presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргыз гезиттер
Кадам ушул…
"Ууру тойгончо жеп, өлгөнчө карганат"

Башка элди ала жатпай эле өзүбүздүн кыргыздарды алсак, турмушундагы ар бир көрүнүшкө, мааниге, кээде туруп болгон ишке, окуяга байланыштуу макалдарды чыгарып келген тура. Анын көбү мына бүгүнүкү күнгө чейин жашап, эл оозунда айтылып, айтылбаганы китептерде толугу менен сакталып, кези келсе элге кызмат кылып жатпайбы. Маселен "Уят өлүмдөн катуу" деген бар. Эл алдында катуу уят болгуча өлүп алган жакшы эмеспи деген эле кеп. Бул макал биздин лексикада жашап келгени менен турмушта пайдаланылбай келет, же божомолу практикага ашпайт да… Ушуга чейин уят болгон адамдардын бири да өлүп берген жок! Кеп, белгилүү, болбосо, аздыр-көптүр элге төбөсү көрүнүп калган адамдар жөнүндө болуп жатат. Маселен, канчалаган коррупционерлер эл алдында уят болуп жатат "жегич, ичкич -коррупционер" деген ат алып, бирок, алар уялбай турат, уялса да ошол уятын өлүмдөн катуу кылбай эле, уялымыш, өлүмүш деңгээли менен токтотуп коюп жатат. Керек болсо "ууру тойгончо жеп, өлгөнчө карганат" деген дагы бир макалды колдоно калып жатат. Өздөрү колдонмок беле, аларга ошол макал туура келип жатпайбы, тим эле куюп койгондой чак келип жатпайбы. Маселен, Равшан Сабиров, Нариман Түлеев, Замир Эсенаманов, Гүлнара Дербишалиева, Учкун Ташбаев, Пайзулла Рахманов, анан да келечегинде Жантөрө Сатыбалдиев, Акматбек Келдибеков, Нурлан Сулайманов, Иса Өмүркулов, Искак Пирматов, Ишенбай Чунуев, Элмурат Обдунов сыяктуулар жогорудагы мисалга туура келип турбайбы.
Өгүнү биздин гезитке Аскар Акаев менен эриш-аркак жүргөн Турсунбек Чыңгышевдин интервьюсу чыкты. Биз аны жыйырма жылдан бери эле "жалкоолор менени келесоолор гана уурдабайт" деген "ташка тамга баскандай" кептин автору катары карап жүргөнбүз да, көрсө, ал антип айтпаптыр. Ошол
интервью­да "мен айткан эмесмин" дегенди айтып, өзү таптаза иштеп кеткенин баса белгилеп турганы. Чынында эле эр экен, Акаевдин жанында "жакшы" жүрүп, анын жеп-ичкенине көмөктөш болуп, өзү деле аздап ооз тийип жүрүп, муну көп адам айтат, анан андан он беш жыл өтсө эле баары унутулуп калчудай болуп жатканы кызык болду да. Кийинки муун эч нерсе билбейт дегениби, кийинки муунга таптаза ишкер болуп көрүнгүсү келеби, билип болбойт, иши кылып "таптаза, иш билги" жетекчинин терисин жамынгысы келет. Жок, баскан жолуңда кайсы бир жерден жаза бастыңбы, аны кайра басып оңдой албайсың, ошол учур жаза баскан учур катары канча мезгил өтсө да кала берет. Акаевдин жанында жүргөндөр тымпыйып таптаза олтурушкан, жалгыз эле Акаев жеп турган деген "былжырактыкты" чындыкка айландырып салчулар чоң жаңылат, анткени, былжырак нерсе эч качан чындык болуп бере албайт! Акаев менен коюн-колтук алышып жүргөн Апас Жумагулов, Турсунбек Чыңгышев, Дастан Сарыгулов, Ташкул Керексизов, Тойчубек Касымов, Жумагул Сааданбеков, Кемелбек Нанаев, Асанбек Шаршеналиев, Чолпон Баекова, Жаныш Рустенбеков, Кубанычбек Жумалиев, Бекболот Талгарбеков, Николай Танаев, Борис Силаев, Равшан Жээнбеков, Кубанычбек Сыйданов, Тургунбек Кулмырзаев ж.б. коррупциялык иште "сыры кетсе да, сыны кетелектир". Коррупциялык ишти мезгил деле унутта калтыра албайт экен. Аны жасабаш керек, жасадыңбы, эзели кеткис так калат. "Тигил жакка" кетсе деле, артында жашап кала берет экен, айныгыс аңыз болуп! Накта балээ тура!
Курманбек Бакиев тушундагы коррупция өзүнүн "классикалык" түрүн көрсөтүп кетпедиби. Андагы Курманбек Бакиевдин "курама командасы" Үсөн Сыдыков, Нариман Түлеев, Акматбек Келдибеков, Искендер Гаипкулов, Акылбек Жапаров, Сапарбек Балкыбеков, Алексей Ширшов, Игорь Чудинов, Данияр Үсөнов, Жантөрө Сатбалдиев, Нурлан Сулайманов, Элмурза Сатыбалдиев, булар менен бирге "маданияттуулар" Султан Раев, Нурлан Шакиев, Керим Турапов, Болот Осмонов, Кыргызбай Осмонов, Курмангазы Исанаев, Мукталы Бектеналиев, Таалай Кулмендеев жана башкалардын кимиси уялып калды. Эч кимиси уялган жок. "Силер жок дегенде уялып да койбойт экенсиңер" деп, кийинки бийлик тигилердин бир-экөөсүн жоопко тарткан болду. Бирок, жыйырма жылдан ашуун салттуу келаткан коррупция дегениңдин кылы кыйшайган жок! Коррупциялык иште "эмгек сиңирген ишмерлердин" баары эле ушул азыр ошол ишинин үзүрүн көрүп жашап жатат го, кээси персоналдык пенсионер болуп, кабат-кабат үйлөрдө жашап, чет элдик кымбат машинада зуулдап, бат-баттан чучукка тайгаланып дегендей…
