Кыргыз гезиттер

п»ї
Азимбек Бекназаров:
- Аскар Акаевге 2005-жылы 5-6 кылмыш иши козголгон. Бирок кол тийбестик макамы болуп, жоопко тартылган эмес. 2010-жылы кол тийбестиги алынып салынганы менен Башкы прокуратуранын имараты өрттөнүп, бүт документтин баары күйүп жок болгон. Акаев келген күндө деле аны кармап, суракка ала албайбыз, анткени ал издөөгө алынган эмес. Бишкекке келгенден ал коркпой деле койсо болот.


Феликс Кулов:
- Биз салтты сыйлашыбыз керек. Агасын акыркы сапарга узатканга мүмкүнчүлүк беришибиз керек. Акаевди камап, суракка алыш керек дегендер жөн гана популисттенип атышат. Башкы прокуратура Акаевди суракка алгысы келсе, Минск конвенциясына ылайык анын келишин күтпөй деле сурагын жүргүзө алмак. Бирок алар антишкен эмес.


Өмүрбек
Текебаев:
- Агасынын тажиясына келүү анын ыйык милдети. Ал келиши керек. Анын үстүнө азыркы бийликтин ага эч кандай дооматы жок. Акаевге коюлган баардык айыптардын мөөнөтү эскирген. Кыргызстанга келгенде Акаев эч кандай тобокелчиликке барбайт.











??.??