Баа көтөрүлбөйт
Мындан эки-үч күн мурун Бишкектеги миңдеген кичи автобустар каттамын токтотуп, элди бир топ кыйнап койду. Ага бийликтин кичи автобустарды айдаган айдоочулар орундуктан ашык адам алып, ташыса, анда бир адам үчүн 1000 сомдон 3000 сомго чейин айып киргизүү боюнча жаңы мыйзам себепчи болгон. Бирок өмүр бою токтоп калчудай сезилген кичи автобустар, эртеси күнү эле өз каттамдарында жол талаша жүрүп, кырдаал өз калыбына келди.
Кыязы, бийлик жаңы айып салуунун мындай оор түрүн артка кайтарып аларын билдирсе керек. Ошондой эле, майдын кымбаттаганына шылтоо кылышып, жол кире баасы 10 сомдон 15 сомго чейин кымбаттаары айтылып баштаганда, буга коомчулук дароо эле каршы чыкты. Буларга байкоо салган Бишкек Шаардык кеңешинин төрагасы Марат Аманкулов жол кире эч кандай көтөрүлбөсүн жар салды. Ылайым эле ошондой болсун!

Эң коррупциялашкан...
Мамлекеттик Курулуш, архитектура жана коммуналдык чарба агенттигинин жетекчиси Турдубек Мамбетов: "Биз иштеген мекеме эң коррупциялашкан мекемелердин бири экенине макулбуз. Биздин бир катар жооптуу кызматкерлерибизге коррупциялык иштер боюнча кылмыш козголуп, учурда тергөө жүрүп жатат" -деп негизги чындыкты мойнуна алды. Далил катары айта кетсек, жаз айларында Мырзакайым Карамырзаев, Ильяз Апазов дегендер туура эмес иштери үчүн укук коргоо органдарынын тузагына түшүшкөн. Мамбетов мырза, буларды чыркырап чындык катары айтканы жакшы. Бирок өзү жетектеген мекемедеги тамыры терең кеткен коррупциянынын тамырын балта менен чаап салса, андан бетер жакшы болмок. Бирок ага Турдубек мырзанын кудурети жетеби? Кеп ошондо...





