Коррупция жойлойт да…
Мамлекеттүүлүктүн маңызы кайда?
Президент быйылкы жылды "Мамлекеттүүлүктү чыңдоо жылы" деп жарыялап салган. Ага эч ким деле реакция жасаган жок, эч кандай иш-чара деле өткөрүлгөн жок, өткөрүлөрү алдыдадыр…кандай иш-чара болбосун жыйынтыгы "нөлдү" чапчып жыгылары аныктыр. Анткен менен мамлекеттүүлүгүбүзгө шек келтирген окуялар толуп барат… Мамлекетти чыңдаганды кой, ошол мамлекет мамлекет катары жашап кете алабы деген коркунучтуу суроо туулуп турат.


Азыркы учурду алсаң мамлекеттин бирден бир куралы болуп эсепетелген Конституциябыз жана да анын негизинде чыккан жүздөгөн мыйзамдар иштебей жатканы, иштегени тескери тегеренип жатканы. "Кой, мыйзамды сактайлы" деп чын дилден айткан бирөө жок. Антип айтсак, жылаңач ураан түрүндө, куру кыйкырык түрүндө, жалган атуулдук жолунда… кете берет. Эгерде кээ бир өнүккөн мамлекеттердегидей мыйзамдын диктатурасын орното алганда, анда көрүнүш башкача болмок, ошондо айтсак жарашмак "мамлекеттүүлүгүбүздү чыңдайлы, бекемдейли" деп. Азыр болсо "мамлекеттүүлүгүбүздү сактап калалы, кокуй күн" деп ач-айкырык салышыбыз керек!
Азыр таза иштеген ким бар, кайсы министрлик бар коррупцияга жолобой иштеген. Таппайсың! Ошол эле министрликте иштегендер айтып жатпайбы, "ооба, бизде коррупциялык иштер болуп кетет" деп. Ушинтип ачык айтып туруп иштин ишпалдасын чыгарып жаткан мамлекеттин келечеги барбы? Азыркысы бүдөмүк болуп турса, эмненин келечеги?!

Адам баласы кылымдар басып келаткан жолунда өтөй турган өмүрүн бир ыраатка салып, бир ыргак менен жакшылыкта жашоо үчүн ар түркүн жолдорду издеп келет. Ал жолдо мамлекеттердин түрдүү түрү бар: бири социалисттик багытта болсо, экинчиси капиталисттик, үчүнчү бири монархия, төртүнчүсү федерация болуп оокат өтөйт ж.б. Мына ошол мамлекеттин бирин диктатор башкарса, экичисин эл шайлаган президент, үчүнчүсүн премьер-министр башкарат. Алардын ар биринин укугу менен милдети бар. Эл катары биздин жетекчилердин: президенттин, Жогорку кеңеш төрагасынын, премьер-министрдин да милдеттери менен укуктары Конституциябызда даана жазылып турат, окуп ал, жаттап ал, түшүнүп ал, анан олтуруп алып башкара бер. Анын эч кыйынчылыгы жок, эл катары акылы керек, дале ошол деңгээлде билим керек, адамгерчилигиң болсун. Эки баштуу жетекчи деген болбойт! Негизги баа-тазалыгында!
Биздин жетекчилер тагылган милдеттерин так аткара албай жатат, кай бирде жазылган мыйзамды бузуп койгон учурлары бар. Андай болгондон кийин, кийинки жетекчилер бузук жолду улантып кетет, дагы да төмөндөгү бийликтегилер ого бетер бузат. Ошентип, мамлекеттеги мыйзамдардын чаң-асманы чыгып жатып калат, бозала болуп чаң алдында калган карапайым эл. Бул узун-узун уланчу маселени жайына коюп туралы да бир маселени эскерте кетели-коррупцияга каршы күрөш деген "оюн-зоок" баралында. Бул күрөш эмес экен, элди бирде күлдүрүп, бирде күйдүрүп, алаксытып турчу кампания экен. Мисал десең ушул болду: аябай чоң кылмыш жасады деген Келдибеков бошонуп турат, андан кем эмес кылмышы бар деген Өмүркулов ого бетер оюн салып турат. Экөөнө кылмыш ишин козгогондо "биз деген эч кимди аябайбыз, а турсун депутатты, мэрди" деп жар салып туруп эле жалп этишти! Эми коррупцияга каршы күрөш катуу жүрүп жатат деген кеп "мыскыл жана тамаша" болуп тынат. Аны Келдибек менен Жамбылга өткөзүп бериш керек, профессионалдар эмеспи, элге жаккандай жасайт…

