Осмоналиев оюн көрөм деп ордун бошоттубу?
2012-жылдан бери Мамлекеттик мүлк фондусун башкарып келаткан Айбек Осмоналиев кызматтан алынды. Анын кызматтан кетээри акыркы бир айдан бери айтылып жаткан. Кандай себептер менен алынганы азырынча ачык айтылбады. Негизинен Айбек мырза бул кызматты ээлеп турган эки жыл ичинде артынан анчалык жаман сөздөрдү ээрчитпеди. Ошону менен бирге атагынан чатагы көп фонддо реформалык иштерди жүргүзгөнү да анчалык байкалбады. Тар чөйрөдө сөз болгондой, анын орду кайсы бир экс-чиновникти алып келүүгө керек эле. Азыр Мүлк фонддун жетекчисинин милдетин аткаруу стат-секретарга жүктөлдү. Бирок Осмоналиев июнь айынан эс алуу өргүүгө чыккандан бери жумушка келбей жүргөн. Ал ден соолугун чыңдоо үчүн Нарынга жайлоого бараары айтылганы менен, жайлоого эмес, аялы менен Францияга барып, кымбат баалуу рестрондарда, мыкты аттракциондордо эс алып жүргөн сүрөтүн Айбектин аялы интернетке чыгарып: "Азыр ал (19-июнда) ал Бразилияда өтүп жаткан футбол боюнча дүйнө чемпионатын көрүүгө кетти" деген комментарий жазып койгон.
Эми Осмоналиевдин ордуна Ысык-Көлдүн мурунку губернатору Мирбек Асанакунов келип калышы мүмкүн. Анткени, КСДП бул ишенимдүү жана өтө бай кадрына ыңгайлуу кызмат издеп жатканына көп болуп калды. Бирок Асанакунов Осмоналиевден артык иштей албайт, неге дегенде анын деңгээли да, чамасы да чак экени көпчүлүккө белгилүү.

Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуу...
Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасында эки тараптын чек ара кызматкерлери арасында ок атышууда бир адам каза таап, жетөө жарадар болду. Албетте, күнөө баягы эле тажик туугандарда.
Эске салсак, Баткен районунда 8-июлда Тажикстандын Ворух анклавына чектеш Ак-Сай айылында көптөн бери курулушу башталып, кийин токтоп калган Көк-Таш - Ак-Сай - Тамдык жолун куруу боюнча жыйын өткөн.
Жыйын Транспорт жана Коммуникация министринин стат катчысы Максат Дыйканов, КР өкмөтүнүн Баткен облусундагы өкүлү Жеңиш Разаков, райондун акими Сеитмурат Калыковдун катышуусунда өтүп, анда 10-июлдан баштап жол курулушун баштоо үчүн бүгүн Ак-Сайлыктар менен сүйлөшүүлөр жүргөн.
Жыл башында Ак-Сай аймагында чек ара жаңжалы чыгып, 17-декабрда чек арачылардын ок атышуусу менен аяктаган. Бир нече чек арачылар жараат алган болчу. Ошондон улам, тажиктерге көз карандысыз жол куруу муктаждыгы чыгып, Көк-Таш - Ак-Сай айылына жол куруу башталган болчу.

Байболовдун баскан жолунан…
Болот Шердин былыгын айтып берген дагы бир белгилүү прокурор көп нерсени билет экен. Ал бизге Байболов, Бекназаров туурасында да кызыктуу маалыматтарды ачыктады. Анын айтымында, Кубатбек Байболов депутат болуп иштегени эле өз алдынча чечим кабыл алып иштебесе, ага чейин өз алдынча иш кылып көрбөптүр. Бирөөлөрдүн эле жардамчысы болуп, алардын айткандарын "кың" дебей аткарып жүрчү дешет. Мисалы, Байболов алгач иш тажрыйбасын Кыргызстандын коопсуздук тармагын бир топ жыл башкарган Асанкул Жумабековдун жардамчысы болуп баштаптыр. Асанкулга мырзага жардамчы болуп жүрүп, биринчи аялы менен ажырашып, Асанкулдун бир тууган инисинин кызы Нуржамал Байболовага үйлөнгөн экен.


