Бексултан Жакиев,
Кыргыз Республикасынын Баатыры, эл жазуучусу, профессор:
"Мамлекеттүүлүктү
бекемдөө кимдин милдети?"

- Бексултан агай, "мамлекет" жана "мамлекет­түүлүк" деген түшү­нүк­төрдүн бири биринен айрымасы бар да? Же мамлекет болгон жерде мамлекеттүүлүк өзүнөн өзү эле бекемделе берчү немеби?
- "Мамлекет" аталып, бирок "мамлекеттүүлүгү" борпоң, жүүнү бош, чалажан, илең-салаң өлкө сөрөйлөр деле болот. "Кыргыз Республикасы", "Кыргызстан" аталган мамлекетибиз борпоң абалда очорулуп ордунан тура албай калбасын деген илгери үмүттө Президент Алмазбек Атамбаев мамлекеттүүлүгүбүздү бекемдөөнү жарыялады да. Бул демилге улуттук ар-намысыбызды чыйралтып, ниетибизди мекендин кызыкчылыгына оодарат деген ишенимде элек. Патриоттук дымакты ойготчу демилге бул. Ага кыргыз жарандары жапа-тырмак бурула алдыкпы?.. Мамлекеттүүлүктү бекемдөө бийликтегилердин да, карапайым калктын да ыйык милдети. Бирок бул милдетти аткарууда үлгүлүү иштерди иштеп, таза жүрүм-туруму менен көч башында болуш бийликтегилердин мойнундагы парз! Бийлиги кичинеби, чоңбу - бирдей жооптуу алар.
- Жооптуу экенин аткаминер саясатчыларыбыз сезет болду бекен?
- Сезгендер бар, албетте. Сезбегендер, же сезгиси келбегендер да толтура бизде. Бийликте жүрсө, тазасынып такылдап, элдин камын ойломуш болуп, үзөнгүдөн буту тайса, теңирден тетири оттогон төбөңдөн ургурлар иттин кара капталынан көп тура бизде. Дээри таза адам антпейт. Алардын кыргыз экенинде шегим бар. Мансап менен көроокат "байлыгын" кастарлаган андай эргулдар мамлекетиңди да, мамлекеттүүлүгүңдү да уруп койбойт. Алардан арылмайын көчтү түздөш кыйын.
- Бирок ошолор эле бийликтин бучкагын чоюшуп жүрбөйбү, алыстап кеткендери байкалбайт го...
- "Карга карганын көзүн чукубайт" деген ит адатыбыздын кесепети ал. Алгачкы эки президенттин доорунан келаткан илдет. Мамлекеттүүлүктүн шайманын кетирбей күндөн-күнгө чыңап туруш үчүн жашообуздун кайсы гана тармагын албайлы, кимибиз болсок да: үй тиричиликтен тарта коомдук чарбага чейинки дыйканбы-министрби, студентпи-профессорбу, байбы-кедейби дегендей, айтор, ким эмне иште, кайда жүрбөсүн эл-жердин, Ата Мекендин мүдөөсүн көздүн карегиндей кастарлаган ниетте өзүбүздү-өзүбүз тарбиялай алсак, мамлекеттүүлүгүбүздүн бекемдигинен шек санабас элек. Ооз жүзүндө муну баарбыз эле түшүнүп тургансыйбыз. Чын-чынына келгенде, андай болбой жатпайбы. Өз көмөчүнө күл тарткан аткаминерлер эгемендүүлүктүн жылдарында ээ-жаа бербей эбегейсиз көбөйүп, эсибизди эңги-деңги кылып салбадыбы. Андайлардан арылуу өтө эле оор экен. Анткени, алар бири бирин катуу колдойт, калкалайт. Коррупциянын акырынан чогулуп жем жеген "эрендер" да! Алардын жыргалы, байлыгы-мамлекеттүүлүктүн бошоңдугунда.
- Канткенде мамлекеттүүлүк чыңалат?
- Өзүнөн өзү чыңалбайт ал. Анын баркы, бекемдиги, же боштугу тартиптен. А тартип дегенибиз - мыйзамдуулук, мыйзам боюнча жашоо! Демек, тартип мыйзамга түздөн-түз көз каранды "байкуш". Бизде бүгүн тартип жокко эсе, баш-аламан, ээн-баштык көп, ошондон улам аны "байкуш" дешке аргасызмын.
