presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргыз гезиттер
Коңгуроо…
Ойгон кыргыз, эртең
кеч болуп калат!
Бишкекте Евгений Chervi Макшаков - граффиттичи, Тараз Пиз, "С.Чуйков атындагы батальон", "Doksa арт" группасы жана Кристина Глазунова аттуу алты сүрөтчү биригип, заманбап искусство демиш болуп, котур таштарын колтуктарына катышып, кыргыз улутунун намысына тийген, келеке, шылдың, мазактаган көргөзмө уюштуруп, коомчулукту дүрбөлөңгө салды.
Тактап айтканда, улуттук сыймыгыбыз болгон ак калпакка коңуздун сүрөтүн тартып, аны карышкырдын башына кийгизип, кыргыз байбичеси менен кызына автомат карматып, кыргыз аксакалын Гитлер катары сыпаттаган, кыргыз кыз-жигитин коомго жат, абийири жок бузуку кылып көргөзгөн сүрөттөрдү тартып мазакташты.
Искусство деген жалган чапанды жамынып, бүтүндөй улутту басмырлап, кандай реакция кылышат болду экен дешип, арам ойлорун тымызын жайылтууну максат кылышкан ою бузуктар, кыргыздын мекенчил жигит-кыздары алардын арам ойлорунун ойронун чыгарабыз деп чыгышканда, көргөзмө уюштурган мекемени жаба салышып, куйруктарын кыпчып, дайын-даректерин билгизбей жок болушту.
Мындай кара өзгөйлүк, жылжытма саясатка нааразы болушкан жаштар, Маданият министри Камила Талиевага бул аталган сүрөтчү сөрөйлөр кайдан чыга калышып, кыргызды келеке кылып, мазактаган көргөзмө уюштуруп жүрүшөт, ага ким уруксаат берди, баарын иликтеп чара көрүү зарылдыгын айтып кайрылышты. Министр айым болсо, баягы эле эт менен челдин ортосундагы жообун берип, эксперттик комиссия түзүп, аталган сүрөттөр чындап кыргыз улутунун ар-намысына, беделине шек жаратабы, жокпу изилдеп чыгат деген болду.
Ээнбаштар болсо кылгылыкты кылып, кыл жип менен бууп коюшуп, коңулда жатышат. Кайда жатышса да сууруп чыгып, жазаларын бериш абзел. Антпесе кыргыз улутунун аң-сезимине эмне кылышаар экен деген (азыркыга окшогон) эксперименттер жасала берет. Ошентип көндүм адатка айлантышып, анан кыргыз улутун жок кылууну максатташкан түпкүрдөгү саясатын ишке ашырууга өтүшөт. Ансыз да туш келди жактан, улуттук баалуулуктарыбызды жок кылууга багытталган чагымчыл аракеттер тынбай жүргүзүлүп жатат. Ошол себептен, кыргызга кылгылыкты кыла берсек боло берет деген арам ойлорун тымызын да, көрүнөө да ишке ашырып жаткандарды ооздуктоого убакыт жетти. Антпесе кыргызды маңкурт кылып сыпаттап, киши катарынан чыгарып каракчы кылып көрсөтүп, ар ким билген талканын чала берип, ашмалтайыбыз чыгып бүткөнү калды. Андыктан улуттун тамырына балта чапкан, келечекке кооптуу коңгуроо болгон тескери жат көрүнүштөргө азыртадан чара көрбөсөк, эртең кеч болуп каларында шек жок.
Болот КУРЧ










??.??