Бөкөнбай Казаков,
Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын жетекчиси:
"Адамга туугандык байланышы боюнча эмес, иши боюнча баа берүү керек"

Мамлекеттик Улуттук коопсуздук комитетинин алдындагы Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын жетекчиси Бөкөнбай Казаков 2014-жылдын 1-жарым жылдыгында аткарылган иштер боюнча маалымат жыйын өткөрүп, журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Аталган кызматтын жетекчисинин айтуусунда МУКК жана башка укук коргоо органдарынын тергөө бөлүмдөрү тарабынан 6 ай аралыгында 191 кылмыш иши козголуп, анын негизинде 31 кызмат адамы камакка алынган. З3 кылмыш иши боюнча тергөө аяктап, сотко жөнөтүлгөн. 37 кылмыш иши боюнча сот чечими чыгарылып, жазанын ар кандай түрү менен 34 адам соттолгон. Азыркы убакта соттун кароосунда 147 кылмыш иши бар.
Кылмыш иштеринин көпчүлүгү укук коргоо органдарынын кызматкерлерине козголгон. Алардын саны 37ни түзөт. Андан кийин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдарына карата - 31, бажы органдарынын кызматкерлерине карата - 16, отун-энергетика комплексинде - 16, агро өнөр жай комплексинде - 15, билим берүү чөйрөсүндө - 12. Тизме дагы улана берет.
Көрүнүктүү кызматты ээлген айрым кызматкерлердин аты-жөнүнө кайрылсак. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин статс-катчысы Т.Темиралиев, Баткен облусунун жетекчисинин орун басары Б.Жолчиевге мыйзамсыз квартира алышкандыгына байланыштуу кылмыш иши козголгон, Ветеринария жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын мурдагы директору А. Шакировго пайдасыз келишим түзүп, бюджетке 59 миллион 153,7 миү сом зыян келтиргени боюнча, мурдагы Айыл чарба жана мелиорация министри Ч.Узакбаевге көлөмү 419 миү долларды түзгөн насыяны өзүнүн бир тууганына тиешелүү дыйкан чарбага мыйзамсыз бөлүү фактысы боюнча, аталган министрликтин статс-катчысы Н.Дүйшеевге кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, мамлекетке 2 миллион 300 миү сом зыян келтирүү боюнча, опузалап пара талап кылуу фактысы боюнча "Кыргызтамекиси" ишканасынын башкы директору М.Султановго кылмыш иши козголгон.
Бул кылмыш иштери кандай негизде козголгонуна токтолсок. Көбү кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренесине туура келет. Тактап айтканда, 58 кылмыш иши. Опузалап пара талап кылуу - 34, ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же төлөмөр болуу - 24, алдамчылык - 14, контрабанда - 13 ж. б.
Көрсөтүлгөн кылмыш иштеринин алкагында, мамлекеттин экономикасына жана бюджетине келтирилген зыяндын суммасы 510,9 миллион сомду түзгөн. Кабыл алынган иш-чаранын негизинде мамлекетке 229,3 миллион (45 пайыз) сом кайтарылган. Салык кылмыштарына тиешелүү болгону 212,4 миллион сом, отун-энергетика комплексине тиешелүүсү 67 миллион сом, тоо-кен тармагына тиешелүү болгону 55,5 миллион сом, бажы тармагына тиешелүүсү - 104,5 миллион сом, зыянды төлөп берүү боюнча негизги үлүш салык тармагы - 107,8 миллион сомду түзөт.




- Бөкөнбай Жаныкеевич, cиздер менен кызматташып, коррупцияга каршы күрөшүүгө жардам берип жатабыз деп уюшулган коомдук бирикмелер өздөрү мыйзамсыз иш-аракеттерге барып жатканы боюнча эмне айта аласыз?
- Коррупция - бул социалдык көйгөй. Андыктан коомчулуктун жардамына муктажбыз. Ошол себептен бир катар коомдук бирикмелер менен коррупцияга каршы күрөшүү багытында кызматташуу боюнча меморандум түзгөнбүз. Алардан да максаты, багыты, сунуштары жакшы. Коррупция менен күрөшүүдө бизге жардам беришип, биргелешип иш алып барып жатышат. Албетте, "беш кол тең эмес" дегендей, акыркы кезде айрым коомдук бирикмелердин мүчөлөрү атайын формаларды тиктирип кийип алышып, жасалма күбөлүк менен жарандарыбызды, мамлекеттик органдардын кызматкерлерин, ишкерлерди коркутуп, текшерүүгө алган учурлар катталууда. Мындай мыйзамсыз иш-аракеттер менен былтыр эки адам кармалса, быйыл алты айдын жыйынтыгы менен эле төртөө кармалды. Мындан улам, биз коомдук бирикмелерге кызматкерлеринин ишмердүүлүгүн тыкыр көзөмөлгө алышын суранып, эскертип жатабыз. Эгер биз менен кызматташкан коомдук бирикменин кайсы бир мүчөсү мыйзамсыз иш-аракеттерге барган болсо, биз ошол бирикме менен кызматташуу меморандумун бузууга аргасыз болобуз. Ошондой эле, жөнөкөй жарандарга, мамлекеттик кызматкерлерге, ишкерлерге да кайрыла кетмекчибиз, кимде-ким текшерип барса, анын өздүк күбөлүгүн жакшылап карап, кайдан, кайсы органдан келгенин тактап, максаты эмне экенин билип, андан кийин тиешелүү маалымат же документтерин көрсөтүшсүн. Шектүү болсо, биздин Коррупцияга каршы күрөшүү кызматына же тишелүү укук коргоо органдарына кабарлап коюшса, сөзсүз чара көрүлөт.
