ПОИСК ГАЗЕТЫ

mainkaptal

Warning: include(../../search.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/fabula/14/0715_6.htm on line 14

Warning: include(../../search.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/fabula/14/0715_6.htm on line 14

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../search.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/fabula/14/0715_6.htm on line 14
Кыргыз гезиттер
Кошунаң кокуй болсо...
Абдырахман Маматалиев, вице-премьер министр:
"Жерге-Тал менен Мургап райондору
бизге караштуу болуп келген..."
- Абдырахман мырза, алгач, 10-июнда кыргыз-тажик чек арасындагы атышууга толук токтоло кетсеңиз?
- 3-июнда биз Тажикстандын өкмөттүк комиссиясынын жетекчиси, вице-премьер министри Алимордон мырза менен бирге 10-июндан баштап Көк-Таш - Ак-Сай-Кишимиш -Тамдык жолунун курулушун улантуу боюнча протоколго кол коюп, жол салуу маселеси боюнча биз талапка ылайык бир топ тапшырмаларды бергенбиз. Алар: "Карап көрөлү, 10-июнда Исфара шаарына келгиле" - деп чакырган. Ошентип, онунда Исфарага учуп бардык. Чынын айтканда, бизге жанагы чырлуу окуя баштала электе эле "кандайдыр деңгээлде провокация болот экен" деген маалыматтар келип жеткен. Көп өтпөй эле, бизге атышуу болуп кеткенин айтышты. Ворух менен Тамдыкта чек ара бекети бар. Ошол жерге Ворух районунун тургундары мындан алты жыл мурун труба-проводдорду көмүшүп, суу өткөрүп алышкан экен. Бирок биздин чек арачылар аларга ал жер биздин жер экенин айтып өткөзбөй коюшкан. Эмнегедир 10-июнь күнү Ворух районунун 30га жакын тургуну эртең менен эрте жогоруда айтылган жерге өтүп кетишет. Биздин чек арачылар барып, чек араны мыйзамсыз басып өткөнүн айтышып, чыгып кетүүсүн талап кылганда, алар кетмен-күрөгүн алып, таш ыргытып чыр башташат. Биздин Чек ара бекетинин башчысын таш менен башка чаап жиберишет. Анын башы чайкалып, жеңил жаракат алды. Биздикилер тапанча менен асманга атышат. Атылган тапанчанын үнүнөн улам, жакын жердеги чек арачылар жетип келишип, алар алгач асманга, анан биздин чек арачыларды көздөй атышат. Ошентип, ортодо атышуу күчөп кетет. Бул окуя түшкү 12:30дарда жүз берди. Биз болсо, телефондон атышууну тезинен токтотуу керектигин айтып, буйрук берип жаттык. Анан мен, биздин чек ара кызматынын жетекчисинин орун басары болуп, Тажикстандын чек ара кызматынын жетекчиси жана вице Алимордон менен жолугушуу уюштурдук. Тилекке каршы, кечинде тажиктер тараптан эки адам окко учуп, жетөө жаракат алганын айтышты. Ал маалымат чын окшойт. Себеби, кечинде Ворухтун эли көтөрүлүп, айыл өкмөттүн имаратынын терезесин сындырышып: "Силер бизди коргобосоңор, өзүбүздү өзүбүз коргойбуз" - деп ызы-чуу түшүштү. Тажикстандын чек ара, отрядынын жетекчиси топтолгон элди таратуунун ордуна, биздин чек ара бекетинин жетекчисине келип: "Ворухта миңден ашуун адам чогулуп, ушул жерге келатат. Бул жерди таштап кетпесеңер, силерди тебелеп кетет, мен эч кандай кепилдик бере албайм" - деп коркутууга аракет кылыптыр. Биздикилер: "Бул деген мамлекеттик чек ара таштап кете албайбыз" - деп жооп кайтарышат. Саат үчтөрдө тажик чек арачылары биздин бекетти миномёт, гранатомёттор менен аткылаша башташат. Биздикилер бир гана автомат менен аткылашты. Атышуу кечке чейин созулду. Мен Алимордон, чек ара кызматынын жетекчиси болуп, кошмо штат түзүп, эки тараптагы атышууну токтотууга бар аракетибизди жасадык. Биздин чек арачылар токтоткондон кийин тажиктер бир топко аткылап туруп алышты. Биздин бир жоокерибиз жеңил жаракат алды. Мен тажик президентинин улуттук маселелер боюнча жардамчысы генерал Хайруллаевге телефон чалдым. Ал киши мен чалгандан кийин кырдаалды толук көзөмөлүнө алды окшойт. Түнү менен кырдаалды болушунча көзөмөлдөп чыктык. Эртеси жабылган жолдорду ачтырдык. Эки тараптуу жолугушуу болуп, окуяга ким күнөлүү деген суроого жооп издедик. Тажиктер баягы адатынча эле бизди күнөөлөштү. Биздин чек арачылар өздөрүнүн мыйзамсыз аракеттерин ачык айтып, бетине коюп беришти. Эң кызыгы, алар бизди: "Эл толкундап жатат, Тамдыктагы чек ара бекетиңерди алып кеткиле" деп коркутууга аракет кылышты. Биз болсо алардын мындай талаптары акылга сыйбастыгын билдирдик.
