presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргыз гезиттер
Эки бир тууган чабышат
Адам баласы жаралаары менен эле бири-бири менен согушуп келаткан тура. Бир топту билген "куйма кулактар" айтып, жазып жатпайбы, адамзат бир дагы күнү согушсуз жашабаптыр. Эң болбоду дегенде эки айыл чабышат экен, атышат экен, бул илгеркиден терилгени. Азыр болсо мамлекет ичиндеги граждандык согуш, эки мамлекеттин ортосундагы согуш, диний согуштар, мамлекеттер жаатка бөлүнүп алып согушу, системалардын согушу ж.б. Тарыхта жүз жылдык согуштан баштап бир күндүк согушка чейин болгон экен. Мына ушул керексиз салт уланып азыр дүйнөдө бир канча согуштар болуп жатат, алар: Ирактагы мусулмандардын эки агымынын согушу, Израиль менен палестиналыктардын согушу, Африкадагы бир катар өлкөлөрдөгү граждандык согуштар, анан Украинадагы сепаратисттер менен мамлекеттин согушу.
Бул согуштун чыгышы Украинанын Евросоюз менен бир кадам таштап жашайбыз деген ниети Россияга жакпай, ошонун натыйжасында болду. Бул согушту орус тарап америкалыктардан көрүп жатат. Чын-чынына келгенде согушту тутанткан орустун өзү экендигин батыш тарап жакшы эле далилдеп берди окшойт. Анын баарын интернет аркылуу, ар кандай радиоканалдар аркылуу угуп жатабыз, орустардын маалымат каражаттарын сын көз менен карап уксаң, көрсөң, окусаң деле украиндердин чындыгы келип чыгып жатат.
Ушул тапта биз орустар менен жакын мамиледе, керек болсо, достук мамиледе жашайбыз деп жатабыз. Бул, чынында, айла жоктун иши. Башка вариант жок болгондуктан болуп жаткан тандоо. Болбосо, орусуң бизди кошуп туруп, украиниңди, белоруссуңду, казагың менен өзбегиңди… жыйырма-отуздай улутту эзип келген, кээсин ушул азыр деле эзип жатканы. Орустун тарыхынан өчүрүлбөс, илгериден илгери орустун жери аз эле болгон, Москванын тегереги, Киевдин тегереги дегендей. Анан аздан-аздан басып алуучулук саясатын тынымсыз, тажабай жүргүзүп олтуруп азыркы, эч бир мамлекет теңдеше албай турган аймактуу болуп жатпайбы. Тигине, каратып туруп эле кенедей Япониянын Куриль аралдарындагы кенедей жерди -Кунаширди басып алган, кечээ эле Крымды басып алды, согуштан кийин Кенисбергди Калининград кылып менчиктеп алды, грузиянын Осетиясын басты. Түштүк Осетия формалдуу түрдө өз алдынча... Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин Чыгыш Европа өлкөлөрүнүн баарын социалисттик кылып тынды. 1956-жылы Венгияда, 1968-жылы Чехословакияда көтөрүлүш чыкты эле, алеки саатта танктарын киргизип көтөрүлүштү аеосуз басты.
Эми өзүнө баш бербеген Украинаны басып алууга кенедей эле шылтоо, илинчек таппай капастагы арстандай абалда турганы. Ансыз деле өздөрү өрөпкүтүп салган украин сепаратисттерине-орустарга курал-жарактан жардам берип жатат, ыктыярдуулар демиш болуп орустун жарандары ал жерге барып сепаратисттерге кошулуп согушуп жатат. Ушунун баарын дүйнө коомчулугу беш колундай билип, маңдайындагыдай көрүп турса да орус тарабың жанын жеп танып жатат.
Сепаратисттер Россиянын колдоосун сезип Луганск жана Донецк облустарын "республика" деп жарыялап жиберишти. Украиндер Крымдан айрылганыбыз жетишет деп туруп азыр эки облусттагы шаарларды четинен бошотуп кетип баратат, сепаратисттер Луганск менен Донецкиде тыгылып алып коргонуп жатат. Украинанын президенти Порошенконун планы боюнча жакын арада бардык жер сепаратисттерден бошотулат. Сепаратисттер орус тилин мамлекеттик тил кылбайсыңар дегенди айтып келишкен, Порошенко болсо андай чечим болбой турганын билдирди, Украинада украин тили гана мамлекеттик тил болот деп таккесе айтты.
