СОВЕТБЕК БАЙГАЗИЕВ -
ЭЛ АРАЛЫК "РУХАНИЯТ"
СЫЙЛЫГЫНЫН ЛАУРЕАТЫ

Рухий дөөлөттөрдү жаратууга көмөктөш Эл аралык "Руханият" ассоциациясынын Кеңешинин токтомунун негизинде "Манас" эпосунун руханий жана педагогикалык байлыгын, нарк-дөөлөттөрүн иликтеп-изилдөөгө, аны мектептерде жана жогорку окуу жайларында окуп-үйрөнүүгө, ошондой эле коомчулукка кеңири жайылтууга кошкон зор салымы, жигердүү илимий-педагогикалык жана коомдук-агартуучулук, таалим-тарбия ишмердүүлүгү үчүн Кыргыз Республикасынын Билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, филология илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын Касым Тыныстанов атындагы Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, КРдин Чыңгыз Айтматов атындагы Мамлекеттик сыйлыгынын ээси, Россиянын Эл аралык педагогикалык жана социалдык илимдер академиясынын анык мүчөсү, Кыргыз билим берүү академиясынын академиги, Советбек Орозканович Байгазиевге Эл аралык "Руханият" сыйлыгы ыйгарылды.
Филология илимдеринин доктору, көрүнүктүү тилчи жана жазуучу Бейшебай Усубалиевдин бир кезде: "Байгазиев болсо жайма-жай агып келип, жылга-жылга сууларга бөлүнүп кеткен дайрадай бөлүнүп-бөлүнүп кетти: адабиятчы, сынчы- Байгазиев, публицист-Байгазиев, философ-Байгазиев, педагог-окумуштуу-Байгазиев, акын-Байгазиев. Кайсы Байгазиев бараандуу? Бул соболду чечмелеп отуруунун кажети жокпу дейм. Анткени, Байгазиев кайсы бурчтан көрүнүп, кайсы Байгазиев болуп чыкпасын, ар биринин өз окурманын зырп эттирип, ойготуп, мээсине бүлүк салууга дараметтүү Байгазиев бар" - деп ("Кыргыз Руху" 19.11.1996-ж.) жазганы бар.
Эмесе, "Руханият" сыйлыгынын ээсинин ошондой ар тараптуу окумуштуулук ишмердигинин жемиштүү натыйжалары менен учкай да болсо окурмандарды тааныштырып өтүүнү ылайык көрөбүз.
1. Манастаануу жаатында
Советбек Байгазиев 1995-жылы "Манастын" 1000 жылдыгында "Улуу "Манас" улутубуздун тил жана дил бешиги" аттуу китеби "Манас" - эпосуна арналган республикалык илимий конкурста экинчи сыйлыкка татыктуу болгон. Ошондон бери карай окумуштуубуз "Манас" эпосунун руханий нарк-дөөлөттөрү, адеп-ахлак баалуулуктары, этикалык философиясы, патриоттук, мекенчилдик идеологиясы жана аларды жаштардын, эл-журтубуздун арасында насыяттоо боюнча 20га жакын илимий жана педагогикалык, усулдук, тарбия-таалим китептерди жаратты. Алар:"Манас" эпосундагы баланы эркин тарбиялоо философиясы", "Манас" эпосу: тарыхый эс-тутумга, антимаңкурттук рухка жана мекенчилдикке тарбиялоо", "Манастын" ата-эне жөнүндөгү этнопедагогикалык осуяты", "Бала Манастын инсан катары калыптанышында эмгек тарбиясынын ролу", "Манас" эпосунун биримдик, достук, ынтымак жөнүндөгү улуу идеялары - бүгүнкү жарандык тарбиянын тиреги", "Манас" эпосу: Каныкейдин улуу махабаты жана анын образынын рухий-адептик, патриоттук сабактары", "Балдарга Манас баатыр жөнүндө", "Улуу "Манас" - улут тиреги", "Улуу "Манас" эпосунун улуттук жана дүйнөлүк мааниси", "Кыргыздын улуу ойчулдарынын жана баатырларынын осуяттары - ата журт тиреги", "Манас" эпосун интерактивдик усул менен окутуу", "Айкөл Манас атанын руханий-ыймандык жана патриоттук улуу өрнөктөрү" сыяктуу китептери. Бул китептер мектептерде жана жогорку окуу жайларында "Манастаануу" сабактарында пайдаланылып келүүдө.
