presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргыз гезиттер
Берген эмес, алган март...
Хабибула Арзыкулов,
"Элим" барсыңбы?" коомдук фондунун жетекчиси:
"Саясатчылар жардам сурап кайрылгандарга жардам
бербей, кайра бизге жөнөтөт"

- Алгач фонддун түптөлүшү боюнча айтып берсеңиз?
- Мен өзүм "Себатта" окуп, андан кийин Улуттук университеттин юридика факультетин бүтүргөм. Мындан 10 жыл мурун түзүлгөн "Жаш ишкерлер" ассоциациясында 5 жылга жакын эмгектендим. "Элим барсыңбы?" кайрымдуулук коомдук фонду ушул ассоциациясынын алдында 2008-жылы ачылганы менен анчалык активдүү иштебей келген. Кудай буюрса, акыркы бир жылдан бери колдон келишинче иштеп, бир топ долбоорлорду жаш ишкерлердин, башка дагы демөөрчүлөрдүн жана жалпы эле элдин жардамы менен ишке ашырып келатабыз. Биздин фонд жетимдерге, жакырларга, оорулууларга, майыптарга, кароосуз калган карыларга жакындан жардам берип келатат.
Социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматы боюнча республикабызда жакырчылык 40 пайызга чейин экен. Ал эми күнүгө 70 сом таап, өз курсагын тойгуза албаган адамдар жалпы калктын 5 пайызын же мындайча айтканда 300 миңди түзөт экен. Албетте, бул өтө көп. Лев Толстой көчөсүндөгү эмгек биржасында жумуш издеп күн бою турган адам журналисттин майрам күндө узаткан суроосуна: "Мен үчүн бир күндө 300 сом таап, үй-бүлөмдүн курсагын тойгузуу чоң майрам", - деп жооп бергени зээнди кейитпей койбойт. Ошондуктан, андай оор турмушта жашаган мекендештерибизге жардам беришибиз зарыл.
- Акыркы бир жылда фонддун жасаган иштерин толугураак айтып кетсеңиз?
- Азыр фонддо 6 адам эмгектенип жатат. Эң биринчиден биз элден, жалпы эле кайрымдуу адамдардан акча чогултуу ыкмасын бир кыйла жеңилдеткенибизди айта кетейин. Мисалы, "Билайн", "Мегаком" уюлдук компаниясы аркылуу да каалоочулар өз жардамын бере алышат. Ким "Билайн" аркылуу жардам бергиси келсе, анда 20 15 аттуу кыска номуруна билдирүү жөнөтсө, биздин фондго 25 сом келип түшөт. Ал эми "Мегаком" учурда бир аз көйгөй болуп, иштебей турат. Буюрса, жакынкы күндөрү ал дагы иштеп баштайт. 2010-жылдан бери каргашалуу Ош окуясы боюнча фонд башка бейөкмөт уюмдар менен биргеликте элден 15 млн. сом гуманитардык жардам топтоп, жардамга муктаждарга жардам көрсөттү. Ошондой эле өлкөбүздүн бардык аймактарында иш алып баруу үчүн: Ош, Каракол, Талас, Жалал-Абад, Кызыл-Кыя шаарларында фондубуздун өкүлчүлүктөрүн ачтык. Чүй өрөөнүндө 15 майып балдар үйү бар. Алардын баарына элден 600 миң сомго чейин топтолду. Бирок ал акчаны балдар үйүнүн жетекчилерине нак бербестен, кайсы балдар үйү кандай буюмга муктаж болсо, ошол буюмдарды алып барып берип жаттык. Чүй өрөөнүндөгү эки карылар үйүнө ар бирине миң доллардан жардам көрсөттүк.
- Орозо айында да кайрымдуулук эки эсе күчөсө керек...
- Туура. Ыйык Орозодо, биздин фонд жалпысынан 50 миң адамдын оозун ачырып, 100 миң адамга 5 кг. эт тараттык. Албетте, мындай чоң жардам фонддун бюджетинен болгон жок. Каалоочу ишкерлер өздөрүнүн ушундай жардамдарын биздин фонд аркылуу ишке ашырышты. Себеби, биздин фонддун элден топтолгон бюджети 100 миң доллардын тегерегин түзөт. Бир сөз менен айтканда биз уюштуруучу катарында болдук. Ачык айтканда, элибиз акыркы жылы берешендикке умтулуп баратат.
- Фонд өз ишмердүүлүгүн эркин эле жүргүзүп жатабы? Же кандайдыр бир тоскоолдуктар барбы?
- Кудайга шүгүр, эч кандай тоскоолдук жок. Биздин фонд кайрымдуулук фонду болгондон кийин, мыйзамга ылайык бардык салыктардан бошотулган. Болгону айлык-маяналарбыздан киреше салыгын гана төлөйбүз.
- Азыр каалайбызбы-каалабайбызбы, заманга жараша кайсы жерде, кайсыл кызматта болбосун жеке кызыкчылыктар биринчи орунга чыгып кеткени белгилүү. Силердин фонддо бул жагы кандай жолго коюлган? Тазалык, коррупциядан алыс болуу...
