ичишип жатышса, Жакынкы Чыгышта жөөттөр палестиналык карапайым калктын канын ченебей агызып жатат. Азербайжан менен Армения дагы Тоолуу Карабахты талашып, кечээ жакында жаңы согуш очогун тутантты. Ирактагы согуш 15-жылга бет алды. Сирияда, Африканын бир канча өлкөлөрүндө 100 миңдеген адамдын каны төгүлүүдө.
Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын начальниги, генерал-майор Асанбек Алымкожоев кызыктуу оюн айтыптыр.
- Дүйнөдө болуп жаткан согуштар башка өңүткө өттү, эми мурункудай согушкер аскерлер согушуп жатканы деле билинбейт, көрүнбөйт, анын ордуна элдин белгилүү бир бөлүгүн согушууга түртүп, ошолорду пайдалануу ыкмасы жанданды. Мисалы Украинаны, Сирияны алалы. Бул өлкөлөрдө согушкан тараптар өңчөй карапайым калк. Аскерлер менен аскерлер же болбосо бир өлкө менен экинчи өлкө согушкан согуштун бул түрү акыркы жолу Иран менен Ирак согушкан учурда гана болду. Согушуп жаткандардын тиги тарабы да, бул тарабы да 1941-жылдагыдай болуп окопторду казып, авиацияны, артиллерияны теңме-тең жарыша пайдаланышты. Андан бери карай ошондой мүнөздөгү согуш боло элек. Коалициялык күчтөрдү киргизип анын кесепетинен карапайым калктын көп бөлүгү каза болгон Ирак согушу - бул дагы карапайым калкты согушка мажбурлап аралаштырып жиберген согуштун жаңы түрү. Акыркы кезде бул ыкма жайылып эле баратат. Карап көрсөң, калк арасында жоготуулар көп болууда.


Сезон мыкты уланууда, бирок...
Ысык-Көлдүн башчысы Эмилбек Каптагаев быйылкы туристтик сезон биз күткөндөн да укмуш болду деп айтып оозун жыйгыча, чет элдик эс алуучулардын эсин чыгарган кейиштүү окуялар болуп өттү.
Ак - Суу районундагы Алтын-Арашан жайлоосунда эс алып жүргөн франциялык турист Одри Шастонду жергиликтүү тентектер былчылдата сабап туруп, чөнтөгүндөгү 5 миң сомун, кредиттик карточкасын тартып алышса, андан көп өтпөй, Бостери айылындагы "Алтын кум" пансионатынын аймагында жайгашкан "У лесника" кафесинде Орусиядан үй-бүлөсү менен келип эс алып жаткан 1981-жылкы орус жараны Сергей Галянды 1989-жылы туулган бишкектик Станислав Шаров аттуу кыргыз жараны травматикалык тапанча менен башка атып, оо дүйнөгө узатты.

Базаркуловдун ордуна ким барат?
Кыргызстандагы акыркы негативдүү жаңылыктардан жадай баштаганыбызда айтылуу "Мегаком" уюлдук компаниясы толугу менен мамлекеттин карамагына өткөндүгү тууралуу кабар көпчүлүктүн көңүлүн көтөрдү. Жакын арада аталган компаниянын башчысы Азат Базаркулов иштен алынаары айтылды. Минут сайын акча тууган, берекелүү бул компания эми кимдин тамагын майлаар экен?

Тактоо
Гезитибиздин 15-июлдагы санында "Тойчубековдун кызматкерлери "марихуана" менен кармалып..." деген алакандай маалыматта ката кеткен. Анда айтылгандай баңгизаты менен кармалган кызматкер Тойчубеков жетекчилик кылган КРнын өкмөтүнө караштуу финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматында эмес, Мамбетжановдун кол алдындагы КРнын өкмөтүнө караштуу финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын эргулу экени ачыкталды.










??.??