presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргыз гезиттер
Ташиев + Бабанов долбоорунан...
Арканды бирге тартышабы?

"Ата-Журт" фракциясынын Ак үйдүн тосмосунан аттайм деп, ыштанын айрып, анысы аз келгенсип депутаттык мандатынан ажырап калган экс-лидери Камчыбек Ташиев мурда күнү Өмүрбек Бабановдун жеке менчик НТС каналынын "Аркан тартыш" деген көрсөтүүсүндө жарым саат бою сүйлөп, өзүнүн бет пардасын дагы бир жолу сыйрып, элге көрсөттү. Ачык айтканда, Камчыбек мырза мурунку позициясынан 180 градуска бурулуп, бийликке, өзгөчө ажо Атамбаевге жагынууга басым жасады. Телеканал ээси, өзүнөн анчалык деле айырмаланбаган Бабановду да "күйөөгө тие" турган кыздай эле катыра мактады. Демек, келерки шайлоодо Бабанов менен Ташиев арканды бирге тарталы деп калышкан окшобойбу. Бул тууралуу сөз соңунда болсун.
Буга чейин чоң саясатта жүрүп мамлекеттин кызыкчылыгы менен жеке кызыкчылыкты айрып алган Ташиев, бул ирет ушул маселени дааналап түшүнгөнүн билгизип: "Жеке кызыкчылык менен мамлекеттик кызыкчылыктарды айрыбаштабашыбыз керек" деп баса белгилеп өттү. Муну угуп олтуруп, Камчыбек мырза "күүсүн күнгө бөлөп, азуусун айга жанып" жатканын жакшы эле баамдасак болчудай. Болбосо, ал Бакиев бийликке келгенден тартып ушул кезге чейин жеке кызыкчылыктарды кандайча ишке ашырып келгенин жалпы коомчулук жакшы билет. Эл мамлекеттик кызыкчылыкты, тазалыкты бул экс-чиновниктен үйрөнсө, анда иштин бүткөнү дей бериңиз.

"Бизге жаза жеңил болуп калган"
Ушундай өңүттө өзгөчө сүйлөгөн Ташиев андан ары 2012-жылы 3-октябрдагы Ак үй тосмосунан секирип өткөн тарыхый окуясына так жооп айтууга аракет кылды. Ал: "Биз "Кумтөр" маселесин чечүүгө барган кадамыбыз болду. Бирок мамлекеттик ишмер, депутат катары кашаадан аттап өткөнүбүз туура эмес кадам болгонун дагы бир жолу айтайын. Бул ачуу чындык, өтө оор болсо да, муну моюнга алууга милдеттүүбүз! 3-октябрдагы ошол окуядан кийин "Кумтөр" маселеси мамлекеттик деңгээлге көтөрүлүп чыкты. Анан айлап-жылдап талкуудан өтүп, акыры 33 пайызбыз 50 пайызга көтөрүлдү",- деп баса белгилеп өттү. Демек, Ташиев, Жапаров, Мамытовдор "Чыңгызхан" болуп, 17 жоокери" менен Ак үйдүн тосмосун аттап өтпөй койгондо, анда кыргыз өкмөтү "Центерра" менен 50х50 пайыз деген келишимге жетишмек эмес экен да. Баракелде, анда Камчыбек мырзанын бул акылын тез аранын ичинде Гиннес китебине жазуу керек. Өзүнө "Ак Шумкар" орденин тагып, КРнын Баатыры кылсак кантет?! Көрө албастык кылбай, 300 миң колду үч күндүн ичинде топтоп жибербейлиби ыя туугандар, кандай дейсиңер?! Ошондой болсо да, Ташиев өзүнө берилген жаза тууралуу: "Биз камакта 9 ай олтурдук. Бул мезгилде бийлик тарабынан бизге эч кандай басым да, кысым да болгон эмес. Дагы бир айта кетчү нерсе, соттун бизге берген жазасы жеңил болду. Балким, бул бийлик ээлеринин бизге кылган жумшак мамилеси болгондур. Жалпысынан алганда, бизге оор статьяны коюп, акыры берилген жаза өтө жеңил болуп калды. Антип олтурбай эле "хулиганство" боюнча статьяны коюп, жазаны мындан да оор берсе болот эле", - деди. Туура, ал кезде Ташиевдерге бийликтин мамилеси өтө жумшак болгонун баарыбыз билебиз. Бул жагы чындык, башкасын эмес, Камчыбек мырзанын ушуну туура түшүнүп алганына рахмат. Бирок, анын "мээси" ушунчалык тазаланып, "шамалдап" да калган окшойт. Же ысыкта күн өтүп кеткенби? Мындай болушу да толук мүмкүн. Болбосо, камакта жатканда жөн жатпай ар кандай шоуларды уюштуруп, сотко басым жасап, бийлик тарабынан саясий кысым болуп жатканын сайраганын такыр унуткан го. Же Шаардык соттогу өзүнө өкүм чыгарган жердеш судьялары адилеттүү чечим чыгара албай, ошол кезде коомчулукта айтылгандай "сатылып" кеткени калп беле?!
Ташиев кийинки шайлоого кызуу даярдык менен бараарын айтып, мойнундагы "соттолгон" деген чечимди алдырып салуу боюнча жакынкы аралыкта сотторго кайрыла турганын, өзүн актоо тууралуу талап коерун кулак кагыш кылды. Мунусунан жыйынтык чыгабы-чыкпайбы, аны убакыт көрсөтөр. Бийликти мактап, кошоматка кой эмес, төө союп жатканынын негизги себеби дал ушул болуп жүрбөсүн?!

