presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргыз гезиттер
Элек…
Тынчтык Шайназаров,
Жогорку Кеңештин депутаты:
"Биздин өлкө өрт өчүргүч сыяктуу болуп калды"
- Тынчтык Ураимович, Жогорку Кеңеш эс алууга чыкты. Парламенттин ишмердүүлүгү натыйжалуу болдубу?
- Парламенттин ишмердүүлүгү жакшы деп айта алам. Себеби, депутаттар Өкмөт суранган бардык мыйзамдарды кабыл алып берди. Башкача айтканда, Өкмөттүн иштешине шарт түзүп берип жатат. Ал эми ошол кабыл алынган мыйзамдардын аткарылышы боюнча айтсак, бул жерде бир топ көйгөй бар. Экономика качан өсөт? Жашоо шарт качан оңолот? Мен ар дайым айтам, мыйзамдар иштеп, президенттен тартып, жөнөкөй карапайым жарандарыбызга чейин мыйзамга баш ийип жашаганда деп. Бизде мыйзам ойдогудай иштебейт. Мыйзам иштебеген жерде иш жүрбөйт. Мына ушул жагдайдан алып караганда, парламенттик өлкө катары, сын-пикирге Жогорку Кеңеш көп кабылып жатат. Мен коомчулукта айтылган сын-пикирлерге кошулам. Анткени өлкөбүздө чечилбей жаткан көйгөйлөр көп. Демек, көйгөй, маселе көп жерде, албетте, сын айтылат. Андыктан коомчулук тарабынан Жогорку Кеңештин дарегине кандайдыр бир нааразычылыктын болушу мыйзам ченемдүү.
- Коомчулукта эл өкүлдөрү коррупцияга каршы күрөшкө бут тосуп, "карга карганын көзүн чукубайт" болуп ар дайым өз жакындарын, жердештерин коргоп мамиле кылышат деген нааразычылык бар. Сиз буга кошуласызбы?
- Бут тосуп жатат дегенден алысмын. Тергөө органдары кимдин болсун күнөөсүн далилдеген конкреттүү фактыларга негизделген материалдарды алып келиши керек. Депутаттар шектелип жаткан адамдын күнөөлүү экендигине, кылмыш жасагандыгына ынанышы абзел. Маселен, мен жеке өзүм, материалдар менен таанышканда, ички дүйнөм менен кылмышка шектелген адамдын күнөөлүү экенине көзүм жетсе гана макулдугумду берем. Ошондуктан, далил, факты жок эле күмөндүү жагдайлар менен камайбыз деген көрүнүшкө каршымын. Азыр депутаттарды камаш оңой. Өзгөчө оор кылмышка шектүү деп, Кылмыш-жаза кодексинин 303-берене (Коррупция), 304-берене (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 305-берене (кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чабуу), 313-берене (опузалап пара талап кылуу) сыяктуу беренелердин негизинде камап койсо болот. Мисалы, Акматбек Келдибеков менен Нариман Түлеевди эч кимден уруксаат сурабай эле алып барып камап койду го. Андыктан депутаттар бут тосуп жатат деген болбогон сөз.
- Ал эми Келдибеков боюнча парламенттин токтом кабыл алып, Жогорку Сотко жөнөткөнү, бул коррупцияга бут тосуу, соттордун ыйгарым укугуна кийлигишүү, кысым болуп эсептелбейби?
- Жок бул жерде эч кандай мыйзам бузуу, кысым жок. Кысым, басым деген кандай болот? Жогорку Соттун төрайымын парламентке чакырып, мыйзамды бузуп жатасыңар, Акматбек Келдибековду чыгаргыла деп айтып, талап кылат. Токтоосуз бошотуу туралуу милдеттендирген токтом кабыл алат. Мына ушуну, кысым кылып жатат десе болот.
- Кандай айткан күндө да, кылмышка шектүү адамга парламент рекомендация бере албайт да?
