Путин Атамбаевдин өтүнүчүн аткарды...
30-июнь күнү Түндүк Осетиянын Алания шаарында "мыйзамдагы ууру" Азис Батукаев Россиянын Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын из кубарлары тарабынан кармалды. Эске сала кетсек, Батукаевдин абактагы 8 жылдык мөөнөтүн өтөп бүтө электе 2013-жылдын 9-апрелинде "айыккыс ооруга чалдыкан" деген жок шылтоо менен Нарын шаардык сотунун судьясы абактан бошотуп жиберген. Ага ошол кездеги Акыйкатчы Турсунбек Акун да "адвокат" болуп: "Оорусуна байланыштуу эки - үч күндөн кийин өлүп калат" деген "атактуу" сөзүн айткан. Белгилүү болгондой, анын Кыргызстандан чыгып, өз мекенине кетип жатканын бийлик төбөлдөрү толугу менен билген. Бирок ошол учурда, тиешелүү чара көрбөй, кеткенден кийин кыйкырып чыгышкан. Албетте, "мыйзамдагы ууруну" боштондукка чыгаруу иши бекер болгон жок, ортодо түшкө кирбеген, миллиондор чоң роль ойногону айтпасак да белгилүү. Узакка созулган териштирүү жүрүп, натыйжада ошол кездеги вице-премьер Шамил Атаханов менен Акыйкатчы Турсунбек Акун кызматтан бошотулган. Негизи, бул маселеге Кулов да аралашканы айтылып жүрөт. Себеби, Кулов абакта жаткан кезинде, Батукаевдин жакшылыгын жакшы эле көргөн. Анан ошол жакшылыкты кайтарышы керек да. Байкасаңыз­дар, Кулов Азис тууралуу ак деп да, көк деп да сүйлөбөйт, оозуна талкан жутуп алгансып. Эсиңиздерде болсо 1990-жылдары Бишкек ШИИБсин жетектеп, шаарда комендант болуп турганда, анын орун басары Ш. Атаханов болчу. Ал эми Батукаевди алып кеткен учак Шамил аксакалдын баласына тиешелүү компанияныкы экени ачыкка чыккан. Эми калганын өзүңүздөр байланыштырып, баамдай бериңиздер.
Ал эми ушул жылдын 30-апрелинде Батукаевди бошотуу боюнча Нарын шаардык сотунун чечими жокко чыгып, ага эл аралык издөө жарыяланган.
Ошондой эле, Президент Атамбаев Батукаевди кармап, Кыргызстанга өткөрүп берүү өтүнүчү менен Россиянын Президенти Владимир Путинге кайрылган. Мына ушундан кийин, аны издөө иши кыйла жанданган. Путин биздин Президенттин өтүнүчүн жерде калтырбай аткарып жатканы албетте кубантарлык иш.
Ал эми өз мекенине аман - эсен, акчанын күчү менен жеткен 48 жаштагы Азиз Алашевич куландан соо болуп, көп өтпөй 18 жаштагы кызга үйлөнгөнү ачыкка чыккан. Ошондой эле ал Москвага жаңы барганда, кыргыз­дарга жини келиппи же өч алуу максатындабы, айтор Россиядагы кыргыз мигранттарына да бир топ коркунуч жаратып, ири бизнеси бар ишкерлердин үшүн алган. Ал тургай бул боюнча кылмыш иштери да козголгон. Бирок ал кылмыш иштер негедир аягына чыкпай калды көрүнөт.
Батукаев 2013-жылдын август айында жан-жөөкөрү Тимур Саратовский менен Чеченстанга баргандан кийин, жеринен оң колу болуп жүргөн Мурсалим Узаков, (каймана аты "Карышкыр") Москвадан өз эрки менен колго түшүп берген. Албетте, анын келиши Батукаевдин түздөн-түз көрсөтмөсүнө байланыштуу. Бир жылдан бери "Карышкыр" Кыргызстанда абакта жатат. Белгилүү болгондой "Карышкыр" темир тор артына жөн эле жатып калган жок. Ал Батукаевдин көрсөтмөсү менен колго түшүп берип, Кыргызстанда Батукаевдин "криминалдуу иштерин" улантуу үчүн келген. Мисалы, "мыйзамдагы ууру" Камчы Көлбаев менен "Карышкырдын" ортосундагы тымызын тирешүү, криминал чөйрөсүндөгү таасир талашуу тынымсыз жүрүп келет. Көлбаев абактан чыгары менен анын ордун "бош" калтырбай, Батукаевди киргизип жатканында да өзүнчө бир логика бар.
Премьер Оторбаев да Россиянын бийлигинен Батукаевди Кыргызстанга өткөрүп берүүнү талап кыларын айтты. Эгер өткөрүп берсе, анда Президент Атамбаевдин аброю бир топ көтөрүлөт. Анткен менен убакыт баарын тактап, баарын ачыкка чыгарат эмеспи. Кудайдан болуп, океңдер кыргызга кылы кыйшайбаган Алаштын баласы Азисти Кыргызстанга өткөрүп беришсе, анда ал "мыйзамдагы уурудан" өзүн бошотуу операциясына биздин кайсы чиновниктер кол кабыш кылышканын "жакшылыкча" сурап алсак болот. Албетте, ага чечкиндүүлүк жана эрк керек. Жанына күч келген Батукаев эл уга элек кызыктуу фактыларды ачыкка чыгарса, ошондо кыжыры кайнап, жогорку чыңалуу менен жүргөн элибиздин маңдайы жарыла сүйүнөт эле. Бирок андай болушу күмөн. Себеби, биздин өлкөдө бардык нерсени күтсө болот эмеспи.
Эми төмөндө айрым аттуу-баштуу инсандардын пикирине орун берели:





Өмүрбек Кутуев, мурдагы ИИМ министри, генерал:
- Азиз Батукаев биринчи мен министр болуп турганда курал - жарак менен кармалып, камакка алынган. Анда ал жыйырма беш жаштагы жаш бала болчу. Кийин түрмөдөн бирөөнү өлтүрүп, жаза мөөнөтү дагы узартылган. Батукаевди алып келсе болот. Бирок Россиянын жарандыгын алып алса, алып келүү кыйын. Ал мыйзамдагы ууру болгондон кийин эч нерсе айтпайт, кагазга дагы кол койбойт. Аны алып келгенден кийин суракка алуу дагы кыйын болот.

Ашырбек Бакаев, генерал:
- Орустар чын эле Батукаевди кармадыбы же ага окшош бирөөнү кармап алып эле Батукаевди кармадык деп жатабы, айтор ким билет? Ал Кыргызстанга келип, Батукаевди өз көзүбүз менен көргөндөн кийин эле Батукаев экенине ишенбесек, ишенүү кыйын. Аны алып келиш үчүн Башкы прокуратура, Россиянын Башкы прокуратурасы менен жакшылап сүйлөшүп, алып келиши керек. Батукаев камакка алынып, жазасын толук өтөөгө тийиш. Анткени ал мыйзамдагы ууру. Атагы алыска кеткен кылмышкер.

Алмаз Баатырбеков, ЖКнын депутаты:
- Буюрса Батукаев алып келиниши мүмкүн. Себеби биздин Россия менен болгон келишим бар. Бирок, Батукаев келбей да калышы мүмкүн. Келбей калышынын эки себеби бар. Биринчиси Батукаев Россиянын жарандыгын алган болсо, аны алып келүү кыйын. Экинчиси, ал Кыргызстандан барганы Россияда кылмыш кылган болсо, орустар бизге бербей, өздөрү камакка алышы ыктымал. Батукаев келсе, аны качыргандардын ким экендиги да ачыкталабы деген ойдомун. Аны кыйнап сураса, айтып берет да, кимдер качыргандыгын.

Курмантай Абдиев, "Ата-Журт" фракциясынын депутаты:
- Батукаевди алып келүү боюнча аракет кылып жатышат. Буюрса Батукаев алынып келет деген ишеничтемин. Ал кача албайт. Кайда качмак эле. Россия бербей койбойт деп чочулабашыбыз керек. Россия берет. Россия менен биздин келишим бар. Ал келишим буга чейин Минскиде өткөн жыйында кабыл алынган. Батукаев келсе, анын кантип качып кеткендиги дагы аныкталса керек.

Айбек Шамшыкеев, Мирлан Алымбаев