Ак жоолук…
Айгерим Расул кызы, ырчы:
"Достугубуз сүйүүгө айланды"

Убакыт учкан куш демекчи, кечээ эле атасынын жанында бойтоңдоп бийлеп жүргөн секелек ырчы Айгерим Расул кызы бүгүн бой жетип, башына ак жоолук салынып, турмуш жолуна аттанганы турат. Болочоктогу жолдошу орган кызматында иштеген, ИИМ академиясын кызыл диплом менен бүткөн кыргыздын жөнөкөй эле мырзасы. Аты - Азамат. Айгерим Азаматтын байлыгын, бийлигин, кызматын эмес, эл - жерди коргогон ар-намыстуулугун, аялзатын урматтай билгендигин, өзүнө болгон сүйүүсүнүн тазалыгын баалаптыр. Ырас, Айгерим суйкайып бой тартканы ага ашык болуп суктангандар, колун сурап куда түшкөндөр, көрө албай ушак чыгарып атын булгагандар көп болду. Кандай болгон күндө да Айгерим өз теңин таап, жүрөгү сүйгөн адамына турмушка чыкканы турат. Айгерим менен көптөн бери таанышмын, адамгерчилиги жакшы кыз. Жакшы санаалашы катары ага бакыт каалап, аны менен болгон маекти сунуштайбыз.

