Бакыт кушун боосунан бек карма
(Сезбегем мындай бакытты, Перинин өзүн сүйгөндөй…)

Сүйүү касиети
Сүйүү -бул теңирдин кудурети менен көктөн келип түшкөн керемет нур. Ал адам жан дүйнөсүнө жакшылык, бакыт нурун төгүп, жан кейиткен жаман кабылдоолорду, анын кесепеттерин алыс кууп, адамга жакшы касиеттерди тартуулайт. Сүйүү коштоп жашаган адам ар кандай чыр-чатактардан да оолак болот. Ар кандай терс жоруктарга, көбүн эсе чылым чеккенге, ичимдикке жолобойт. Анткени, сүйүүнүн ырахаты да, касиети да, жоопкерчилиги да бийик. Ошону менен катар ар дайым пакиза болууга, аруулукка чакырып турат.
Сүйүү- адамдын ой-кыялына канат бүтүрүп, чыгармачылык эргүүнү, жигерленүүнү күчөтөт. Анын касиети чыгармачыл ой-кыялды укмуштай керемет эргүүгө туш кылып, ааламга шаңшытып жиберет. Сүйүү адамга укмуштай күч-кубат берет. Анын кереметин айта берсе сөз жетпес. Кыдыр колдоп, кут коштоп дегендей, адам өмүрүнүн куттуу жандоочусу болуп жүргөнүн айтыңыз.
Сүйүүгө кайдыгер карабаган адамдын чыгармачылыкта да жолу болот. Таанымал бир өнөр адамы: "Эгер мен аялзатына мурдагыдай кызыкпай калсам анда искусство менен кош айтышам",-деп айтыптыр. Ал уулдуу болгондо жашы сексенге келип калган кези эле. Керемет кадырын сезген чыгармачыл бул инсан өмүрүнүн акыркы күндөрүнө чейин аялзатын сүйүп, аздектеп жана урматтап жашаган. Мындай мисалдарды айта берсе турмушта аябай эле көп.

Перизаттын бир эле мээримдүү көз карашы…
Жан дүйнөң арзыган, ошону менен бирге эле өзүңдү сүйгөн аялзтына жолугуу, ага жетүү, эриш-аркак жашоо сенин жан дүйнөңдү, турмушуңду гана бактылуу кылбастан келечек максаттарыңа жетип кереметтерди жаратышың үчүн да аба менен суудай эле өтө керек.
Жүрөгүң менен арналган перизаттын бир эле мээримдүү көз карашы сага дүйнөнү өзгөртүп жиберүүгө боло тургандай күч-кубат берет. Аялзатын сүйүү, бул ага жетүү, кадырман түгөй табуу деген гана сөз эмес, бул- бактылуу өмүр сүрүп, залкар ийгиликтерге жетишүү үчүн эң эле керектүү керемет касиетке ээ болуу деген маани-маңыз. Бардык дөөлөттөрдүн угуту ушундан башталып, куттуу сапарга чыгып турат.
Сүйүү-бул жашоого угут берүүчү кудурет. Сүйүүгө туш келсең, анан албетте ага жете алсаң бакыт кушун боосунан кармадым дей бер. Ошондо керемет дүйнөдө болосуң. Ийгилик жылоолоп, жалынан кармап жүрөсүң. Көртирлик көйгөйүнөн өйдө турасың. Сүйүүгө жолугуп жетпей калсаң азапка туш келгениң, бирок ал да сага зор дымак берип турат.
Сүйүүнүн азабы да бар деген ушул. Канткен менен сүйүүгө жолуккан адамды анын касиети дайыма жандап жүрөт. Демек, ал бактылуу.
Өмүрүмдө бир чындыкты билемин,
Түшүмдө да сени көрүп жүрөмүн.
Таң атарда кызгылт нуру төгүлүп,
Бешенеңден күндүн көзү көрүнүп,
Күн чыгарын сүйүнчүлөп турасың…


Шүүдүрүмдөгү дүйнө
(Этюд)
Толукшуган апакай кош алмаңдын уясында термелип турган кереметин айт. Жарашыктуу тигилген көкмөк асмандай көйнөгүңдүн кыюуланган көкүрөк жасалгасынан жанашкан кош мөмө кылаят. Анын ортосундагы айчыкка алтын чынжырыңдын жүрөк түспөл берметинин сүлкүлдөй конуп турганы ажайып дүйнөнү көз алдыга тартып жиберди. Уяда жаткан чынжыр өрүмү күн нуруна чагылып түркүн түскө бөлөнүп түрмөктөлгөн толкунду элестетет.
Чакмак өңдөнгөн алтын сыргаңдан кылтылдап түркүн нур төгүлөт. Алтын жасалга да жарашкан жанга жарашарын туюндум. Анын көркүн чыгарган да көксулуу болот.
Мемиреген көлдөй жан дүйнөңдөн чыгып келаткан күндү, мөлтүрөгөн мөл булактай тунуктугуңду, перидей жамалыңды көрүп турам. Толукшуган айпери экенсиң. Ажайып нур жамалыңды ого бетер ажарлантып турду. Карагаттай көздөрүңдөн мөлтүрөп күн көрүнөт. Сулуулугуңду айта берсем күн эмес өмүр өтөр. Шүүдүрүмдөгү дүйнө өмүр кутун сүйүнтүп чексиз мейкиндикке сиңип кетип турарын сездим. Өмүрдүн кайталангыстыгы да, түбөлүктүүлүгү да ушунда болсо керек.

