presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргыз гезиттер
Капка салчу кептен...
МАМЛЕКЕТТИН БАРКЫ БААТЫРЛАРЫ МЕНЕН ЧЕНЕЛЕТ

Ошентип, Жогорку Кеңештин "Ырыс алды - ынтымак" коалициясы ыдырап, Өкмөт курамы кайра түзүлдү. Чындыгында премьер-министр менен вицелери гана жаңырды, алар деле толугу менен жаңыланып кеткен жок, негизинен орун алмашуу процесси жүрдү, ал эми орун алмашуудан сумма өзгөрбөйт деген аксиоманын жалгандыгын эч ким эч качан далилдей албастыгы бышык.
Жогорку Кеңеш өткөндө жаңы коалиция түзүп, аны "Ырыс алды - ынтымак" деп аташканда шайлоочулар эми чындап эле депутаттар ынтымакка келип, элдин көйгөйлөрүн чечкен мыйзамдарды кабыл алат экен деген ишеним артышкан. Бирок шайлоочулар "Кеп атында эмес затында" деген накыл сөздүн чындыгына дагы бир ирет күбө болушту, элдин үмүтү акталбай калды; ырыс, ырашкердик, ынтымак деген касиеттүү аталыш парламентке декларативдүүлүк үчүн гана кызмат өтөдү, анткени, ыйык сөздүн кутун учуруп жиберишти, баркын баалашпады. Өздөрү ыдыраганы аз келгенсип, кайран сөздүн кадырын түшүрүп салышканы көпчүлүктүн бүйүрүн кызытпай койгон жок. Сөз демекчи, өткөн жылы ушул эле "Ырыс алды - ынтымак" тобу көйгөй маселелердин бардыгын өз-өз орду менен чечип салгансып, Гимнибизди, Туубузду өзгөртүү туурасында капкайдагы суу кечпеген кептерди байма-бай айта берип, акыры Гимндеги "бейкут" деген ары түшүнүктүү, ары оригиналдуу сөздөн криминал табышып, Гимндин бир куплетин кыскартып салып шүк болушту. Парламент мүчөсү болуп олтурушкан сөз кадырын кастарлаган депутаттардын арасында кесиби боюнча филологдор деле бар болучу, бирок алар бул маселеде эмнегедир пассивдүү мамиледе болгондугу таң калтырды. Же алардын айрымдары Гиминдин жаңы текстин өзүбүз жазабыз деген ой менен кыргыздын төл сөзүн коргогусу келген жокпу? Айтор бул жерде "иттин өлүгү" көмүлүп жаткандай...
Ушул маселе жөнүндө өз убагында белгилүү публицист Эсенбай Нурушев "Вечерний Бишкек" газетасына ары жүйөлүү, ары талашсыз далилдерге таянып макала жарыялаган болучу, анда ал биздин урматтуу депутаттарыбыз криминал тапкан сөздүн этимологиясына кайрылып, кыргыз айтмакчы, жиликтеп, устукандап алдыларына тартып бергендиги эсибизде, бирок андан парламент мүчөлөрү эч жыйынтык чыгарган жок. Көрсө, алардын пикири боюнча мамлекетибиздин саясий, маданий, экономикалык, социалдык жактан өнүкпөй жатканына ушул шайтан сөз күнөөлүү болуп жүрүптүр, Гимнден мындай "куу тумшук" сөздү алып салышса, өлкөбүз чыр-чатактан арылып, май көл-сүт көлгө толуп, байпагыбыз манат болуп, байманабыз ашып-ташып чыга келмек экен. Бирок "бейкуттан" арылганыбызга бир топ мезгил болду, жер-жерлерди мындай кой, парламент ичиндеги чатактар мурдагыдан да арбыды, тирешүүлөр күчөдү, бөлүнүп-жарылуулар адатка айланды, бирине-бири тиш кайрап, алардын кармашынын жалганы менен чындыгын айырмалай албай шайлоочулар айран таң калды. Ал эми өлкөнүн тынч, бейкут абалда өнүгүүсү үчүн нечен кылымдан бери колдонулуп келаткан өзүбүздүн төл сөздөргө ревизия жасагандан көрө элге керектүү мыйзамдарды кабыл алуу алда канча пайдалуу жана ал миссия парламенттин айныгыс милдети экендиги калыс кеп эмеспи.