- Айгерим, куттуктоомду кабыл ал, буга чейин жүрөгүмдүн ээси жок деп жүрчү элең. Жакында эле сөйкө салып кетишти. Чечим качан кабыл алынды эле?
- Ал менден төрт жашка улуу болгондуктан "аке, сиз" деп айтам. Ошондуктан гезитке да "аке" десем эрөөн көрбөгүлө, бизде ушундай. Азамат аке экөөбүз башында жөн гана дос болчубуз. Бири - бирибизди жакындан билгенден кийин, достугубуз сүйүүгө айланды. Ал колумду 8 - мартта Оштогу концертимде сахнага чыгып кучак толо роза гүлүн белек кылып, залдын ичи толо элдин алдында сураган. Алгач 7-8 жигит менен формачан сахнага чыкканда түшүнбөй туруп калгам. Бир көз ирмемден соң үстүбүздөн роза гүлүнүн желекчелери жамгырдай жаап, сахнанын баары гүлгө төшөлүп калды. Залда отурган элдер кол чаап, колдоп жатышты. Менде да сезим болгондуктан, ошол жерден макулдугумду бердим.
- Азамат менен кантип таанышып калдың эле?
- Бир жолу Тажикстанга тойго чакыруу алып, ата-энем менин коопсуздугума чочулашып, Азамат акеден мени тойго коштоп баруусун суранышкан. Ошондо таанышып, жылдызыбыз келишип, кийин достошуп, азыр болсо бир коломтодон түтүн булатууга убадалашып жатабыз.
- Жүрөгүңдү кантип багындырып алды?
- Эң башкысы жигит деген атка татыктуу. Курулай эле сүйлөп, колунан эч нерсе келбеген жигиттерден эмес. Өзүнө ишенет, эмгекчил, өжөр, туруктуу, абдан түшүнүктүү адам. Мени бардык жактан колдойт жана түшүнөт. Мекенине берилген чыныгы патриот, жан дүйнөсү таза, анан жүрөгүндө чоң сүйүү жашайт. Аны менен бактылуу болорума, анын мени коргоп аларына ишенем. Анткени менде да ага деген чоң сүйүү жана урмат-сый бар.
- Кайын-журт менен таанышып, сөйкө салып жатканда кандай сезимдер болду? Абдан толкундансаң керек?
- Өзгөчө, мындай сезимдер башымдан биринчи жолу өтүп жатат. Сөз менен айтып бере албайм. Толкунданганды сурабаңыз, алгачкы жолу сахнага чыкканда да мынчалык толкунданган эмесмин. Азыр да ал сезимдердин кучагынан чыга элекмин.
- Турмушка чыксаң Ошто жашайт экенсиңер. Ата-энеңдин жанынан чыккың келбей жатабы?
- Ооба, турмушка чыккандан кийин Ошто жашайбыз. Себеби Азамат акенин жумушу ошол жакта. Мен анын көз карашын, чечимин сыйлайм. Бирок ички дүйнөмдө ата-энем, бир туугандарымдан алыс кантип жашайм деген бурганак болуп жатат. Анткени ушул кезге чейин ата-энемден бөлүнүп жашаган жокмун, кайда барсам чогуу жүрөм. Абдан көнүп алыптырмын. Аларсыз күн өткөрүү мен үчүн оор. Бат эле сагынып кетем. Эми кантип көнөм деп сыртымдан калп жылмайып, ичимден сызып жүрөм. Кыялымда өмүр бою ата-энеме эркелеп жүрө берем деп ойлоптурмун. Көрсө, убакыт келгенде уядан учуп, өз коломтоңду курат экенсиң.
- Жигитиң чыгармачылыгыңа кандай көз карашта, Ошто жашасаң чыгармачылыгың аксап калбайбы?
- Чыгармачылыгыма көз карашы түз. Эч кандай чек койбойт. Мурдагыдай эле ырдап, киного тартыла берем. Анткени биздин ортобузда ак сүйүү жана чоң ишеним жашайт. Менимче, ийгиликке жетүү үчүн кайсы жерде жашаганың маанилүү деле роль ойнобосо керек. Азыр Оштон Бишкекке каттоо көп деле кыйынчылыкты жаратпайт. Болгону каалоо жана эмгек керек. Баса, балким, кийинчерээк бул жакта жашап калышыбыз мүмкүн. Азырынча чечим кабыл ала элекпиз.
- Той качан?
- Кудай буюрса, 31- августта борборубуздагы стадиондо элдин алдында чоң кыз узатуу той берели деп жатабыз. Тоюбуз нукура кыргыз салты менен өтөт. Эзелтеден элибизге таандык болгон кыз узатуудагы каада - салттар колдонулуп, улуттук оюндар уюштурулат. Тойдо ар кандай кымбат баалуу белектер, приздер, таймаштар, оюндар болот. Стадиондо өткөрүп жатканымдын себеби элдин кызы болуп калдым. Бала кезимден эл алдында жүрүп элимдин батасын алып, агарып- көгөрдүм. Жашоомдогу эң бактылуу көз ирмемди да элим менен бөлүшкүм келди. Бишкектен кийин тойду Оштогу стадиондо да беребиз. Андан соң эң жакын, кымбат адамдарыбызды чогултуп, ресторанда өткөрөлү деп жатабыз.
- Буга аябай эле көп каражат кетет го. Ким каржылайт?
- Тойдо билет сатылат. Анткени бул той-концерт. 3-4 саатка созулган салтанатта баары болот. 2 сааттык концерттик программа, менин жеке жашоомо тиешелүү театрлаштырылган көрсөтүү, сюрприздер, кыз-жигит оюндары, чачыла чачылып, келгендерге даам таттырабыз. Бардык оюндарга келген элдин арасындагы каалоочулар катышат. Баса, биз жаңы стадионго машина менен киргенде, ошол жердеги элдер аркан тосушуп, күйөө баланы жүгүнтүп, кулагын чоюп, чөнтөгүн карап, кыскасы, баарын тойго келген элдер жасашат жана ал үчүн берилген белектерди, акчаларды өздөрү алышат. Менимче, абдан кызыктуу, эсте калган той болот деп ойлойм.
- Сыр болбосо, билет баасы канча болот?
- Аны жакындаганда айтабыз. Бирок өтө деле кымбат эмес. Бардык адамдар сатып ала турган бааны коюп жатабыз.

Жаркынай Кадыркулова