Селкинчек…

Ассоль Молдокматова китеп жазууда
Теле алып баруучу, дизайнер Ассоль Молдокматова жайдын ысык аптабында "Ийгиликтин формуласы" деген китеп жазуу менен алек болууда. Бул китептин аты айтып тургандай, адам баласынын жашоодогу орду жана ийгиликке кантип жетүү керек экендиги жазылат. Аталган китеп жарыкка чыкса, ийгиликтин жолун издеген анча - мынча адамдарга пайдасы тиет деген үмүттөбүз.


Кастинг, кастинг, кастинг
"S Dance" бий тобунун жетекчиси Сезим Рысалиева кыргыздын татынакай, мыкты бийлеген кыздарына 1 - июлдан тартып негизги топко кастинг жарыялайт. Бою узун, бийди сүйгөн, тартипке көнгөн, позитивдүү кыздар кастингге катыша алат. Эгер бийлегенди эңсеп, кыялыңызды ишке ашыра албай жүрсөңүз, анда сизге эң сонун мүмкүнчүлүк, шашылгыла, орун чектелүү. Байланыш телефону: 0708050707 0709656556


Чолпонай жаңы тасмада
"До + Фа" тасмасында башкы каармандын ролун жогорку деңгээлде аткарып, кино жаатында да өз талантын көрсөтүүгө жетишкен ырчы Чолпонай учурда дагы бир жаңы тасмада роль жаратууда. "До + Фада" позитивдүү ролду ойносо, жаңы фильмде классташ кызын көрө албаган кыздын ролун аткарат. Баса, бул тасманы жалаң ырчылар ээлептир. Режиссер Эрнест Үметалиевдин айтымында тасмага 15 ырчы катышыптыр. Тасмадан Омар, Арсен жана Мирбек Атабековдун келинчеги Мээримди да көрө алабыз. Тасма сентябрь айларында экран бетине чыгат.


Съездбек тасма тартууда
Ырчы Съездбек Искеналиев учурда "Карт бойдок - 2" тасмасын тартуу ишине киришти. Тасма комедия жанрында. "Элге жакшы маанай таруулаган тасма болсун деп, болгон аракетти көрүп жатабыз. Съемка жаңы эле башталды. Мурдагы тасмадагы катачылыктарды эске алып жатабыз" дейт ырчы Съездбек Искеналиев. Ал эми тасма болсо күз айында эл сынына коюлат.


Каныкей "Жибек жолу" сынагында
Март айынын аягында турмуш жолуна аттанып, учурда Чикагодо жашап жаткан ырчы Каныкей азыркы кезде Азербайжандын Шеки шаарында өтүп жаткан "Жибек жолу" эл аралык музыкалык сынагына катышууда. Фестивалга Кытай, Индия, Турция, Орусия мамлекеттери катышып, өздөрүнүн улуттук, фольклордук ырларын, бийлерин тартуулашат. Мындан сырткары 11 түрк тилдүү мамлекеттер арасында улуттук кийимдер мода жумалыгы өтөт. Биздин намысты "Чапан" студиясынын дизайнерлери коргойт.


Алексей Филатов телеге кайтып келди
Бийге кызыккан жаштарга бий үйрөтүп, таланттуу ырчыларды сахнага алып чыгып жүргөн алып баруучу Алексей Филатов кайра Коомдук биринчи каналдын "Замана" студиясына алып баруучу болуп келди. Баса белгилей кете турган жагдай, Алексей алгачкы кадамын да так ушул КТРКдан баштаган эле. Ат айланып казыгын табат дечү беле?