"Сен деген коррупциялык ишке катыштыгың бар турбайбы, ыя" деп койсоң бүттү, "мен кыйынмын, мен чыгаанмын, ошондуктан менден коркуп саясий заказ уюштуруп жатат" деп эркек экенине карабастан долуланып туруп, "кыз боозуп энесин коркутаттын өзү болуп", алеки заматта акчасын чачып таштап, ажаан катындарды алдыга салып, "…өлөрү калган" чал-кемпирлерди ортого алып жол тосуп жатып калат. Уюштурган активдер жыргайт экен "күндүзү кымыз, түнү кыз..." болуп, акчадан өөнөп. Ушундай ишти жасап, өзүнүн коррупционер экендигин, болгондо да "жогорку деңгээлдеги" коррупционер экендигин бышыктап жатпайбы. Анткени, эки жүз ашуун адамды көп күн багыш жана башка чыгымдарга миллиондогон акча кетип жатпайбы! Азыр бир тууганың да акчасыз жол тосо бербейт!..
Ушундай кырдаалды түзүп берген бийликке да баракелде! Мыйзам боюнча митинг, пикеттерди өткөзүүгө болот, бирок, анын да чеги бар, маселен, кан жолду буубаш керек. Жолду тосор замат мыйзам чегинде чара көрүп, тоскондорду таратып туруп, жоопко тартып таштаса, эл ошого көнмөк. А биздин бийлик болсо, ары онтоп, бери онтоп, ыңгыранып-кыңгыранып, "жолду ачып коер бекенсиз" деп "кунаажындай көзүн сүзүп" суранып турса, аны ким тоготот?!
Кийинки бийлик келгенде жөн адамдар жакшылыкты аябай күтүштү, жыргализм заман, таза заман келди деп ошентип кубанып жатышпайбы. Бирок, ал кубаныч аз өтпөй эле, капага айланды, келечекке ишенбөө сезимин алып келди, бул бийликтен да элдин үмүтү тамам болуп жатат. Анткени, азыр бийликте тургандардын бери дегенде 95%ти коррупция менен коюн-колтук алышып келаткандар, алар мурунку эки бийликтен "оңсуз иштер кесибине" окуп-чокуп эми даяр болуп калган кездери тура. Бул көрүнүш коомубуздун талкаланып баратканынан кабар берип жатпайбы…Кайсы гана чоң же кичине жетекчи болбосун айлыгын эсептеп, анан аны жашап жаткан абалына чачып көрчү… алган айлыгы, башкасын кой, эки ирет саунага катындар менен барганына, анан бүлөсүнүн бир күндүк чыгымына жетип бербес!
"Бир карын майды бир кумалак чиритет" деген да макалыбыз бар эле. Азыр аны аз колдонуп калдык, анткени, кай жаман ишти айтсаң да жаманы басымдуу болуп турат, карындын ичи "кумалакка" толгон. Коррупциялык иш кыбыр эткен жерден эле кезигет: айыл өкмөттө жүрөт коррупциялык иш, акимчиликте бар, билим берүүдө бар, мектепке чейин чырмады, бала бакчада жүргөнүн айт, жол салсаң, үй курсаң, мектепти же бакчаны оңдоп-түздөсөң, болбосо, Ош, Жалал-Абадды калыбына келтирсең, Бишкектин, Караколдун, Оштун, Жалал-Абаддын, Нарындын, Таластын, Баткендин жолдорун оңдосоң, жаңы жол салсаң, кайсы бир тендерге катышсаң, маселен мектептерди, бакчаларды тамак-аш менен камсыз кылууга, жол курууга, оңдоп-түздөөгө ж.б., бирөөнү ишке орноштурсаң, балаңды окууга өткөзсөң… деги койчу, миңдеген жерде коррупция сени окшуюп күтүп олтурат! Адамдардын азыркы дили менен коррупциядан кутулабыз дештин өзү ары жоктуктур…
Коррупцияны таптакыр жоготконго болбойт экен. Ал нерсе адамзат пайда болгондон эле пайда болуп, адамзат менен кошо өнүгүп келаткан көрүнүш турбайбы. Бирок, аны аздап ооздуктап, өтө көптүрбөй, элге болгон зыянын тыйып, басаңдатып турса болот экен. Ал үчүн, биринчи иретте, адам пейили таза болуп анан ага жараша мыйзам диктатурасы орнош керек экен. Бизде болсо, мыйзамды бузуу диктатурасы орногон сымал болуп жатпайбы! Бийлигибиз анын баарын балакеттей билет. Ошону менен иш бүтүп жатат окшойт… жок, иштеген түр көрсөтүлүп жатат.

Баратбай Аракеев









??.??