"Келдибеков сөзсүз камалышы керек!"
Тазалыкты таптап, ал тууралуу жакшы сөздөрдү жаттап айткан Ташиев ажо Атамбаевдин коррупцияга каршы жүргүзүп жаткан күрөшүн колдоорун билдирди. Бул тууралуу ал: "Акмат Келдибековдун күнөөсү болсо сөзсүз жоопко тартылыш керек. Чындап эле коррупцияга аралашып, мамлекетке зыян келтирген болсо анда сөзсүз түрдө жазаланышы абзел. Бүгүнкү күндө коррупция менен күрөшүү үчүн темирдей тартип орнотуу керек. Президент Алмазбек Атамбаевдин коррупция боюнча күрөшү эң туура кетип жатат. Ушуну бүт мамлекет колдошу зарыл" - деп безеленип жиберди го, чиркин! Ушундай сөздөр Ташиев айтчу сөздөрбү? Кулактын сыртынан кете турган "керемет" кептерди Камчыбек мырза кайдан таап алган. Же отуз күндүк, орозодо оюн оңдоп, өзү да оңолуп алайын десе керек го. Жолу болсун, ылайым оңолсун! Эмнеси болсо да, акылына эми келсе керек. Бир кездеги жан досу Келдибеков тууралуу ушундай туура кеп айтты. Мунусу колдоого аларлык маселе. Бирок жалпысынан алганда анын коррупция тууралуу акыл айтканы эч бир адамга таасир да бербейт, акылына да сыйбайт. Себеби, өзү деле артында "калбыры калың" аткаминерлердин бири эмеспи. Айрыкча, ал ӨКМди жетектеп турган кездеги ишмердүүлүгүн укук коргоо органдары иликтей койсо, "иттей" сонун далилдер чыгат. Мисалы, ошол кездеги өкмөт башчы Данияр Үсөнов: "Ташиев ӨКМди жетектеп турган кезде 18 млн. сом зыян келтирди" - деп жарыялаган эле.

"Түзүк иштегени Бабанов болду..."
Ташка тамга баскысы келгендей сүйлөгүсү келген Ташиев орошон ойлорун "төгүп" жатып, 2010-жылдан бери кыргыз өкмөтүн жетектеп кеткен жана учурда жетектеп жаткан премьерлер тууралуу өз пикирин кошумчалады.
"Оторбаев премьер болгондо мен депутат болбой калдым, Сатыбалдиев кызматта турганда камакта элем. Мен Бабанов менен иштешип калдым. Анын өкмөтүн мен эң көп сындаганым менен, бардык нерсе салыштырмалуу болот экен. Азыр үч премьердин ишин салыштырып көрсөм, эң түзүк иштегени, жакшыраагы Бабановдун өкмөтү болуптур. Бүгүнкү күндө Оторбаевдин өкмөтүнүн иштегенине ичим чыкпайт" - деп Бабановду мактап, анын этегине намаз окуп жаткандай элес калтырды. Кыязы, Өмүрбек мырза менен өзөгөчө пикир алышып, орток тил табышса керек. Ал эми "биттин ичегисине кан куйган" Токтогул аксакалдын баласы өзүн мактагандарды НТСтин бетинен түшүрбөй, аларга өзгөчө мамиле жасаары элге белгилүү. Эми келерки шайлоодо "Республика" менен "Ата-Журт" биригип чыкса, ага анчалык таң калуунун деле кажети жоктур.
Сөз соңун, Ташиевдин мындай "тамашалары" чындыкка айланабы же айланбайбы деген чоң суроо менен бүтүрөлү. Балким, Камчыбек мырза, кыргыздын камчысына чындап эле жараган инсан болуп өзгөрүп кетээр. Же улам жаңы маскасын сыйрып ыргыта берген, баягы эле "саясий клон" кейпи менен калабы?! Аны убакыт көрсөтөөр.

Айбек Шамшыкеев









??.??