Ырас, депутаттарыбыз ар тармактуу көптөгөн мыйзамдарды кабыл алып, ал мыйзамдар ар кандай деңгээлде иштеп жаткандыгына шүгүр дейбиз. Деген менен статистикалык маалыматтар боюнча депутаттардын аз гана саны юридикалык билимге ээ, ал эми мыйзамдарды иштеп чыгуу, аларды талкуулоо жана кабыл алуу үчүн жогорку квалификациялуу, тажрыйбалуу юрист адистер талап этилери бышык, тилекке каршы, юридикалык билими бар деп эсептелген бир канча депутаттардын базалык адистиктери бөлөк тармакта экендиги белгилүү. Мыйзам чыгаруу органдарына жогорку деңгээлдеги юрист депутаттардын жетишпегендиги эл аралык келишимдерди түзүүдө, мамлекеттер ортосундагы талаш-тартыштарды кабыл алынган мыйзамдарыбыз аркылуу өз пайдабызга чечүүдө алсыз болуп жатканыбыз өкүндүрбөй койбойт.
Бул көрүнүш жакында эле өкмөт менен парламенттин "Кумтөр" боюнча тирешүүсүндө даана сезилди, пайыздык үлүштөр боюнча өкмөткө догмалык талап койгондон бөлөк депутаттар өздөрү алгылыктуу сунушун бере алган жок, себеби, кыргыз парламенти өлкөдөгү экономикалык, социалдык жана башка маселелерине жооп бербейт, алар өздөрүн көп нерселерден коргогон статуска ээ. Атүгүл өз шайлоочуларын тигил же бул депутатты депутаттыктан кайра чакырып алуу укугунан ажыратып салышкан, эгерде кайра чакырып алуу жагдайы туулуп калса, анын шарттарын аткаруу мүмкүндүгү жокко эсе, булардын бардыгын өздөрү кабыл алган мыйзамдар аркылуу кишендеп коюшкан. Депутаттар тарабынан мыйзамдар эл аралык деңгээлде талапка ылайык професионалдуу иштелбегени өздөрү чукуп чыккан ошол эле "Кумтөр" келишиминде да көрүндү, азыр өкмөттү күнөөлөп кыйкырык салып жаткан депутаттардын айрымдары ал келишим мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келгенин билип турушса да кезинде аны түз же кыйыр түрдө колдоп добуш беришкени шайлоочулардын эсинен чыга элек. Ал эми коррупция жыттанып турган бул келишимге кол коюшкан адамдардын тизмеси генпрокуратура тарабынан толук жарыяланбай, айрымдарын жашырып-жаап койгондугу калың калк арасында ар кандай божомолдорду жаратып, укук коргоо органдарына болгон ишеничке шек келтирбей койбойт.
Коррупциялык кылмышка болгон жоопкерчилик мөөнөттүн алынып салынышы парламенттен бир топ чыр-чатактар менен араң өткөндүгү белгилүү, бул мыйзамга каршы добуш бергенинин себебин айрым депутаттар ар кандай шылтоолор менен билдирүү таратса да алардын жеке байлыктары асмандан түшө калбаганы шайлоочуларга айдан ачык. Эми өз кезегинде коррупцияга аралашкан кээ бир депутаттарыбыз жана мурдагы, кийинки чиновниктер бул мыйзамды иштетпес үчүн ар кандай былык иштерди жасап, сырткы күчтөрдү пайдалануу менен бийликти алмаштыруу, өлкөгө тополоң салуу сыяктуу аракеттерди көрө баштаганы көп нерселерге шек жаратууда.
Аталган мыйзамга ылайык бийлик эми өзүнүн саясий эркин көрсөтүп, мурдагы ажолорубуздун тушундагы жоголуп кеткен алтындарды кайрып келет деген ишеним жаратат. Элдин байлыгын уурдай качып кеткендер ошол уурдагандарын кайра ордуна коюп, кыргыз элинен кечирим сурагандын ордуна четте жатып алып "акыл кептерин" айтып жатканы эки кыздын бет тырмашкан лакапты эске салат. Атүгүл азыр алардын бир нече ишканалары, фирмалары, кыймылсыз мүлктөрү бул жердеги куйруктарынын атына катталып, миллиондогон кирешелер өлкөнүн бюджетине түшпөстөн, коррупциялык схемалар аркылуу чет жакка чыгып кетип жатканы тууралуу кептер алигиче тыйыла элек. Алар өлкөбүздөгү коррупциянын бекем түптөлүшүнө, гүлдөп өсүшүнө эбегейсиз салым кошкондугу жана кошоматчылыктын, калп айтуунун жогорку класстагы жаңы мектебин ачып кеткендиги менен элдин эсинде калды.