- Муну бардык жерде эле айта бербейбиз, бирок суроо берилгенден кийин ачык айтып кетейин. Биздин кызматкерлердин баары Кудайдан корккон ыйман жолундагы адамдар. Мен өзүм да жаш кезимден бери, динден жакшы эле маалыматым бар. Анын үстүнө, элден чыныгы жардамга муктаж болуп жаткан жетимдерге, карыларга, майыптарга чогулган акчаны жеп алуу - бул өтө жооптуу нерсе. Мындайча айтканда, күнөөсү абдан чоң. "Жаш ишкерлер" ассоциациясына 500гө жакын адам мүчө болушкан. Алардын көбү билимдүү, интеллигенттүү адамдар. Бизди дайым текшерип, көзөмөлгө алып турушат. Биздин максат - элибиздин акчасын эл ичиндеги жардамга муктаж болгон мекендештерибизге толугу менен жеткирүү. Бул абдан биз үчүн чоң аманат! Андан башка максатыбыз жок. Мисалы, эл аралык донорлордон же башка бир мамлекеттерден жардам алуу ниетибиз да жок.
- Элге аты чыккан саясатчылар, чоң бизнесмендер жардам көрсөтүп турушабы?
- Негизи биздин фонд саясаттан 100 пайыз алыс. Ал эми сиз айткан саясатчы, бизнесмендер биздин фондго кайрылып өз жардамдарын көрсөтүшкөн жок. Тескерисинче, жардам сурап кайрылган адамдарга жардам бербестен, биздин фондго жөнөтүп турушат. Алардын аттарын айтпай эле коёюн. Саясатчыларга караганда журналисттер жакындан колдоо көрсөтүп, биздин иштерди чагылдырып берип жатышат. ЭЛТРден "Үзүлбөгөн үмүттөр" деген телекөрсөтүү менен чыгып жатабыз. Жарнак агенттиктери да бизге абдан жакшы жардам берип турушат. Ал эми элибизге белгилүү болгон: Жеңишбек Жумакадыр, Аалы Туткучев, Гүлнур Сатылганова, Омар, Арсендер да чоң жардам берип келишет. Кайрымдуулук концерттерибизге дайым катышып, ошондой эле Аалы, Жеңишбек, Омарлар өздөрү той-топурда ырдап тапкан акчаларынын тең жарымын биздин фондго берип, туруктуу колдоочу болуп келишет. Кээ бир ырчыларды концерттерге чакырсак, ар кандай шылтоолорду айтышып, качып жүрө беришет.
- Жакынкы күндөрү жана келечекте ишке ашыра турган акцияларды, долбоорлорду коомчулукка ачыктасак...
- Буюрса, жакын арада 80 баланы Көлдө пансионаты бар бир байкебиз, бир жума бекер эс алдырууга чакырып жатат. Жол киресин гана өзүбүз табышыбыз керек. Эгер ушул акцияга жардам берем дегендер болсо, биздин эшик дайым ачык. Каражат жетиштүү чогулуп калса, 80 эмес андан да көп балдарды эс алдырып келсек сонун болмок. Кыргызстан боюнча 130 миң бала жетим деп эсептелет экен. Албетте, анын баарын эс алдырууга каражатыбыз жок, бирок мүмкүнчүлүктүн жетишинче баарына кам көрүүгө аракеттерибизди көрө беребиз. Тилекке каршы, акыркы учурда ата-энелүү жетимдер да көбөйүп жатат. Себеп дегенде, алардын ата-энелери жылдар боюнча сыртта мигрант болуп жүрүшөт. Өзгөчө түштүк жергесинде бул көрүнүш абдан күч. Андыктан биздин бөбөктөр ата-эне мээримине толук канбай калып жатышат. Ал эми балдар үйүнөн чыккан балдардын 60-70 пайызы турмушта өз жолдорун таба алышпай, уурулукка, криминалдык топторго, кыздарыбыз сойкулук сыяктуу жаман иштерге кирептер болушаары статистикалык маалыматтарда айтылат. Ошон үчүн бул маселе боюнча биздин фонддун келечекте, так айтканда жакынкы 2-3 жылдын ичинде ишке ашыра турган жакшы бир долбоору бар. Буюрса, демөөрчүлөрүбүз Бишкекке жетим балдарга атайы кесип үйрөтө турган мектеп-үй салып беребиз деп турушат. Жер маселеси чечилген. Болжол менен 300-400 орундуу болот. Биз аларды ошол мектеп-үйдө окутуп, орто бир кесипке ээ кылып, анын үйлөнгөнгө чейин өз көзөмөлүбүзгө алуу максатыбыз бар. Ошондой эле ар бир аймактардагы мектептерге жаш ишкерлерибизге кайрымдуулук боюнча семинарларды өткөрүп турабыз. Андан сырткары, ошол семинар өткөргөн мектепке 8-11-класстын окуучулары үчүн атайы акча сала турган кутучуларды коюп коёбуз. 300-400 бала окуган мектептен бир жумада 30 миң сомго чейин чогулуп калат. Мугалимдер: "Семинарлардан кийин тентектер тарбияланып калышты", - деп бизге рахматтарын айтып жатышат.
Дагы бир маселени айтайын, жакында кайрымдуулук концертин өткөрүп, Ош окуясында омурткасына ок жеген Жусупбеков Акбаралиге 700 миң сомдой топтоп бердик. ӨКМ дагы 700 миң сом бериптир. Ушундай оорукчандар элден, демөөрчүлөрдөн 40-50 миң доллар топтоп, башка мамлекеттерге барып, ошол акчага операция жасатып, ошол мамлекетти байытып жатышат. Ушул ишти мамлекет өз колуна алып, оорукчандарыбызды кыйнабай бул жактан эле дасыккан дарыгерлерибизге операция жасатса, алардын колунан келбесе, башка мамлекеттердин дарыгерлерин алып келип, бул жакта операция жасатып беришсе, бир топ арзан болмок да.

Суроо салган
Айбек Шамшыкеев










??.??