presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргыз гезиттер
Камила айымдан кутула тажаштыбы?
Камила Талиева Маданият министри болуп келгени, артынан жакшы сөз ээрчибей койду. Социалдык тармак боюнча вице-премьер министр болуп турганда деле алкыш уккан эмес. Жаман ат жууса кетпейт, деген ушундай окшойт. Кай жерге барба, кандай жакшы иш жасаба, көзгө көрүнбөй жаманатты эле болсо бересиң дегендей... Дал ушундай абалды Камила айым баштан өткөрүп жаткандай. Жаңы министр болуп келгенде маданият ишмерлери маданият өлдү дешип өкүрүк салышты эле. Мындай акция Камила айымга таасир эткен эмес көрүнөт. Дагы деле иштеген ишинин жыйынтыгы жок, сындан арыла элек. Ал түгүл Өкмөт башчысы Оторбаевге Талиеванын жоопкерчилигин кароо сунушу киргизилди. Бирок Оторбаев сөгүш берүү менен чектелди. Буга Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин жетекчисинин ишиндеги бир катар кемчиликтер жана Туризм фестивалын өткөрүүгө даярдыктын жетишсиздиги себеп болгону маалымдалды.
"Азаттык" тараткан маалыматка таянсак, аталган министрлик бир катар мааракелик иш-чараларды өткөрүү боюнча тапшырмаларды аткарган эмес. Театр, музей жана башкаларга байланышкан маданият маселелерин чечкенге даремети жетпей келет. Министр айым Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюну сыяктуу бир катар маанилүү иш-чараларды уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары болуп дайындалып, аталган оюнду уюштуруу жана өткөрүү жоопкерчилиги моюнунда турганына карабастан, уюштуруу комитетинин бир дагы отурумуна катышкан эмес. Аталган фестивалдын башталышына өтө аз убакыт калганына карабай, фестивалдын бюджетинин акыркы вариантын беките элек экен. Министрдин мындай мамилеси Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюну фестивалын үзгүлтүккө учуратуу коркунучун жаратат. Бул нерсе эл аралык масштабда жагымсыз саясий кырдаал түзүшү мүмкүн. Тарыхый оюндарды биринчи өткөрүү укугун алган кыргыз тарап менен фестивалга катышчу өлкөлөрдүн ортосундагы талаш да эске алынат.
Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна Түркия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Азербайжан, Монголия, Орусия жана Кыргызстан мамлекеттеринин командалары катышары күтүлүүдө. Кыргызстан мелдешти уюштуруп, өз үйүндө кабыл алып жатканына байланыштуу, ар бир спорт түрүнөн экиден команда катыштырууга укугу бар. Иш-чара ушул жылдын 8-14-сентябрь күндөрү Чолпон-Ата шаарында өтөт.
Көптөгөн өлкөлөргө теле аркылуу алынып берилери күтүлүп жаткан бул оюндардын программасына көк бөрү, тогуз коргоол, кыргыз күрөшү, алыш, оодарыш, ат чабыш, жорго салыш, кунан чабыш, ордо, кыз куумай сыяктуу оюндар киргизилген.
Мына ушундай чоң масштабдагы эл аралык фестивалды кантип өткөрүштү билбей дендароо болуп жүргөн министр кантип кыргыз маданиятынын жүгүн тартып, кадырын арттырмак эле деген бүшүркөөдөн улам, Өкмөт башчысына Абдыразаковадан эртерээк кутулалы деген сунуш киргизилсе, Жоомарт мырза жоомарттык кылып, "сөгүш" жарыялап тим болду окшобойбу...