- Бул айтканыңызды кандай түшүнсөк болот? Тартипти жөнгө салар мыйзам жок дегениңизби?
- Кеп мыйзамда эмес. Мыйзамга шылтоолоп коюп, өзүбүз четке чыга бергенге машыкканбыз! Болгон мыйзамдарды, жакшысын кошо, аткарбай жатканыбызда кеп. А түгүл, атайылап эле туш-келди бузуп жатканыбызда! Кыскасы, мыйзамдын, мыйзамдуулуктун бузулушуна байма-бай жол берилгендиктен бизде мыйзам жоктой сезилип, тартибибиз байкуш абалда болуп калган.
- Майзамдуулуктун байма-бай бузулушуна эмне себеп? Же мыйзамдарыбызда чала жазылган чийки жерлери, жылчык-тешиктери көппү?
- Андай деп айтпас элем. Жакшы мыйзамдарыбыз көп. Кеп башкада. Мыйзам сыйлып, мыйзам менен жашаган өлкөлөрдө калпыс, чийки жазылып калган мыйзам болсо, аны ар ким эле оң-тетири буза бербейт, аны оңдоонун мыйзамдуу жолу табылганча, калпыстыгына карабай ошого баш ийе турат. Баш ийбей бузса, жоопко тартылат. Мыйзам сыйлоо маданиятынын, тартиптүүлүктүн белгиси бул. Биз андайга жете элекпиз. Жөпжөнөкөй мисал айтайын. Бир депутатыбыз: "Мамлекеттик гимндин түкүнчө сабы мага жакпайт, ошондуктан гимн ырдалып жатканда, ордуман турбайм" деп кыйынсынганы эсибизге. Мыйзам сыйлаган өлкөдө буга окшогон "өзүм билемдик" болбойт. Жогорку Кеңештин этика боюнча комитетинде ага эскертүү берилишип керек эле, андай деле болгон жок окшойт. Кыргыз Республикасынын гимни, герби, туусу оюнчук эмес, аларды Жогорку Кеңеш жактырган. Гимн, герб, туу - мамлекеттүүлүктүн символдору. Аларга катарлаш урматтоого өлкө башчысы да ээ. Демек, аларды сынга алган учурда, орундуу сөз таап сындабай, дайны жок аңыраңдасак, адепсиздигибиздин ашынганы, саясий сабатсыздыгыбыз! Ата-энени көзгө илбей дардаңдаганга, сыйлабаганга тете. Ал эми ата-энени барктабаган үй-бүлөдө эзели ынтымак болбойт, итче ыркырашканы ыркырашкан. Бир бечера кембагал мыйзам бузса, "мен деле бузайын" деп, эч ким аны ээрчибейт. Ал эми колунда бар аткаминер бузса, "ушинтсе боло берет турбайбы" деп, анын изине түшчүлөр четтен чыгат. Балык башынан ушундай учурда сасыйт. Өңгө аткаминерлерди мисалга тартпай коё туруп, депутаттарга көңүл бурганыбыз жөндүү болуп тургансыйт. Себеби, депутаттар мыйзам чыгарат, мыйзамдуулукту буздурбай коргоп турчулар да ошолор. Бирок, тилекке каршы, жердешчилдиги да, жаатчылдыгы да ашынган айрым депутаттардын мыйзамга сыйбаган кылыктары күчөгөндөн күчөп баратат, тыйылар түрлөрү байкалбайт. А түгүл, коррупциянын чырагына май тамызган жосундар да Жогорку Кеңеште болгонун далай көрдүк. Айтканым жалаага окшоп калбасын, бирди-жарым жоруктарды эске салайын. Маселен, "мөөнөт өтүп кеткендигине байланыштуу" ("срок давности") деген балээ статьяны алып салууну сунуштаган мыйзамдын долбоорун депутаттар көпчүлүк добуш менен өткөзбөй койгондо, элдин нааразылыгы чечимди оңуна оодарышка мажбурлабадыбы! Дагы бир мисал. Тигил же бул кылыгы үчүн тергөөгө алынчу депутаттарды тергөө аяктаганча "кол тийбестигинен" ажырата туруу жөнүндөгү прокуротуранын өтүнүчтөрүнүн бирин да Жогорку Кеңеш канааттандырбай четке качып келаткандарын эмне дешке, эмнеге теңешке болот? Мыйзам чыгарып, мыйзамдуулуктун сакталышына көзөмөл болчу депутаттардын кылыгы ушу болсо, өлкөдө кантип тартип орносун, коррупцияга каршы күрөш кантип ийгиликке жетсин?! Тергөө иштерине кийлигише берип, Жогорку Кеңеш баркын кетирди. Депутаттар мындай теңирден тетири кийлигишүүдөн баш тартып койсо, дини бузулмак эмес. Эгер бул кадамга депутаттар бара албаса, Конституциялык палата тыйып койсо, туура болор эле деген ойдомун.
