presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргыз гезиттер
Публицисттин үнү
Украина үстүндө айланган кара булут
(Согуш жана тынчтык маселеси)

Кармашка башты байладык, калганын көрө жатарбыз

Наполеон 1

Бул эми өз заманында Наполеон 1 дин айтканы. Балким өз мезгилине төп келер. Ал эми биздин кылымдын турпаты менен кабылдоосуна кайнаса каны кошулбас караманча каршы кеп жана туура эмес позиция. Наполеондун учурунда белгилүү бир мерчемдүү жерлерде армиялар кагылышчу, эки мамлекеттин куралдуу күчтөрүнүн өз ара айыгышкан салгылашуусу жүрчү. Алардын кесепети тынч жаткан элге анчалык тийчү эмес. Ал кездеги армиянын курал- жарактары да массалык кыргын салуучу күчкө ээ эмес болчу. ( Бир кылымда эле дүйнө жүзү жер шарынын бүткөн боюн титиреткендей коркунучтуу куралдардын жыйындысына толуп кетти)

Эки мамлекеттин армиялары өз ара салгылашкан мезгилде өз тирилиги менен алектенген калк азыркы согуштагыдай кыргын тартчу эмес. Эзелтен ушундай болуп келген. Бейгам жаткан эл-журтка зыяны тийбесин деп эки тараптын салгылашуусу көбүнэсе алыскы аймакта, ээн талааларда жүрүүчү. Маселен, Куликов талаасындагы салгылашуу, Александар Македонскийдин армиясынын Чад көлүндө душмандары менен болгон кармашы. Буга окшогон мисалдарды тарыхтан көп эле келтирсе болот. Андан бейгам жаткан эл анчалык запкы чеккен эмес.
Анан дагы илгерки замандагы согуштун бир жакшы салты болгон. Согуш жүрүүчү айдың талаанын ортосуна эки тараптын төшү түктүү эрендери, мыкты баатырлары эрөөлгө чыгышкан. Алардын кимиси жеңилип калса ошол тараптын армиясы шарт боюнча, салт боюнча алдыдагы кан төгүүнү болтурбоо үчүн акырын гана чегинип кетишкен. Азырчы, дүйнө жүзүндө эмне болуп жатат? Өз ара тирешип, армиялары кандуу калаба салып жаткан мамлекеттердин лидерлери байыркы бабаларынын айкөл салтынан өрнөк ала албай, өз баштарын корголотуп, бейгам жаткан элдин кыргын таап, канынын төгүлүшүнө күнөөкөр, ал турсун кылмышкер болуп турушпайбы. (Дүйнө жүзүндө жүрүп жаткан согуштарды көз алдыңыздан өткөрө бериңиз…) Алардын эл аралык сотто жазалангандары да, жоопко тартылбай жүргөндөрү да бар.
…Украинадагы бар балээ каргашанын баары бийлик менен оппозициянын көкүрөгүн өргө чапкан тиреши менен мамлекеттин тагдыры дегенде суу кечпей кала турган өпкөсү казандай болгон арсыз жана көпкөлөң амбициясынан улам башталып кетпедиби. Мамлекетти башкаруу колунан келбей калып,аны ар кандай мүшкүлдүү азап-тозокторго тушуктуруп, кырдаалды оңдоого дарамети жетпей үзөңгүдөн буту тайып бараткан өкүмдарлар эки тизгин бир чылбырды эл ишенген дарамети бар шодокондун бүркүтүндөй жутунуп турган тың чыкмалардын бирине мыйзамдуу түрдө өткөрүп берип койгону оң болмокпу деген ой кетет.
Антип мунасага келе алышкан жок да. Өз ара тирешип олтуруп ортодо өлкөнү согуш отуна чулгап салышты. Мамлекеттин кызыкчылыгы менен бүтүндүгү, элдин бейпил турмушу үчүн "башын канжыгага байлап" тобокелге салып бийлик тараптын да, оппозиция лидерлеринин бири да чегинип кеткиси келген жок. Мамлекеттик маселени минтип чечпейт. Кээде башкы кызыкчылык үчүн компромисске барып, чегине билүү искусствосун да билүү керек. Обу жок тирешип кырдаалды курчута бериштин кажаты жок болчу. Эки тараптын тең лидерлеринин ийкемсиз жана копол экендиги, дүйнөлүк саясат жана мамлекетти башкаруу илиминдеги карамакөрлүгү Украинаны согуш сазына батырды. Тарас Бульба элине чыккынчылык кылган уулу Андрейди өз колу менен бекеринен аткан эмес экен. Келечекке эскертүү болсун дегени го. Атылган октун жаңырыгы азыр да угулуп турат.
