presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргыз гезиттер
Жол сакчысы билдирет!..
Талантбек Исаев,
Ички иштер министрлигини Жол-кайгуул кызматынын жетекчиси:
"Жол эрежесин сактап айдагандарга пара берүүнүн кажети жок"

- Талантбек Кедейканович, мына жакында президент Алмазбек Атамбаев жол эрежесин бузгандарга, өзгөчө спирт ичимдигин ичип алып айдагандарга 20 миң сомго чейин айып пул салуу, кырсыкка себепкер болгондорду үч жылга чейин айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратуу тууралуу мыйзам долбооруна кол койду. Коомчулукта бул мыйзам долбоору ар түрдүү талкууланууда. Айрымдар туура кабыл алышса, кээ бирлери бул мыйзам МАИ кызматкерлеринин коррупцияга батышына өбөлгө түзөт дешүүдө. Анткени 10-20 миң төлөп отурбай, мага 5 миң сом берип кете бер деген көрүнүш орун алат деген көз караштар бар. Алгач ушул боюнча токтолуп кетсеңиз?
- Бул мыйзам долбоору коомчулукта жарым жылдай талкууланды. Интернет сайттарында турду. Андан кийин Жогорку Кеңеште комитет, фракцияларда каралды. Биздин долбоордо спирт ичимдигин ичип алып машина айдагандарга 50 миң сом айып салуу сунушталган. Бирок эл өкүлдөрү ичип алып айдагандарга 10 миң сом, эгер кырсыкка себепкер болуп, жаракат, материалдык зыян келтирсе 20 миң сом айып салуу, 3 жылга чейин айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратууга токтолушту. Көпчүлүк жарандарыбыз бул мыйзамды колдоп жатышат. Ал эми азчылыкты түзгөн айрымдар ишенбөөчүлүк көз караш менен карашып, паракорчулук өөрчүйт деп айтышууда. Бул сөздү айтып жаткандар жол эрежесин сактабагандар. Мен аларга айтат элем, паракорчулук болбош үчүн, жол эрежесин бузбаш керек. Жол эрежесин сактап айдагандарга пара берүүнүн кажети жок. Эч ким жөнү жок эле себепсиз токтотуп алып, пара талап кыла албайт. Көпчүлүк учурда айдоочу параны өзү сунуш кылат.
- Эмне үчүн?
- Анткени, айып пулду төлөө системасы татаал болчу. Башкача айтканда ыңгайсыздык жаратчу. Эмне үчүн дегенде, эреже бузган айдоочуга убактылуу күбөлүк жазып берет. Анан ал салынган айыпты пулун төлөп, айдоочулук күбөлүгүн алыш үчүн Кыргыз почтасын издейт, саат 6дан кийин болуп кала турган болсо касса жабылып калган болот, алтынчы жана дем алыш күн болсо иштебейт, анан 1-күндү күтөт, анан жумушунан суранат, МАИге барып кезекке туруп, анан айдоочулук күбөлүгүн алчу. Канча нерв, убакыт кетет. Ошол себептен айдоочу ошол жерден МАИ кызматкерине ошол айып пулду берип, кетип калганды туура көрчү. Биз мына ушул системаны бузуп, айдоочуларга жеңилдик шарт түзүп, МАИ кызматкеринин машинасына посттерминалдарды орнотуп бердик. Бишкек шаарында 163 машинада, Чүйдө 100 машинада бар. Айдоочунун банктык төлөм картасы, виза карточкасы болсо дароо ошол жерден посттерминалдан айып пулун төлөп, күбөлүгүн алып кете берет. Эки жакка чуркабайт. Шаарда "Народный" дүкөндөрүндө терминалдар бар. Ошол жерден төлөп, квитанциясын алып келип берип, айдоочулук күбөлүгүн алып кете берсе болот. Комиссионный деп кошумча каражат алынбайт. Коррупцияны жоюу боюнча ушундай кадамдарды жасап жатабыз.
