Каңырык...
Каныбек Осмоналиев,
"Ар-Намыс" фракциясынын депутаты, Жогорку Кеңештин Илим, билим, маданият жана спорт комитетинин төрагасы:
" Парламент мыйзам чыгарымыш этип, өкмөт аны аткарымыш болуп жатат... "

- Каныбек мырза, 5-чакырылыштын 4-сессиясында канча мыйзамдын автору болууга жетиштиңиз. Сиз тараптан демилгелеген мыйзамдардын коомдогу ордун, аткара турган милдеттерине кыскача токтолсоңуз?
- Башында, биринчи жана экинчи сессияларда негизинен ишибизге мүнөздүү болгон мыйзамдар менен таанышып, алардын эффективдүүлүгүн кандай экенин тереңден билдик. Ал эми бул төртүнчү сессия мен үчүн жемиштүү болду. Анткени, коомдо өз орду, зарылдыгы бар 5-6 мыйзамды демилгелеп чыгып, автор болдум. Андан тышкары, бир катар мыйзамдарды башка депутаттар менен жазышып авторлош жана 5-6 токтомго да демилгечилерден болуптурмун. Эми ошол мыйзамдардын айрымдарына, мисалы Кыргызстандагы илим изилдөө башчыларын шайлоо боюнча мыйзамды айтайын. 1994-жылдан бери Илимий-техникалык саясат деген мыйзам иштеп келатканы менен, бул маселе тыңгылыктуу жөнгө салынган эмес. Кээ бир илимий-изилдөө башчыларын жамаат шайлайт деп, кээ бирөөлөрүн окутуучу кеңеш шайлайт деп жазып алышкан. Мына ушул чаржайыт маселени аталган мыйзам менен иретке салдык. Эми бул мыйзамга ылайык, мындан ары илимий-изилдөө (айдоочу, кароолчу сыяктуу кызматтагы адамдар кирбейт) башчыларын жалпы жамааты шайлайт. Президент да бул мыйзамга убагында кол коюп берди. Учурда бул мыйзам иштеп жатат. Бирок кайсы бир тармакка же мекемеге тиешелүү мыйзам кабыл алынганда анын жетекчилиги аталган мыйзамдын аткарылышы тууралуу жобо кабыл алып, көзөмөлгө алышы зарыл. Тилекке каршы, ушул маселе колго алынбай келатат. Ачык айтканда, биз мыйзамдарды кабыл алып эле жатабыз. Бирок анын аткарылышы абдан начар. Өкмөт кабыл алынган мыйзамдарды аткармак тургай, айрым учурда тоготуп да койбойт. Ошондой эле токтомдор да аткарылбай, кабыл алынган бойдон кагаз жүзүндө калып келет. Эми буга бир мисал: Билим берүү министрлиги мектептердеги окуучуларды жан башына каржылоо деген 2005-жылдан бери Дүйнөлүк банктын демилгеси менен токтом кабыл алынган.
Алгач бул маселе пилоттук режимде бир нече райондо иштесин, анан облустарга, алдыңкы мектептерге киргизилсин деген буйрукту 2007-жылы мен министр болуп турганда чыгаргам. Бирок ага карабай эле 2011-жылы кайрадан жан башына каржылоо өкмөттүн токтому жалпы Кыргызстандын мектептери үчүн кабыл алынып калды. Натыйжада эмне болду? Ар бир окуучуга ремонт иштерине 99 сомдон болуптур. Мисалы 200 окуучу окуган мектептин кв. метри 3000 болсо, 200 баланын (ар бири 99 сомдон) чогулган акчасын аны ремонт кылууга жетпейт да. Ал эми 2000 окуучусу бар мектепке бул маселе оңой жана жеңил. Айтор, 2000 окуучусу бар чоң мектеп менен, 200 окуучусу бар мектепти салыштырып болбойт да. Кээ бир мектептердин аянты көп, балдары аз. Андай мектептердин бош калган бөлүктөрүн бала бакча кылып салсак да болот да. Ошон үчүн жан башына каржылоо маселеси окуучулардын санына жараша болуш керек. Иликтөө болгон эмес. Жыйынтыгында Дүйнөлүк банктан бөлүнгөн 15 млн. доллар эч кандай эффективдүүлүгү жок эле, желип-таланып кетти.
- Кандайча желди?