- Тажиктердин талабы эмне? Баягы эле жолду салдырбоо да... Өздөрү баштаганын, күнөө өздөрүндө экенин дааналап мойнуна койдура алдыңарбы?
- Эң негизги себеби мына ошол жол да. Болуп өткөн окуя боюнча териштирүү иштерин эки өлкөнүн Башкы прокуратуралары колго алып, тыкыр иликтөөлөрдү башташты. Биз ушул окуядан кийин биринчи жолу делимитацияны тездетип бүтүрүү чечимин кабыл алдык.
- Тажиктер чек ара боюнча такыр башка документтерди алып чыгып жатышса, кантип делимитация тез арада бүтөт?
- Туура, тажиктер 1924-жылга таандык эски документтерди бетине кармап жатышат. Биз болсо союз тарагандан кийинки 1991-жылдагы (кайсы өлкө кайсы жерлерди ээлеп келсе, ал ошол өлкөдө калат ж.б.) документтерге таянып, делимитация ошол документтин негизинде болушу керек деп жатабыз. Ал келишим боюнча эки өлкө аймактар боюнча бири-бирине доо койгонго укугу жок. Ал документ Жогорку Кеңештен өтүп, президенттер кол койгон. Тажиктер көтөрүп чыгып жаткан эски документ боюнча Сүлүктүдөгү 85 миң гектар жер, Ворухка жакын жерлерде 22 миң жана дагы бир жерде 7 миң гектар жер Тажикстанга таандык болуп чыгат. Албетте, биз ал документке макул эмеспиз. 1924-жылга келе турган болсок, ал кезде Тажикстан Өзбекстандын курамында болчу. Эки жылдан кийин гана, так айтканда 1926-жылы өзүнчө мамлекет болуп бөлүнүп чыгышканда, ал жерлер автоматтык түрдө Кыргызстанга өткөн. Москвадан биздин адистер 1926-жылга чейин азыр тажиктерге караштуу болуп жаткан Жерге-Тал менен Мургап райондору бизге караштуу болуп келгени боюнча кагаздарды таап келген. Демек, бул маселени да эски документке таянып көтөрүп койсок болот. Ушул маселеден улам чек ара маселеси такыр эле алдыга жылбай келатат. Эми мындан ары биз чек араны тажиктердин макулдугу жок эле тактай баштайбыз. Муну ачык айттык. Вице-премьер министр туура түшүндү. Жалпысынын 4 келишимге кол коюп келдик. Тажикстандын комиссиясынын кээ бир мүчөлөрү (Сагди облусунун губернатордун орун басары ) ал кол коюуларга таарынып кетип калышты. Бирок Алимордон менен Хайруллаев мырзалар туура түшүнгөнүнө ыраазы болдук. Азыр Тажикстан менен чек арабыз 54 пайызга такталды. Толук айтканда, 970 метр чек арабыздын 519 чакырымы такталып бүткөн. Мындан тышкары, 45 чакырым чек араны да жумушчу топ бүтүргөн. Ошону кошкондо 560 чакырым жер бүттү. Тактала элек жерлер: Сүлүктүдө, азыр чыр - чатак болуп жаткан Көк-Таш, Ак-Сай, анан Алай жергесинде да бар.
- Жол салуу иши эми качан уланып, кайсыл айда бүтөт?
