Соцтармактан сонун кеп
Кошуналардын "боордоштугу" жөнүндө Атай Садыбакасовдун кер-какшыгы
Facebook баракчасына Атай Садыбакасов (өткөөл учурдагы президент Роза Отунбаеванын уулу) Кыргызстанга жасалып жаткан кошуна өлкөлөрдүн, анын ичинде Орусиянын салкын мамилелерин "кагазга ороп" сындап жазып чыкты, төмөндө А. Садыбакасовдун Facebook-га жазылган жеке пикири:
Бизде "Урагыс боордоштук ЖККУ 2014" деп аталган асердик машыгуулар башталып жатыптыр.
Капталдагы бир боордошубуз газын бербей кыйыктанып келе жатат
(1. Бул кылганы жеткен арамзалык).
Дагы башка бир боордошубуз газ менен үзгүлтүксүз камсыз кылып туруу алардын түздөн түз милдети болсо да кылы кыйшайып койбой бейкапар жүрөт
(2. Мунусу жоопкерчиликсиздик, конфликт болсун деп атайылап отту кызыткандык)
Коңшулаш эле дагы бир үчүнчү боордошубуз чек арада жарандарыбызды аткылап жатышат.
(3. Бул кадимки эле согуштук көрүнүш).
Төртүнчү боордошубуз бизге ташылып келаткан биздин эле бензинибизди чек арадан өткөрбөй жатышат, анын айынан өлкөбүздө бензиндин баасы дээрлик бир долларга чейин көтөрүлүп кетти.
(4. Бул анык эле экономикалык блокада, айрым бир тармактарыбызга карата коюлган санкциялар)
Анан дагы, "урагыс боордоштук" имиш, иттики десе.

Kalempir.kg кыргызчалаган

Садык Шердин санаасы
Бир карасаң, айтылып, жазылып эле жүрчү кептерден экен. Бирок эмнегедир Садык мырзанын санаага батып жазган бул посту жүрөктү бир булкуп өттү. Окуп көрүңүзчү...
- Бир эжеке жазат Россиядан. Мен да Кыргызстанды сүйөм бирок айла жок бул жакта врач болуп иштеп жүрөм дейт. Тим эле күнөөлүүдөй болуп жазыптыр ал жакта жүргөнүн. Көзүмө жаш айланып кетти. Эчтеке эмес эжеке, иштей туруңуз ал жакта. Баарыбыздын Кыргызстаныбыз оңолот бир кезде. Сиздин тажрыйбаңыз бизге керек болот, эжеке. Кыргызстаныбыз оңолот. Кудай бар...





Селкинчек...
"Биз" тобунан жаңы клип.
Бир кезде атагы катуу чыккан "Биз" тобу акыркы жылдары кайра жанданып, учурунда эл оозуна алынып, популярдуу болгон ырларына клип тарттырууга белсенип жаткан учуру. Тактап айтсак, "Ыза" деген ырга жаңы клип тартууну пландап, сценарий даярдоо менен алектенишүүдө. Мындан сырткары аталган топ чыгармачылыкка кызыккан, таланттуу жаштарга колдоо көрсөтүүнү максат кылышып, жаңы долбоорлорду ачууну ниет кылышууда.


Сагыныч продюсер менен иштешет.
Кыргыз эстрадасына алгачкылардан болуп продюсер деген кесипти алып келген, бир топ жылдан бери бир канча жаш ырчыларды таптап сахнага алып чыккан белгилүү продюсер Канат Култаев Сагыныч деген жаш ырчы жигит менен келишим түзүп иштеше баштады. Канат мырзанын таптаган күлүктөрү алыска чуркачу эле, бул ырчы жигитибиздин аты кандай чыгат, аны учур көрсөтөт. Азыр болсо ырчы менен продюсер кеңешип, Сагынычтын ырдоо стилин тандоо менен алектенип жатышкан учуру.


Бегимай кош бойлуу
Мындан эки жыл мурда казак мырзасына турмушка чыгып, сахнадан алыстап кеткен ырчы Бегимай Эсенгулова азырынча ырдап чыгуу туурасына ойлоно элек. Анткени ал азыр жолдошунун оң колу болуп, болгон аракетин үй-бүлөсүнө, жолдошуна жардам берүүгө жумшап, сахнаны сагынанын деле элес албаганын айтат. Анын үстүнө азыр Бегимай наристе күтүп, эң бактылуу учурду башынан өткөрүп жаткан кези. Кудай буюрса, кыш мезгилинде эне болуу бактысына ээ болуп наристе жыттап, бакытка балкыйт экен.


Максат Бегалиев чамынды.
Көптөн бери сахнадан көрүнбөй калган ырчы Максат Бегалиев эми чыгармачылыкка билек түрө киришкени турат. Ал ушул кезге чейин чыгармачылыгын экинчи планга коюп, беш жыл окуп билим алган дипломунун үзүрүн көрүп, өз кесиби менен иштеп, тажрыйба топтоп жүрүптүр. Учурда ырчы жигитибиз шаңдуу ырларды жаздырып, ушул жылдын күркүрөгөн күз айында бере турган жеке концертине кызуу даярдык көрүп, кызуу иштеп жаткан чагы.


Добр гастролдо.
Жакында эле "Чап" деген патриоттук ырын жаздырып бүткөн рэпер Добр учурда сахналаштары менен бирге көл жергесин кыдырып, жайкы эс алууда көлгө түшүп эс алып жаткан элге жагымдуу маанай тартуулап жүргөн кези. "Көлгө гастролго чыкканыбызга бир топ болуп калды. Концертибиз абдан жакшы өтүп жатат. Эл жакшы келип жатат. Кудай буюрса, дагы бир топко чейин бул жаккта концерт берип жүрөбүз го", - дейт рэпер ырчы.


Аваз Акимов жеке концертин берет.
Жаш эстрада ырчысы Аваз Акимов 7- сентябрда борбор калаада алгачкы тушоо кесүү концертин бергени жатат. Учурда ырчы концертине даярдык көрүп, буту- бутуна тийбей чуркап жүргөн кези. Концерттин түйшүгү оор эмеспи, менеджери Насипа Аваздын оорун колдон, жеңилин жерден алып колдоо көрсөтүүдө.

Жаркынай Кадыркулова