Эстеп койчу эки маселе
Ташиев карыларды кантти?!
Гезитибиздин өткөн санында биздин бала - Айбек Шамшыкеев Камчыбек Ташиевдин НТС каналындагы "Аркан тартыш" аттуу көрсөтүүсүндөгү айткандар жөнүндө комментарий берип, өз пикирин айткан эле. Жакшы айткан. Ал жөнүндө бир нерсе айтып калуу зарылчылыгы мен үчүн керек өңдөндү.
Ошол көрсөтүүдө Камчыбек мырза өзүнүн кашаадан ашып түшкөнү туура эмес экендиги, мыйзам чегинде туура жазага тартылгандыгы, Алмазбек Атамбаевдин коррупцияга каршы күрөшү туура экендиги, эгерде күнөөсү болсо, Акматбек Келидибеков жооп бериш керектигин айтты. Ушунун баары жакшы болду. Ошондой болгондон кийин, өзү менен чогуу олтурган Мамытов менен Жапаров да күнөөлүү экен. Алар эмне туура эмес иштерин айтпайт? Же Ташиевди тизмеден чийип салганбы. Дагы ары кетели. Ташиевди коргойбуз, ага саясий заказ болгон деп, "Баатыр энелер" менен "баатыр аталар", тентек балдар, ОБОНчу катындар бир тегиз туруп жол тосуп, мамлекеттин стабилдүүлүгүнө аябагандай шек келтирди эле, бюджеттин толбошуна салым кошту эле. Анан Ташиевдин "моюнга алуусунан кийин" алардын "юридикалык абалы" кандай болот?! А балким, сот жообуна тартылабы? "Биздин чыгаан уул, бизде ушундай уул бир кылымда бир жаралат" деп жол тосуп олтурган "каапрылар" Ташиевдин айтылган билдирүүсүнөн кийин кандай абалда калат болду экен. Же абалга жараша, пикирин өзгөртө берген, өзгөрткөндө да жигиттигине карабай өзгөрткөн уулунун ойт бермеси аларга маякпы!?

"Ата Мекендин" "арбагы" калабы?!
Андай айтабыз, мындай айтабыз, Өмүрбек Текебаевдин ондогон жылдар бою чогулган кадыры короп барат окшойт. Бул айтылган менин тилегим эмес, анткени, мен Өмүкени жаман көрбөйм. Анткени, ал Кыргызстандагы демократиянын өнүгүшүнө, калыптанышына чоң салым кошкондордун бири, анабашында. Жеке мен аны менен сый мамиледемин жана сыйлайм. Бирок, ошол мамиле менен иш бүтпөйт экен. Айталычы, "Ата Мекендин" курамынан жаманбы же жакшыбы аты бар депутаттар Өмүрбек Абдрахманов менен Равшан Жээнбеков адегенде коалициядан чыгарылып, андан соң партиядан айдалды, партия мүчөлөрү Туратбек Мадылбеков менен Райкан Төлөгөновдун мародерлук ишке катышы бар деген кептин аңыз болушу, эл сүйгөн депутат Карганбек Самаковдун партиядан кетиши, мен жакшы көргөн Болот Шер жөнүндөгү аңыздар, Алтынбек Арзымбев өңдүү "кримдердин" партияга кедерги болушу жана башка "итчилик" иштер "Ата Мекендин" белин сындырып тынды окшойт! Анан да мамлекетибизге жакшылык келсе экен деп жан дүйнөсүн арнап, бүт аракетин кылып жаткан Алмазбек Атамбаевге чын дилден жардам бербей жатканы кокуй күндүктүр ыя, наалаты?!

