Билинбеген бирдик же Гиннеске кантип кирдик?
"Кыргызтелекомдун" азыркы кожоюну Алмаз Кадыркулов 2012-жылы мамлекеттик байланыш агенттигин башкарып турган учурунда уюлдук телефону үчүн бир жылдын ичинде 565 300 сомду солойто чапканын эсеп палатасы элге чыгарды. Мындайча айтканда, Алмаз мырза айына мамлекеттин эсебинен 47миң сомго сүйлөшүп турган. Ал жердеги адистердин айтымында, бул акча каражаты менен ар бир күнү 23 саат 30 мүнөт тынбай сүйлөшсө болот экен. Эгер биз, бир суткадагы 30 мүнөттү телефондун тогун толтурууга чыгара турган болсок, анда Алмаз мырзаны эң көп сүйлөгөн адам катары Гиннесттин рекорддор китебине киргизсек болчудай. Анан да, Бакиев учурунда багы жанып турган бул жигиттин азыркы кызматка келери менен эки фирмага 600 миң сомдон которуп жибергени тууралуу кабарды уктук. "Манас" аэропортундагы махинациялык иштерге катыштыгы боюнча козголуп, кийин кыскартылып кеткен кылмыш ишин дагы эшиттик. Айтор, ага байланышкан аңгемелердин аягы үзүлчүдөй эмес.


Бали сага, Бахадыр!
Бразилияда өткөн дүйнөлүк футбол майрамына Кыргызстандан жалгыз Бахадыр Кочкаров катышып келди. Дүйнөлүк футбол жылдыздарынын көзүн каратып, алардын оюн талаасындагы тагдырын чечкен Бахадыр мырза Кыргызтандын атын алыска таанытты. "Талаада кимдер ойноп жатканына көңүл бурбайм. Атактуу оюнчулар болсо дагы. Мен үчүн эки гана түстөгү оюнчулар бар" - дейт башкы калыстын жардамчысы Кочкаров. Баса өзбек тектүү бул мекендешибиз "Дүйнөлүк чемпионатта мен эч бир командага күйөрман болгон жокмун. Мен футболдун фанаты эмесмин, мен калысмын. Мен бир гана командага күйүп-бышам. Ал - Кыргызстан" - деген сырын дагы айтты.


ТИМди ким тизгиндейт?
Дипломатиялык жана кызматтык паспортторду Тышкы иштер министрлиги оңду-солду эле бере бериптир. Мыйзам боюнча жогорку мамлекеттик кызматтагы гана адамдар алууга укуктуу болгон мындай паспортторду: экс-вице премьер Гулнара Асымбекованын колтойгон эки уулу, Феликс Куловдун аялы, Түркиядагы башкы консулдун кеңешчисинин аялы жана башка итпай-чотпайдын баары алыптыр. Арасында белгилүү шоу жылдызы Ассоль Молдокматова да бар. Ассоль айымдан диппаспортту кандайча алып калганына кызыккандарга "Мыйзамдуу эле алгам. Премьер-министр, Тышкы иштер министрлеринин колдору бар. Белгилүү адамдарга берилсин деген тартиби бар да" - дептир. Мыйзам боюнча андай тартип жок. Белгилүү деп эле элдин баарына бере берсе, Кыргызстандын эл аралык кадыры кантти? Бул паспорттун ээлерине Вена конвенциясынын талаптарына ылайык, чек араларды кесип өтүүдө өтө чоң артыкчылыктар берилген.


"Дөбөтүңөрдү" байлабайсыңары?
Өткөн жумада премьер Жоомарт Оторбаевдин жакын таежеси каза болуп, тажиясына премьер өзү баш болгон көп киши келиптир. Маркумдун үйү "Кыргызгаздын" жанында экен. Эл көп келип, унаалар батпай жатса, Тургунбек Кулмурзаевдин жардамчысымын деген бир жигит көпчүлүктү көзгө илбей сөгүп, элге унаасын койдурбай кыйынсынып, байдын дөбөтүндөй кутурду. Бирөөнүн этегине эрмешип алганына мурду дердейип калган мындай дөөпөрөстөрдүн колуна бийлик тийбесин.