Паспортуңду ким камдайт, чыгымдарын ким тактайт?
Мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев, Кыргызстан дүйнөлүк талаптардан артта калбай, элибиз биометрикалык паспортторго ээ болушу керек деген жарлыгына кол койгондугуна бир айга чукулдады. Ал ортодо 5 миллионго чукул элдин 16 жаштан өйдөкүлөрүнүн манжа мөөрлөрүн, сүрөтү жана өздүгүн тастыктаган маалыматтарды чогултуп, аны электрондук жөнгө салып берүүгө кызыкдар, Франция, Монголия, Германия, Нидерландиялык 14 компания тендерге катышты. Бул иш-аракеттердин жоопкерчилиги вице-премьер министр Тайырбек Сарпашевге жүктөлгөндүгү да баарыбызга эле белгилүү болсо керек. Бүгүнкү күнү, тендердик комиссиянын алдында, тарых менен кыргызстандыктардын алдындагы өтө жоопкерчиликтүү милдети турат. Бул, тендердин экинчи туруна өткөн алты компаниянын татыктуусун, коопсузун жана өлкө казнасынын капчыгына өтө чоң оорчулук алып келбегенин тандап, бүтүндөй элдин манжа мөөрлөрүн тыкан, так жана кыска мөөнөттө чогулта алганын тандап берүү. Албетте, ортодо керт башын, жеке кирешесин ойлоп, интрига жасаган мамлекеттик кызматкерлер деле жок эмес болсо керек. Эмесе, азыр Кыргызстан менен иштешүүнү каалаган алты компаниянын дараметине жана баа саясатына токтолуп көрөлү. Биринчи өз кызматын 10 млн 330,641 миң АКШ долларына франциялык "Gemalto" компаниясы баалады. Андан кийин, ушул эле өлкөнүн "OBERTHUR TECHNOLOGIES" ишканасы 5 млн. 534 миңге кызматын сунуштады. Журт баштары ат тезегин кургатпай барып жаткан, мактап жаткан, Монголиянын "Интерактиви" манжа мөөрлөрүн 4 млн. 792, 720 миң долларга санап сактап берүүгө даяр экен. Эми, өлкө бюджетине бир аз чагыраак бааларды сунуштаган үч компанияны атайлы. Германиянын Giesecke&Devrient GmbH ишканасы 3 млн. 881,511 миң, эл арасында Ф. Кулов куда түшүп ээрчитип келген делген Франциянын "MORPHOсу" 3 млн. 69 миң, Нидерландиянын SMARTMATICги болсо кызматын 3 млн. 971,200 миңге сунуштады. Кызыгы, алты ишкананын төртү, кыргызстандыктарга паспорт жасап берүү, ошол чоң өнөкөттөн киреше табууга кызыктар болсо, Монголияныкы жана Нидерландияныкы таза шайлоо өткөрүп берүүнү көздөгөнү байкалат. "Интерактив" гана тууралуу маалымат дүйнөлүк желеде аз, калгандары тууралуу интернетте мактаган да, кактаган да маалымат көп. Мисалы, тендерге Нидерландиянын атынан катышкан SMARTMATIC бир туруп Филиппинде, бирде Венесуэлада иштегендиги, Америкада шайлоо өткөргөндүгү кызыктырат жана негизи так, даана кайсыл өлкөгө таандык экенин билүү оорчулукту жаратат. Ал эми, "Морфо" биометриканы чогултуп, анын жашыруун коддорун өлкөнүн мамлекеттик каттоо кызматына толугу менен өткөрүп бербей, паспорт чыгарууда каалаган баасын коюп, кичинекей өлкөлөрдү чүлүктөп алуу жөндөмү менен айырмаланат экен. Ансыз да мүңкүрөп турган өлкөбүзгө ушул керекпи? Чогултулган маалыматтардын түп нускасы (исходный код) эмне себептен чет элдик жеке ишканада болушу керек? Менин көңүлүмдү бурган дагы бир жагдай..., тендерде эң арзан бааны сунуштаган "Морфого" тиешелүү. Бул компаниянын техникалык мүмкүнчүлүктөрүн адистер төмөндөгүдөй баалашууда. Биринчиден, алар мурда мындай максатта колдонулуп көрбөгөн, планшеттер менен манжа мөөрлөрүн чогултушат. Бул планшеттердин эл аралык стандарттарга жооп бергендиги тууралуу эч бир сертификаты жоктугу эмнеден кабар берет? Анын үстүнө ушул жабдыктар алгачкы жолу март айында эле, Барселонада өткөн көргөзмөдө коюлуп, аны сынап алууга эксперимент кылуучу өлкө керектиги айтылыптыр. Жыйынтык чыгаргыла, мырзалар. Мамлекетибизди пилоттук долбоорго айлантууга укугубуз барбы? Ошондой эле, кол телефонго окшогон жабдыкка түшкөн сүрөттөрдүн сапаты начар болот экен. Убакытты да көп талап кылат. Мөөрдү сапатсыз сүрөткө түшүрүүнүн кажети барбы? Суроолор көп, жообу бүдөмүк. Тоолуу аймактарга чыкканда батарейкасы өчүп калышы мүмкүн, кайра келип кеткенге мамлекеттин демек, сиздин жана биздин каражат коромжуланышы толук ыктымал. Аны туташтыруучу кабель зымдар арбын, аймактардагы элдин түшүнүүсүнө татаал. Маалыматтарды чогултуу үчүн сөзсүз интернет талап кылынат. Кыргызстанда болсо интернет эмне экенин билбеген мекендештерибиз бар. Интернет түгүл, алыскы аймактарыбызга уюлдук телефон жете электиги жашыруунбу? Саясий жагынан алып карасак, "Морфонун" Кыргызстандагы башчысы, тендердик талаптарды иштеп чыккан, "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын мурдагы жетекчиси Булат Токсобаев. Анын иш таржымалына көз жүгүртсөк, Ф.Кулов өкмөт башчысы болуп турганда жардамчы болуп, бүгүнкү күнгө чейин берилгендик менен кызмат кылып келет. Булат Токсобаев иштеп турганда ар бир тендердик талапты билген өзү катышкан. Алдын ала даярданган. Депутат, генерал мырза эмнеге мынчалык эле калкты каттоо кызматына чап кенедей жабышат? Мына дагы бир суроо. Анткени, Франциянын бул компаниясы өтүп кетсе, биометриканы эптеп-септеп чогултуп, анан паспорт жасаганга киришүү аракеттери башталат. Ал жакта пландалган, көздөгөн, бүйүр кызыткан 220 млн. АКШ доллары бар. Бул сумманы таңуулап туруп, паспорт жасоого далалат. Андыктан, өлкөнүн ар бир жаранынын коопсуздугуна тиешеси бар бул иш-чарага тендердик комиссиянын ар бир мүчөсү кылдат карап, жоопкерчиликтүү мамиле кылса. Наркына эмес, тажрыйбасын, техникалык мүмкүнчүлүктөрүнө карашса. Азыр, чыныгы эрк менен туура тандоо жасалса, эртеңки күнү каттоо кызматы, четинен тандап, баа, наркты түшүрүп чыныгы мамлекеттин кызыкчылыгы жана талаптарына ылайык ишкана менен иштешүүгө жол түзөт. Чын-чынына келгенде дал ушундай болушу керек. Бирок бизде басым жасоо, жең ичинен чечүү деген бар. Андыктан коомубуз менен биргеликте бул ишке көзөмөл бололу. Анткени бул ар бир кыргыз атуулуна тиешелүү... Ал эми, мамлекеттик каттоо кызматынын азыркы жетекчилиги мурдагылардын кемчиликтерин кайталабай, интригага кирбей биометрикалык базаны түзүүдө, эч бир компанияга көз каранды болбогону абзел. Эмитеден кийинки паспорт даярдоо этабына даярданып, жеке кызыкдар адамдардын артынан ээрчиме болбошуна тилектешмин. Бул да болсо заман талабы жана мекен алдындагы жоопкерчилик.

Тиленбек
Азык