Баарын баштап койгон Россия азыр кандайдыр бир ыңгайсыз абалда калгандай болуп жатат окшойт. Путиндин катуу-катуу айткан билдирүүлөрү азайып, Украина жөнүндөгү маселени жалгыз эле тышкы иштер минстри Лавров айтып жатат окшойт.
Украинада да өз кезегинде туура эмес көрүнүштөр болуп жатат. Айталы радикалдарынын фашисттик ураан чакырып турганы, орусттарды таптакыр эле душман санап алганы ж.б. Кандай болсо да бир тууган эсептелгени эки элдин ортосунда далайда барып оңолчу жаракат пайда болду окшойт...
Баратбай Аракеев


БАЖЫ БИРИМДИГИНЕ КИРҮҮНҮН
КҮңГӨЙҮ МЕНЕН ТЕСКЕЙИ

Бул маселе көтөрүлгөндөн баштап коомчулугубуздун калың катмарынын көңүлүн буруп келет. Көптөгөн талкуулар жүрүп, экономист, эксперттер эле эмес, кайдыгер болбогон жөнөкөй жарандарыбыз дагы өз ойлорун ортого салууда.
Бажы кызматында көп жыл иштеген, эс алуудагы ардагер катары, бажы биримдигине кирүүнүн ыңгайлуу жана терс жактары жөнүндөгү оюмду ортого салууну эп көрдүм.
Эң оболу аталган маселеге кайрылуу менен өлкөбүздүн чарбачылыгынын, турмуш-тиричилигинин мүнөзүнө көз чаптырганыбыз оң. Республиканын калкынын 65%дан ашыгы айыл жерлеринде тиричилик өткөргөндүгү жана жашоо булактары негизинен айыл-чарба продукцияларын сатуудан алынаары статистикадан белгилүү.
Азыркы учурда Бажы союзуна кирген Россия, Казакстан, Белоруссия өлкөлөрүнө болжол менен мөмө-жемиштин 36%ы, айнек 42%, электр машинелери жана аппараттар 28%, электр энергиясы 90%, сүт азыктары 83%, тирүү мал 73%, тигилген буюмдар 96%, радиаторлор 59%(Белоруссия) экспорттолот.
Бажы биримдигине кирген учурда Кыргызстан менен бажы союзунун өлкөлөрүнүн ортосунда бажы чек арасы жоюлуп, бажылык алымдар (пошлина) болбогондуктан аталган продукцияларды сатып өткөрүү мүмкүнчүлүгү мындан да артаары бышык.
Албетте, мындай болгон күндө товарлардын чек арадан өтүү кыймылы союзга кирген өлкөлөрдөгү стандарттык (үлгү, чин) талаптарга жооп бергидей санитардык, ветеринардык, техникалык шарттар камсыз кылынып, тарифтик жана тарифтик эмес бажы башкаруусу болуп калат. Демек, Бажы союзуна кирген өлкөлөрдүн ортосунда баажы чек аралары болбогондуктан фермерлер айыл-чарба товарлары менен эркин соода кылуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот да, аны көп өндүрүүгө багыт алат. Тигилген буюмдарды экспорттоо өсөт. Бул жаңы жумуш орундарын түзүүгө, салыктык чегерүүлөрдүн көбөйүшүнө алып келет.
