mainkaptal
Кыргыз гезиттер
Кадам ушул…
Өлтүрдүңбү, өл!

Мындан 30-40 жыл мурун адам өлтүрүү аз болчу, ал эми андан да мурун адам өлтүрүү дегениң эң эле чектен чыккан кылмыш катары кабыл алынчу. Ал эми бүгүнкү күндө адам өлтүрүү деген ууру кылгандык, хулигандык, тоноо ж.б. кылмыштар менен эле аралашып кетти, ал кылмыш чектен чыккан кылмыш болбой калып, "карапайым" эле "жөн-жай" эле кылмыш түрүнө айланды. Бул адам баласы үчүн катуу сокку!

Илгертен келаткан адамзат мыйзамы бар эле: бирөөнү өлтүрдүңбү, жооп бер. Жоопту көбүнчө өлүм менен берчү да, тактап айтканда, бирөөнү өлтүрсөң өлүм жазасына тартылышың керек. Ошол мыйзам эң туура экендигин бүгүнкү күндөгү окуялар айкындап жатат. Ойлоп багыңыз, жөн эле жүргөн бир адамды кайсы бир бандит өлтүрүп салды, анын аялы бар, балдары бар, болбосо эми-эми мурут пайда боло баштаган өспүрүм бала, болбосо, сулуулугу суктандырган кыз дейли… эми ал жок, жашоосу токтоду. Аларга өмүрдү жараткан берген, жараткан гана кайра ала алат. Ал эми тиги бандиттин кимдир бирөөнү, тигилерди өлтүрүүгө кандай акысы бар?! Эч кандай акысы жок, жоопко тартылышы керек! "Өлүмгө-өлүм" принциби айныгыс иштеши керек! А биздин былжырбай сезимибиз "адам укугу" дегенди ылжыратып сууруп чыгып, "адамды өлтүргөнгө болбойт" деп көп жылга кесип жатат. Эй, былжырбайлар, эмне үчүн жанагы бандитке адам өлтүрүүгө болот да, аны жазалап туруп өмүрүн кыйып жазалаганга болбойт! Эң сонун болот, колу менен кылганды мойну менен тартыш керек. Ушундай мыйзам болсо, чыныгы адам турмушу болор! Эки-үч мисал келтирип, чогуу-чаран жинибизди кашайталычы: мындан бир топ жыл мурун Каракол шаарында эки айбан эки кызды-бири он үчтө, бири сегизде болсо керек, орус мүрзөсүнүн жанынан өтүп баратканда кармап, бирин зордуктап, экөөнү тең өлтүрүшкөн, кыздын кичинесин шыйрактан алып гранит эстеликке чааптыр да! Көрдүңөрбү, ушул окуянын өзүн айтыштын өзү аябагандай кыйын! Анан ошол эки айбан түбөлүк соттолуп, азыр биздин эсептен тамак ичип, мончосуна түшүп, шейшебин байма-бай жаңыртып жашап жатканы. Бу деген айбандыктын жеткен чегидир! Былтыр болуп кетти го, Аламүдүн кичирайонунда жашаган бир орус өзбек жигиттен компьютер сатып алам деп аны өлтүрүп из жашырат. Эми ошол орус айбан 17 гана жылга кесилип, анысын да бат бошойм деп СИЗОдон өткөзүп жаткан экен, энеси таасирдүү имиш. Тиги өлгөн өзбек бала бир бүлөнүн жалгыз баласы экен, кашайып! Былжырак мыйзамыбыз ошол бала менен кошо эне-атасын да өлтүрүп жатпайбы, жанагы баш кесерди багып! Аз мурун дагы бир айбанды 13 жылга кести. Ал көркоо бир кызды өлтүрүп туруп, этин кууруп жептир! Эки жыл мурун күйөөсүн өлтүргөн аял менен өлтүрүшкөн эки кызы соттолду. Эч нерсе эмес, багып жатабыз! Эми ошону багып алабыз, багып жатабыз, "канаттууга кактырбай, тумшуктууга чокутпай" багып алабыз. Арыбыз жок экен да, таш боор экенбиз да, бөөдөсүнөн өлтүрүлгөндөрдүн арбагын тебелеп-тепсеп!
Бүгүнкү күндө өлүм жазасы Америкада, Кытайда, Иранда, Пакистанда, Иракта, Афганистанда, Сауд Аравиясында, Израилде, Сингапурда, Малайзияда, Таиландда ж.б. бир катар мамлекеттерде бар. Ал эми Батыш мамлекеттеринин баарында өлүм жазасы алынып салынган.