Жашылдан­дырбай эле "жайлап" жүргөн экен
УКМКнын бирде узун, бирде кыска укуругу бул жолу Бишкек мэриясына караштуу "Жашылдандыруу" ишканасынын мурдагы жетекчиси Закир Коомбаев аттуу аткаминерди тузактады. Көрсө ал кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, 2010-жылдан бери жер тилкелерин жана курулмаларды үчүнчү жактарга ижарага мыйзамсыз берип жүргөн экен. Ал ушундай "ич жылыткан ишмердүүлүгү" менен шаар казынасына 2 млн. сомго жакын зыян келтирген. Ал 11-июлда шаарда болгон катуу шамалдан улам Турусбеков-Чүй көчөлөрүнүн кесилишиндеги бак кулап, 50-60тардагы адамды басып калгандан кийин өз каалоосу менен кызматтан кетип калган экен.


95 пайыз таза дейт, бирок...
Быйыл Кыргызстан Меккеге баруу маселесин жаңыча ыкма менен чечүү аракетин көрдү. Жыл сайын чыр-чатактан чыкпаган Муфтият Хаджга барууну каалаган адамдардын баарына "бактыңардан, туз, насиптен көргүлө" дегендей шарт койду. Так айтканда, 7 облустун элинин санына жараша орун бөлүнүп, ал орундар электрондук түрдө чүчүкулак менен бөлүштүрүлдү. Муфтият бул жаңы ыкманын жыйынтыгы 95 пайызга таза болгонун жар салганы менен, түштүк тараптын аксакалдары "бул ыкма дагы тааныш-билиштик менен өттү, чыгым тарттык, компьютерде бурмалоолор болду. Ошон үчүн чүчүкулакты кайра өткөрүү керек" деп талап коюшуп, нааразы болуп чыгышты. Себеби, бизде каныбызга сиңген кыргызчылыгыбыз, анан "ыраазычылык" билдирмей маселелери бар да. Коррупция да көп эмес, азыраак орун алса керек. Бирок Хаджга барууну каалагандар түндүккө салыштырмалуу түштүктө көп. Мисалы, Ош облусуна 830 квота бөлүнсө, каалоочулар мындан 4 эсе көптүк кылат. Ошондуктан, түндүктүн айрым облустарынан артып калган квоталар оштук мекендештерге берилди. Эске сала кетсек, Хаджга сыйынууга 5 сентябрдан баштап жөнөшөт.


Анара айым ачыктады, Канаттан каяша жок
Укук коргоочу Анара Дауталиева айкырып чыкты, "Билим берүү министрлиги эмне үчүн окуу куралдары боюнча тендерге "Континент принт" басмаканасын катыштырып жатат" таризинде. Албетте, тендерлер боюнча "кара тизмеге" кирген бул басмакана карызынан кутулгучакты катышпашы керек эле. Айдардын, кийин Максимдин "басмачысы" болгон бул ишкана, теңбер (кечиресиздер) тендер өткөрүп жаткан билим берүү министрлигине миллиондогон акча карызы бар. Анан калса, бул ишкананын 65 пайызы улутташтырылып, азыркы күндө негизги техникалык жабдуулары президенттик башкармалыктын басмаканасына өткөрүлүп берилгени турат. Ии баса, мындан бир жарым жыл мурун Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарына болгон шайлоодо ушул басмакана уят кылганын унутпашыбыз керек. Арыда, айкырык салган Анара айым бул басмакананын артында кадимки Калык Иманкулов турарын билет болду бекен. Баарынан да, Канат мырза бул басмакананын кара тизмеге киргенин билбесе да, карызын билиш керек эле да. Балким "бармак басты көз кысты" болуп кеткен чыгар.


Болот Шер ИИМдин жатаканасын менчиктештиргенби?
Угушубузга караганда, Башкы прокуратурада "Ата-Мекенчи" депутат Болот Шердин үстүнөн кылмыш ишин козгосо боло тургандай иш бар экен. Бул тууралуу бизге айтылуу прокурорлордун бири айтып берди. Анын айтымында, Бишкектин чок ортосунда жайгашкан Бөкөнбаев жана Совет көчөлөрүнүн кесилишиндеги көп кабаттуу үйлөрдүн бири убагында милийсалардын жатаканасы болуптур. Кайсы бир мезгилде ал жатакананы Болот Шер кандай жол менен экенин ким билсин, шердигине салып, менчиктештирип алыптыр. Чын эле Совет көчөсү менен Бөкөнбаев көчөсүнүн кесилишиндеги көп кабаттуу үйлөрдүн биринчи кабаттары "Жетиген" деген аталыштагы акча алмаштырчу жайларга айланган. Ал акча алмаштырчу жайлардын бир канчасы Болот Шердин иниси Садык Шерге таандык экендиги айтылып жүрөт. Мына ушул айтылган кептерди Баш прокурор өз көзөмөлүнө алып иликтеп көрсө, баары ачыкка чыкчудай.