- Туура, рекомендация берген болбойт. Бирок Жогорку Кеңеш болгону "Урматтуу Жогорку Соттун төрайымы, Келдибековдун ишин карап жатканда, анын ооруганын эске алып коюуңуздарды өтүнөбүз. Мүмкүнчүлүк болсо баш коргоо чарасын карап көрүңүздөр" деп суранып жатат. Бул кысым кылганга жатпайт. Мага деле жарандарыбыз кайрылат, мен деле сотторго кайрылам, ушул жаранды жасаган кылмыш ишине жараша, мүмкүн болсо баш коргоо чарасын карап көрүңүздөр деп. Мен мындан эч бир маселе көргөн жокмун.
- Суранып жатасыздарбы, эмне кылган күндө да бул жадай соттун чечимине таасирин тийгизиши мүмкүн да?
- Жок. Таасирин тийгизбейт. Мен мындай айтайынчы, керек болсо сотко кимдир бирөө кысым көрсөтсө дагы, мыйзам чегинде чечим кабыл алышы керек. Маселен, киши өлтүргөн бирөө сотко барып, мен сени өлтүрүп салам, мени акта десе, сот актап жибербеши керек да. Мыйзам чегинде чечим кабыл алат. Ошондуктан, бирөө кысым кылып жатат, депутаттар суранып койду деп чечим кабыл алса, анда аман бололук.
- Сиз мурда прокуратура системасында иштедиңиз. Акматбек Келдибековдун жактоочуларынын бир айга жакын убакыт жол тоскондору мыйзамга жатабы?
- Мен дайым айтам, бизде мыйзам иштебейт. Эгер мыйзам иштегенде жол тосулбайт эле. Биздин өлкө өрт өчүргүч сыяктуу болуп калды. Бир окуя болмоюн кыймылдашпайт. Качан бир нерсе болот, анан өрт өчүргүчтөрдөй болуп жөнөмөй. Ага чейин алдын алуу деген жок. Мен какшап эле айтып келе жатам, кылмышка шектелип, мамлекеттин бюджетине кол салган чиновниктерди камабай эле, канча зыян келтирсе ошончо көлмөдөн эки эсе суммада күрөө койдуруп, үй камагына чыгарып коюу тууралуу. Маселен, 20 миллион сом зыян кылса, 40 миллион сом күрөө койдуруп кой, актыгыңды далилде, далилдей албасаң камаласың деп. Качсаң, акчаң мамлекетке өтөт деп. Качпайт. Келдибековду деле күрөө койдуруп, үй камагына чыгарып койсо болмок. Жол деле тосулмак эмес.
- Сиз жана дагы 3 депутат прокурорлордун пенсиясын көбөйтүү боюнча мыйзам долбоорун сунуш кылдыңыздар. Бирок коомчулукта прокурорлор ансыз деле көп алышат, андан көрө мугалимдер менен догдурлардын пенсиясын көбөйтүү жагын демилгелешпейби, өздөрүнө карашпай деген нааразы пикирлер орун алды. Бул боюнча сиздин оюңуз?
- Туура, аталган мыйзамды демилгелеген депутаттар прокуратура системасында иштегендер болобуз. Парламентте билим берүү, саламаттыкты сактоо тармагында иштешкендер деле бар. Маселен, алар эмнеге демилге көтөрүшпөйт. Эгер алар деле мугалим, догдурлардын пенсиясын көтөрүү тууралуу мыйзам долбоорун киргизишсе мен колдойм. Мындай демилгенин эмнеси жаман. Прокурорлордун пенсиясы тууралуу айтсак, жылына 3 эле прокурор пенсияга чыгат экен. Көбү пенсияга чыкпай каза болушат. Өзүңүздөр жакшы билесиздер, прокурорлордун иши оор. Жалпы 100дүн тегерегинде эле прокурор пенсия алат экен. Мениче булар бюджетке оорчулук деле келтирбейт.
- Жогорку Кеңеш тариф саясатын аныктоо укугун биротоло Өкмөткө өткөрүп берди. Өкмөт тариф саясатын аныктаган департамент же агенттик ача турганы айтылып жатат. Бул бир системада эки баштуу жыланды жаратпайбы?
