Жүйө..
Эркин Алымбеков, экс-депутат:
"Атамбаев Сатыбалдиевди
камалат деген, бирок..."
- Эркин мырза, сиз тууралуу кайсы бир гезит: "Депутаттык мандатын таштап кеткенине эми өкүнүп жатыптыр" деп жазып чыкты. Бул кеп бекер жерден чыкпаса керек. Учурда кандай иштер менен алексиз?
- Ал гезит фактысы жок, ушакты жазып чыкканын баса белгилеп айтып коёюн. Себеп дегенде, мени депутаттык мандатымды ташта деп эч ким кыйнаган жок. Ал маселеге өкмөттүн "Кумтөр" боюнча менин көз карашыма такыр туура келбей турган чечими себеп болгонун коомчулук жакшы билет. Мен депутаттыктан кеткенде такталбаган ар кандай сөздөр, алардын ичинде: "Ысык- Көлгө губернатор болот экен, "Кыргызалтынга барат экен" деген да кептер айтылды.
Учурда үй-бүлөм, неберелерим менен бирге болуп, 5-10 жылдан бери жолуга элек досторума жолугуп, үйдөгү чарбачылык иштер менен алектенип жүрөм.
- Коомдук иштерге аралашпай, тынч жүргөндөйсүз...
- Мени дароо Улуттук оппозициялык кыймылдын лидерлери өздөрүнө кошулууга чакырган. Мен аларга мен силердин деңгээлиңерди, максатыңарды да билем деп айтып баш тарткам. Экинчиден аларга кошулуп кетсем, бийлик да коомчулук дагы мени таарынып калып, айласыздан ошол кадамга барды деп айтмак. Азырынча аралашпай эле тынч жүрөм. Бирок аралаша турган мезгил келет.
- Тактап айтканда...
- Айтпай турайын дедим эле, эми айта берейин. Жеке өзүм "Конституция үчүн элдик кыймыл" деген аталыштагы кыймыл түзгөнү жатам. Азыр жол-жоболорун бышырып иштеп жатабыз, буйруса сентябрда расмий түрдө ачылып, ишке киришет.
- Багыты кандай болот?
- Бизде 2010-жылы референдумда жамандыр-жакшыдыр элдик Конституция кабыл алынып, ушул кезге чейин кемчилик жана артыкчылыгы менен иштеп келатат. Мен аны укмуш сонун деп мактагандан алысмын. Мен түзүп чыга турган кыймыл: ушул Конституцияны сактап, бийликтин сапатын жогорулатып, анын жоопкерчилигин элдин алдында бекемдөө, мыйзамдарга байланыштуу бузулган укуктарды коргоо, ар бир бийлик тармактарынын мыйзамдарды так аткарып жатканын элдин атынан көзөмөлдөө жана талап кылуу сыяктуу иштер менен алек болот. Анткени азыр жогорку бийлик бутактары Баш мыйзамдын нормаларын бузуп, биздин айрым өтө таасирдүү атка минерлерибиз жазылбаган мыйзамдарды колдонуп жатышат. Өкмөт башчыларыбыз да президентке көз каранды болуп, өз алдынча чечим кабыл ала албай жатканын көрүп жатабыз. Мисалы мен мурунку кесиптештериме Оторбаевди премьерликке алып барсаңар уят болосуңар. Себеп дегенде, ал киши премьер боло элек жатып, "Кумтөр" боюнча мурунку премьердин чечимин колдоп жатат деп айткам.
- Бул кыймылды түзүү идеясы Текебаевге таандык эмеспи? Командаңыз кимдер? Деги эле сиз түзө турган кыймыл коомго керекпи? Себеби, азыр бизде аты бар, заты жок кыймыл, уюм, партия дегендер абдан көп да...
- Мен түз эле айтып коён. Бул кыймылга мен 8-9 жыл мүчө болгон "Ата-Мекен" партиясынын тиешеси жок. Идея Текебаевге эмес, өзүмө таандык. Мен ага ушундай партия түзөөрүмдү мурун эле айткам. Демек, эл бул кыймылды аталган партиянын кандайдыр бир филиалы катары кабыл албашы керек. Команда демекчи, биздин кыймылга каалаган адамдар кошула алат. Айрыкча, жаңы муундарга эшигибиз ар дайым ачык. Бирок өзүбүздүн аштан, көчтөн калган, элге жек көрүнгөн адамдарды катарыбызга кошпойбуз деген эң башкы талабыбыз бар. Дүйнө жүзүндөгү биздин мигранттарыбыздан да "иштешели" деген сунуштар да түшүп жатат. Колдон келишинче жаңы күчтөрдү топтойбуз. Коомдук уюмдар жана биздин көз карашка төп келген партиялар менен да иштешебиз. Бийликке болсо кырдаалга жараша, өзгөчө Конституциялык нормаларды бузган учурларда жол-жобосун айтабыз. Укпаса, сындар да айтылат.
- Кыймыл толук кандуу иштеш үчүн чоң акча керек да. Каражат булагы кайдан болот?
- Азыр кимдир бирөөлөрдөн каражат издеп, аларды демөөрчү же колдоочу кыла турган болсок, анда биз келечекте ошол акча берген адамдын ырын ырдап, бийин бийлеп калабыз да. Ошон үчүн ушундай нерседен качып, жаңы кыймылга чыныгы патриот адамдарды топтоп жатабыз. Алар бирөөлөрдөн акча албай, өз эмгеги менен кыймылга тиешелүү иштерди, мисалы кайсы бир аймактын милдетин алса, ошол жактагы өзүнө бөлүнгөн иштерди өз каражатына бүтүрөт. Мындайча айтканда, биздин мүчөлөр кыймылга талапка ылайык өз салымын кошушат. Албетте, мунун баары бизге мүчө болгондордун өз каалоосу менен жана мүмкүнчүлүгү болушу керек.
