presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргыз гезиттер
"Түндүкэлектрдин" Ак-Суудагы курорту антисанитариянын чордону.
Каптагаев кай жакты карап отурат?
Редакциядан: Бул чакан макала гезитибиздин 18-июлдагы санында жарыкка чыккан. Макаладагы ачуу чындыкты жашыргысы келгендер ошол күнкү гезитибиз Ысык-Көлгө жетээр замат таң эрте күркөлөрдөн бирин калтырбай белгисиз бирөөлөр сатып алыптыр. Айрым окурмандарыбыздын суранычы менен кайрадан басууну эп көрдүк.

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда минералдык жылуу суу чыккан курорттор бар. Ал сууга оору-сыркоолор келип, абалын кыйла жеңилдетип кетишет. Туристтердин, карапайым элдин да сүймөнчүктүү жайы.
Ак-Сууда балдар дарылануучу санаторий өзүнчө, чоң кишилер түшкөнү өзүнчө болуп бир канча имараттар бар. Ошолордун бири мурда "Түндүкэлектр" ишканасына, демек, өкмөткө тиешелүү курортун мурда Караколдогу "Чыгышэлектр", учурда "Түндүкэлектрдин" өзүндө иштеген Рыскул Камалов деген киши менчиктештирип алыптыр. Эмне үчүн, эмненин негизинде? Жерден чыккан суу элге, мамлекетке тиешелүү болушу керек эмеспи?
Анан дагы "Өмүр булагы" деп аталган бул жайда ден соолугуңду чыңдабай эле кайра ар кайсы ооруну жуктуруп алчудай эле абалда экен. Киши башына акча төлөтүп киргизген соң, менчикке өткөрүп алгандан кийин, ошого жараша эл үчүн шарт түзүп беришсе да мейли дейт элек. А бирок ар бир чыккан кишинин артынан ваннасын жууп тазаламак турсун, кайсы кабинкасы бош экенин билбеген, акча жыйнагандан башка ордунан козголуп бир туруп койбогон, нашаа тартып алгансып үлдүрөп уйкусурап отурган кыз бул дооматтарга көзүн сүзгөндөн башка жооп кайтарууга жарабады.
Аталган курорттун ичи антисанитария, келген кардарлар кезекке турушуп, дароо түшүп чыккан башка адамдардын артынан кирип, анын кычы-пычысын өздөрү жууп, анан түшүүгө мажбур. Ванналары баягы совет мезгилинен бери кандай турса, ошол бойдон дат басып турат. Жалгыз бир уборщица бир күн бою жуулбаган сүлгү менен полун сүртүп коет экен.
Кыргыздар качан бири-бирибизге мал сыяктуу мамиле жасоону токтотпосок, эч качан жакырчылыктан арылып, өнүгүп кете албайбыз! Санитардык-эпидемиологиялык комиссия квартал сайын бир жолу эмес, күтүүсүздөн келип ошол жакты текшерсе болбойбу? Же бул курорттун ээсинин аялы, Каракол шаардык кеңешинде отурган депутат баары менен жакшы мамиледе болуп, алардын көңүлүн сатып алууга жетишкенби?
Ысык-Көлдүн башчысы катары Эмилбек Каптагаев бул маселеге көңүл бурбаса болбойт. Антпесе, суурдун айынан чумага кабыла жаздаган Ак-Суунун эли антисанитариянын чордону болгон Ак-Суу жылуу суусундагы "Өмүр булагынан" андан да жаман ооруларга кабылбаса болду...

Жазгүл Эгембердиева




Таш тагдыры-табышмак
Нефритти кайда "качырдык"?

