presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргыз гезиттер
"Манас" - биздин руханий жан дүйнөбүз...

Урматтуу окурман!
Биз Сизге "Манас" эпосубуздун үчилтигинин мындан элүү жыл мурун жарык көргөн кыскартылып бириктирилген вариантын кайрадан сунуш кылып жатабыз. "Манас" эпосунун үчилтиги тууралуу, анын дүйнөлүк мааниси тууралуу бир кылымдан ашуун мезгилде оголе көп сөз болуп келди, мындан кийин да кылымдан-кылымга, муундан-муунга улут уңгусу катары улана беришине шек жок. "Манас" үчилтигине дүйнөлүк окумуштуулар, жазуучулар Радлов, Валиханов, Жирмунский, Ауэзов, Юнусалиев, Айтматов ж.б. жазган терең маанидеги макалалар улуу мурасыбыздын баа жеткис экендигин ырастап турат. Көрүнүктүү окумуштуулар, улуттук маданияттын чоң күйөрмандары болгон Б.М.Юнусалиевдин, Б.Керимжанованын жана К.Асаналиевдин мурдагы басылыштарына жазган көлөмдүү баш сөздөрү да эч өзгөрүүсүз, кыскартылбай киргизилди. Демек, окурмандарга сунуш кылынып жаткан бул китепте "Манас" эпосунун үчилтиги тууралуу узун сабак кеп кылуу зарыл эмес деп ойлойбуз. Ошондон улам биз эмне үчүн 60-жылдардын башында чыккан эпостун үчилтигин бүгүнкү окурмандарга тартуулап жатканыбыздын жөн-жайын кыскача түшүндүрүп коюуну гана ылайыктуу деп эсептейбиз.
Биринчиден, 1952-жылдагы "Манас" эпосунун элдүүлүгүнө арналган Бүткүл союздук конференциядагы чоң талаш-тартыштан кийин коомчулукка тартууланган эпостун үчилтигинин кошмо варианттары калайык-калктын өтүнүч-талабын толук канаттандырып, мезгил сынынан, окурмандык сындан майышпай өткөн вариант.
Экинчиден, көрүнүктүү акын-жазуучуларыбыз Кубанычбек Маликов, Аалы Токомбаев жана Түгөлбай Сыдыкбеков улуу манасчылардын варианттарындагы эң көркөмдүү, эң үлгүлүү, эң жакшы окуяларын, эпизоддорун жана салттарын тандашып, кыйыштырып түзүшкөн;
Үчүнчүдөн, "Манас" эпосунун үчилтигинин ваианттарындагы сюжеттик линия, туруктуу окуялар, образдар системасы чаржайыттуулуктан бир калыпка түшүп, поэтикасы жогорку деңгээлде иштелип чыккан;
Төртүнчүдөн, эпостун үчилтигинин варианттарын окубаган, болбосо окутуп укпаган кыргыз ал мезгилде болгон эмес, "Манас", "Семетей" жана "Сейтек" эпосторунун маани-маңызын, окуяларын, каармандарын жапырт билишкен, демек, бул - вариантта "Манастын" духу толук сакталган дегендик;
Бешинчиден, советтик идеологиянын улуттарды бир типке салуу, жалпылаштыруу өкүм сүргөн учурда улуттук сыймык, атуулдук ар-намыс, мекенчилдик сезимдердин өчүп калбай жанданып турушу үчүн, жаш муундардын улуттук уңгуда адилеттикке, кең пейилдүүлүккө, ынтымакка, достукка ж.б. тарбияланышы үчүн үчилтиктин бириктирилген варианты эң башкы, негизги, таасирлүү булак катары кызмат кылып келди, мындан ары да кызмат кыла алат деген ишенимдебиз.
Алтынчыдан, эпостун үчилтигинин кошмо варианттары кыргыз элинин маданиятынын, адабиятынын жана искуствосунун өсүп-өнүгүшүнө зор таасирин тийгизүү менен мамлекет тарабынан маданий мурастарга өзгөчө көңүл буруу керек экендигине жол ачкан;
Жетинчиден, "Манас" эпосунун үчилтиги дүйнөдө теңдеши жок улуу мурас экендигин далилдегенге жана дүйнөлүк маданиятта өзгөчө өзүнүн ордун алганга шарттарды түздү;
"Манас" эпосубуздун үчилтигинин кошмо варианттары өз мезгилинде өзүнүн озуйпасын аткарды го деп ойлогонбуз. Бирок, бүгүнкү күнү "Манас" эпосунун айланасында адабий да, саясий да чайкоочулук жүрүп, манасчылардын варианттарын бири-бирине каршы коюп, тексттер бурмаланып, жалган тексттер жаралып, окурмандардын баштары маң болуп жатканда "Манас" эпосунун үчилтигинин кыскартылып бириктирилген варианты "аба менен суудай" керек экендигине дагы бир жолу толук ынандык.