Иса Өмүркуловго кылмыш иш козголуп жатканда: "КСДП партиясына тийбейт дейсиңер, мына Өмүркулов ошол партиядан… эч кимди аябайбыз" деген кыяздагы "адыраңбай билдирүүлөр" байма-бай чыгып турган. Эми эмне болду? Эми иш өлдү!
Жок, жеке мен Иса Өмүркуловго жаман ниетим жок. Ал дагы кыргызым деген токтоо тарткан жигиттердин бири, кийинки бийликтин келишине салымы бар. Бирок, ал эмгеги мыйзамсыз жер бөлгөнгө "мандат" бербеш керек эле…

Менин оюмча, Өмүркуловду бошотуу үчүн Келдибеков бошотулуп жатат. Мунун табышмагы деле жок. Азыр бийлик партиясы аталып турган КСДПда ондогон коррупционерлер бар. Алардын мыйзам алдында жооп бериши жомок сындуу кеп болуп калды… Келдибеков демекчи…азыр түрмөлөрдө жүздөгөн адамдар бутту кой, жүрөгүнөн, өпкө-боорунан катуу ооруп жатат, рак оорусуна чалдыккандар да толтура дешет. Эмне үчүн ошолорду бошотуп, Германияга алып барып дарылабайт? Эмне үчүн?! Туура, ооруса да байлар оорусун… кылмыштан бошонсо да байлар бошонсун! Ошондо биздин мамлекеттин демократиялык маңызы кай жеринде? Бутундабы?..

Баратбай Аракеев




Токон Эшпаев дүйнө салды
Кыргыз Эл артисти, айтылуу обончу Токон Эшпаев 2-августа 64 жашында каза тапты. Анын коштошуу зыйнаты 3-августта Рыспай Абдыкадыров атындагы Ош шаарынын филармониясында болуп, сөөгү кичи мекени Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Керме-Тоо кыштагындагы бейитке коюлду. Адаттагыдай эле Эл артисттин акыркы сапарга узатуу зыйнатына Маданият министри Камила Талиева барган жок. Топурак салууга облус губернатору Жусупжан Жээнбеков барды. Ошентип, кыргыз эли дагы бир таланттуу уулунан ажырады. Деги эле, быйылкы жылы таланттуу инсандарыбыз биринин артынан бир кетип жатат. Кудайым жамандыгынан кеч жана аз айтып, жакшылыгын көп-көп берсе экен. "Фабула" гезитинин жамааты Токон агабыздын үй-бүлөсүнө, жалпы жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.





Күйүткө салган күйүүчү май
Күйүчү май күндөн-күнгө кымбаттап, коомчулукту, өзгөчө айдоочуларды күйүткө салып турат. Мурда күнү 42 сом 20 тыйын болуп турган бензиндин АИ 92 түрү кечээ күнү 43 сом 10 тыйынга көтөрүлүп, кан басымы начар, чөнтөгү жука айдоочуларды азапка салды. Бийлик болсо, бул маселени чече албай чекесин тердетип турат. Казакстандын "Луговой" станциясында апрель айынан бери кармалып турган Кыргызстандын 1000ге жакын (Россиядан бензин ташып келаткан) вагонун кое берүү ишине өткөн жумада "Газпромдун" жетекчиси Игорь Сечин киришкендей болду эле, казак башбаканына кат жөнөтүп. Бирок алигиче натыйжа жок. Же Кудайын тааныбай турган казак туугандар Путиндин эң жакын жан-жөкөрү Сечиндин катына камырабай турушабы? Жалпысынан быйыл күйүүчү май 11 пайызга кымбаттады.