Наадандык...
Боряга боор ооруган сотторго убал барбы?
Кыргызстанды сүлүк курттай соргон белгилүү адамдар четтен табылат. Алардын бири Чыңгыз Айтматов атындагы орус драм театрын көп жылдардан бери өз менчигиндей жетектеп келген Борис Воробьев экени эч талашсыз. Бул адам театрды жетектеп турганда өз каалаганын кылып, кылмыштуу иштерди ишке ашырганы менен кеңири белгилүү. Атап айтканда, ал театрдын тегерегине кафе-ресторан, түнкү клуб ачып, ал жерди өзүнчө эле бизнес борборго айлантып алган. Анын баарына өзү уруксаат берип, ижара акыларынын бир канча бөлүгүн чөнтөгүнө салып турганы айтылат. Мына ушундан улам, ага өткөн жылдын апрель айында бир эмес, үч кылмыш иши козголуп, кызматтан алынган. Бирок кызматтан алынганына карабастан, ал театрдагы үн жана жарык берчү аппаратуралар баштаган бир топ мүлктү жана иш кагаздарын өзү менен кошо ала кеткен. Ошондой эле өзү продюсердик кылган спектаклдерди да театрда коюуга уруксат бербей турганын, мындайча айтканда ал чыгармалардын автордук укуктары өзүнө таандык экенин жарыялаган. Мына ушундай кырдаалдан улам, театр бир топко иштебей жабылып турган.
Былтыр май-июнь айларында Воробьевдун ишмердүүлүгү тыкыр иликтенип чыгып, иши сотко өткөн. Кызыгы, ал театрдын тегерегинде жана ичинде түзүп кеткен башаламан көрүнүштөр бүгүн да мурункудай эле калып, эч кандай тартипке келтирилген жок. Ушундан улам, коомчулукта Султан Раев министр кезинде көп каршылыктарга карабастан, кызматы менен күчтөп коюп кеткен кийинки жетекчи, кесиби журналист Александр Кулинский деле Воробьевдун калтырып кеткен "мурасын" аздектеп, жолун жолдоп олтурабы деген пикир көп айтылууда. Бул боюнча маселени өкмөт дагы, Башкы прокурор да өз көзөмөлүнө албай, көрмөксөнгө салып келатышат.
Биринчи май райондук соту Воробьевду 7 жылга эркинен ажыратып, үй-мүлкүн конфискацияга алган болчу. Соттук бул чечим коомчулукту кубандырып турганда, көп узабай Бишкек шаардык сотунун "өтө боорукер" судьялары коомчулуктун кубанычын четке кагып таштады. Тактап айтканда, шаардык сот ырайым менен соопчулук ишке татыбаган театр талкалагыч, өзүн-өзү билген, өтүгүн төргө илген, биздин өлкөдөгү өтө эле "коркунучтуу" адамдардын катарына кирген Боряга боору ооруп, ага берилген 7 жылдык соттук өкүмдү жокко чыгарып, аны 3 жыл жатак абагына которуп салышты. Эми Воробьев мамлекетке болгону 2000 сом өлчөмүндө айып төлөйт. Анын жатак абагы өткөн жылдын 19-июнунан баштап эсептелет. Анын СИЗОдогу 1 күнү 3 күн болуп эсептелет. Ошондо, Воробьевдун абак жатагы да бүттү деп эсептей берсек болот. Буга кошумча мунапыс маселесине да толук илинет. Мындай жеңил жазага ал "өлдүм-талдым, оорудум" деген шылтоо менен жеткени айтпасак да белгилүү.
Негизи, биздин соттор болсо карапайым адамдардын ооруп жатканына карап да койбойт, мындайча айтканда уруп ойнобойт. 10 жылгабы, 20 жылгабы, айтор соттош керек болсо дароо соттошот. Ал эми колунда бар, кызматтагы адамдарга келгенде алардын кылган кылмышына карабай 180 градуска бурулушуп, дарыгерлердин койгон аныктамасы чынбы-калппы териштирбестен эле, иши кылып жазып берген тыянагын негизги документ катары бетине кармашып, жеңил жаза берип салышат. Коомчулук эмне дейт, эл эмне дейт, кийинки муундар эмне дейт деп ойлоп да коюшпайт. Албетте, сот акелерибиз андай жеңил жазаларды "бекер эле" бере беришпейт. Алардын да өз баасы бар экени эчактан бери эле айтылып келет. Андыктан кыргызга кылы кыйшайбаган Боряга жөн жерден мындай өтө жумшак мамиле жасап жатышкан жок. Мындай мисалдарды келтире берсек толтура. Чу, дегендей эле Чубактын кунундай чубалжыган Батукаевдин бошонуп кетишин, андан кийинки эле машаяктын баласындай болгон Келдибековдун "керемет" иштерин айтсак болот. Биз сот эмеспиз. Бирок Воробьев 7 жылга эмес, 10-15 жылга кесилсе да куп жарашмак. Тилекке каршы, соттор ушундай ууру-кескилерди, мамлекетке оңбогондой зыян келтиргендерди эркелетишип, эл назарынан калып жатышат. Өздөрүнө болгон ишеничти ушинтип талкалап жатышат.
Эми Воробывдун иши Жогорку сотто каралат. Ал жактын соттору абийирлерине камчы салбаса, анда шаардык соттун түккө арзыбаган өкүмүн бузуп, ишти кайра кароого жөнөтүшү зарыл. Ал эми Борянын оорусу, ден соолугу деген кептер болбогон шылтоолор. Андай көрүнүштөр Кыргызстанда өтө "модага" айланып кетпедиби. Тилекке каршы, биздин соттор өздөрүнүн негизги функцияларын унутушуп, ошондой "моданы" иш жүзүнө ашырышкан органга айланышты.