Башчылыктан кетсе, малчылыгы бар
Милициянын генерал - майору, Бишкек шаардык ИИБ башчысы Мелис Турганбаев өзүнүн жылдык кирешеси тууралуу декларациясында айлык акысынан тышкары мал сатуу менен алектенээрин ачык айтыптыр. Ири мүйүздүү мал алып сатуудан эле былтыр 2,9 миллион сом тапканын жазыптыр. Кыргыз өзү малга жакын эмеспи. Бизнестин мындай түрү менен Чүй облусунун башчысы Канат Исаев, ТүркПАнын орун басары Адахан Мадумаров, ЖК спикери Асылбек Жээнбеков жана башка дээрлик бардык аткаминерлер алектенишет. Мындай киреше булагын Турганбаевден башкалары ачык айтышкан жок.


Баатырбек баса берди
Кызмат дегенде кыргызың кыйсыпыр түшүп, бири-бирин кырып ийгенден кайра тартпай калган заман келбедиби. Нарын шаарынын мэри Баатырбек Жээналиевди дагы акыркы жылдары жерден алып көргө, көрдөн алып жерге чаап жаткан жергиликтүү кеңештин депутаттары акыры максатына жетип тынышты. Баатырбек мырза "тойдум байдын кызына" деп туруп, арызын жазып баса бериптир. "Акыркы 4 жылда шаарга 5 миллиард сом инвестиция тарта алдым. Алдыда дагы мыкты иш пландарым бар эле. Бирок иштетпей коюшту. Таптакыр мүмкүнчүлүк беришкен жок. Акыры арызымды жаздым" - дейт Баатырбек Жээналиев. Учурда алакандай Нарын шаарына мэр болот элем деп 12 адам буту-бутуна тийбей чуркап баштаптыр. Аты эле шаар болбосо, кадимки эле чоң айылдын башчылыгына мынчалык неге жутунушат? Балга жабышкан аарыдай ызылдашканына караганда бир майлуу жери болсо керек...


Милициянын милдети көбөйдү
Алмазбек Атамбаев кечээ жакында жаңы мыйзамга кол койду. Эми сотко барбай маалкаткандарды милициянын жетегинде сотко жетелеп баруу милдети тагылды. "Эркин-Тоого" жарыяланып, бир айдан кийин бул мыйзам күчүнө кирсе, Келдибековго окшоп сотко келбей келжеңдеп жаткандарды милиция желкеден сүйрөп алып келмей болду.


"Мүлк мүлжүгүч" кызматына кызыккандар көп
Мамлекеттик мүлк фондусунун "майлуулугунда" чек жок экен. Бул кызматты башкарып кеткендин баары эле кабат-кабат үйлүү болуп, көл жээгинен пансионаттуу болуп калышат. Акыркы башчысы Айбек Осмоналиев дагы Францияда чардап жүргөн жеринен иштен айдалган. Ордуна барат элем дегендер учу-кыйыры көрүнбөгөн узун тизмек болуптур. Маммүлк фонду КСДПнын карамагында болгондуктан, жаңы талапкерди таптап туруп, тактоо озуйпасы Чыныбек Турсунбековго жүктөлүптүр. Чыкебиз бул мансапка Темир Сариевдин орун басары Данил Ибраевди ылайык көрүп жаткан экен. Интернеттеги имиштерге ишенсек, бул Данилиң кадимки Акмат Бакиевдин капчыгы болгон экен. Жаңы заман курабыз эле дейбиз, Бакиевдер менен кармашкандарга эмес, аларга жармашкандарга жол ача берсек, жакында жарыбайбыз го. Данил Ибраев иргөөдөн өтпөй калса, Даир Кенекеев, Марат Аманкуловдор да "биз да барат элек" деп Чыныбай Акуновичтин кулагынын кужурун алышууда.