Алардын өздөрү өлкөдө жок болсо да чыккынчылык менен жасаган иштери буердеги парламентте, министрликтерде, жооптуу, майлуу кызматтарда олтурган куйруктары аркылуу ишке ашып, ал качкындарды бийликке кайра алып келүү иш аракеттери тынбай жүрүп келаткандыгына өлкөнүн жер-жерлерде өтүп жаткан тополоңдору күбө. Мындай тополоңдор ошолордун түздөн-түз кийгилишүүлөрү менен уюшулганы туурасында кабарлар бар экендигин укук коргоо органдары тастыктап келет.
Укук коргоо органдары демекчи, алар өз кезегинде каракчыларды, коррупционерлерди, ууру-кескилерди, дегеле кылмышкерлерди кармап, күнөөлөрүн тактап, изилдеп-иликтеп, чара көрүү үчүн сотторго өткөрүп беришет. Бирок ошол кылмышкерлердин басымдуу бөлүгү соттор тарабынан чаң жукпай акталып, прокуратура, ички иштер жана коопсуздук комитетинин кызматкерлери жаманатты болуп калган фактылар оголе толтура. Ырас, укук коргоо органдарынын иштери өтө мыкты болуп кеткен жери жок, бирок жогорудагыдай фактылардын өзү сот органы кылмыштуулук менен тамырлашып кеткенине шек жаратат. Ал эми кылмышкерлерди мыйзамсыз актап жиберген сот кызматкерлеринин жоопко тартылышы өтө сейрек, эң чоң жазасы кызматтан төмөндөтөт же өз каалоосу менен бошотуп коёт, ал эми жазага кириптер болгон соттордун көбү статистика боюнча паракорлуктан жапа чеккендер болуп эсептелет.
Мындай фактыларды ондоп келтирсе болот, сот органы кылмышкерлер менен мамиле түзүп кеткен жерде эч качан адилеттүү өкүм чыкпай турганы маалым. Бул жагдай коррупциянын өтө терең тамырлашып кеткен өлкөлөргө таандык көрүнүш экендигин эл аралык уюмдар белгилеп келет. Тилекке каршы биздин мамлекет бул жагынан дүйнөдө алдыңкы орундардын биринде экендиги өкүнүчтүү. Коррупциянын мынчалык тереңдеп кетишине биздеги шайлоо системасынын да чоң үлүшү бар экендиги жалган эмес, шайлоо системасы бүтүндөй мамлекетке саясий коррупцияны таңуулап салды. Парламентке өткөн саясый партиялар жергиликтүү жана борбордук мамлекеттик кызматтарды жең ичинен өз ара бөлүшүп алышы өлкөдөгү коррупцияны ого бетер тереңдетип, аны менен күрөшүү практикалык жактан өтө кыйын экендигин көрсөттү. Түзүлгөн жагдайларга салыштырмалуу коррупция менен болгон күрөштөгү саясий талаада өлкө президенти жалгыз болуп жаткандыгы мамлекеттик түзүлүшкө жараша анын мүмкүнчүлүгү чектелип калгандыгы байкалат.
Ушуларды эске алуу менен шайлоо системасын өзгөртүү маселеси келип чыгат. Саясий партиялар жети облусту өз ара бөлүп алып, аларга кожоюндук бийлик жүргүзүшү элди мал катары санап калгандыгынын белгиси экендиги талашсыз. Анткени, тигил же бул региондордун тургундарынын пикирлери эске алынбастан, жергиликтүү жана борбордук бийликтерге партиянын капчыктуу өкүлдөрү келип олтуруп калышат, мындай коррупциялык көрүнүштү кыргыз эли "Оозу кыйшык болсо да байдын уулу сүйлөсүн" деп шылдың менен аташкан. Бул болсо биздин шайлоо системабыздын коррупцияга кенен жол ачып бергендигин билдирет.