С.Байгазиевдин 2000-жылы жарыкка чыккан "Манастаануу" аттуу окуу китеби азыр окуучулардын, студенттердин үстөл китебине айланган. Үстүбүздөгү жылда "Манас" эпосунун руханий, адептик-философиялык, патриоттук улуу дөөлөттөрү жана педагогикалык асыл нарктары" аттуу 40 басма табактан турган бир томдугу жарык көрдү. Бул китепте улут сыймыгы-улуу "Манас" эпосунун улуттук жана дүйнөлүк мааниси, анын руханий,адептик-философиялык, патриоттук улуу дөөлөттөрү жана педагогикалык асыл нарктары, ошондой эле, эпосту окутуунун проблемалары, Манас рухунун нугунда өсүп келе жаткан муундарды социалдаштыруу, жарандарыбыздын мекенчилдикке, дастандын патриоттук-гуманисттик идеалдарынын оңутунда тарбиялоо маселелери тууралуу кенен жана терең сөз жүрөт.Советбек Байгазиев Министрликтин коллегиясы кабыл алган "Манас" эпосун мектептерде жана жогорку окуу жайларында окутуунун концепциясынын" да автору болуп саналат.
2. Педагогика тармагында
Советбек Байгазиев тээ 70-жылдардын аягында эле "Иниме кат" аттуу өспүрүм жаштардын сырдашы болуп калган чыгармасы менен багытын педагогика тармагына бурган. Бүгүн анын ысымын билбеген мектепти республиканын аймагынан табуу кыйын. Лейлек районундагы М.Горький атындагы орто мектептин мугалими Тайир Аширбайдын Билим берүү жана илим министрлигине багыштаган макала-катында ("Кутбилим", 5-декабрь,2008ж.), мектептерде мугалимдердин арасында аталган окумуштуунун эмгектеринин негизинде "Байгазиевдик окууларды" уюштуруу жөнүндөгү сунушунун өзү эле көп нерседен кабар берип турат. Себеп дегенде, бул инсандын эмгектери мугалимдерге таалим боло турган педагогикалык идеяларга бай. С.Байгазиев өзүнүн "Кыргыз тили жана адабияты окуу китептерине коюлуучу талаптар, педагогикалык тажрыйба: изденүүлөр жана табылгалар" (авторлош), "Мектепте жазуучунун чыгармачылык индивидуалдуулугун үйрөнүү: Мукай жана Жусуп", "Гумандуу педагогика жөнүндө сөз", "Ала Тоонун биринчи мугалимдери", "Окутуунун интерактивдик методу", "Ала-Тоодогу агартуунун тарыхынын очерки", "Нурмолдо XIX кылымдын туңгуч агартуучусу", "Гумандуу педагогика", "Мугалимге жети кат", "Педагогикалык руханият", "Улуттук педагогиканын улуу устаты", "Азыркы мектептеги тарбия: максаты, мазмуну жана технологиясы", "Эл мугалими Бектур Исаковдун педагогикасы", "Кыргыздын улуу акындарынын этикасы жана педагогикасы", "Калыгул Бай улуунун этикасы жана педагогикасы","Тоголок Молдонун этикасы жана педагогикасы", "Окутуунун жана тарбиялоонун философиясы"сыяктуу китептери аркылуу Кыргыз билим берүү академиясынын академиги деген бийик наамга татыктуу болгон.