- Билим берүү министрлиги "Консалтинг" деген компанияга ошол акчаны беришкен. Аталган компанияга республика боюнча жан башына каржылоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүшмөк. Алар 15 жерге семинар өткөздүк, көп жерди кыдырдык дешти. Бирок алардын антип иштегени калппы же жетиштүү болбой калганбы, айтор жан башына каржылоо дегенди айрым мугалимдер такыр түшүнүшпөйт. Анан биз парламентте бул боюнча атайы токтом кабыл алдык. Бирок Билим берүү министрлиги ал токтомду тоготуп да койгон жок. Ушуга окшогон дагы бир мисал: 2012-жылы мен, Никитенко, Акназарова үчөөбүз бардык мектептердеги ар кандай шылтоолор менен окуучулардан акча чогулткан фонддорду жоюп, алардын ордуна бир гана "Камкорлор" фонду болуш керек деген токтомду көтөрүп чыгып, кабыл алдырганбыз. Тилекке каршы, бул токтом да иштебей жатат. Баягы эле ар кандай фонддор иштеп жатат. Ал токтомду 2,5 жылдан бери Билим берүү министрлиги көзөмөлгө алып, жобосун элге тарата элек.
Ушундай мисалдар абдан көп. Кыргызстан илимий-изилдөө иштерине жылына 450 млн. сом бөлөт. Бул акча да эффективдүү сарпталбай, башаламандык жана жеке кызыкчылыктар менен коштолуп келет. Бул маселе да көзөмөлгө алынбай жатат.
- Окуу китептерин чыгаруу иштери да абдан коррупциялашып кеткенине кошуласызбы?
- Аны өзүбүз деле көрүп-угуп жатабыз. Бул боюнча да далай далилдер көп да.
Бирөөнү эле айтайын. Азыр бизде Европанын китептерин көчүрүп, чампалап туруп, окуу курал катары окуучуларга окутуп жатышат. Исак Бекбооев деген илимпоз агайыбыз бар, математик. Өмүр бою окуу куралдарын жазып келаткан адам. 1- класстан 4-класска чейин математика китебин жазган эле. Азия өнүктүрүү банкынан 30 млн. доллар акча бөлүнгөн. Анын 15 млн. долларга жакыны ошол окуу куралдарын чыгарууга сарпталды. Ал акчаны Армениянын Микрочиян деген жараны өз кызыкчылыгын негизинде иштетип чоң пайда көрдү. Кантип? Ал кишини Билим берүү министрлиги менен өкмөттүн кээ бир структуралары эмнегедир колдоп, жогоруда айткан Бекбооев, Ибраева анан Микрочирян математика китебине авторлош кылып кошуп коюшат. Ошентип, үчөө кыргызча математика китебин жазышат. Ал эми ошол эле китепти орусчага, тажикчеге которуп, ал китептерге Микрочиян өзү автор болуп алган. Эң эле кызыгы Микрочиян ал китептерди Кыргызстандан чыгарбай, Армениядагы өзүнүн "Заңгак" деген жеке менчик басмаканасынан чыгарып жатат. Азия өнүктүрүү банкы болсо олчойгон акчаны насыяга берген. Аны биз төлөйбүз. Салык, соц. фонд төлөнчү акчасы Армениянын бюджетине түшүп жатат. Ушул боюнча мен былтыр Баш прокурорго кат жазгам. Алар "ал эле, бул эле" деген шылтоолор менен ишти аягына чыгарбай койду. Кылмыш козгоп, жоопко тартышы керек эле. Бул жерде миллиондогон акча ойноп, сол чөнтөккө кетүүдө. Кара-Балтанын бир мектебине барсам, ал жерде 7-класстын китеби Казакстандыкы экен. Ээсим ооп, мугалимден сурасам. Ал: "Мага ушул жагат, ошон үчүн ушул менен окутуп жатам"-деп жооп кайтарды. Көрсө ал өзү эле киргизип алыптыр. Анын текшерген эч ким жок. Ушунун баарын өкмөт, министрлик көзөмөлдөш керек эле да. Ушундай көрүнүштөрдөн улам, мен министрди катуу да, жумшак да, ачык да сындап жүрөм. Мен ал жигитти адам катары, инсан катары абдан сыйлайм. Бирок жалгыз министрдин колунан эч нерсе келбей турган бир балекет система түзүп алыптырбыз. Министр деле жакшы мыйзам жана токтомдорду көтөрүп чыгат, биз аны колдоп беребиз. Бирок алар иштебей жатпайбы. Себеби, министрлик өзүнүн функциясын аткарбай эле, акча чыккан жерлерге баш тыгып, пайда издеп жаткансыйт. Бала бакчадан баштап, ЖОЖдорго чейин "крыша" болуп, жеке кызыкчылыктарды ишке ашырмай менен алек болгонсуйт. Бир сөз менен айтканда, чыгармачылык менен иштеген атмосфера жок болуп жатат. Бул көрүнүш бир эле Билим берүү министрлигине тиешелүү эмес, бардык министрлик-мекемелерге тиешелүү. Чынын айтканда, биз Жогорку Кеңештин депутаттары мыйзамдарды жазып, чыгарымыш болуп жатабыз, өкмөт аны аткарымыш болуп жатат. Аты бар, заты жок. Кыскасы, бири-бирибизди алдамай деген ыкма менен иштеп жатабыз. Натыйжада, эл, коом, мамлекет кыйналууда. Анан кантип эл бизди жаман көрбөйт? Чийки иштер, чийки мыйзамдар абдан көп. Парламенттик системага, парламенттик башкарууга көнө албай, дагы эле мурункудай президент баарын башкарат деген ойдобуз. Буга депутаттар өзүбүз да ишенип, президенттик-авторитардык системага өзүбүз томолонуп түшүп берип жатабыз. Балким президенттин аппараты айрым учурда сес көрсөтүп, катуу "жөтөлүп" коюп жаткандыр. Бирок биз ошол "жөтөлдү" башкача түшүнүп, көшөрүп кошомат кылуудан арыла албай тургансыйбыз.