Парламент өкмөттүн курамын бекитүү укугуна ээ, бул көп өлкөлөргө тиешелүү процесс болуп эсептелет, анда эч талаш жок. Кеп ошол өкмөт курамын бекиткен парламенттин жоопкерсиздиги жөнүндө болмокчу. Биздин мамлекетте премьер-министр баш болгон өкмөт курамы жыл сайын, кээде жыл айланбай парламенттин демилгеси менен алмашып турат. Айрым партия лидерлеринин жеке кызыкчылыгын көздөгөн бул саясий оюндардан мамлекет миллиондогон зыян тартканы аз келгенсип, ал партиялар элдин ишеничинен ажырап жаткандыгын далилдейт. Шайлоочулар мындай жөнү жок алмашуулардан жадап, тескери реакция жасап жаткандыгы маалым. Өткөндө өкмөт башчысын бийликтен алып түшүш үчүн "Ата Мекен" партиясы баштаган "Кумтөр" синдрому ишке ашпай калган соң, ушул эле партия аты затына туура келбеген "ынтымактуу" коалициядан чыгып, өкмөт отставкага кетүүгө мажбур болду. Логика боюнча андай иштей албаган өкмөттү бекиткен парламентте да жоопкерчилик болуш керек эле, жок дегенде ал партия кийинки коалицияда көпчүлүккө жолобой, оппозицияга кетиши керек, анткени, каолициянын курамы эч өзгөрүүсүз мурдагы боюнча калды, бирок жогоруда эскерткендей депутаттар мыйзамдарды өз пайдаларына гана ылайыктап түзүп алышкан. Логикага туш келбей, бир тараптын гана пайдасын көздөгөн ушул сыяктуу мыйзамдар иштеп турганда өлкө президентинин коррупцияга каршы чабуулунун мизи улам майтарыла түшүп жатканы көрүнүп турат.
Мурда чиновник кызматтарында иштеп, ар кандай мекемелерди, ишканаларды жетектеп, Акаев менен Бакиевдин бийлиги учурунда ээлеген кызматтарынан пайдаланып, коррупциялык жол менен байлыкка марыган айрым адамдар кол тийбестик иммунитетке жамынып алып эми элге акыл "үйрөтүп" олтурганда күйбөгөн жериң күл болот экен. Алар кимдер экени шайлоочуларга маалым, ал эми укук коргоо органдарынан аларды кол тийбестик иммунитети коргойт, генералдык прокуратуранын кылмыш жообуна тартуу өтүнүчү кесиптеш депутаттар тарабынан кабыл алынбайт.
Урматтуу депутаттардын парламент жыйынындагы жаакташкандары, мушташкандары, бирин бири сөккөндөрү барып-келип ошол депутаттардын интеллектуалдык деңгээлинен, маданиятынан кабар берип турат. Кылмышкерлерди ортого салып эки партиянын парламенттеги өкүлдөрү бир нече ай бою тынбай телевизиондук шоу жасашты, ал окуядан соң шайлоочулар бул партиялардын кылмыш дүйнөсү менен тыгыз байланышта экендигин түшүндү, ошентип, алар өздөрүнүн репутациясын бузуп алышты, эгерде шайлоо системасы өзгөрүп кетпесе, шайлоо таза, ачык болсо, анда бул партиялардын парламенттик пайыздык босогодон өтүп кетиши бир топ эле оорлоп калышы ыктымал.
Ырас, азыркы парламентте саясий айдыңда тиш кагып, бир топ тажрыйбага ээ болгон партиялар менен шайлоо алдында жаңы түзүлүп, бирок жаштыгына карабай ийгиликке жетишкен партиялар да бар. Анткен менен көпчүлүк партиялар жана парламенттик фракциялар эмитен лидерлерин алмаштырбаса, эмдиги шайлоолордо алар ийгиликке жетишүүсү күмөн, себеби, айрым лидерлердин жасаган осол иштери бүтүндөй партияга көлөкөсүн тийгизип жаткандыгы маалым.