- Жаратат, мен ошондой эле ойлойм. Депутаттар айтышты, Бүткүл дүйнөлүк банк дейби тариф саясатын аныктай турган өз алдынча департамент же агенттик түзсөңөр акча бөлүп беребиз дептир. Мунун өзү туура эмес. Эртең кимдир бирөөлөр, Ысык-Көлдү 10 миллиард долларга саткыла десе, сатып жиберебизби? Мына азыр энергетика системасы ансыз да Энергетика министрлиги, Улуттук электр станциялар, Чакан ГЭС, "Түндүкэлектро", "Чыгышэлектро" жана башка энергетика бөлүштүрчү компаниялар болуп 5-6га бөлүнүп калган. Эми тариф саясатын аныктоочу агенттик түзүлсө, ким-кимди угат билбейм. Менин оюмча, бөлүп-жарбай, баарын бириктириш керек.
- Баа саясатын өзүңөр аныктагыла деп Өкмөткө түртө салып коюунун өзү, Жогорку Кеңештин жоопкерчиликтен качып жатканын туюнтпайбы?
- Туура. Жөнөкөй тил менен айтканда, эмне болсоңор ошол болгула, өзүңөр чечкиле болуп жатат. Бирок парламентте Өкмөттү түзгөн көпчүлүк коалиция деген бар. Өкмөттүн иш аракетине биринчиден ошолор жоопту болушу шарт.
Маектешкен
Алмаз ТЕМИРБЕК уулу





Кыргыз-Түрк
"Манас"
университети дүйнөдөгү алдыңкылардын катарында
Жакында Европанын илимий өндүрүш палатасы дүйнөдөгү жогорку окуу жайлардын сапатын текшерген атайын иликтөөсүн жарыялады. Жыйынтыгында Кыргызстандагы төрт университет дүйнөдөгү алдыңкы университеттердин, тагыраак айтканда, BBB даражасындагы тизмеге киргизилди. Бул алар дүйнө боюнча эң мыкты 200 жогорку окуу жайдын арасында дегенди билдирет.
Аталган рейтинг боюнча Кыргыз-Түрк "Манас" университети Кыргызстанда эң алдыңкы орунга ээ болуп, мыкты окуу жай аталды. Тагыраак айтканда, Бельгиянын Брюссель университетинде эксперттер тарабынан изилдөөнүн жыйынтыгы чыгарылды, анда Кыргызстандан 10 университет катышкан. Ал окуу жайлардын ичинен Кыргызстанда төрт университет тандалган, ал төрттүн башында Кыргыз-Түрк "Манас" университети турат, андан кийинки орундарды Кыргыз-Орус Славян университети, Кыргызстандын Эл аралык университети жана Американын Борбор Азия университети ээлеген.
Дүйнөнүн 16 өлкөсүнүн жаштары билим алып жаткан Эл аралык университетте бүтүрүүчүлөрдүн саны 4482ни түзөт жана алар дүйнөнүн 31 мамлекетинде т.а. Казакстанда, Россияда, Түркияда, Германияда, Мадагаскар, Чыгыш Корея, Дубайда ж.б. жерлерде иштеп жүрүшөт.
Ошондой эле, жыл сайын июль айынын биринчи жекшембисине туура келген Манастын өзүнүн кирүү сынагы жакында 6-июлда Бишкек жана Ош шаарларында өткөрүлдү. Жыл сайын Кыргыз-Түрк "Манас" университетине тапшырган абитуриенттердин саны өсүүдө, мисалы быйылкы 2014-2015-окуу жылы үчүн тапшыргандардын саны 7837, тагыраак айтканда бир орунга 7-8 студент таймашышты. Мындан сырткары да Кыргыз Республикасынын Жалпы Республикалык тесттин жыйынтыгы менен 100 студент кабыл алынат. Бир орунга 7-8 студент туура келип жатат.
Кыргыз-Түрк "Манас" университети
www.manas.edu.kg











??.??