3.Публицистика салаасында
Кыргыз адабиятында жана публицистикасында мыкты публицисттер бар. Бирок ошолордун катарында публицист Советбек Байгазиев аттын кашкасындай өзүнчө бөлүнүп турат. Чынында эле, анын Кыргыз рухунун, Манас рухунун маселелерин, кыргыз коомунун социалдык-маданий проблемаларын, педагогика, билим берүү, жаштар, эне тил, адабиятыбызды окутуу маселелерин, глобалдашуу процессинин кырдаалындагы Ата журттун көйгөйлөрүн көтөргөн курч, проблемалуу публицистикалык эмгектери кыргыз публицистикасындагы сапаттык кубулуш катары белгиленүүгө арзыйт. Белгилүү ветеран журналист Станбек Усуповдун бир жыйында Советбек Байгазиевди философ-публицист Асанбек Таабалдиевден кийинки ири публицист деп айтканы бар. Чындыгында эле С.Байгазиев кыргыз публицистикасында А.Таабалдиевдин салтын татыктуу уланткандардын бири. "Ч.Айтматовдон кийинки азыркы учурдун залкар публицисти-Советбек Байгазиев. "Цивилизация жана Ата журт тагдыры"-абдан оригиналдуу жазылган эмгек. Өзгөчө автордун ушунчалык көп окуп, көп билген эрудициясы бизди абдан таңгалдырып тамшантты" - деп жазат профессор Абдыкадыр Садыков "Кыргыз залкарлары" атуу китебинде. С.Байгазиевдин калемине "Атуул жана Ата журт", "Инсандын ич жактан жаңылануусунун зарылдыгы", "Байзак баатыр - кеменгер", "Жумгалдан чыккан даанышман", "Кыргыздын улуу ойчулдарынын жана баатырларынын осуяттары - Ата журт тиреги", "Арстанбек жана Жеңижоктун этикасы", "Токтогулдун этикасы", "Нурмолдонун этикасы", "Цивилизация жана Ата журт тагдыры". "Патриархалдык коллективизмден инсандык автономияга карай", "Кыргыз журту ободогу бүркүттүн көзү менен", "Чыңгызга карышкырдан кат" аттуу китептер жана 300дөн ашык публицистикалык макалалар таандык.
4.Сын жана адабият таануу айдыңында
С.Байгазиев Адабият таануу жагынан да бир катар баалуу эмгектердин автору. Анын калемине "Калем изи", "Жаңы конфликттер, жаңы мүнөздөр", "Кыргыз драматургиясынын тарыхы", "Сынган кылыч" романынын сыры эмнеде?", "Кыргыз адабияты: талдоолор жана ой жүгүртүүлөр", "Унутулган драмалар" аттуу китептер таандык. Кыргыз совет адабиятынын эки томдук тарыхынын (1990) негизги авторлорунун бири, "Кыргыз адабият таануусу жана сыны" деген эки томдукка авторлош. Кыргыз адабиятынын соңку жети томдук тарыхынын алтынчы томун жазууга катышкан. "Талант жана адабий прогресс" аттуу адабият таануу жана сын боюнча бир томдуктун автору. Мына ушул эмгектердин бардыгы тең жогорку окуу жайларынын филология факультеттеринде пайдаланылып келет. "XX кылымдагы Кыргыз драматургиясынын тарыхы" аттуу монографиясына Кыргыз Республикасынын илим жана техника жагындагы Мамлекеттик сыйлык ыйгарылган.
Окумуштуунун "Бүркүттүн көз жашы", "Кишендин бошонгон рухтун ырлары" аттуу поэзия китептери да окурмандардын жакшы баасына арзыгандыгын белгилемекчибиз.
С. О. Байгазиев Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасынын (2007) жана "Манас 1000" юбилейлик медалынын ээси. Ж.Бөкөнбаев, И.Арабаев, Т.Насирдинов атындагы сыйлыктардын лауреаты. Жумгал районунун жана Нарын областынын ардактуу атуулу. Коомго сиңирген эмгеги үчүн Жумгал райондук депутаттар сессиясы 2006-жылы өзүнүн атайын чечими менен С. Байгазиевдин ысымын Жумгал райондук борборлоштурулган китепканага ыйгарган. Ал И.Арабаев атындагы КМУнун, Талас мамлекеттик университетинин, Чүй университетинин ардактуу профессору деген наам алган.
Кыскасы, жогорудагы эмгектер Эл аралык "Руханият" сыйлыгы С.Байгазиевге адилет ыйгарылгандыгын ырастап турат. Окумуштууга мындан аркы жаңы ийгиликтерди каалайбыз.
Рахиля Умарова филология илимдеринин кандидаты