Үзүрүн бербеген үч "берен..."

Өткөн жуманын эң эле кызыктуу жаңылыгы - бул "Азаттыктын" "Ыңгайсыз суроолор" көрсөтүүсү болду. Ага бул жолу өздөрүн өтө кыйын сезген, "миң кылымда бир жаралган инсанбыз" деп ойлоп жүргөн оппозиция айдыңында ойкуп-кайкып, калпты - чындай, чынды - калптай айтып жедеп көнүп калышкан Адахан Мадумаров, Камчыбек Ташиев жана Равшан Жээнбековдор катышты. Бул үчөө жарым саат бою жаакташып, бир жакшы сөз айтканга жарашпады. Ооздорунан сын жана мактануу сөздөрү байма-бай чыгып, "чөптөн жапыз, суудан тайыз" деңгээлдерин анык көрсөтүштү. Негизи бул үчөө тең кыргыз саясатында 15 жылдан бери жүрүшөт. Далай кызматтарды ээлешип, мамлекеттик кызыкчылыктарды эске албай, жеке кызыкчылыктардын "туу чокусуна" жетишти. Бирок саясатчы, мамлекеттик кызматкер катары элге үзүрүн беришпеди. Дыйкан айдаган жер-жемиш деле жарым жыл, бир жылда үзүрүн берет экен. Мисалдатсак, булар болсо 15 жылдан бери үзүрүн бербеген, дыйкандын азаптуу эмгегин жеген, пайдасына караганда зыяны арбын "жемиш" сындуу сезилет. Же балекет басып андай "жемиштердин" өзөгүнө "курт" түшүп кеткенби? Демек, "курт" түшкөн жемиш, жемиш болуп жыргатабы? Чирийт да, каңылжаарды жарып сасып тураар...
Эми төмөндө үч берендин ар биринин айткандарына өз - өзүнчө кыскача токтололу.

Адахан Мадумаров
Бул адам "Мен таң атканда кыйкырбай койсом, Күн чыкпайт" деп койкоңдогон короздун эле өзү. Журналист Айзада Касмалиеванын капталдан качырган ыңгайсыз суроолоруна өзүнчө эле ызырынып, аны дембе - дем демитип, орой жооп узатып олтурду. Эгер Кимсанбай аксакалдын баласынын айтканына ишенсек, айлыгы 8 миң долларды чапчыган Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу Кеңешинин башкы катчысынын орун басары кызматына президент Атамбаевдин жарлыгы жок эле өзү барып калган имиш. Айтор, жарлыкка ажо кол койгонун эч айткысы келбейт. Дагы бир кызыгы эки оппозицияда болуп, бийликке каршы кыйкырып жүрүшкөн "карт бөрү" Мирослов Ниязов менен Жаныш Рүстөмбековдордун элчи болуп кеткенин сындап, элчилик кызмат элитага кирбей баркы кеткенин айтып кейип алды. Өз башындагы төөнү көрбөй, бирөөнүн башындагы чөптү көрөт деген ушу экен. Болбосо, өзү дагы оппозицияда өкүрүп жүрүп, кызмат сунуштаса "ляппай таксыр" деп жүгүрүп кеткенин унуттубу?
Андан ары кыргыз өкмөтүн, экс-президент Роза Отунбаеваны өлөөрчө шыбады. Ошондой эле өтө акылдуу сөздөргө басым жасап, чечилбеген чек ара маселесин чечип жиберчүдөй күпүлдөдү. Кур чечендикке сала бергендин да чеги бар эмеспи. Дегеним, Бакиевдин тушунда чиренип экинин бири болуп турганда, так айтканда 2008 - жылдары бул эргул Баткендин Көк-Таш айылында кыргызга таандык 257 метр көпүрөсү бар жерди тажиктерге берип, кайра алардан апендиден бешбетер 49 жылга ижарага алуу ишинин автору болгон. Эми кайсы бети менен чек ара маселесин козгоп жатат?! Бул былык иши үчүн керек болсо, эчак эле кылмыш жообуна тартылышы зарыл эле.

Камчыбек Ташиев
"Ата-Журттун" "атасы" алгач эле Улуттук оппозиция кыймылынан туура эмес чыгарып салганын айтып бир чырылдап алды. Ошону менен катар оппозициялык маанайда кала берерин, НТС каналы аркылуу бийликтен, президенттен кечирим сурабаганын баса белгилеп өттү. Туура, НТСтен Президенттен кечирим сураган эмес. Акылына келип, бир топ сөздөрдү айтып, коомчулукту бир таңгалткан болчу. Бирок Ак үйдүн кашаасын аттап өтөм деп ит эле болгонун мойнуна алганы ырас. Келерки шайлоого катышарын бек айтып, ал үчүн сотко өзүн таза актоо тууралуу арыз жолдорун экинчи ирет какшап өттү. Эми минтип арадан 15 күн өтүп-өтпөй мындай өксүк арманын дагы кайталап, баягы уруп-сокмой оппозициялык маанайда бакылдаганы анчалык деле таң калычтуу эмес. Анткени, кыргызда: "Көнгөн адат калабы, уйга жүгөн салабы?", "Сүт менен бүткөн мүнөз сөөк менен чыгат" деген накыл сөздөр ушундайда нак далил болуп берет. Айтор, темир тор артында тогуз ай болуп келген, эми отуз күндүк орозону кармап бүткөн Камчыбек мырза, эч өзгөрбөй эле, өткөн-кеткенден сабак албай, мурунку эле "торпедо" сымал чала саясатчы бойдон калганы даана көрүнүп турат.

