Сандан-санга
Мамбет Мамакеев
МЕЗГИЛ ЖАНА ИНСАН
Автобиографиялык
мемуар

Бир күнү угуп калдык, эртең чөп чапканга уруксат берет экен деп. Жаман чалгымды чыңап-таптап, даярдап койдум. Ошол түнү ай жапжарык, эл жатканда ай төбөгө келип калган, чалгымды көтөрүп алып барып загон салып, бир гектар чамасында жерди айланып баратам, бир айлана элекмин, жакындап калдым эле, айылдан бир атчан келатат, анда тымтырс, алыстан атчан киши чыкса тез эле көрүнчү. Түз эле мени көздөй келатат, мен активдер экен деп чөптүн арасына жата калдым, тиги киши көрдү, чапкан из менен таап алды. Атынан түштү, чалгысы бар, карасам, Иманбай деген бай абышка экен, Мамакеден улуу. Мени көрө коюп эле: "Атаңдын көрүн урайын, бул жерди мен кайтарып чабайын деп жүрсөм, сен желмогуз, кайдан чыга калдың?" - деп демитти. Мен ой, чоң ата, бул жерди мен дагы жаңыдан өсүп келаткандан бери кайтарып жүрөм дедим. Жакын келип, жаакка бир чапты: "Жогол көзүмө көрүнбөй!" - деп. Менин алдыма түшүп алып күпүлдөтүп чаап кирди. Мен чаба бер, мага жардам берип жатасың деп жинине тийдим окшойт, кайрылып келип бир тепти. Мен эми бир кайрылып чапсаңыз, таарынбаңыз деп эскертсем, дагы качырды эле, мен кармаша кетип, көтөрүп чаптым да, төшүнө мине калдым. Түшүндү, "Тур!" - деп боктоп, чалгысын алып каңкылдап тилдеп кетип калды. Айылда ушул Иманбай биздин тууган Токтосун деген экөө өтө бай кишилер эле. Байлыгына салып, мен кедей 15 жашар бала болсом, ай, ушуну койчу деп кемсинткендер көп эле болду.
Таң аткыча, эртеси чаап бүтүп салдым да, окууга кеттим. Көп жыл өттү. Кийин медицина илимдеринин кандидаты, кафедрага мугалим болуп калган убагым. Айылга отпускага барсам эле, эртеси ушул Иманбайдын туугандары болуш керек, Акмат деген сакалдуу киши - мурун деле билчү элем, үйгө келип калды. Учурашып отуруп: "Мамбет, биздин сакалдуубуз Иманбай абышка катуу ооруп жатат, ошону барып көрүп бер", - деп турат. Эсиме түшүп секирип кеттим: Жок, мен бошобойм, Караколго кеткен жаттым эле деп жанталашып жибердим. Акмат абышка: "Кой, Мамбет, антпе, Иманбай абышка өзү сурап жатат", - деп турбаспы. Айлам кетти, эмне кылам, ошондон бери бул кишини көргөн жок элем. Айлам жок бардым, барсам, өзүнүн туугандары, сакалдуулар отуруптур. Иманбай абышка чын эле төшөктө ооруп жатыптыр. Жанына барып отуруп, өңүн карай албай тамырын кармап, оорусунун ал-жайын сурап, кантип тез чыгып кетиштин амалын издеп жатам. Сүйлөшүп бүтүп, билген дары-дармегимди айтып, сакайып кетиңиз деп турайын десем, тамак ичип кет деп болушпайт. Мен такыр макул болбодум, болгон ишти экөөбүз гана билебиз, башка эч ким билчү эмес, абышка кантип айтсын, ушул жарыбагыр көтөрүп чаап төшүмө мине калды эле деп, мен кантип айтам бирөөгө? Болбой эле кетейин деп турдум эле, Иманбай абышка сөөмөйүн көрсөтүп: "Мен билдим эле ушундай болооруңду", - деди. Эми бул кишилердин баары аркы дүйнөгө кетишти, арбактары колдосун.
Дагы бир эстен кеткис окуя. Кийин ушул мага жардам берген - кайын эне болот деп, бирок болбой калган "кайын энеме" чоң ырахмат. 9-класста жүргөн убагым. Биздин айылда чоңойгон, өзүлөрү Сары-Камыш айылынан - Курман деген киши бар эле. Бир кызы бар, ал 7-класска чейин биздин айылда окуп, андан кийин окубай калды. Эне-атасы, Кызыл-Кыя деп коёбуз, Каркырадан бери жайлоо, тоо, калың карагайлуу жер эле, ошол жакка тоонун арасына жыгач үй салып, жайы-кышы мал-салы менен ошол жакта жашашчу. Мен ал кыз - Токор экөөбүз эс тарткандан баштап, негедир бири-бирибизди жакшы көрүп калдык. Ошо жакка кеткени анда-мында эле келип калчу. Бая балалык сүйүү сөзими болсо керек, экөөбүздө тең. Ал убакта аял алуу менин түшүмө да кирген эмес. Себебин айтпадымбы, уруш убагы, анан кедейчилигибиз. Кызыл-Кыяга биздин айылдан барыш үчүн тың ат болсо эртең менен чыксаң, кечинде жетесиң, кыштын күнү суук, кар өтө калың. Декабрь-январь айлары болсо керек, бир күнү эле атчан ошол кыз мага келип калды, учурашып сөз сурай электе эле ыйлап кирди. Ой, эмне болду, эсенчиликпи дедим. Айтканы ушул болду: "Мени күйөөгө бергени жатат".