- Тартипсиздик, коррупция жөнүндө сөз болгондо, Акматбек Келдибековду буйтап кетүү мүмкүн болбой калды окшойт. Ага байланыштуу жаңжал, жол тосуу көпкө созулду. Толгон жүктүү машиналар ары-бери өтө албай жүк ээлери, шопурлар, сапардагылар көрбөгөн көргүлүктү көрүп, азап тартты. Миллиондогон чыгымды айтпай эле коёюн! Бирок андагы азап-тозок, мыйзам бузуулар жол тоскондорду, аларды көкүткөн саясатчыларды аз да болсо ойго салды бекен?
- Келдибековдун күнөөсү барбы, жокпу? Болсо, канча? Аны Президент да, спикер да, Жогорку Кеңеш, Өкмөт башчы да чечпейт. Антишке алардын акысы жок. Аны сот гана аныкпайт. Ал эми жол тосуу сыяктуу чектен чыккан ээнбаштык аркылуу акты- кара, караны- ак дедирген мыйзамсыз талаптарды ишке ашырганга көнсөк, анда каяктагы мамлекеттүүлүк, а турсун, мамлекетибиздин да дайынын таппай түбүнө жетебиз! Жол тосуулар, имараттарды басып алуулар - оор кылмыш. Келдибековго "жан тарткан" бирди-жарым саясатчылар, жердешчил депутаттар ооз учунан: "жол тоскон туура эмес" демиш болуп коюп, ага улай: "аргалары түгөнгөндөн жол тосууга барышты да" дегендери "жолду тосо бергиле, туура кыласыңар" дегендей эле тартип бузууга көкүткөндүк, мыйзам бузууга шыктандыргандык да! Антип эки ача сүйлөбөй "соттун өкүмүнө көнөлү, ошондо мыйзам менен жашаган эл болобуз" деш керек эле да. Антмек түгүл: "Алай эли баатыр эл (алгачкы айтканы), Алай эли өзгөчө эл (кийин жумшартып айткандагы кербези), ар биринде мылтык бар" деп, алайлыктар менен башка кыргыздарды коркутуп, алайлык кыргыздарды башкалардан өөдөсүнтүп, кыргыз элин бөлүп-жарган депутатты көрдүк. Көрүп, кайдыгер калганыбыз жок, чыдадык, токтоолук кылдык. Мындай былгытма, чагымчыл кептерди укмаксанга, байкамаксанга салып жүрө берсек, улутубуздун ынтымагына доо кетирип, мамлекеттүүлүгүбүздүн куюшканын оңолгус кылып бошотуп салабыз. Дагы бир "кызык": "Генпрокурор Салянованын бирөөгө күнөө коюшка кандай акысы бар? Күнөөнү сот гана коё алат. Салянованы иштен айдап, жазалаш керек!" дегендей дооматтын логикасы кайда? Күнөө прокуратура, тергөө органдары тарабынан коюлат. Анан анын анык, же анык эмесин сот тактап, күнөөсү барларды-соттоп, жокторун актайт деп жүрчү элек. Маселенин төркүнү тереңде окшобойбу. Даанасын айтсак, коррупцияга каршы элдешкис күрөш жүргүзгөндөрдү четинен шыпырып түшүү максаты бардай мында. Ал күрөштүн башында Президент Атамбаев, Генпрокурор Салянова турат деген пикирде эл. Ошондуктан Салянованы күрөштөн чыгарып салышса, анан Атамбаевге чабуул коюш оңой болуп калат да. Элдин да ындыны өчүп, боюн таштап салат. Демек, кеп Келдибековдо эмес, анын ден-соолугунда, а буларында да эмес.
(Уландысы кийинки санда)
Маектешкен
Мирлан Алымбаев