Равшан Жээнбеков
Эми бул мырзага сөз жок. Ташиевдин айткандарына жаш балача күлүп, оозун жыя албай олтурду. Анан анын УОКтун катарынан чыгышын колдогонун бирок чечимди өзү кабыл албаганын, Ташиевдин кайра оппозицияга кайтышын колдоорун жана аны менен абдан сыймыктанарын билдирди. Жеп - ичкени ачык эле көрүнүп турган, бирок ал үчүн жоопко тартылып "жели" чыкпай калган Жээнбеков учурда кыргыз оппозициядагы ишенген кожосу Бекназаров менен Кубанычбек Кадыров экенин бек айтты, айтканда да: "Күз айларында оппозиция эл ишене турган, элдик өкмөт түзүү аракеттерин көрөт" деп айтты. Бирок кандай аракети кандай ыкма менен ишке ашарын ачыктабады. Айтпаса деле белгилүү да. Митинг уюштуруп акча, түшкү тамакка суу, сэндвич таратмай, кыскасы элди алдамай...

Айбек Шамшыкеев




Оторбаевдин опол тоодой иши...
КТРКны 4 жыл 4 ай жетектеген Кубат Оторбаев эки күн мурун эмгек жамааты менен коштошуп, Коомдук каналдын короосунан алыс кетти. Ал өзүнүн ишмердүүлүгү боюнча жалпы жамаатка төмөндөгүдөй отчет берди: "КТРК санариптик берүүгө өтүүнүн алкагында өз күчү менен "Музыка", "Баластан", "Маданият" телеканалдарын, "Достук" радиосун ачты. "Миң кыял" радиосунун угумдуулугу артып, аудиториясы кеңейди. Аны менен катар, Кыргызстандагы негизги медиаборбор катары КТРК өзүнүн интернет сайтын ачты. Студиялар жаңы техника менен жабдылып, 400гө жакын компьютерлер жана 20дан ашуун заманбап видеокамералар сатылып алынды. Гараж 10 жаңы автоунаалар менен толукталды. "Алтын казынадагы" материалдарды архивдештирүү жана элге жайылтуу колго алынды. Биз иштедик, биз өстүк. КТРК кудуреттүү, атаандаштыкка алдырбаган каналга айланды. Шайлоо өткөн 2009-жылы болгону 39 миллион сом иштеп тапса, өткөн жылы 118 миллион сом киреше тапты, бул сан дагы өсөт деген ойдомун". Оторбаевдун кыска отчету ушул болду. Демек, Кубат мырза Коомдук каналды татыктуу башкарып, үзүрлүү иштегенин жогоруда сыдыргыга салынган оңой эмес иштеринен байкасак болот. Эми кайсы кызматтын эшигин сүзөт болду экен. Балким, ЭЛТРди жетектейби же кайрылып "Азаттыкты" аярлайбы?

Сечин казактарды сестентеби?!
Орусиянын "Роснефть" Улуттук компаниясынын президенти И. Сечин Казакстандын премьер-министри Карим Масимовго Казакстандын "Луговая" станциясында Кыргызстанга ташылып бараткан күйүүчү-майлоочу майлар жүктөлгөн вагондордун кармалып туруу себеби боюнча кайрылуу катын жолдоду. Ал: "Орусия федерациясынын Кыргызстан менен жалпы чек арасы жок. Бирок көрсөтүлгөн товарлар 2014-жылдын 14-апрелинен бери Жамбыл облусунун "Луговая" станциясында кармалып турат жана Жамбыл облусу боюнча "Кулан" бажы постунун кызматкерлери тарабынан кое берилбей жатат. Мындай түзүлгөн жагдай олуттуу тынчсызданууга алып келет. Казакстандын аймагы аркылуу гана өтүүчү мамлекеттерге эркин сатууга тоскоол болуп жатат. Бул Бажы биримдигинин принциптерине каршы келет жана Орусиянын резидент - компанияларынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын кемсинтет", - деп салам-дубаны катыра жазган экен. Казактардын башбаканы Сечинге кандай жооп айтат, аны байкай туралы. Эмнеси болсо да, жок жерден "туткунда" калган миң вагон күйүүчү май Кыргызстанга эртерээк келсе экен.