Жакында бул тууралуу турсезондун ачылышында Казакстандын, Россиянын журналисттерине айтып, көргөзүп бердик, алар мындай система бизде жок, силер алдыга кетиптирсиңер деп айтышты.
- Айткандай, жаңы мыйзамга президент кол коёру менен Ысык-Көл облусунда МАИ кызматкери айдоочудан 10 миң сом пара талап кылып жаткан видео интернет булактарына тарап, коомчулукта кызуу талкуу жүрүп жатат. Бул жагдай айып пулдун көлөмүн көбөйтүү МАИ кызматкеринин чөнтөгүн кампайтат деген сындарга негиз болуп жаткан жокпу?
- Бул жерде эки тарапта тең күнөө бар. Айдоочу акчаны бекер берип жаткан жок, ичип алган. Ошондуктан кылмыш жолу менен пара сунуштап жатат. Азыр официалдуу айып пул ичип алгандарга 1 500 сом. Жаңы мыйзам 1-августта күчүнө кирет. Жанагы пара талап кылган акмак, биздин аракеттерибиздин баарын жокко чыгарып, бүтүндөй МАИ кызматынынын аброюна доо кетирди. Ал акмак 4 миң сом берип жатса, ошону да албай, 10 миң сом талап кылып жатат. Мен Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын башчысы менен сүйлөшүп, ал акмакты жөн эле МАИ кызматынан четтетпестен, ички иштер органында таптакыр иштебей тургандай чечим кабыл алыш керектигин айттым. Бул боюнча буйрукка кол коюлуп, чара көрүлөт. Биз мындай кызматкерлерден сөзсүз тазаланышыбыз керек. Бул үчүн коомчулук дагы жардам бериши абзел. Кайсы жерде мыйзамсыз иш болду, ишеним телефондоруна чалып, кат жүзүндө кайрылып көмөк көрсөтүп, биргелешип иш кылсак, коррупцияга бөгөт коёбуз. Бул багытта МАИ кызматкери таза иштеши үчүн айып пулдан түшкөн каражаттын 25 пайызын кызматкерлерге сыйлык катары берүүнү мыйзамга киргиздик. МАИ кызматкери тобокелге барып бирөөдөн акча талап кылбай, мыйзамдуу түрдө айып пулдан түшкөн каражаттан сыйлык катары алсын деп. Бул да болсо жакшы кадам.
- Айып пулдун көлөмүн көбөйтүү жол кырсыгын азайтууга негиз болоруна ишенесизби?
- Ишеним бар. Анткени жол кырсыктары көпчүлүк учурда ичип, мас болуп машина айдагандын кесепетинен болот. Айып пул көбөйсө ичип алып айдагандардын саны бир топ кыскарат. Мына алты айдын жыйынтыгы боюнча айтсак, былтыр 3 миң 26 жол кырсыгы катталган. Быйыл 3 миң 200дү түздү . Бул 5,8 пайызга көп дегенди билдирет. Бул жол кырсыктарынан былтыр 460 киши каза болуптур, быйыл 441 киши кайтыш болгон. Бул 4,1 пайызга төмөндөгөнүн туюндурат. Жети-сегиз жылдан бери жол кырсыгынан каза болгондордун саны биринчи ирээт төмөндөп жатат. Бирок жаракат алгандардын саны 7 пайызга өскөн. Былтыр ичип алып жол кырсыгына туш болгондордун саны 254 болсо, быйыл 244 болуп, 3,9 пайызга азайган. Төмөндөө көрсөткүчү биз жүргүзүп жаткан алдын алуу иштеринин натыйжасы десек болот. Жол белгилерин оңдодук. Түркия мамлекетинен алкотестерди алып келдик. Анда бир күндө канча киши ичимдик ичип алып айдаганы боюнча маалымат калып калат, текшерүү учурунда. Аны эч ким өчүрө албайт. Аны өчүрө турган ачкыч менде гана бар. Мындан сырткары Кытайлар эвакуатор алып беребиз деп турушат. Оң рулдуу машиналарга чектөө киргизип жатабыз. Себеби бул да жол кырсыгынын бир фактору болуп жатат. Мындан сырткары кызматкерлерибизди чет өлкөдөн тажрыйбасын арттыруу үчүн окууга жөнөтүп жатабыз. Буга чейин бир да МАИ кызматкери чет өлкөгө чыккан эмес. Айтор комплекстүү иш алып барганга аракет көрүүдөбүз.