Ооба, бириктирилген варианттын кемчилиги да болгон, саясат, идеологиянын рамкалуу калыптарынын, пантүркизм, панисламизм жана атеизм деген түшүнүктөрдүн да текстерге терс таасирин тийгизген учурлары да бар. Бирок, ошентсе да "Манас"эпосунун үчилтигинин жалпы маанилик турпаты, эпостук бүтүндүгү сакталган.
Ар бир мезгил "Манас" эпосуна жаңыча мамиле кылууну шарттап келет. 70-80-жылдарда ар бир улуу манасчынын варианттарын өзүнчө чыгарабыз деген идеяны Компартия колдоп, Чынгыз Айтматовдун башкы редакторлугу менен Сагымбай Орозбаковдун вариантында "Манас" эпосунун 4 томдугун, Саякбай Каралаевдин вариантында "Манас", "Семетей" жана "Сейтек" жарык көргөн.
Кыргызстан көз карандысыздык мамлекет болгондон кийин, Адабият жана искусство институтунун директору катары "Манас" эпосунун академиялык басылыштарын даярдоону идея кылып, 1992-жылдан баштап көрүнүктүү манастаануучулар Самар Мусаев менен Айнек Жайнакова колго алышкан. Бүгүнкү күндө С.Орозбаковдун 9 тому, С.Каралаевдин 3 томдугу коомчулукка тартууланды. Ошону менен бирге Ш.Рысмендеев, М.Чокморов, Тоголок Молдо, Б.Сазанов, Д.Кочукеев, Ыса Жумабек уулу, Жусуп Мамай, Ш.Азизов, У.Мамбеталиев ж.б. варианттары окурмандарга жетти.
ООНнун чечими менен "Манас" эпосунун 1000 жылдыгын (1995) дүйнөлүк мааниде белгилесек, эми ЮНЕСКО тарабынан (2013) материалдык эмес маданияттын дүйнөлүк тизмесине катталдык.
Урматтуу окурман!
Илим үчүн ар бир манасчынын варианттары керек. Бирок жалпы окурмандар эпостордун ондогон варианттарын окуп чыгууга жана алардагы чаташкан, чиеленишкен сюжеттик окуяларды системалуу кабыл алууга чамалары чарк келбейт. Эпостордогу туруктуу, салттуу окуялар кошмо варианттарда өтө так, ирээттүү сакталган. Ошондуктан бүгүнкү китеп окулбай калган учурда, окурмандардын кайсы вариантты окуудан башы адашып турган заманда бириктирилген варианттын да керек экендигине ынанып, адабиятчылар, жалпы коомчулук бир нече жолу чечим кабыл алышып, ал гана эмес Өкмөткө басма сөздөр аркылуу да, түздөн-түз да кайрылышып, майнап чыгарыша алышкан жок эле. Бул милдетти Улуттук илимдер академиясынын Гуманитардык жана экономикалык илимдер бөлүмү менен Кыргыз китеп палатасы колго алып, жүзөөгө ашырып жатат. "Манас" эпосунун үчилтигинин бириктирилген варианты элибиз үчүн кызмат кыларына шек жок.
"Манасты" укканда ыйлабаган кыргыз жок" - деп, Чыңгыз Айтматов айткандай, "Манас" - биздин руханий жан-дүйнөбүз, руханий паспортубуз, "Манас" аркылуу биз дүйнөнү таанып билебиз, "Манас" аркылуу дүйнө бизди таанып билет.
Абдылдажан Акматалиев
P.S. "Манас" эпосунун кыскартылып бириктирилген вариантына жазылуу жүрүп жатат. Илимдер академиясы, Чүй проспектиси. 265а, 4-кабат 408-кабинет. Окурмандар шашылгыла!











??.??