Согуш оту алоолонуп турган чыгыш Украинадагы кырдаал эмнени каңкуулап турат? Тирандардын тирешүүсүнөн бейпил жаткан эл кырылып, тынымсыз кан төгүлүп жатат. Шаарлар кыйрап, үй-жайлар өрттөлүүдө. Аман калган эл баш калка издеп согуш жүрүп жаткан аймактан качып чыгууда.Бул кордукту украина эли кечирбейт, кадимки эле геноцид деп айтып жатышканы да бекеринен эмес. Украина Армиясынын фосфор бомбаларын колдонгону дүйнөлүк коомчулуктун кыжырын кайнатууда. Колдонууга тыюу салынган бомба менен өз элине көр казуу эмне деген шермендечилик, эмне деген шумдуктуу кылмыш. Мындай жырткычтык кыргын эл аралык сотто каралыш керек.
…Украинанын үстүнөн 10 миң метр бийиктикте учуп бараткан Малайзиянын "Боинг" үлгүсүндөгү учагы атып түшүрүлдү. 250 жүргүнчү мерт кетти. Бул кылмышка эч кимдин жооп бергиси келбей из жашырып турушат. "Кара эчкиге жан кайгы, касапчыга мал кайгы" дегендей кеп. Бир боор элди кагыштырып , согуш отун тутандырып коюп эми токтотор айласын таппай жатышат. Бирөөлөрдүн табасы канып, пайда түшүрөр жагын ойлоп алаканын ушалап турат. Түбүң түшкүр опосуз дүйнөдө көрпенделердин тоюнбаган сугалак залимдиги да обур ачып турганын карачы.
Украинада өз ара согуштун башталышына, азыркыдай кыргынга жол бербөө үчүн бардык айла, арганы жумшаш керек болчу. Эл башчыларынан текеберлигинен, өпкөсүн кергенден башка алысты көрө албаган карамакөрлүгүнөн кудайга да жакпаган каргаша болуп, согуш оту тутанып кетти. Бул азапты кан жуткан украин элинин геноцид деп атап жатканынын да жөнү бар. Бейпил жаткан элдин турмушуна бүлүк салып, кыргынга учураткан карасанатайлардын жазасын берер да учур келет.
Бир элдин жоо болуп калышынан кудай өзү сактасын. Украина эли ушундай азапка дагы тушукту. Айла жок. Украина төбөлдөрү да, эл аралык тынчтыкты сактоочу уюмдардын ана башылары да бул өрттү кантип басыштын аргасын таппай турушат.
Азыр кармашка башты байлап согуш жаңжалын баштоочу учур эмес, жалпы тил табышып бир мунасага келүүчү мезгилде жашап турабыз. Антпсек, жердеги турмушту төңкөрүп алышыбыз мүмкүн. Анткени, дүйнө жүзүндө жер шарын ала салдырып, кыйсыпырын чыгарып, турмуш өнүмдөрүн жер менен жексен кылып массалык кыргынга учуратып жиберүүчү коркунучтуу куралдардын үрөй учурарлык эбегейсиз арсеналы топтолуп турат. Алардын аракетке келип кетишинен адамзатын кудай өзү эле сактасын. Бул жерде үчүнчү дүйнөлүк согуштун башталып кетиши жөнүндө сөз кылуунун кереги да жок. Эгер андай жаңжал тутанып кете турган болсо апааттан жеңүүчү же жеңилген тарап деген да болбой калышы толук ыктымал. Аман калган сейрек болор. Жаман айтпай жакшы жок. Албетте, ааламаттан кудай өзү эле сактасын. Кудай да ыйманы менен жоопкерчиликти сезип ымалага келип сактана билгендерди сактайт.
Анын үстүнө азыр согуш деген тек гана эки державанын өз ара күч сынашуусу, армиялардын салгылашуусу, өз ара кыргыны менен бүтпөй турган болуп калды. Эки дөө тирешсе " ортодо бейажал чымын кырылат" дегендей азыркы согушта бейпил жаткан эл да кыргынга учурап каларын, кесепети башкаларага да тиерин Украинадагы окуялар, өз ара согушкан башка мамлекеттердин азабы да кашкайта тастыктап турат.
… Согуш отун тутандырып коюп дөөгүрсүп тургандар ушул коркунуч апаатын эске албай турушат. Биз согушту жарыялоочу эмес, согушту токтотуучу, анын алдын алуучу кылымда жашап жатканыбызды эстен чыгарып турабыз. Адамзатынын азабы да, келечегине каран түн түшүрөр шору да ушунда болуп турат. Кудайдын ыкыбалы менен жер жүзүндө турмушту сактап калуучу, тынчтыкты сактоочу күч да адамзатынын өзүнүн колунда.
Демек, адам баласы немец жазуучусу жана философу Фридрих Ницшенин (1844-1900-ж.ж.) жек көрүнчү жексур идеологиясынын жетегинде калбай ага кыйраткыч сокку уруп жалпы адамзатынын кызыкчылыгы менен келечегин көздөгөн прогрессивдүү идеянын астында баш кошуп, тынчтыкта жанаша, өз ара ынтымакта жашоо үчүн демилге аракеттерди күчөтүшү керек. Дүйнө мамлекеттеринин прогрессивдүү күчтөрү муну менен жер жүзүндөгү турмушту, тынчтыкты сактап калуу үчүн умтулуусу менен тилектештиги ырастап жана бекемдей алат.

Меңдибек Асылбеков










??.??