Кадам ушул…
Өлгөндөн кийин жетиштүү жашайбыз

Ден соолук жайын жакшы билгендер айтып эле жүрбөйбү- ысык башталганда адамдын ишмердик активдүүлүгү төмөндөйт, кээси менен мээ начар иштегенге өтөт деп. Ошонун тууралыгын өзүмдөн деле байкай калчу элем, бу жолу аны мамлекеттик деңгээлде байкап жатканым. Мен окшоп байкагандар көп эле окшойт, угуп жатам…
Ошентип, ысыктын азабынан электр энергиясына болгон тариф көтөрүлмөй болуп турат, Жогорку Кеңеш тарифти көтөрөсүңөрбү, жокпу өзүңөр билгиле, керек болсо өтүгүңөрдү төргө илгиле деп өкмөттүн өзүнө карматты, өкмөтүң болсо өтүгүн төргө илмек турсун, кааласа элди терисинен кайыш тилип иле турган болду… Аны менен бирге далай жылга кесилген кылмышкерлер четинен бошотулуп жатат, коррупциялык көрүнүштөр кадимкидей эле турмушубузда жойлоп жүрөт, булуң-буйткаларында, шар аккан суунун боюнда, кумуна куйкаланчу көлүндө, Ак үй тараптын өзүндө…ысыктын айынан…
Биз, энергетика факультетин бүтпөгөн адамдар электр энергиясы кандай өндүрүлөт, кандай мыйзамдар менен керектөөчүлөргө жеткирилип, жарыгы кантип күйөт сыяктуу техникалык маселерди терең билбегенибиз менен, жалпы түшүнүгүбүз бар да. Анткени, ал тармакты жакшы билип аралашып жүргөн кесипкөйлөр жана мыкты эксперттердин айткандарынан, жазгандарынан кабарыбыз бар, жамандыр-жакшыдыр физиканы окуп, Фарадейдин, Ампердин айткандарынан да кабарыбыз бар да…
Эксперттердин айтымында электр энергиясына болгон азыркы тариф эң туура тариф экен, эгерде ишти жакшы уюштурса, илгертен бери келаткан коррупциялык схемаларды жойсо, жоготууларды азайтууга катуу чара көрсө, анын жолдорун тапса, ж.б. Анан антип баш оорутуп олтурбай эле тарифти кымбаттатып салса, жанына тынч болуп жатпайбы. Эң башкы нерсе- электр энергиясын өндүрүп жаткан станцияларга сырьенун кереги жок, суу деген кудай берген жолу менен күндүр-түндүр агып жатат, акпа десең да болбойт. Генератордун айланышы суунун күчү менен, суу-сырье болсо бепбекер. Ал эми жылуулук электр станцияларына көмүр, мазут, кээси менен газ жагат, аларга чыгым көп кетет. Атомдук электрстанцияларында атом пайдаланылат, ал эми атомду бөлүп алуу оңбогондой каражатты талап кылат, анын үстүнө иштетүүдөн чыккан зыяндуу калдыктар батпай келет, маселен, атомдук станциялары көп Францияда дейли… Ооба, бекер суу менен иштетилген электр энергиядан спекуляция жасаган укмуштуудай жолдорду ал тармакта иштеген биздин коррупционерлер мыкты өздөштүрүп алган, кымбаттатабыз десе өздөрү ойлоп тапкан жана да жөн адам билбей турган жолдору менен аны бышыктап берчү аргументтери бар. Кызыгың кур, Ширшовдун схемасы бар, Балкыбековдун тушунда мындай жеген, түкүнчөнүн тушунда андай жеген деп өкмөт тараптын өзү айтып жатат да, чара көрбөгөнү эмнеси?! Бу эмне деген жиндиканалык?! Баарын билип турат да чара көрбөйт! Мамлекетти башкарып тургандардын жүрнары мамилеси менен, алардын бул булганыч ишке аралашып калганына кабар береттир, алардын оозуна долларды ыгып-тыгып жатып үнүн чыгарбай жаткан чыгар?! Мейли, үч фазаны саунага, ресторан менен кафелерге ж.б. көңүл аччу жайларга пайдалангандардыкын ченеми менен көбөйтсүн. Бирок, ошол тариф көбөйгөндөн кийин түшкөн каражат түптүз барып эле электр тармагын жаңыртканга пайдаланылабы, болбосо, коррупционерлердин чөнтөгүн ого бетер кампайтабы. Маселе ошондо. Менимче тариф көбөйгөндөн электр тармагы жакшырып кетпейт. Ал жактагы коррупциялык схемаларды тамырынан бери жулуп, өрттөп салмайын пайда жок!
Парламентте олтуруп алып "бизди эл шайлаган, биз деген элдин кызыкчылыгы үчүн тынымы жок иштеп жатабыз" деген сымал кепти көп эле угуп жүрбөйбүзбү. Чын-чынына келгенде "эл үчүн иштеп жүрөбүз" деген илгерки социализмден бери келаткан эле кур дүрмөт маани, анын артында эч бир күч жок. Мунун чындыгы парламент тарифти өкмөт өзү билип чече берсин деп жоопкерчиликтен качканы даана көрсөтүп жатпайбы. Анан да өздөрү кабыл алган кээ бир мыйзамдарды өздөрү бузат, Конституциядагыны кошо бузат. Мисал мына: журналисттерди кылмыш жообуна тартуу жөнүндөгү мыйзамы, анан кийин кабыл алган соттордун ишине көрсөтмө бербөө жөнүндөгү мыйзамы да бузулду, Келдибековду үй камагынан чыгаруу керек дегенди айтып. Эми бул Жогорку Кеңештин кылган кылыктары көп эшекке жүк, анын баарын айтып бүтө албаспыз, бир айтарыбыз бул -Жогорку Кеңеш эл күткөн жакшылыкты алып келе алган жок.
