Каратэ-кылмыштуулукка каршы

Жайдын аптабы менен көгүлтүр көлдүн жээгиндеги Бостери айылында "Спорт-балдар кылмыштуулугуна каршы" деген аталыштагы будо-каратэ боюнча Эл аралык мелдеш болду.
Мелдешти КРнын кекусин-будо-каратэ федерациясы, дене тарбия мамлекеттик агенттиги, Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы биргелешип уюштуруп, жаштарды терс адаттардан коргоп, спортко тартуу максатын көздөдү. Буга Казакстан, Кыргызстандын командалары, жалпысынан 113 спортчу катышты.
Мындай иш-чара эң биринчи жолу 2008-жылы өткөн. Акыркы үч жылда ал Эл аралык деген статус алды. Себеби, ага кийинки жылдары Тажикстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Россия командалары катыша баштаган. Бул жолу Казакстан гана катышып, башка мамлекеттеги командалар ар кандай себептер менен келе албай калышты.
Мелдеш кызуу өтүп, жаш балдар-кыздардын бири-бири менен таймашы бүйүрдү кызыткыдай эле болду. Албетте, мындай иш-чараны көрүп көзүң кубанат экен. Өзгөчө жаш спортчулардын өз тренерлеринин, ата-энелеринин жана тартип сакчыларынын алдында ант берүүсү адамды толкундантпай койбойт. Алар өздөрүнүн спорттук чеберчиликтери аркылуу Ата Мекенин коргоого ант беришти.
Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары Айтмамат Мавлянкулов "Жаштардын арасында кылмыштуулуктун күчөп жатканы өкүнүчтүү көрүнүш. Ал эми мындай иш-чара жакшы профилактикалык аракет болот. Андыктан, бул иштерди Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы ар дайым колдоп келгенбиз" деген ойду айтты.
Анын билдирүү­сүндө облуста балдар арасында кылмыш­туулук акы­рындап кыс­карууда. Кий­­инки жылы ал 30 пайызга азайган. Учурда облустук ИИБ тарабынан 9-классты аяктагандан кийин окубай калган балдардын тизмелери такталып, алар эмне менен алектенери изилденип жатат.
Ысык-Көл облусунун мурдагы начальниги Жалил Илиппаев бул иш-чараны алгач уюштургандардын катарында десек болот. Андыктан, ал мелдешке келип, жаш спортчуларга ийгилик каалады. "Спортто келечектин Мекен коргоочуларынын мүнөзү калыптанат. Биздин Мекен ээлери - ушулар. Алардын келечеги кең болсун. Бул жаш спортчулардан жакшы адамдар калыптанып чыгарына ишенем",- деди.
Бул мелдештин эң кенжеси 6 жаштагы Алымкул уулу Нуржигит өзүндөй балдардын арасында 3 жолку чемпион экен. Ал бүгүн 4-жолу чемпион болду. Нуржигит спортко 4 жарым жашынан келиптир. Быйыл 7ге толот.
- Нуржигит, атаандашыңан корккон жоксуңбу? - деп суроо бердик ага.
- Корккон жокмун.
- Каратэге эмне үчүн машыгып жүрөсүң?
- Мага жагат. Мен чоңойгондо күчтүү болуш үчүн өзүмдү, Мекенди коргоону ойлоп машыгам.
Бул мелдеште Бейшекеев Эрмек 45 килограммдык салмакта 1-орунду алды. Ага күйөрман болуп жаткан атасы Таалай: "Башында кубангандан ыйлачумун. Кийин көнүп калдым. Уулум 3 жылдан бери машыгат. Мен аны менен сыймыктанам", - деди. 12 жаштагы Ажыбекова Сезимдин апасы Акибаева Асель да кызы машыкканына 6 ай гана болсо да, республикалык мелдеште 3-орунду, бүгүн 2-орунду алганын айтып, машыктыруучу Анара Ашыровага ыраазылыгын билдирди.
Казакстандагы кекусин-каратэ федерациясынын вице-президенти Саменов Жанат казакстандык спортчулардын атынан уюштуруучуларга ыраазычылыгын айтты. Ал казак спортчулары Эл аралык мелдештерге алыскы жана жакынкы чет мамлекеттерге даярданып жатканын жана алдыда ийги тилектер бар экенин баса белгиледи. Бул жолу Казакстандын Жезказган, Караганда, Кордой, Мерке, Алма-Ата шаарларынан бардыгы 33 спортчу келген. Алардын арасынан биринчи орунду 6 спортчу алды.
Ал эми Кыргыз Республикасынын кекусин-каратэ федерациясынын президенти Алибаев Тилекбай жаштар көчөдө бош жүрбөй каратэ менен машыкканы өтө жакшы экенин белгилеп, биздин келечек муун дене түзүлүшү жагынан улуттун сыймыгы болуш керек деген оюн кошумчалады. Анын айтуусуна караганда, Кыргызстанда бул спорттун түрү менен машыккандардын чеберчилиги жыл өткөн сайын жогорулап келе жатат. "Жакынкы 5 жылда дүйнөлүк аренага чыгышыбыз мүмкүн", - дейт ал.
Бул жолку мелдеште эң эле көп жеңишке жетишкен Бостери каратэ клубу болду. Аны 1990-жылдан бери бул спортто активдүү жүргөн КРнын кекусин-будо-каратэ клубунун президенти, Бостери клубунун башчысы Ашырова Анара жетектейт. Аталган клубдан мелдешке 29 бала катышып, анын 9у алтын, 25и күмүш, 3ү бронза медалга татыктуу болду. Жалпы команда боюнча алганда да, алар алдына команда кое берген жок. Бул клубда Бакиров Сыймык үч жолку Эл аралык турнирдин, 9 жолку республикалык турнирдин чемпиону болгон. Тойчубек уулу Алмабек 3 жолку Эл аралык мелдештин, 11 жолку республика жана казакстандык мелдештин чемпиону деген титулдарга жетишкен. Уланта берсек, мындай чемпиондордун катары көп.
Экинчи орунду Бишкек шаарындагы Николай Радрин жетектеген "Фудашин" клубу багындырды. Алардан 18 бала келип, 7 алтын, 5 күмүш, 7 бронза медалдарына ээ болду. Бул мелдешке Кыргызстандан көп клубдар катышканы менен, тилекке каршы көбү жеңишке жетише алган жок.