Кытайда өлүм жазасы адам өлтүргөндөн башка да пара алгандар, сойкукана кармагандар да өлүм жазасына тартылат, атылат. Атаганат, дал ошондой жаза биздин Кыргызстанга ушул азыр аябагандай зарыл болуп турат! Эмне, 1,5 миллиарддай адамы бар Кытай, дүйнөдөгү эң кубаттуу экономикасы бар, 290 млн калкы бар Америка гумандуу эмес да, биздин кенедей Кыргызстан гумандуу экен да!
Жазып келатабыз, жанагы адам өлтүргөндүктү чымын өлтүргөндүкчө көрбөгөн көркоолор айтып турганы: "Ии, эмне соттосоңор соттогула, баары бир жашай берем" деп. Көрсө, адам баласынын жаратылышында өмүр дегенден кымбат нерсе жок экен да. Өмүргө адам баласы кандай гана жармашат да! Тээ илгери мен бир жылдай Академиянын философия жана укук институнда иштеп калдым. Ошондо ал институтта Курманов деген чыгаан юрист аксакал иштечү, азыр атын унутуп жатам. Баса, ал киши Зайнидин Курмановдун атасы экен. Ошол киши бир ирет айтып берди эле: "Фрунзеде "Волк" деген каймана аты бар аябагандай коркунучтуу бандит бар экен. Мына ошол кайсы бир өлүм үчүн кармалып, атууга кесилет. Мурун ал айбаның эч кимди урбайм, эч ким мени коркута албайт, баарын урганым жок деп айтчу экен да. А турсун, сот болуп, өлүм жазасын угузганда кенедей да тоотуп койбой турган экен. Анын кийин атуу ишке ашырыларда, атууга алып баратканда аюуча чаңырды дейт, "Айланайындар, атпагыла, өмүр бою түрмөдө олтурайын" деп. Ушуну дасыккан юрист айтып берген, мындан туура 34 жыл мурун, чөп чабыкта… Демек, өлүм деген жөн адамды эмес, ашынган бандиттерди да тизе бүктүрүп, боздотуп салат. Эгер өлүм жазасы колдонулганда далай бандит тизгинин тартып турмак! Бул болчу көрүнүш!
…Өлүм жазасы бүгүнкү дүйнөдө төмөндөгүдөй жолдор менен ишке ашат: атуу, дарга асуу, таш бараңга алуу, дары куюп өлтүрүү, электр стулуна олтургузуу, башын алуу, газ камерасы. Ал эми өлүм жазасынын тарыхын барактасаң, төмөндөгүдөй өлүм жазасы ишке ашырылчу экен: Башын гильотина менен кесүү, буту колун кесүү, сууга чөктүрүү, кайнак сууга салуу, денесин керип мык кагуу, ысык темир басуу, өрттөө, тирүүлөй көмүү, жырткыч айбандарга салып берүү, майдалап кескилөө, муунтуу, кабыргасынан илүү, казыкка олтургузуу ж.б. Эми мунун баары жапайылыктан бери келаткан жазалар. Азыр баш кесерди ит аткандай атып салгандан башка жол жок. Тигинтип-минтип өлтүргөн жапайылык болор, ал эми баш кесерди таптакыр өлтүрбөй койгондук ого бетер айбандык болор!
Оо, бизде өкмөттүк эмес уюмдар толтура. Анын көбүн "аңги аялдар" башкарат, алган акчалары аңги кылат, айбан кылат! "Аңги" болгондору менен аябай эле "назик" , "боорукер", ошонун айынан адам өлтүргөндөрдү коргоп турат, "тийбегиле, укугу бузулат, андар көрө багып алалы" деп. Анын бетин ары кылсын дечи, мисалы ошол "ашкере гумандуу катындардын баласын же кызын өлтүрсүнчү, кандай сайрар экен! Баланча, кызыңды зордуктап, бети-башын тилип туруп өлтүрсө, сен кандай аракет кылар элең, ыя, укук коргоочу катын?!
Былтыр Россияда да өлүм жазасын калыбына келтирүүнү көздөгөн пикир пайда болуп, коомчулуктун колдоосуна ээ болду эле. Азыр бир аз токтоп турат. Бизде болсо, ушул маселени көтөргөн жарандардын саны көбөйүп жатат. Акыр-аягы өлүм жазасын алып келерибиз бар. Бул деген канкордукту токтотууга болгон укмуштуудай аракет болуп саналат!

Баратбай Аракеев









Яндекс.Метрика