Айбек Шамшыкеев




Бир бүркүм...
53 улан-кыз "Алтын сертификатка" ээ болду...
Билим берүү жана илим министрлиги маалымдагандай, быйыл Кыргызстанда 9-классты 92 миң, ал эми 11-классты 62 миң бала бүтүрдү. Артыкчылык аттестатына 306 улан-кыз ээ болду. Булардын ичинен 75и Бишкек шаарынан бүткөндөр болсо, калгандары аймактардан. Жалпы республикалык тестирлөөгө 52 миң бүтүрүүчү катышты. Президент Алмазбек Атамбаев тестирлөөдөн эң көп балл алган 53 улан-кызга "Алтын сертификат" тапшырып: "Биздин өлкөнү өзгөртчү мезгил келди. Мамлекеттик кызматта туруп миллиондорду уурдаган ууру жана коррупционерлерден өлкөнү тазалоочу мезгил келди. Ал үчүн жаңы муунду тарбиялашыбыз керек" билдирди. Эми "Алтын сертификат" алгандар Кыргызстандагы каалаган жогорку окуу жайдын бюджеттик бөлүмүнө өтүү укугун алат. Ал эми артыкчылык аттестат менен бүтүргөндөргө жалпы тестирлөөдөн алган баллына кошумча 40 балл кошулат.
Айтмакчы, жогорку окуу жайларында мамлекеттин эсебинен бюджеттик бөлүмдө окуган студенттер, адистикке ээ болгондон кийин аймактарга барып 2 жыл иштеп берүүгө милдеттүү болгонуна карабай, андан баш тартып жатышканына байланыштуу, эми мындан кийин жөнөтүлгөн аймакка баруудан баш тарткандарга 5 жыл окуган учурдагы төлөмдөрдү төлөп берүү боюнча өкмөт токтом долбоорун даярдап жатат.

Айдоочулар абайлагыла!
Жогорку Кеңеш "Жол кыймылы" мыйзамына административдик жоопкерчиликти күчөткөн түзөөтүүлөрдү киргизген мыйзам долбоорун үч окуудан жактырып, президенттин кароосуна жөнөттү. Эми президент кол койсо, кабыл алынган мыйзамга ылайык, жол эрежесин бузган айдоочу аз дегенде 500 сом, эгер спирт ичимдиктерин ичип, мас болуп же наркотикалык зат колдонуп машина айдаса, 20 миң сомго чейин айып пул төлөйт. Мындан сырткары, 5 жылга айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылат. Ал түгүл коомдук жумушка тартылат.

"Кара тизмеден" чыга алабызбы?
Кыргыз авиакомпаниялары 2006-жылдан бери Европанын "кара тизмесинде" турат. Учурунда Амстердам, Бирмингем, Гамбург, Ганновер, Лондон, Мюнхен, Франкфурт жана Штуттгарт шаарларына каттап турган Кыргызстандын учактары "кара тизмеге" кирип, Европага учуу укугунан ажыратылган. Андан бери дээрлик 8 жылдын жүзү болду. "Кара тизмеден" чыгууга болгон аракеттен азырынча майнап чыга элек. Мына быйыл да Борбор Азиянын авиация порталы кабарлагандай, жарандык авиация боюнча эл аралык уюмдун (ИКАО) инспекторлору август айында Кыргызстанга келишет. Алар өлкөнүн жарандык авиация тармагынын учурдагы абалын текшерип, кыргыз авиакомпанияларын "кара тизмеден" чыгаруу боюнча көрүлгөн аракеттер менен таанышат.









??.??