- Коррупция боюнча айрым жогорку кызматтагы чиновниктерге козголгон кылмыш иши аягына чыкпай калууда же соттон акталып чыгууда. Бул тергөөнүн начардыгын туюнтабы же бул сот ишмердүүлүгүндөгү коррупциядан кабар береби?
- Чындыгында, коомчулукка чоң талкуу жараткан кылмыш иштери боюнча акталган көрүнүштөр бар. Мисал катары мурунку Жаратылыш ресурстар министри Замирбек Эсенамановдун соттон акталганын айтсак болот. Бирок, мен сот корпусун күнөөлөгөндөн алысмын. Ооба, кемчилдиктер бар. Тергөөдө да айрым фактылар тыкыр иликтенбей калган учурлар кездешет. Ошондуктан, мен жетекчи болуп келгенден бери кызматкерлерге талаштуу, күмөндүү маселелерди тыкыр анализдеп, конкреттүү фактыларга таянуу зарылдыгын айтып жатам.
- Коррупция боюнча козголгон кылмыш иштери укук коргоо органдарына көбүрөөк тиешелүү экен. Бул укук коргоо органдарынын деградацияга туш болгонун билдирбейби?
- Туура, кылмыш иши козголуп, кармалгандардын арасында укук коргоо органдарынын кызматкерлери көп. Мисалга алсак, чет мамлекеттин жарандарынан системалуу түрдө пара талап кылуу менен алектенген милиция кызматкерлеринен турган туруктуу кылмыштуу топтун ишмердүүлүгү токтотулуп, 5 милиция кызматкери кармалды. Зордуктоо фактысы боюнча кылмыш жоопкерчилигинен бошотуу үчүн 700 доллар талап кылган 2 милиция кызматкери, ошондой эле, ОШ шаарынын ИИбнын тергөөчүсү жана анын башчысы Машиев 1 000 доллар пара алып жатканда колго түштү. Мындан сырткары, экинчи инстанциядагы сотко аппеляцияга бербөө үчүн 20 миң доллар опузалап талап кылышкан үч прокуратура кызматкерлери пара алып жатышканда кармалышты. Дагы бир топ мисал келтирсе болот. Эми муну деградация деп айтууга деле болбойт. Тескерисинче, бизге карата элдин ишеними артып жатканын билдирет. Биз элден түшкөн арыз, кат, кайрылуулардын негизинде өз милдетибизди аткарып жатабыз.
- Сизди Аскар Акаевдин жубайы Майрам Акаеванын тууганы деген чынбы?
- Ооба, мен Майрам Акаеванын бир тууган жээни болом. Мен муну танбайм. Мындай инсандын жакыны болуу күнөө болуп эсептелбейт. Коомдо белгилүү кызмат ордуна дайындалган адамга жалпыга маалымдоо каражаттарында пайда болгон туугандык байланыштары тууралуу маалымат боюнча баа берүү туура эмес деп ойлойм. Адамга туугандык байланышы боюнча эмес, иши боюнча баа берүү керек. Туугандар менен коңшуларды тандай албайсың, алар жогору жактан берилет. Бул үчүн адамды айыптоо туура эмес деп эсептейм.
- Сиз жетектеген кызматтын коррупцияга каршы күрөшүүгө болгон ыйгарым укуктары жетиштүүбү?
- Ыйгарым укуктары, кадр маселеси жетиштүү. Албетте, оорчулуктар деле бар.
- Бирин-бири кайталаган органдардын көбөйүп кетти деген көз караш өкүм сүрүүдө. Андыктан коррупция менен күрөшүү багытында бир эле орган алектенгендей кылып орган түзүш керектиги айтылууда. Демек, Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы жоюлушу мүмкүнбү?
- Азырынча Коррупцияга каршы күрөшүү кызматын жоюу боюнча маселе көтөрүлгөн жок. Бирок келечекте коррупция менен күрөшүү багытында бир орган түзүү маселеси тууралуу ойлор айтылып жатат. Эми ал үчүн мыйзамдык, материалдык техникалык база керек. Ошондой эле, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы, Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы, ИИМ 5-бөлүмү, Башкы прокуратура, Эсеп палатасы сыяктуу коррупцияга каршы күрөшүү боюнча укуктары бар мамлекеттик органдар бир чечимге келүүсү зарыл.
Даярдаган
Алмаз ТЕМИРБЕК уулу