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Полян айылынан 18 чакырым өйдө Чоң-Кызыл-Суу айылынын түштүк жагында өткөн жылдын жаз айларында салмагы 162 тонна болчудай нефрит ташы табылган. Алгач бул кабарды укканда, аны сатып байып, облусубуздун жолун оңдоп алсак деп кыялга батып, ушу коктудагы майда нефриттерди кытай жарандары алып кетет го дегендей кызганып да турбадык беле? Анан эмне болду? Таш туруп эле бууланып кеткендей жок болду.
Нефрит өзү жарым-жартылай асыл таш деп саналат экен. Составында кальций, магний, темир силикаты бар. Бышыктыгы жагынан болотко тете. Андыктан, аны алмаз менен гана кесүүгө болот. Коло доорунда эле нефриттин бышыктыгын билген адамдар аны аң уулоо куралдарын даярдоодо колдонуп келишкен. Ал Кытай элинде бийликтин, өлбөстүктүн символу катары кабыл алынып, алтын-күмүштөн жогору бааланат экен. Байыркы кытай философтору нефриттин касиетин мыкты сапаттар менен, бекемдигин-акыйкаттуулукка, жаркырагын-айкөлдүккө, тазалыгын-акылмандуулукка салыштырышкан. Байыртан бул таш касиеттүү деп таанылып, адамдар аны денесине тагып, майдаланган түрдө дары катары ичишкен, жараттарга таңышкан.
Өңү жагынан ал ак түстөн жашыл түстүн бардык түрлөрүнө, андан кара өңгө чейин. Кызыл жана көгүш түстөгү нефриттер өтө сейрек кездешет жана кымбат баада. Ал жарык өткөргүчтүгү жана түсүнө жараша бааланат экен. Жашыл түс канчалык кочкул болсо, таш ошончо баалуу. Өзгөчө агын суулардын, дайралардын ичинде жаткан нефрит узак убакыт табийгый түрдө тазалангандыктан, баалуу деп эсептелет. Дайынсыз жок болгон, биз кызыккан нефрит да суу тереңине чөгүп турган, өңү кочкул жашыл болчу дейт көргөндөр. Бул таштын чөгүп кеткенине күмөн санап турганыбызда, "Аны эч кимге көрсөтпөй алып кетүү мүмкүн эмес эле, нефритти козгогондо айланасында өскөн бак-дарактын баары кыймылдаган. Көлөмү жагынан өтө чоң болчу", - деп айтышты жергиликтүү эл.
Бир кезде борбордон бери аткаминерлер келишип, дуу түшкөн нефрит менен азыр эч кимдин иши жок. Өткөн жылдын октябрь, ноябрь айларында борбордон атайы адистер келип, бул бүтүндөй нефрит эмес, составында нефрит бар деп болжолдуу айтышкан экен. Алар чет өлкөдөн адистерди чакырмак да болушкан. Бул маселеге мурдараак кызыгып, Жети-Өгүз районунун мурдагы акими Дамир Моңолдоровго жолугуп, бул жөнүндө сураганыбызда, ал: "Бизге Россиядан атайы адистерден кат келген, акысын төлөп берсеңер келип изилдеп беребиз деген экен. Бирок, райондук администрациянын алар сураган каражатты төлөп берүүгө мүмкүнчүлүгү жок", - деп айткан эле. Ошол эле арада ар кандай маалымат булактарынан нефрит сатылып ташылып бараткан жеринен кармалды деген маалыматты да угуп калып жүрөбүз.
Ал эми Полян айыл өкмөтүнүн башчысы Жылкычы Мамыткановдон былтыр сураганыбызда ал: "Ташты көтөртүп жээкке чыгаруу максатында аны белгисиз техникалар казып, суудан алып чыгуу аракетин көрүп жатканда жергиликтүү эл бербейбиз деп токтотуп калган. Айланасы казылып калды эле. Ошондонбу, күзүндө таш сууга чөгүп кетти. Бул суунун жогору жагында майда таштар көп экен. Айылдагылар сурап келгендерге сатып жатышат, ал тургай бири-биринен сатып алгандар, андан шакек жасап узангандар да бар", - деген эле. Бүгүн Полян айыл өкмөтүнүн башчысы Жылкычы Мамыткановдон сураганыбызда, "Кечөө ошол таш турган жерге барып келдик. Тегерегин каздырдык, таш жок. Бирөөлөр алып кете албайт эле, таш чөгүп кетти", - деп азыр майда нефриттерди сатуу иши токтогонун билдирди.
Ал жерди мен да көрдүм. Жети-Өгүз айылынын жайыт комитети менен бирге баргам. Нефрит ташы турган жерге белги кылып жыгач сайылып турат. Ошол "сырдуу" жыгач эле болбосо, бул жерде майда таштын астында нефрит жатканы деле билинбейт. Жээгинде турган бир ташты көрсөтүштү, составында нефрит бар экен деп. Бир кызык жери, ал жер азыр мазар болуп калыптыр. Кадимкидей табличкага "Умай эненин" мазары деп жазылып турат. Ар кай жерге агала кылып чүпүрөктөрдү да илип коюптур, шумдугуң кур. Бирок, бир карап "Балким, бул да туурадыр. Эгер бул жерге нефрит чөгүп кеткени чын болсо, жалпы элдин байлыгы катары ошол ордунда тура берер" деп ойлодум.
Асыл таш бекеринен качпайт деп айтылат эмеспи. Биздин урпактар акыл-эстүү чыкса, аны казып алып сатып жибербей, кыргыздын баалуу мурасы катары кайсы бир формада сактап калышаар, албетте, эгер ал бар болсо. Себеби, кыргыз эч убакта байлыкты дөөлөттөн өйдө койгон эмес да.
Бул таштын кытайда өтө бааланышы окумуштуулар үчүн да табышмак боюнча калууда. Себеби, байыртан эле алар аны Тажикстандан бери ташып келишкени кызык. Ал эми биздин нефриттин дайыны чыкпай калганы андан бетер кызык ...

Жумагүл БАРКТАБАСОВА








??.??