Баратбай Аракеев




Келдибековдун соту болот, Өмүркуловдуку жылды
Коррупцияга шектелип, өткөн жылдын ноябрь айынан бери камакта жаткан Ахматбек Келдибековдун иши бүгүн 15-июнь күнү Биринчи май райондук сотунда каралат. Эгерде эле ден соолугум начар деп сотко келбей койбосо. Дегенибиз, 10-июлда боло турган сот процессине саламаттыгы начар экени айтылып, келбей калган. Мындай себептер бир топ айдан бери кайталанып, соттук териштирүү иши үзгүлтүккө учурап, аягына чыкпай узарып келе жатат. Келдибековдун минтип сот ишин өзү создуктуруп жатканына байланыштуу, президент, Келдибеков өзүнүн ак экенине ишенсе ишти созбой, соттон акталып чыгышы зарылдыгын белгилеген. Мындай пикирин Акматбекти үй камагына чыгаруу талабы менен жердештери Ош-Эркеч-Там жолун бир айга жакын бууган жоруктарынан улам билдирген. Ал эми Жогорку Кеңештин депутаттары болсо, каникулга кетээр алдында Келдибековду үй камагына чыгаруу боюнча Жогорку Сотко өтүнүч келтирген токтом долбоорун жолдошкон. Талдоочулар эл өкүлдөрүнүн мындай жердешчиликке берилген өң-тааныштык мамилесин "кошоматчылык, коррупцияга бут тосуу" катары баалашкан. Эми иш карала турган болсо сотко Жогорку Кеңештин токтомунун таасири тиеби же мыйзам чегинде иш жүрөбү, чыккан чечимден кийин анык болот.
Ал эми Бишкектин мурдагы мэри Иса Өмүркуловго байланыштуу сот отуруму 23-июлга калды. Буга ишти карап жаткан Октябрь райондук сотунун судьясы Жамила Сабитованын ооруп калганы себеп болгон.





Кимисиники чын?
Кыргызстанда ооруканаларды бир катар дарылар менен камсыздаган "World Medicine" компаниясы эч жерде катталбаганы маалым болду. Жогорку Кеңеш депутаты Ширин Айтматова Кыргызстандагы АКШ элчилигине кайрылып, Америкада катталды деген "World Medicine" фирмасы тууралуу маалымат алган. АКШнын тиешелүү органдары аты аталган компания жок экендигин билдиргенин, АКШ элчилигинин саясий-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Жим Моррис депутатка жазган жооп катында маалымдаган. Белгилей кетсек, "World Medicine" фирмасы Кыргызстанга бир катар дарыларды, анын ичинде жүрөк оорулуулар колдончу "Кокарнит" дарысын ташыйт.
Ширин айымдын айтымында, ушул эле компаниянын түгөйү, бөйрөк жана рак илдетине кабылгандар колдончу дарылар менен камсыздаган "Rotapharm" фирмасынын дарылары да шектүү. Бирок, Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Дары-дармек менен камсыздоо боюнча департаменттин башчысы Рустам Курманов Айтматованын маалыматтары чындыкка коошпойт дегенди айтып, ар бир дарынын сапаты текшерилет, шектүү дарылар алынбайт деп ишендирүүдө.





Эң бай беш айым депутат
Жогорку Кеңештеги 27 аял депутаттын ичинде эң бай аялдардын тизмесине 5 аял депутат кирди. Биринчи орунда "Ата-Журт" фракциясынын депутаты Динара Исаева турат. Анын 2013-жылдагы кирешеси 80 миллион 562 миң сомду түзгөн. Сыягы, Данияр Үсөновдун Кыргызстандагы бизнесин депутаттык мандатка таянып гүлдөтүп жаткан окшойт. Экинчи орунда, КСДП фракциясынын депутаты Дамира Ниязалиева турат. Ал былтыркы жылы 32 миллион 452 миң сом тапкан. Дары-дармек сатып дегендей. Үчүнчү тизмеге "Ар-Намыстан" Айнура Алтыбаева 18 миллион 200 миң сом кирешеси менен илинген. Төртүнчү орунга 11 миллион 170 миң сом менен "Республикадан" Чолпон Султанбекова ээ болгон. Бешинчиге "Республика" фракциясынан 10 миллион 976 миң сом Роза Акназарова чыккан. Тизме андан ары Урмат Аманбаева 8 миллион 339 миң сом, Надира Нарматова 5 миллион 419 миң сом болуп уланып кете берет.