Мен айттым кайдагы күйөө, эркек кишилер жок болсо же бир абышкага токолдукка барганы жатасыңбы деп. Антип тамашаласам ыйлайт эле, ыйлайт.
Көрсө, эжеси бар экен өлүп калган, ошого кудалап коюптур, эми ошол жигит армиядан келиптир. Атасы: "Эжеси өлсө, эми сиңдиси бойго жетип калыптыр, ошону алабыз", - деп маселени кабыргасынан коёт. Ал жигиттин өңүн дагы такыр көрбөптүр, тааныштыгы жок, ата-энеси макул болот. Себеби мурун анча-мынча калыңын өткөзүп койгон да. Эмне кылам деп эле ыйлайт. Мен ай, менде андай ой жок, өзүң билесиң биздин кедейчиликти десем: "Мен эне-атама айттым, ал кишилерге өлсөм дагы барбайм, менин жакшы көргөн жигитим - Мамбет дедим", - дейт. Мени укканда энеси: "Ай, койчу, анын ити да жок, томояк немеге барасыңбы?" - деп секирип кетет. Аягында боорум ооруп, эртеңкиге чейин коюп турчу, энеме, Бердибай деген чоң ата бар эле, ошолор менен кеңешип көрөйүн деп, кечинде Бердибай чоң атама, энеме кеңештим, болгонун болгондой айтып бердим, экөө тең: "Ал, Кудай берет, тобокелге сал, намыс үчүн", - деп турбаспы. Мен алганда, кандай жашайм, ансыз деле үй толтура бүлө, бир жамынарга жуурканыбыз жок десем, болушпайт ала бер деп.
Эртеси Токор кезигип, макул болду. Бир жумадан кийин бармай болуп болжоштук. Мукамбет деген жолдошум барып бирөөнүн үйүн сурамыш болот, ошондон билип даяр бол дедим. Макул болуп, ага чейин мен энемди макулдатууга аракет кылайын деп кетти. Бир жумадан кийин, болжошкон күнү чанага эки ат кошуп, Ишен, Мукамбет деген эки теңтушумду күйөө жолдош кылып алып, кардын калыңдыгы, сууктун укмуш убагы эле, эртең менен чыгып, күүгүмдө араң жеттик. Сүйлөшкөндөй, Мукамбет бир атты чечип минип алып кетти, Ишен экөөбүз коктуда турабыз. Алардын үйү жогору карагайдын арасында, бийик жерде экен, Мукамбетти энеси көрө коюп аттан түшүрүп, өзү бизди көздөй чуркайт. Карасак, энеси далдаңдап чуркап келе жатат, келип эле: "Жүрүгүлө үйгө, үшүп кетесиңер", - деп үйүнө чананы айдатып барды. Эт салып тамак берди, энеси: "Сен, бала, убара болбо, кызымды сага бербейм, итиң да жок томояк бечарасың, аялды эмне кыласың?" - деп түз эле мени жайлап кемсинтти, үн жок, эчтеке айта алган жокмун. Чынында эле ошондой элем. Кызы болсо чыдабай, макул болбосо дагы мен Мамбетке барам демиш болду. Таң аткыча бир казак кошунасы экөө уктабай кайтарып отуруп алды.
Эртеси шылкыйып үйгө келе бердик. Жолдон айылга баргандан уялып, Сары-Камышта окуган мектебимде калып калдым. Эртеси уксам, айылда туугандары - энесинин сиңдиси Сары-Камышта сельсовет Атый деген өңдүү-түстүү, зыңкыйган сулууча аял бар эле, анын биздин айылда оорукчан, армияга барбай калган Акай деген тууганы түнү менен жолду тосуп, кайтарып отуруптур. Эгер алып келип калса, жолдон алып калалы деп. Эки жумадан кийин жаңкы Ишен деген жолдошум келип калды: "Мен шахтага көмүргө баратам, жүрү, жанагы кызыңа бара келели", - деп, себеби тигилердин турган жери ошого жакын эле. Уга албай турган жаным, макул болдум.
Кабар кылбай эле капысынан кечинде жетип бардык. Барсак, үйүндө бир солдат жүрөт, энеси үйүндө жок, Токор экөө эле экен. Мени көрүп, кызым чочуп, жүрөгү түшүп калды көрүнөт. Кубарып эле тилден калып, сүйлөй албай турду. Солдатты байкасам, бою кичинекей, оң колунун бармактары жок, кыйтыйган адам экен. Түшүндүм, жанагы алам деген жигити ушу экен. Энеси булар тил табышсын деп экөөнү таштап, өзү айылга кетип калыптыр. Башка барар жер жок, кышында суук, конуп калдык. Тамак берди. Байкасам, баягы сага барбасам жашабайм деп ыйлаган кызым башкача болуп калыптыр, кейпи тил табышып алгандай. Энеси, туугандары баары кийлигишип жатып макулдатса керек, сезип эле турдум, мени ити жок кедей, анан жакында жашы жеткенде армияга алып кетет, келеби-келбейби, анан "атаңардын арбагы урбайбы" деген сөздөр менен ийитип койгондой, жаткыча эч сөз сүйлөгөн жок. Мен дагы унчуккан жокмун, Ишен эле тиги солдат менен анча-мынча сүйлөшүп отурду. Кызыгы, жатканда
(Уландысы кийинки санда)