presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргыз гезиттер
"Кумтөр" сөз менен эмес,
иш менен пайда келтирет!
Окумуштуулар дүйнөдөгү бардык мөңгүлөр эрип жатканын каңкуулап келишет. Мындай тенденция суу ресурстары үчүн болгон күрөшкө алып келиши да мүмкүн. Мындай глобалдык проблемадан албетте, Кыргызстан да четте кала албайт. Бизде дагы мөңгүлөрдүн эригени байкалууда. Ошондуктан мөңгүлөрдү сактоого биз дагы кам көрүшүбүз керек. Бирок айрым саясатчы сөрөйлөр ушул кырдаалды жеке кызыкчылыктары үчүн саясий шоуга айлантып салышты. Мунун мисалы катары мөңгүлөр тууралуу мыйзам долбоорун айтсак болот. Ал мыйзамдын шарты боюнча бүтүндөй экономикабызды сүйрөп келе жаткан "Кумтөр" ишканасы токтошу керек экен. Бирок президент бул мыйзам долбоорун артка кайтарып, эгер бул мыйзам күчүнө кирип кала турган болсо "Кумтөрдөн" түшчү акчанын ордун жапчу каржы булагын көрсөтүп берүүнү талап кылды. Бул боюнча өзүнчө узун сабак айтсак болмок. "Кумтөр" иштебей калган күндө деле мөңгүлөрдүн эриши токтолбойт деп ким кепилдик бере алат? Ысык-Көл облусундагы экологиялык абалды жакшыртууга компаниянын көргөн камылгасын эске алганда, балким тескерисинче кырдаал терс жагына да өнүгүшү мүмкүн. Иш токтосо, жардам берүү дагы кан буугандай токтойт эмеспи. "Кумтөр" өзүнүн алдындагы баардык тоскоолдуктарга карабастан келечекти курууга болгон күч аракетин жумшоодо. Мисалы, жакында эле Ысык-Көл облусунда фермерлердин катышуусунда семинар өткөрүлдү. Аталган семинардын максаты фермерлерге тамчылатып сугаруу ыкмасын үйрөтүү болгон. Мындай сугат иши суу тартыштыгын жоюуга өтө чоң көмөк көрсөтөт. Экинчиден сугарылып жаткан өсүмдүктөргө суу бирдей, тегиз жетет. 60 гектар жерге алма, алмурут өстүргөн Насру кооперативинин катышуусу дагы бул семинардын маанилүүлүгүн көрсөтүп койду. Семинардын аягында фермерлер тамчылатып сугаруунун эффективдүүлүгүнө кадимкидей ишеним артып, зор кызыгуусу пайда болгону байкалды. Семинарга катышкан Ысык-Көл облусунун Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Каптагаев дагы дал ушул тамчылатып сугаруу ыкмасы менен суу жетпеген жергелерге суу жеткирип алмурут, алма, абрикос отургузуу сунушун айтты. Бул семинарды "Кумтөр" ишканасы Кыргызстандын айыл-чарбасын өнүктүрүү максатында өткөрдү.
Эсиңерге сала кетсек, "Кумтөр" буга чейин дагы 3 жылдык мөөнөткө эсептелген Ысык-Көлдөгү мөмө-жемиштерди өстүрүү максатында "Карагат" долбоорун ишке берген. Бул долбоордун алкагында фермерлер суукка жана ар кандай мөмө ооруларына туруштук берген польшалык карагаттын жаңы сортун өстүрүүнү үйрөтүшүүдө. Ошону менен бирге жогоруда айтылгандай тамчылатып сугаруу ыкмасын дагы үйрөтүүнү колго алышты. Учурда Ысык-Көл облусуна 5000 түп көчөт алынып келинип, Барскоон айылындагы фермерлерге салтанаттуу түрдө тапшырылып берилди. Кара, кызыл, ак карагаттын көчөттөрү чарбаларга, окуу жайларга, фермердик топторго бекер таркатылып берилди. Бул көчөттөр эки жылдан кийин түшүм берээри күтүлүүдө. "Карагат плюс" долбоорунун менеджери Нурлан Токоновдун айтымында карагатты өстүрүүгө 5 сезонду тандап алышкан. Мындан тышкары фермерлерге көрсөтмө курал катарында демонстративдик борборду ачышкан. Ал жерде суу жетпеген жана өтө кыйындык менен жеткен жерлерге суу жеткирүүнү ачык-айкын көрсөтүп берет. Долбоор фермерлерге түшүм алып, аларды сатканга чейин көмөгүн улантат. Өз продукцияларын сактоо үчүн фермерлерге деп атайын жай да салып беришкен. Ал жерде абаны салкындатып туруучу жабдыктар орнотулган. Ошондой эле фермерлерге теплицаларды салууга дагы жардам көрсөтүлөт. Эске сала кетсек, долбоор 3 жылга пландалып, жалпы бюджети 900 миң долларды түзөт. Экономикабыздын ушундай абалын эске алсак, бизге эч ким, эч качан кайтарымсыз түрдө айыл-чарбабызды өнүктүрүүгө мындай ири суммадагы акча жумшабайт. А "Кумтөр" болсо өз кезегинде айыл-чарбасына көмөгүн көрсөтүү менен эле чектелбей, фермерлерге тамчылатып сугаруу ыкмасын үйрөтүү менен сууну үнөмдөөнү үйрөтүүдө.
Тиленбек Азык











??.??