Жумагүл БАРКТАБАСОВА




Мыйзамыңарга баракелде!
Жол эрежесин бузган айдоочуларга айып көлөмүн 20 миң сомго көбөйткөн мыйзам долбоорун эл өкүлдөрү үч окууда кабыл алышты. Мыйзамга президент кол койду. Эми иштин бүткөнү.
МАИчилердин көктөн издегени жерден табылды. Ошентип аз күндө МАИчилердин 20 миң сомдук мыйзамы ишке ашып, Кудай берип салды. Эми МАИчилер түн уйкуларынан калып барбаганга барып, кылбаганды кылып, бак-дарактын бурчуна жашынып, дагы айтам, "көпкөндөрдү" эмес карапайым айдоочуларды аңдып, аларды бута аткансып атып алышат. Мына "жат баланын сакасы" дегендей бир заматта 20 миң сом. Ошентип, ушул мыйзам МАИчилер үчүн ыйык болгону турат. Анан алар жыргабаганда ким жыргайт?..
Эмне МАИчилер эле "Оо, Кудай кырсык болбосо экен, айдоочулар ичпесе экен" деп турат дейсиңерби? "Уурунун тилегени караңгы" дегендей, жол эрежесин көзөмөлдөгөндөрдүн тилегени баарыбызга беш колдой белгилүү да.
Ошентип пейилдери ач, ниеттери бузук, аң-сезимдери төмөн, курсактары ток, кайгылары жок, аристократ эл өкүлдөрүнөн ушундай ойдо жок мыйзамдар жарала берет экен, окурманым.
Ойлонсоңор боло, эл ишенген өкүлдөр. Бул 20 миң сом Аскар Салымбековго окшогондорго 20 эле сом. Ал эми карапайым айдоочулар, биз үчүн бул штраф өлүм жазасына барабар да. Же дагы деле түшүнгөн жоксуңарбы? МАИчилерге 20 миң сом бербесең, кайдан табасың, аларыңдын урганы жок, ишиң сотко ашат. Сот байкелерди билесиңер, байкелетмек турсун, танцы тептирет. 20 миң сомду төктүрөт, анан дебейсиңби? Сурайт, сураганын бербесең, айдоочулук күбөлүгүңдөн ажырайсың. Жолдош депутаттар өзүңөргө келгенде мындай "кызыктай" мыйзамдарды кабыл албайсыңар. Ал эми карапайым калкты урганыңар жок. Айланайын мыйзамчылар, убал-сооп деген түшүнүк барбы, силерде? Ойлонуп туруп, мыйзам кабыл алгылачы сураныч. Биз деле адам баласыбыз го. Ушундай ысыкта бир чыны кымыз же бир чыны пиво ичип иет экенсиң. Ошондо эле Кудай бетин салбасын, МАИчилер жер өрттөнүп, аны ошолор эле өчүрүп жаткансып калышат. Акылыңарга келсеңер, силердин оюңарча штраф менен тарифти көтөрө берсеңер эле бюджет толо түшөбү? Жок аксакалдар, күлкүнү келтирбегиле. Штраф менен тариф көбөйгөн сайын коррупция гүлдөй берет. Себеби электр энергияга 1 сом 20 тыйын төлөгүчө контролерго 70 тыйын төлөгөн оңбу? Сотко ашырбай МАИчилерге 20 миң сом берген туурабы? Бул коррупция схемасынын алдын ала түзүлгөн мыйзамы эмей эмине. Мындай мыйзамыңар менен Кыргызстандын түбүнө жетесиңер. Ушундай былжырак мыйзамыңардан улам жумушсуздук, ууру-бөрү көбөйүп, коррупцияга жол ачылып, ансыз деле бок элек, эми чычкакка айландык болуп баратабыз.