- "Ата-Мекен" партиясынан биротоло кол үздүңүзбү же шайлоодо аталган партия менен бирге чыгасызбы?
- Жок, мен антип бир чыгып, бир кирип, өз позициямдан тайгым келбейт. Парламенттик да, президенттик да шайлоо өз мөөнөтүндө болсун. Эгер мөөнөтүнөн мурда боло турган болсо, анда шайлоолор мыйзам чегинде өтсүн. Мен "Ата-Мекенден" чыккандан кийин, мени бир катар партиялар өздөрүнө кошулууга чакырышты. Алардын бирине да макул болгон жокмун. Себеби, мен кийинки шайлоого катышамбы, катышпаймынбы азырынча белгисиз. Балким катышпай калышым да мүмкүн. Ошон үчүн бул маселеге жакындаганда так жооп айтайын.
Ал эми жакында түзүп чыга турган кыймыл шайлоо маселеси боюнча да өз жоболоруна ылайык иштерди жүргүзөт. Мисалы, татыктуу партиялардын татыктуу мүчөлөрүн аткаруу бийлигине кесибине, тажрыйбасына жараша кызматка алууга сунуштайбыз. Бир сөз менен айтканда, көмүскөдө жаткан "алтын кадрларды" таап чыгып сунуштап турабыз. Эгер биздин сунуш менен бийликте иштеп калса, анын ишмердүүлүгүн тыкыр көзөмөлгө алабыз.
- Сиз "жакшы көргөн" "Кумтөр" маселесин, "Центерранын" ишмердүүлүгү тууралуу кеп кылалы...
- Бул маселеде сүйлөшүп жатып тажадым. "Кумтөр" маселесинде азыр болуп жаткан иштерди мен мурун эле айткам. "Кыргызалтындан" которулуп кеткен 200 млн. доллар, өкмөттүн шалаакылыгынан улам бюджетке түшпөй кала турган 60 млн. доллар, Аткинсондун Кыргызстанга келе албай жатканын, экологиянын бара-бара бузула берери мурун эле менин сөздөрүмдө түз болбосо да, кыйыр маанисинде айтылган. Сатыбалдиев Аткинсон макул болбой жатат дегенде, биз анын биз айткан негиздер менен камап койсоң анан макул болот" деп айтканбыз. Түшпөй кала турган 60 млн. доллар бир эле чети, "Кумтөр" биз талап кылгандай чечилсе, анда 1 миллиард доллардан 2 миллиард долларга чейин жөн эле пайда көрмөкпүз. Тилекке каршы, бул өкмөт да "Кумтөр" маселесин биз күткөндөй чече албайт.
Бир сөз менен айтканда, мына ушул маселелердин баары биригип келип, бир сугатчынын түз жерден дөң жерге суу чыгара албай жаткан убаракерчилигиндей эле болуп турат.
- Сиз тууралуу жердеши Садыр Жапаров менен биригип, бийликке "Кумтөр" боюнча катуу талаптарды коюп, митингдерди уюштурат экен деген сөздөр айтылууда. Мунун канчалык деңгээлде чындыгы бар?
- Бул дагы кезектеги ушактардын бири болсо керек. Ооба, Жапаров экөөбүз 2005-жылдан 2007-жылга чейин Жогорку Кеңештин бир чакырылышында депутат болгонбуз. 2007-жылы мен оппозицияга кеттим. Жапаров болсо, Коррупцияга каршы күрөшүү комиссиясын 2010-жылга чейин башкарып турду. Анан эле 2010-жылы оор уйкудан элдин кызыкчылыгын коргогон чыныгы патриот болуп чыгып келди. Мен анан кантип ага ишенем. Эгер мен сен айткан "Кумтөр" боюнча кызыкчылыктарды көздөсөм анда, мандатымды тапшырбай эле кызматымдын күчү менен ар нерсени уюштуруп жүрөт элем го. Кыскасы, мени Жапаровго жабыштырып жатышканы эч бир логикага сыйбайт.
- Жантөрө Сатыбалдиев менен депутат болуп турганда катуу тирешпедиңизби? Кызматтан кеткенден кийин кылмыш да козголду. Бирок анын камалбай эле ээн-эркин жүргөнү боюнча кандай пикирдесиз?
- Бул суроону мага эмес, Атамбаевге берсеңер жакшы болмок. Жогорку бийлик бутагында илгертен эле ушундай жазылбаган мыйзамдар, атайы эрежелер бар. Кыязы, Жантөрө Сатыбалдиевге ошол ыкмалар колдонуп жатса керек. Болбосо, ал адам башкасын айтапаганда да, Ош -Жалал-Абад дирекциясындагы ишмердүүлүгү менен камалып кетмек. Атамбаев Сатыбалдиев тууралуу, эгер артында кыңыр иш болсо, камалат" деп айткан. Кыңыр иш эмес, кылымга айтылып калчу "залкар" иштер турат го. Бирок кана камаганы? Же эмне бул аздык кылып турабы? Же атайын ушундай сүйлөшүлгөнбү? Айтор, суроолор көп болгону менен жоопторду айтчу тараптар айтпай келет.

Маектешкен
Айбек Шамшыкеев