Экономиканын эл аралык интеграциялык мыйзамдарына ылайык бизден мурун өнүккөн өлкөлөрдүн көпчүлүгү Кыргызстанга инвестиция жумшоого кызыкдар болгондугунун натыйжасында жаңы ишканалар курулуп, өндүрүш тармактары көбөйгөндүктөн калкты иш менен камсыз кылуу көйгөйү чечилет. Бажы биримдигиндеги өлкөлөрдүн ортосундагы чектөөлөрдүн азайышынан улам эмгек мигранттарынын абалы да жакшырат. Республикабыз азыркы убакка чейин импорттоп келген нефт продуктары 98%, кара түстүү металлдардын буюмдары 28%, химия товарлары 22% (Россия), буудай жана көмүр 100%, минералдык сырье 79%, тамекилер 71% (Казакстан), кант 35%, резина буюмдары 22%, транспорт каражаттары, алардын белен (запастык) тетиктери 8% (Белоруссия), ошондой эле өсүмдүк майларына маргарин, гречка, консерва продуктары, кондитердик жана башка азыктарга бажы чек арасынын жоктугунан баалар жеткиликтүү болуп, кардарлардын керектөөсүн камсыздайт.
Ал эми Бажы биримдигине кирбей койгонубузда көптөгөн кыйынчылыктарды башыбыздан өткөрө тургандыгыбыз айдан ачык. Ушуга чейин коңшу өлкөлөр менен соода жүргүзүүнүн кескин начарлашы республиканын экономикасына оор жоготууларды алып келет. Кытайдан импорттолуп келген товарларды(80%), андан ары реэкспорттоого мүмкүн болбогондуктан дүң соода менен алектенген республиканын ири базарларынын жөнгө салынып калган соода-сатыгы жабыр тартып, ишкерлер тармагында жумушсуздук күчөйт.
Салыктык төлөмдөрдүн азыйышынан бюджеттин тартыштыгы өсөт. Бажылык текшерип кароонун тарифтик эмес тоскоолдуктардын көптөгөн түрүн колдонуунун шартында айыл-чарба продуктыларын, сүт азыктарын Бажы биримдигиндеги өлкөлөргө чыгарууга тыюу салынып, экспортту ишке ашырууда чыгымдар өсүп, айрым учурларда экспорттоо мүмкүнчүлүгү толук жоюлуу коркунучуна кептелет.
Андай болгон соң, экспортко багытталган баардык тармактарда: айыл-чарбасы, тигүү, сүт азыктар ж.б. өндүрүштүн көлөмү кыскарат жана анын натыйжасында Кыргызстандын негизги соода өнөктөштөрүнөн бөлүнүп калышынан улам, экономиканын өнүгүү темпи төмөндөөгө дуушар болот. Россия Федерациясынан алымсыз (без пошлинный) келүүчү, күйүүчү-майлоочу заттар токтойт. Бажы союзунун өлкөлөрүнөн импорттолуп келген азык-түлүккө баалар кескин жогорулап кетет.
Жогоруда сөз кылган Бажы союзунун алкагында пайда болуучу оң натыйжалар менен катар алыскы чет өлкөлөрдөн импорттолуучу тиричилик техникалары, даяр тигилген буюмдар, ОРГ техника жана башка биринчи кезекте керектелбей турган товарлардын баалары өсүшү мүмкүн. Мындай шартта мамлекет өсүп бара жаткан жашоо наркын жөнгө салууну көз жаздымында калтырбастан, айлык акылар менен пенсиялардын өлчөмүн кескин жогорулатуу багытында натыйжалуу чараларды ишке ашырууга милдеттүү.
Бир сөз менен айтканда "өйдө тартсаң өгүз өлөт, ылдый тартсаң араба сынат" абалынан чыгуунун бирден бир жолу Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүгө чечкиндүү кадам жасоосунан көрүп турам. Муну менен биз эзелтен негизги өнөктөштөрүбүз болуп келген Россия, Казакстан сыяктуу коңшуларыбыздын арасында теңтайлашып, экономикабызды көтөрүүгө кеңири мүмкүнчүлүк алмакчыбыз.
Ошондой эле союз ыдырагандан бери жашоо-тиричилик буюмдарынын басымдуу бөлүгүн импорттоп келе жаткан коңшубуз Кытай Эл Республикасы менен да алакабыз арта бермекчи. Кытайдын Кыргызстандын Бажы биримдигине киришин колдоп жаткандыгы буга далил.

Бейшебай МУРАТОВ, баажы кызматынын ардагери.









??.??