Урматтуу депутаттар!
Өзгөчө мас абалында айдаган айдоочулар чындыгында кылмышкер. Бул туптуура. Аларга чоң чара көрүш керек. Бирок ичимдик ичкен айдоочулар үчүн бардыгына бирдей өкүм чыгара берген кантип болсун. Жыттанганы деле, кызуу болсо деле, мас болсо деле 20 миң сом, ушул кантип болсун? Анда Кылмыш жана жаза кодексинде деле майда кылмыш болобу, орто кылмыш болобу, чоң кылмыш болобу баарына бирдей эле күнөө коюп, өмүр бою эркинен ажыратуу десек кандай болот...?
Сиздерден өтүнүч..., ичимдик ичип айдаган айдоочулар үчүн төмөндөгүдөй мыйзам жазсаңар болбойт беле?
Биринчиден, ичимдик ичкен айдоочунун ахыбалын карап, экинчиден, иштеген жумушуна ылайыктап туруп штрафты аныктасаңар. Мисалы: 1. Өзү соо болуп, бир аз жыт болсо, айлыгынын 5 пайызын, мисалы айлыгы 10000 сом болсо 500 сом, бул деле оңой эмес штраф, биз үчүн. 2. Кызуурак, анда айлыгынан 30 пайыз ды, бул 3000 сом оңойбу? 3. Мас, анда айлыгынын 70пайыз ын, ал 7000 сом жана администрациялык жаза.
Бул жерде күлкү жок, ойлонолу. Себеби кырсык боло электе эле жазаланып жатат. Ал эми мастын абалын аныктоо үчүн чет өлкөнүн миллион сомдук приборунун кереги жок. Керек болсо өспүрүм балдар деле билет. Ким канчалык ахыбалда мас экенин. Мас айдоочуну жазалайт десе эле шымын биротоло шыпырып салыш керекпи? Ал байкуш эртеси бала-бакырасын кантип багат? Кантип күн көрөт. Бир жагынан ата-энеси, тууган-туушкандары, өзгөчө аялы күндө канын ичет. Анан "готовый будуңий бомж". Айдоочулар чындыгында алкаштар эмес да. Эртеси соолугат, уялат, кысталат. Кыскасы ичкиликтен түшкөн штрафтарды иштеген жери аркылуу төктүрүш керек. Ошондо айдоочунун ого бетер бети кызарып, уяты чыгат. Мындай учурда деле МАИчилер айла-амалын таап, баары бир алат дечи. Ошентсе да чөнтөктөрү бир аз толбой калабы дейм да? Баса жанагы жыйырма миң сом деген долбооруңар Ак үй, Көк үй, бай-бий чиновниктерге, дүпүйгөн жип тепкен дүңкүйгөн айдоочуларга жана өзүңөргө ылайыктуу эле мыйзам. Мындан тышкары толуп жаткан маселелерди кээ бир журналисттер "тийгизе" жазып, корреспонденттер көрсөтүп деле жатышат. Куру калгансып, мен дагы жазымыш болдум муну. Буларды окуп, жок дегенде көңүл буруп койгон жан барбы деги?.. Ал эми илгери "Чалкан" деген журнал болоор эле, ага, деги эле ал кездеги гезит-журналдарга чыксаң өлдүң эле да. Текшерүүдөн, текшерүү. Ошол кезде ой келди, мыйзам жазгандар эмне болгон билбейм. Азыркыларга жыргал, сака-чүкө аралаш мыйзамдарды жарата беришет. Тийсе бутакка, тийбесе... Баракелде мыйзамыңарга. Ойду омкоруп, тоону томкоруп салдыңар. Эсиңер ооду, эми эс алышыңар керек. Өзүңөр айткандай төртүнчү классыңар да, төртүнчү класс.
Элди ойлобойсуңарбы, силерди эл шайлады го. Эл болбосо көрөт элем силерди. Эртең эле шайлоо келет. Ойлонгула. Урматтуу эл өкүлдөрү.

Айдоочу
Темирбек Мамбеталиев