- Тажик туугандар эки жумалык мөөнөт сурашты. Биз айттык, силердин суранычыңарды аткаралы, анткени силер тараптан жоготуулар болуп кетти. Бирок эки жумадан кечиктирип созо берсеңер, биз жолдун курулушун өзүбүз уланта беребиз. Ал тургай ошол жолдун жээгиндеги биздин жер деп жаткан 70 сотых жердин үстүнөн өтүп кете беребиз деп катуу эскерттик. Негизи ал 70 сотых дагы 1924-жылдагы картага байланыштуу. Ал карта боюнча Ворух анклавынын тегерегиндеги 35 миң гектар биздин жер деп жатышат. Ал эми жолдун курулушун созуп, эң негизги себепкер болуп жаткан 70 сотых жердин ээси тажик улутундагы адам болгону менен Кыргызстандын жараны. Ал кишиге биздин жаран деп, биздин айыл өкмөт берген экен. Ошентип, ал сайдын боюндагы жерди иштетип жүргөн. Бирок ал киши каза болгондон кийин эки баласы тең Тажикстандын жарандыгын алып алышыптыр. Ошон үчүн тажик тарап биздин жер деп талашып жатышат. Көк-Таш-Ак-Сай-Кишимиш-Тамдык жолунун узундугу жалпысынан 25 чакырымдан ашат. Ал жолду бүтүрүп, андан ары жайлоого чыгарыш үчүн 300 млн. сомдон ашык каражат керек. Ал акча Транспорт министрлиги бюджетинен улам бөлүнүп-бөлүнүп берилип жатат. Жакшылап чыгына турган болсок, чоң тоскоолдуктар болбосо, анда жолду быйыл кеч күзгө чейин бүтүрүп койсок болот.
- 2007-жылдары Көк-Таштагы көпүрө жайгашкан 257 метр биздин жерди тажиктерге берип, кайра алардан 49 жылга ижарага албадык беле. Ага эски бийликтин эркеси болгон Адахан Мадумаров кол коюп келгенин эл унута элек. Бул боюнча эмне унчукпайсыңар? Жоопко тартуу маселесин көтөрүп чыкпайсыңарбы?
- Жоопко тартуу маселесин мен эмес, башкалар көтөрүп чыгышы керек да. Менден мурун иштеп кеткен адамдарды чукулай бергенди жакшы көрбөйм. Сиз айткан 275 метр жерди ошондон бери тажиктер менчигиндей колдонуп келе жатышат. Чыр чыккан кездерде тажиктер ал жолду да тосо коюп жатышпайбы. Ошон үчүн биз Ак-Сай-Рават жолун бүтүрдүк. Эми биздин жарандар Көк-Таштагы 275 метр жерге көз каранды (эми анын актуалдуулугу жоголду десек болот) болбой, жогоруда айткан жол менен өтүп башташты. Тажиктердин карамагына кеткен 275 метр жерди кайра көтөрүп чыгып карасак болот.
Бирок ал маселеден улам, биз курулушу башталган жолдорду бүтүрүп алышыбыз зарыл.
- Токон Мамытов менен Курбанбай Искандаров экөөнүн келишпестиги тууралуу эмне айтасыз?
- Эми Токон Мамытовду жакшы билесиңер, ал өтө шамдагай, шуулдак. Баары менен жакшы тил табышып кетет. Мүмкүн айрым жерлерде мамлекеттик эмес, жеке кызыкчылыкты коюп койгондур, балким андай эместир. Айтор, мен экөөнүн келишпестигине кийлигишкен да, териштирген да жокмун. Кыскасы, экөө бири-бирине капа болуп калышкан окшойт. Токон мырза, мен тууралуу бир топ эле такталбаган сөздөрдү ЖМКларга айтып жүрдү. Бирок мен ага жооп кайтарган жокмун.
- Сизди тажиктер менен кыргыздардын мындан мурунку чатагында жергиликтүү эл туткунга алганы чынбы?
- Аны туткун деп айтууга болбос. Ал жерде мен жалгыз эмес элем. Жанымда Курсан Сатаров, ОИИББнин жетекчиси, чек ара кызматынын жетекчисинин орун басары, 20 метр аралыкта куралданган 50дөй атайы даярдыктагы жоокерлер турган. Анан эл кимибизди барымтага алып коюшат экен? Же баарыбыздыбы? Таланып кетти делген үйгө кирип, кайра чыгып келатканда, сырттан бирөөлөр эшикти жапканга аракет кылып жаткан. Бирок биз эшикти ошол эле замат ачып чыгып, кетип бараткан кезде эл толуп, ал жерден өтө албай 40 мүнөткө жакын туруп калдык. Себеби, ал жердеги жигиттер кызуу абалда экен. Алар: "Айбалаевди коюп бергиле" деген талап коюшту. Үйгө кирип-чыгып жатканда, телефон чырылдап жаткан. Ошондо "барымтага алып койдук" деп маалымат берип жиберишиптир. Бул да кимдир бирөөлөрдүн атайы уюштуруп жибергени болсо керек.
- Өзбекстан менен абал кандай?