Совет доорунда айтылчу эмес беле "токпейил болгула, буюрса, баланча жылдан кийин жетиштүү жашайбыз, коммунизм деген келет" деп. Эркиндик алгандан кийин "коммунизм" келбес жакка кетип тынды. Ошондо кийинки бийликке келген Акаев, Бакиев, Отунбаева тушунда "азга чыдасак жетиштүү жашайбыз, чыдагыла" деген, чыдап турдук, ии, эки жерден чыдабай кеттик. Анан эми Атамбаев менен Жогорку Кеңештин тушунда деле айтылып келатат "чыдагыла, бир аз жылдан кийин жетиштүү жашайбыз" деп. Бул убада деле мындан он жыл мурунку, жыйырма жыл мурунку, кырк жыл мурунку кургак убаданын уландысы экени көрүнүп калды… Деле эмне болсо деле чыдай берет элек, бирок, тээ тетиги эки кабат үй салган, он-он беш квартира алган, сауна, ресторан, кафелери бар, машинанын кымбатын минген, миллиондогон доллары катылуу немелерди көрүп чыдабай кетип жатпайбызбы, талап кылып жатпайбызбы "бизди да жетиштүү жашаткыла" деп. Эмне, өлгөндөн кийин жетиштүү жашайбызбы, чын эле…
Бакиев бийлиги электр энергиясынын тарифин көтөрөбүз, ал тармакты сатабыз деп жатып куулган, ал кийинки бийликке сабак болгон жери жок. "Тезек тергиле" деп айтты деп Бакиевдин айласын кетирдик эле, эми өзүбүз тезек терип тамак жасап жатабыз, маселен, Ош шаарында.
…Деле кошуналарыбыз бизди мамлекет санайбы же жокпу деген намысты удургуткан суроо келе берет да, сүлүк курттай соро берет. Тигине, бизди "киши катары" санабаган Өзбекстан газын жаап салды, Казакстан болсо, каалаган күнү чек арасын жаап салат, жерибиздин далайын алып тынды, пансионатыбызды кошуп туруп, Тажикстан болсо дүкөнүбүздү, машиналарыбызды өрттөп туруп баса берет, жооп бербейт. Биз тарап тейтектеген бойдон кала берет, "сабырдуу бололу" деген былжырак сөзүн кайталап айтып, Кытай тарап болсо, инвестиция салган болуп башыбыздан сылап туруп, жарандарын биздин жерге үстү-үстүнө тыгып жатат! А биздин жетекчилер эки нерсе менен алек: кызмат жана акча…
"СОТТОРДУН ИШИН ЖАКШЫРТАБЫЗ, сотторубуз көз карандысыз болсун, аларга кысым көрсөтүү болбош керек, ошондо соттор акактай таза болот" деп ураан таштап алып, мына ошол оголе асманга чыгып кайра жерге талп эткен ураанга чалынып, мүдүрүлүп, какап-чакап, ал жактын ишмалдасы чыгып жатканы. Акчалуу кылмышкерлер сотторго акча берип бошонуп кетип жатканы, жаза мөөнөтүн кысартып жатканы ж.б. Эки-үч мисал келтирсек жетип берер: далайды кылган Акмат Бакиев Ленин райсотунун жардамы менен качып кетти; Батукаевди Нарындагы сот бошотуп туруп качырды; Түлеевдин сотунун бүтпөй жатышы; Өмүркуловдун сотунун бүтпөй жатышы; "Керек болсо, Батукаевге айтып баарыңардын сазайыңарды берем" деген кепти айткан жана да дегеле Кыргыз мамлекетин көтүнө жуккан бокчо көрбөгөн, андыктан орус драма театрын өзүнүн кирди-чыкты үйүнө айландырып алган жана ошонун айынан быйыл эле жети жылга кесилген Борис Воробьевдин эркин түрмөгө которулушу; "Альфа Телекомдо" 30 млн сомду жеп коюп тогуз жылга соттолгон Раушан Рыкунованын үч жылдан кийин эле эркин түрмөгө которулушу. Ушул тизмени уланта турган болсок, кашайгырдыкы, кантип бүтмөкпүз, гезитибиздин "бети чыдабас"! Анан эмненин таза соту!
Аз мурун бир кызды өлтүрүп этин бышырып жеген көркоону сот 13 жылга кесиптир! Бул эмне деген сот?! Адам өлтүрбөй эле жылкы уурдаган же наркотик менен кармалгандар ошончо жылга кесилип жатпайбы. Соттордун жумшактыгынан улам далай кылмышкерлер жеңил жаза алып, жабыр тарткандарды шылдыңдап турганы. Эмне, соттор боорукер дейсиңби, кекиртегине акча тыкса, тиги тыккандын кебин сүйлөп жатпайбы! Ал эч качан токтобойт. Эч качан. Туура эмес чечим чыгарган ар бир соттун чечимин кайра карап турган дагы бир Башкы сот керектир таптаза… Жогорку сот кылдырай берсин…

Баратбай Аракеев