Мына мен атайын интернеттен карап, дүйнөдөгү 180 мамлекеттин ичинен ар бир миң кишиге канча машина туура келээрин таап чыктым. Эң биринчи орунда Манако турат экен. Ар бир миң кишиге 908 машина туура келсе, андан кийин Америкада 802, Германия 27 орунда 534 машина, Россия 53 орунда 293 машина, Кыргызстан 62 орунда 211 машина, Казакстан 63 орунда 197 машина, дүйнөдөгү эң бай мамлекет Бириккен Араб Эмираты 64 орунда 193 машина, Турция 90 орунда 138 машина, Тажикстан 132 орунда турат 38 машина, Пакистанда ар бир миң кишиге 11 машина туура келет экен.
Ар бир жүз миң кишинин санын алып караганда, жол кырсыгынан кайтыш болгондордун саны дүйнө жүзүндө Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун эсеби боюнча 17 пайызга жетет экен. Ал эми Тажикстанда 14,1 пайыз, Россияда 30,6 пайыз, Кыргызстанда 22,8 пайызды түзөт. Эми бул көрсөткүчтү азайтуунун үстүндө иш алып барабыз.
- Кымыз, бозо ичип алып машина айдагандар деле спирт ичимдигин ичип алып айдагандар төлөгөн айып пулду төлөшөбү?
- Ооба, төлөшөт. Элдин баары билишет, бозо, кымызда дагы спирт ичимдигинин градусу болот. Андыктан кимде-ким кымыз ичкиси келсе, тоого чыгып, ат минип эс алсын, болбосо кечинде машинасын токтотуп коюп ичишсин.
- Коомчулукта айыпты дайыма жөнөкөй жарандар тартат, чоң кызматта иштеген чиновниктер айып тартыштыпайт, алар күбөлүгүн көрсөтүп коюп кете беришет. Аларга МАИ кызматкеринин тиши өтпөйт дешет. Бул багытта кандай чара көрөсүздөр?
- Ким болосуң, мейли министр, депутат, бизнесмен, жөнөкөй жаран бол, жол эрежеси баарына бирдей. Күбөлүк жол кырсыгынан сактап кала албайт. Биз учурда жума сайын курорттук мезгил башталгандан бери 5-күнү Бишкектен көлгө эс алганы кеткендер көп. Эки күн эс алышат, ичишет да дем алыш күнү кайра шаарга чыгышат. Баратканда, келе жатканда машинаны катуу ылдамдыкта айдашат. Ошол себептен, биз жөнөкөй күндөрү жолдо төрт-беш пост тосот койсок, 5-күн менен дем алыш күнү 12ге чейин тосот коюп жатабыз. Бул да болсо жол кырсыгын болтурбоо чарасы. Балыкчыдагы экопосттун жанына жума сайын Бишкектен, Балыкчыдан врачтарды алып, рейд өткөрүп, ошол жерден "крутой" машиналардын баарын тосуп, ичип алган эмеспи, документи жайындабы текшерип жатабыз. Акыркы эле жумада ичип алып айдаган 4 жаран, милициянын полковниги кармалып, тиешелүү чара колдонулду. Азырынча эреже бузган министр, депутаттар кармала элек, кармалышса аларга деле чара көрүлөт. Туура, кээ бир учурда жол-кайгуул кызматынын кызматкерлеринин колунан чара көрүү келбей калып жатат. Айрым чиновниктер баш ийбей кетип калган учурлар бар. Бирок анын баарына жарандык коом, журналисттер чогуу биргелешип күрөшсөк, күбөлүгүнө таянгандарды деле ооздуктасак болот.