Кат
(Эссе)
… Сен тууралуу ойлой берчү болдум. Сенин сөздөрүңдү эстей берем. Ооба, ошондо сен менин көңүлүмдү калтырууга, биротоло түңүлтүп салууга аябай аракеттендиң. Бирок, көздөгөн максатыңа жетпедиң. Мен баарын түшүнүп турдум. Жүрөгүмдүн шыбырын уктум. Ошонун кубанычы үчүн баарына кайыл элем.
Сен ошол учурда негедир өзүңүздү бекер эле кыйнай бербеңиз деп айттың. Сезимталдыгыңа, зиректигиңе ыраазы болдум. Бирок, мени азапка салып, кыйнап турган өзүң элең. Ыймандай сырымды төгүп жалынып, жалбарып турсам да бир ооз жылуу сөзүңдү ыраа көрбөдүң. Сен мынчалык таш боордукка барбашың керек эле. Эмне үчүн мерез болуп калгансың. Ага да күнөөлүү адамдар бар экенин сезем.
Биринчи жолу мүңкүрөп турганымды сездим. Али эч кимге ыйгарылбай, бактысын издеп келген ууз сезимимди сага кош колдоп сунуп жатып ай-талаада аңгырап калгандай боздоп кетем деп ойлобопмун. Ушундай белең, ушундай белең… мен ыйык тутуп, өзүмө өмүрлүк жар издеген ажайып аруу сезимдер дүйнөсү. Сени менен коштошпойм.
Ооба, ар бир адамдын өмүрүндө балбылдап жанган жылдызы болот. Мени түшүнүп, жан дүйнөмдү, аруу сезимимди аздектеп күтүп алар перизат али кезиге элек тура деп ойлонуп калдым.
Адамдардын бактылуу болушу үчүн бардык аракетимди арнагым келет. Бирок, көп адамдар өмүрдөгү ушундай аруу дилди тебелеп-тепсеп жашашат экен. Андай жандардан көңүлүм сыздап, оолак жүргүм келет.
Мен адамдын аруу, таза сезимдери жөнүндө күү чалган, адам бактысы үчүн кам көрүп өзүнчө чалкып жаткан дүйнө жөнүндө кеп айттым. Аны эч кандай жамандык булгап, бүлүнтө албайт. Ал жамандык менен беттешкен сайын ар дайым жеңишке жетип, жармаша калган бир аз кирден улам тазарып өңүнө чыга кулпуруп турат. Сүйүү да ушундай. Сүйө билүүгө үйрөн.
Аруу, таза дил адамга бакыт ыроолойт. Мени кадырлабасаң да ушул сөздөрдү кагазга түшүргөн дилимди түшүнөрсүң. Ал аруу дүйнө мени бакытка жеткирерине ишенем. Ошон үчүн ал ар кимге арнала бербейт.

Өмүрдү жаш менен өлчөөгө болбойт
Өмүрдү жаш менен жылдар менен өлчөөгө болбогондой эле сүйүү сезимин да чектөөгө болбойт. Ал кудайдын кудурети менен келип адам өмүрүн аруулантып, бакыбаттантып, бактыга бөлөп, керек болсо азапка салып, көзүн ачып, ошону менен да бакыт даамын сездирип турган керемет касиет.
Тун сүйүүңүз эсиңизге түшүп турабы? Сиз сүйүүгө кабылдыңыз беле? Сүйгөн болсоңуз ошол сүйүктүүңүзгө жеттиңиз беле? Же ал сезим сизге кол жеткис болуп алыста кала бердиби?
Эгер көңүлүңүз чапса ушулар туурасында редакцияга жазып, кабарлашып туруңуздар. Кааласаңыз, жан дүйнөңүзгө түнөп келген аруу сезимди ажарына чыгарып, ажаатын ачып жарыялагыңыз келсе өмүр жана сүйүү бетинен орун беребиз.



Сүйүү, өмүр жөнүндө даанышман ойлор
Сүйүү касиетсиз жаралган адамды да касиеттүү кылат.
Вильям Шекспир
Бактылуу өмүр жок, бактылуу күндөр гана болот.
Андре Терье
Сүйүүдө даанышмандык жок.
Франсис Бэкон
Сүйүү унчукпай келип, унчукпай кетет.
Ромен Роллан
Сүйүүнүн бир сааты бүтүндөй бир турмуш.
Оноре де Бальзак
Биздин бакыт бизге ишенип, бизди сүйгөн жерде.
Михаил Лермонтов
Жашоонун канча кереги, cүйүүдөн болбой белеги.
Тарас Шевченко
Аялдын сүйүүдөгү даражасы анын сүйгөн жигитинен билинет.
Виссарион Белинский
Сүйүүнүн жалынына чалдыгып көрбөгөн адам, чыныгы сүйүүнүн эмне экенин билбейт.
Николай Чернышевский
Жакшы түгөйдүн жаны башка болгон менен дити бирге.
Мигель де Сервантес