presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргыз гезиттер
Былгытмадан жылжытма же....
Канкор Бакиевдердин убагында кыргыз өкмөтүнүн аппаратын башкарган адам бар, Айтмурзаев Нурлан деген. Кийин деле Руслан Казакбаевдин убагында тышкы иштер министринин орун басары болуп отурду. Азыр ал министрликтин алдындагы дипломатиялык академиянын ректору болуп отурат. Акыйкаттын жоктугу же азыркы бийликтин ашкере гумандуулугу да, болбосо буга окшогондорду Молдовановка, Петровка айылдарына отургузса болмок. Каймана аты "былгытма" болгон эрениң, эми азыркы иштеп жаткан жеринде кадрларды кайраштыруу, жакындарын жайгаштыруу аракетин көрүүдө экен. Чын-төгүнүн ким билет, "аялын алып келет экен" деген кепти уктук. Азыркысынбы же акыркысынбы, анысын териштирип жатабыз. Айтор, кызыктар али алдыда окшойт.


Айдаралиевди айдаганга жараган жок
Башбакан Жоомарт Оторбаев Аксы районунун акими Медетбек Айдаралиевге сөгүш жарыялады. Ал мындай жыйынтыкка кызматтык текшерүүдөн кийин акимдин ишмердүүлүгүнө ичи чыкпагандан улам келген. Бирок негедир акимди кызматтан айдаганга жарабады. Себеби, Айдаралиев деген эбактан бери чырдуу маселелер менен аралашып келаткан аким эмеспи. Бир ирет эрке баласынын "тентектиги" менен да атагы алыска кеткен жайы бар. Анда да кандайдыр жолдор менен кызматтан алынган эмес. Кыязы, бул акимдин артында күчтүү "крышасы" бар окшобойбу.


Акылга сыйбас казак туугандардын кадамы
Белгилүү болгондой, акыркы 10 күндөн бери өлкөбүздө күйүүчү май кыска убакыттын ичинде 3 сомго кымбаттап, эң эле арзан майдын маркасы 40 сомдон ашып кетти. Түзүлгөн кырдаалды Кыргызстандын Нефтитрейдерлер ассоциациясы Россиянын Красноярский нефти заводундагы көйгөйлөргө байланыштырып жатышкан. Бул өзүнчө бир себеп болсо керек. Бирок эң башкы себеп башкача болуп чыкты. Капталыбызда турган казак туугандар өз өлкөсүндөгү күйүүчү майдын тартыштыгынан улам, өлкөдөн күйүүчү майды чыгарбоо чечимин кабыл алышыптыр. Мына ушул чечимге таянган казак туугандар, Россиядан миңдеген тонна күйүүчү май ташып келаткан 100дөгөн жүк ташуучу машинелерибизди Казакстан менен Кыргызстандын чек арасында жана Луговой станциясында 1000 вагонду апрель айынан бери өткөрбөй кармап турат. Кызык, казак туугандар кантет эми, дени-карды соо, акыл-эси ордундабы деги?! Биздин айдоочуларыбыз ал майды Казакстандан эмес, Россиядан ташып келаткандан кийин, аларды өткөрбөй коюуга кандай акысы бар?! Же алар Россиянын майына ээлик кылып калышты беле? Биздин бийлик мыйзамсыз кадамга барып жаткан казактарга ушуну түшүндүрүп айта албай турушат. Сүйлөшүүлөр жүрүп жатканы менен азырынча жыйынтык жок. Ал ортодо бензиндин баасынын өскөнү айдоочуларга гана эмес, жалпы соода тармагына, азык-түлүктөргө да терс таасир тийгизе баштады. Дагы бир маалыматтарда аз күн ичинде күйүүчү майдын баасы 45 сомго чейин көтөрүлөрү айтылып, элди эмитен "көндүрүп" жатышат.


Актанганы же мактанганы белгисиз...
Биздин космонавт бар эмеспи, өзбек тектүү Салижан Шарипов деген. Кезегинде кыргыздын атын чыгарып, чет элдиктер менен бирге космоско учуп барганынан башка кыргызга кылган жакшылыгын көрө элекпиз. Биз ошого жетине албай анын төшүнө "Ак Шумкар" орденин тагып, КРнын Баатыры кылып бапестеп келебиз. Бирок бул адамдын жакында Түндүк уюлга Өзбекстандын желегин илип, даңазалап жүргөнү жалпы кыргыз элине жакпады. ЖМКда да катуу сынга алынды. Ал тургай андан КРнын Баатыры деген барктуу наамды баркын кетирбей алып салуу сунушу да айтылды. Мына ошондон кийин ал, Түндүк уюлга Кыргызстандын желегин да алып барганын актануу менен айтып жүрөт. Канча актанбасын, КРнын Баатыры болуп жүргөн Шариповго мындай куулук-шумдук жарашпас. Деги эле, анын кыргызга күйгөндүгүндө, кыргызды сүйгөндүгүндө шек бар. Кантсе да өзбек эмеспи, кан ойноп жатат да. Андыктан, "эки фронтко ойногон" Шариповдон КРнын Баатыры наамын алып салуу керек. Биз алып салсак өзбектер өздөрү беришер.


Раушан Рыкунова ачык айтабы?
7 - апрелден кийин "Мегакомдун" 500 миң долларын алган деп күнөөлөнүп, абакта жаткан Раушан Рыкунова жакында эле үй камагына чыгарылды. Ал учурда буларды айтып турат. "Мен күнөөлүү эмесмин, мен "Мегакомдон" бир сом да албай калгам. "Мегакомдун" акчаларын Улуттук коопсуздук кызматынын 21 кызматкери жана Ички иштер министрлигинин кызматкерлери алышкан. Бардыгы 50 адам. Алардын ким экендигин мен толук акталып чыккандан кийин айтып берем" дейт. Калпты чындай айткан айымдын бул айткандары канчалык деңгээлде аныкталаарын убакыт көрсөтөөр.


80 млн. доллардан кур калабызбы?
Чубактын кун­ундай чубалжыган "Кумтөр" чатагы басылып калганы менен, анын экономикабызга тийгизе турган терс таасирлери ачыкка чыкты. Эң негизги мисал катары: "Центерра" ком­паниясы менен кыргыз өкмөтүнүн ортосунда түзүлө турган жаңы компания эмдигиче ишке кире элек. Бул жаңы компания буга чейин ишке кирип, парламент колдоп берген 50х50 пайыз келишиминин негизинде иштеп башташы керек эле. Дагы бир чечиле элек маселе катары кыргыз бийлиги менен "Центерранын" ортосунда кол коюу иштери алигиче аягына чыга элек. Бир сөз менен айтканда, жаңыча иштөө ыкмасына жетишүү үчүн жаңы компанияны түзүү иштерине талапка ылайык даярдык көрүлүшү зарыл болчу. Азырынча жетиштүү аракеттер жок. Мындай шалаакылык темп менен кете берсек, анда мамлекеттик казынага жыл аягына чейин 80 млн. доллар түшпөй калуу коркунучу бар. Болгон пайда 2009-жылдагы келишимдин негизинен ашпайт. Анда буга ким жоопкер болот? Парламентпи же өкмөтпү?!










??.??