- Сиз өзүңүз баш болуп рейдге чыгып жатканыңызды айтып жатасыз. Бирок бул көрүнүштү Ички иштер министри Абдулла Суранчиев сынга алып, "Генерал башы менен машина кууп жүргөнү уят" - деп билдирди. Сиз кандай кабыл алдыңыз?
- Эгер МАИ кызматынын жетекчиси болбосом, мен рейдге чыкпайт элем. Анын үстүнө менин машинамды элдин баары билишет, эгер мен жол эрежесин бузган бирөөнү көрүп туруп, ал министр, депутат же жөнөкөй жаран болсун аны токтотуп чара көрбөсөм, же эскертүү бербесем, коомчулук айтат да бул эмне болгон жетекчи деп. Экинчиден, кайдыгерлик кылып мен генералмын, полковникмин деп өз кабинетибизде отура берсек, анда ким иштейт? Биз кабинетте отура бербей, эл менен аралашып, мыйзамсыз иштерге бөгөт коёлу, тартип болсун деп иштеп жатабыз да. Мунун эмнеси жаман?
- Жол кырсыгын азайтуунун бир жолу катары жарандар айдоочулук күбөлүктү сатып алган көрүнүштү токтотуш керек болчу, айып пулдун көлөмүн көбөйткөндөн көрө дешүүдө. Сиз макулсузбу?
- Албетте, акыркы кабыл алынган жаңы мыйзамда ушул жагдайды эске алдык. Мурун өзүн-өзү даярдоо деген көрүнүш бар болчу. Жарандарыбыз менин окуп айдоочулук күбөлүк алганга убактым жок, мен өз алдымча окудум, жол эрежелерин билем, машинаны айдай алам деп арыз жазып, 100 доллар кыстара коюп, жетекчиге кол койдуруп экзаменге кирип кете берчү. Ушул системаны токтотуп жатабыз. Мындан сырткары, автомектептерди көзөмөлдөөгө укук алып жатабыз. Мурун укугубуз жок болчу. Көзөмөлдүн жоктугунан айрым автомектептер эч кандай окуу методикасы, автодрому жок эле окутуп, акча тапкан бизнеске айлантып алышыптыр. Биз иликтөө жүргүзүп көрдүк, Кыргызстан боюнча 3 автомектепте гана талапка ылайык болгон бардык шарт бар экен. Бир кызык жагдайды айтайын, Жал районунда бир квартирада автомектеп бар экен. Окуу методикасын, автодромун жана башкаларын айтпай эле коёюн, бир жол эрежеси боюнча китептен башка, жадагалса балдар отуруп бир нерсе жаза турган партасы жок. Буюрса мына ушул терс көрүнүштү да көзөмөлгө алабыз. Ошондой эле, экзаменге биздин МАИ кызматкерлери да катышат. Мурда МКК (ГРС) гана алчу. Кыскасы, айдоочулук күбөлүк сатып алчуларга бөгөт коюу багытында иштер жүргүзүлөт.
- Жаңы мыйзам долбоорунда ички иштер органында иштеген кызматкерлер себепсиз токтотсо, 5 миң сом айып пул төлөөрү көргөзүлүптүр. Ушул жагдайды токтоло кетсеңиз?
- Ооба, мунун себеби бар. Анткени жол-кайгуул кызматында иштеген, бирок жолдо тосотто туруп иштөөгө укугу жоктор, өз чөнтөгү үчүн жол тосуп иштебеши үчүн кабыл алынды. Мына жакында МАИ тармагында комендант болуп иштеген кызматкерибиз, жолдо иштеп жатыптыр. Туура, анын деле формасы, значогу бар, бирок жолдо туруп иштөөгө укугу жок. Кармалып калып, кызматтан четтетилди. Мындайлар көп. Ошондуктан колунда маршуруттук листи, дислокациясы жок болсо, күбөлүгүн көрсөтпөсө, мыйзамсыз иштеп жаткан болот. Алар тууралуу маалымат түшсө, сотто далилденсе 5 миң сом айып төлөшөт.
Маектешкен
Алмаз ТЕМИРБЕК уулу











??.??