- Сиз министр Канат Садыковду катуу сындап жүрсөңүз, коомчулукта: "анын ордуна министр боло албай, ушинтип сын айтып жүрөт" деген пикир пайда болду. Чындап эле министр болуу оюңузда барбы?
- Кудай өмүр берсе, бир жылдан кийин 60ка чыгам. Ушул жашка чыгып, мага мындай жүгү оор кызмат керекпи? Канат же анын ордуна башка бирөө министр боло турган болсо, анда аны деле биз жапа тырмак сындоо ыкмасы менен колдойбуз. Бирок, кептин баары ошол сындарды туура кабыл алууну билбей жатпайбызбы. Ким сынды көп айтып чыкса, көпчүлүк кыска ой менен: "Аа, бул министр боло албай эле араң жүргөн турбайбы" деп айтып чыгышат.
- Эгер сизге министрлик кызматты сунуш кылып иштеп бер дешсе да баш тартасызбы?
- Чындап эле сунуш кылып, шарттар боюнча колдоп беребиз дешсе, анда эмнеге мен министр болбошум керек. Колумдан келет, ишти билебиз дегендей. Ошондуктан бул маселени силердин гезит аркылуу ачык эле айтып коёюн. Бирок мен өзүм эч качан кызмат үчүн жулунбайм.
- Дин маселесин да жакшы билесиз. Быйыл Хаджылыкты уюштуруу маселеси биринчи жолу электрондук чүчүкулак аркылуу ишке ашты. Канчалык таза болду деп ойлойсуз?
- Хаджылык боюнча сөз көп. Ошон үчүн бир аз кыскартып айтайын. 2009-жылдары мен Дин боюнча мамлекеттик комиссияны жетектеп турганда көп эмгек жумшап, Хаджыны уюштуруу ишин бир гана Муфтиятка жүктөгөнбүз. Бул боюнча атайы комиссия да түзүлгөн болчу. Ошентип, Дин боюнча комиссия кийлигишпей, талашпай калган. Бирок азыр аталган комиссия кайрадан кийлигишип, электрондук чүчүкулакты өткөрүүгө кийлигишкенин угуп жатам. Демек, Муфтият мурдагыдай болуп мамлекеттик комиссиянын жетегине түшүп алган экен да. Канчалык чүчүкулак кылып бөлүштүрсө да, компьютердеги программаны адам жасап, адам иштеп чыкты да. Компьютердик программаны ар кандай кылып, өзгөртүп, башкарып койсо болот. Бул жерде менде мамлекеттик комиссия менен Муфтият орток тилге келип, өздөрүнө бир ыңгайлуу шарттарды табышкан го деген ой бар. Болбосо, баарын электрондоштурбай, чыгармачылык менен мамиле кылса болот эле го. Мисалы, мен өзүм 80 жаштагы аксакалдын электрондук чүчүкулакка илинбей, нааразы болгонун окуп калдым. Эми ойлосоңуздар, 30 жаштагы жигит менен 80 жаштагы аксакалды салыштырып болбойт да. 30 жаштагы жигиттин келечеги али алдыда. Ал эми 80ди серпиген адам, эмдиги жылы Хаджга бара албай, көзү өтүп кетиши мүмкүн да. Ошон үчүн 70тен, 80ден ашкан кары адамдарды өзүнчө бир шарт менен тандап, иликтеп, өзүнчө тандоо ыкмалары иштелип чыкса, алда канча калыс болот эле деген үмүт бар да.

(Уландысы кийинки санда)
Маектешкен
Айбек Шамшыкеев