- Бул мамлекет менен биздин чек арабыз жалпысынан 1378 чакырымга созулат. Анын 1007си чийилип, такталып бүткөн. Өзбекстан тарап менен быйыл 9 жолу жолугушуу болду. Чек араны тактоо маселесин тездетүү боюнча макулдашканбыз. Бирок алар адегенде 1007 чакырым такталган жерге толук макул болушкан эле, азыр кайра айнып 701 чакырымга кол коёлу, калган 300 чакырымды кайра карап чыгалы деп жатышат. Алар эми нефти чыккан Бүргөндү, Орто-Токой суу сактагычы жайгашкан, Араван сыяктуу жерлерде маселе бар деп чырлап чыгышы мүмкүн. Бирок биз буга чейин такталаган 1007 чакырымга кол коюлу деп жатабыз. Булар азыр Сохко жол коридор бергиле деп аракет кылып жатышат. Себеби, биз Сохко кеткен түз жолду (15 чакырмыдай) жаап койгондуктан, азыр Кызыл-Кыя, Кадамжай, Хайдаркенди айланып 100 чакырым жерди басып келишет. Ошондой эле өзбектер жалпысынан 15ке жакын бекеттерин жаап алышкан. Ошонун айынан Барак анклавындагы биздин жердештерибиз мурун 15 мүнөттүк жолдун ордуна 7-8 саат жол жүрүп, айланып кирип жатышат. Биз Баракка кеткен жолду ачкыла деген талап коюп жатабыз. Орто-Токой сыяктуу көйгөйлүү маселени да чечишибиз керек. Айтор, Өзбекстан менен да иштеше турган иш көп.
- Буга чейин Өзбекстанга кетип жаткан биздин эбегейсиз өлчөмдөгү сууларды жабабыз деп жар салдыңар эле? Качан жабасыздар? Же ага саясий эркиңер жетпей жатабы?
- Мен түштүк жергесиндеги каналдарды, суу сактагычтардын баарын кыдырып, алардын ахыбалдары менен жеринен таанышып келгем. Көбүнүн ахыбалы начар, себеби көп жылдан бери оңдоо иштери жүргөн эмес. Мисалы, Үч-Коргон тараптагы Наманган каналынан Өзбекстан тарапка секундасына 35 куб суу кетет. Ал суу менен өзбектер миңдеген гектар жерлерди сугарышат. Эң кызыгы эч бир акы төлөбөй, бекер колдонушат. Ал каналдын башында суу бөлгөн жеринде 1953-жылдан бери бир да жолу оңдоо иштери жүрбөптүр. Аны оңдобосок жакынкы убакта жарактан чыгып калат. Ошон үчүн ал каналга биз колдон келишинче тезирээк оңдоо иштерин жүргүзүшүбүз зарыл. Бул боюнча азырынча чечим кабыл алына элек. Бирок жакынкы мезгилде тиешелүү чечимди кабыл алабыз.
- Барак айылында канча адам жашап жатат? Көчүрүү иштери жүрүп жатабы?
- Баракта жалпысынан 200дөн ашуун адам жашачу. Көчүп олтуруп, азыр болгону 35 үй-бүлө калды. Көчүп жаткан барактыктарга Кара-Суу районунан жер бөлүнүп берилип жатат. Бирок биз Баракта бир адам калса да, калбаса да ал 80ден ашуун гектар жерибизди өзбектерге берип койбойбуз. Мурда барактыктар көчөбүз деп турушкан, эми көчпөйбүз деп бел байлап турушат. Биз да аларды колдоп, жакындан жардамдарды берүүгө аракеттерди көрөбүз.
- Таластагы казактарга берилип кеткен жер боюнча эмне айтасыз?
- Ал жер 2001-жылы эле мыйзамдаштырылып берилип кеткен экен. Ошол кезде келишимге кол коюлуп жатканда Назарбаев: "Кыргыз туугандар бул келишим боюнча нааразы эмессиңерби, кийин сөз болуп жүрбөсүн. Бизге Абылай хандан калган жер эле жетет" - деп кайрылган экен. Ошондо биздин аткаминерлердин бирөө да унчукпаптыр. Казактар биздин жерге кирип кетишти деп арызданып келишкенде, биз картографтарды алып барып текшертип, кайрадан ченеттик. Тоо, суунун баарын жөө кыдырып чыгышты. Негизи чек суунун нугу менен кетиши керек эле. Ошол чек суу нугу менен келатып, бир жерден биздин жерге кирип кеткен. Көрсө, убагында картаны карашкан эмес экен. Эми он эки жылдан кийин картаны карап, нааразычылыктар айтылууда. Ал жерде дагы башка маселелелер бар. Карта боюнча кирип кеткен жерлерге дыкаттык менен тактоо иштерин жүргүзүшүбүз зарыл.

Маектешкен
Айбек Шамшыкеев