меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси

mainkaptal

Кыргыз гезиттер

Эт эмес же
чел эмес...
Кулматов деген мэр болуп, иштин баарын "алчы" тургузат деген кеп тарап, баарыбыз тегиз туруп алып ураалаган элек. Ураалабай калалык. Мурун угуп келбедик беле өзүбүз да, Жолдошованын жардамы менен билчүбүз: "Кулматов Бажы кызматын талкалап бүттү" деп жыйын сайын айтып, эскертип турганынан… Анан Чүй облусун жетектеп кеткенде дымы чыкпай калды. Карпайым эл түгүл, аткаминерлердин эсинен чыгып кетти. Бирок жөргөмүштүн желесиндей болуп илешкен жеринен чыкпаган неме көрүнөт, чамасы чарк экенине карабай чоң кызматты басып жыгылат, түгөттүкү. Айла жок Кулматов Бишкектин мэри болуп келгенде жыргатпасын билсек да, үмүт кылганбыз, эми уяты болсо кыймылдаар деп. Үмүтсүз шайтан дешет, биз адамбыз да. Бул Кулматовуң шайтандан жаман окшойт, үмүтүбүздү да талкалап салды. Өмүркулов жаман болгону менен шаарда бак-дарактар, темирге "илинген" гүлдөр суу иччү эле! Бу Кулматов дегениң, жадагалса бак-дарак, гүлдү оңдуу сугара албай койду го, чиркин.
Канча жылдан бери Бишкектин бак-дарактары, Өмүркуловдун тушунда милиондогон сомго сатылып алынган гүлдөр кулпунуп турчу. Ошону Кулматовго айтса, куудулданган болуп: "Биз деген суу үчүн согушуп жатабыз" - деп жатпайбы. Көп сөз айтпайлы, ошонун негизинде бир сөз менен айтканда мэрге тунуппуз! Ушул Кулматов мырза эч качан, ооба, эч качан эл күткөн мэр болуп бере албасы аз өтпөй айкын болду. Анан ушул кантип эл башкарсын. Айрымдар айтып жүрүшпөйбү, президенттин мураскору катары сыпаттап. Бир шаарды эптей албай таштанды менен аралашып калса, анан ушул неме өлкөнү кантип башкарат? Кудай ылайым мындай эт эмес же чел эмес сары суу болгон, мажүрөөдөн сактасын.

Баратбай Аракеев




Кулматовдун ишине канаатанасызбы?
Сурат Жылкычиев,
журналист:
- Кубанычбек Кулматовдун ордо калаабызга мэр болуп келгени тыңгылыктуу эч нерсе жасаган жок. Жасаарына үмүт жок. Болоор уул богунан. Бу киши шаар башчылыгына жарабайт. Мүмкүн башка иштердин майын чыгарып жаткандыр.

Султан Жумагулов,
ЭлТР каналынын башкы директору:
- Мэр беш айда жаңы жол сала албайт, туура эмес салынып башталып калган имараттарды да ордунан жылдыра албайт. Менимче, бүгүн таңдан тарта Токтогул жана башка көчөлөрдү жаап, ремонттоого киришти окшойт, кымгуут эле болуп жатып калдык. Ушул иш-чаралар жолдогу тыгынды канча азайтат экен - ошондо көрүнсө керек. Таштандылар кээде тоодой үйүлүп кетип жатат. "Тазалык" деген ишкананын ичин "тазалап" жатышат окшойт. Чоң реформаларды жасаш үчүн оболу структуралык өзгөртүүлөр керек болот. Бул деген кызматтарды жаңыртуу, кадрларды ооштуруу деген узак жана түйшүктүү процесс. Ошондуктан, мен шаар тургуну катары азыр эле так кесе жаман же жакшы деп баалагандан алысмын. Бирок жыл соңунда билинип калат кудурети.

Тынчтык Алтымышев,
журналист:
- Кулматов ташбака жүрүш менен кетип баратат. Өмүркуловдун учурундагыдай жолдорду оңдоо, көчөлөрдү көрктөндүрүү деген нөл. Мына, анын жол куруучулары Арча-Бешиктеги былтыр салынган жаңы жолдун (Түштүк Магистраль - Чортеков) жөө адамдар басуучу жээгин 2 айдан бери бүтө албай койду. Кызыгы, жол жээгиндеги үйлөрдүн ээлери акча жыттатып койсо, короосунун ичинен бери асфальттап берип жатат. Бул коррупцияны көрбөгөн, ал көчөлөрдөгү иштерге бир басып барбаган Кулматовдун дагы эмнесин сурайсыңар?!

Кубатбек Байболов,
коомдук ишмер:
Кыргыздар кызык калкпыз. Адамды кызматка алып бараардын алдында ага баам салып, анын ким экендигине маани бербейбиз. Качан гана кызматка баргандан кийин "мен бул кызматкерден көптү күттүм эле, үмүттү актаган жок" деп чыгабыз. Мен мисалы Кубанычбек Кулматовдон эч нерсе күткөн эмесмин жана ал мэр болсо, абал ушундай болоорун башында эле айткам жана айтып келем.

Бакыт Жетигенов,
"Ар-Намыс" фракциясынын депутаты:
Мэрде күнөө жок, мэр иштеп эле жатат. Күнөө мэриянын алдындагы "Тазалык" ишканасында жана башка мэрияга караштуу кызматтарда болуп жатат. Мэр азыр ал кызматтардын жетекчилерин алмаштырып, ишти жаңыча баштоого аракет кылууда. Буюрса, иш жаман болбойт. Мэрдин иштешине бут тосуп, саботаж кылгандар көп. Бирок мэр алардын аракетине моюн сунбай, иштейт деген ишеничтемин.

Азиза Абдрасулова,
укук коргоочу:
Мэр кол алдындагы кызматкерлерин көзөмөлдөй албай жатат. Мисалы "Тазалык" ишканасынын жетекчисин. Эгер көзөмөл болуп, жакшы иштегенде абал мындай болмок эмес.








Яндекс.Метрика