Саясий коррупциядан кутулуштун бир түрү шайлоо системасын азыркыдай көп мандаттуу эмес, тажрыйба көрсөткөндөй мажоритардык же аралаш системага өткөрүү зарылдыгы турат. Ошондо мамлекеттик кызматтар партиялар тарабынан зордуктоодон кутулат, байдын оозу кыйшык көп уулдары азыркыдай сүйлөй албай калат. Ал эми депутаттык кол тийбестикти алып салуу маселеси ар дайым көтөрүлүп келет, депутаттар андан эч качан ыктыярдуу түрдө баш тартпайт, ал белгилүү иш, андыктан, муну шайлоо системасын өзгөртүү маселесине кошуп, референдум өткөрүү зарылчылыгы турат. Депутаттык кол тийбестикти алып салуу жөнүндө айрым депутаттар кээде популисттик билдирүү жасай коюшат, бирок аны күн тартибине кийирип, жыйын талкуусуна алып чыгышпайт.
Дагы бир орчундуу маселе: айрым чиновниктер менен депутаттардын чет өлкөлөрдө бизнестери, оффшордук эсептери бар экени белгилүү, алардын бизнестери бөлөк мамлекеттин пайдасы үчүн иштеп, ачылган эсептери өлкөбүздөгү акчаларды сыртка алып чыгып кетүүдө. Андайлар бизнестерин мамлекетибизге алып келишпесе кызматтарын бошотуп берүүлөрү тийиш эле. Ушул мыйзамдын жогунан булар өлкөбүзгө эч качан инвестиция салбайт, демек, өздөрү мамлекеттик кызматта туруп, өлкөдөгү стабилдүлүккө ишенбейт, андай кызматкерлердин барынан жогу, эли-жеринин пайдасын саап алып бир күнү бизнесине качып кетет. Мындай көрүнүштөр Кыргызстанда толтура, тилекке каршы алардын бардыгы бир кездеги бийлик өкүлдөрү жана "эл кызматында жүргөн" депутаттар болуп эсептелет.
Жакында парламент жыйынында депутаттарга наам, сыйлык берүү туурасында сөз болгонун телевизордон көрүп калдык. Кыргызда "Нысапсызга кашык салса беш ууртайт" деген таамай сөз айтылат. Адатта бийлик бутактарында олтурган биздин чиновниктер эч качан сыйлыктан баш тартпаганын жакшы билебиз, мамлекеттик кызматкерби, депутатпы, айтор мурда коюу чаңдын ичинде жүргөн адамдар бийликке аралашкандан кийин ишмердиги ашып-ташып кетеби, эмгеги бат эле сиңип, анан элдик, лауреат, баатыр болуп чыга келишчү болду. Бул фактынын өзү өлкөнүн коррупцияга кекиртегине чейин батып калгандыгынан кабар берет, андай наам, сыйлыктардын сатылуу наркы туурасында эл арасында айтылып келаткан сөздөрдүн чындыгы бар экендигинде күмөн жок. Кыска мөөнөт аралыгында бир эле адамга сыйлыгы да, наамы да кошоктолуп берилген фактылар мамлекеттик сыйлыктарды ыйгарууда коррупциянын күч алып турганын далилдейт. Андыктан, өлкө президенти тарабынан бийлик бутактарында олтургандарга сыйлык, наам берүүдө мараторий жарыяланса талапка ылайык келмек.
Наам демекчи, бизде "Эл баатыры" деген мамлекеттик жогорку наам бар, бирок бул наам эрдик жасабаган, жөн-жай кызмат өтөгөн адамдарга да берилип келатат. Баатыр деген наамга ээ болуу үчүн ал адам эрдик көргөзүшү шарт, наамдын аталышы ошону талап этет, совет мезгилинде Советтер Союзунун жана Социалисттик Эмгектин Баатыры деп бекерден экиге бөлүп койгон эмес. Антпесе, сакасы-чүкөсү аралашып кетип, кимдин кандай эрдик жасаганын ажырата албай элдин башы маң. Мурдагы бийликтерде ошолордун дүжүрлөрү кандай жол менен кайсы наамдарга ээ болушкандары көпчүлүктүн эсинде, баатыр дегендин баркы бийик болот, мамлекеттин аброю, күчү, аруулугу баатырлары жана таланттары менен ченелерин эсибизден чыгарбасак.
Жылкычы ЖАПИЕВ, жазуучу
Эсентур КЫЛЫЧЕВ, акын, публицист











??.??