presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргыз гезиттер
Кадам ушул…
Парламент эс алууга кетти. Келбегени оң го…

Парламент кандай да болбосун кесиптеши Акматбек Келдибековду камактан чыгарып алуусу керек. Ал күнөөлүүбү же жокпу, онунчу, жүзүнчү маселе, тек гана боштондукка чыкса болду… Ошонун аракети менен парламентиң сот тарапка басым жасап жатканы, тымызын дейли.

Адам сезими укмуш да кээси менен реалдуулукту сезет, кээси менен аны сезбей да коет. Буга мисал толтура. Ошондон бир мисал: адам баласы үчүн өзү жок жердин баары жакшы, анда жок нерсенин баары жакшы. Ошондуктан биз мурун көрбөгөн, жон терибиз менен сезбеген парламенттик башкаруу дегенди киргизип алып, азырынча анын азабын жакшы эле тартып жатабыз. Аны колдогондордун пикиринде бара-бара парламенттик башкаруу калыбына түшүп жакшы жыйынтыгын берет, күттүрбөй берет экен. Ага макул дейли, бирок, реалдуулукка таянсак, андай болчу түрү жок. Анткени, парламенттик башкаруу деген биздикиндей менталитети бар мамлекеттерге туура келбеген система окшоду... анын үстүнө коррупционерлерди төшүн тосо колдойт да экен.
Совет доорунда бизди окутуп келди эле "парламентаризм капиталисттик өлкөлөргө мүнөздүү... парламентке элдин өкүлдөрү шайланат деп коюп, жалаң эле байлар шайланат..." деп. А чынында парламент деген андай деле коркунучтуу нерсе эмес экен. Эгерде анын өзөгүнөн тайбай пайдаланса, делдектете сүйрөп алып тескери жолго салбаса, башкаруунун дурус системасы катары мамлекетке, элге кызмат кылып бере ала турган экен. Парламентке жалаң байлар шайланат деген бизге да келип олтурат. Азыркы парламентибизди карасаң, "итке минген кедейден" бирди таппайсың, жалаң гана колунда бар, керек болсо коррупционери толо, уюшкан кылмыш мүчөлөрү да бар деп какшап жатышат. Кылмыш кылып коюп, кайсы бир партияга акча төгүп туруп, анын аркасы менен депутат болуп шайланып алсаң бүттү, "кудайдын койнунда жүргөндөй" жүрөсүң да, ошол парламентиң сени "канаттууга кактырбайт, тумшуктууга чокутпайт". Элдик делген башкаруучу органдын кылганы ошол, анан калганы кантти?!
Чынчынына келгенде парламентибизди жалпы эл шайлаган жок, муну какшап жатып тилибиз тешилди. Парламентте буту жер баспай олтурган депутаттардын бири да аны моюнга алгысы жок, маани берген жери жок. Шайлоочунун жарымына жетпегени бүтүндөй парламентти шайлап берип жатпайбы, эч болбоду дегенде шайлоочунун жарымы шайласа болбойт беле, арман!
Санга кайрылалы да: өткөндөгү шайлоого 29 партия катышып, бешөө парламенттен орун алды. Алар: "Ата Журт"-8,47 пайыз, КСДП-7,83 пайыз, "Ар-Намыс"-7,57 пайыз, "Республика"-6,94 пайыз, "Ата Мекен"-5,49 пайыз добуш алышкан. Баарын кошкондо 36,5 пайыз болот. Көрдүңүзбү, бул парламент шайлоочунун жарымынын да добушун ала алган эмес. Анан "бизди эл шайлаган" деп оозун да, башка жерин да көптүрө айтууга таптакыр укугу жок! Антсе да "бизди эл шайлаган" дегенди айтуудан чарчашпайт, шаңдуу түрдө айтат, кайра-кайра баса белгилеп туруп айтат, алкылдап туруп айтат! Күйүп кетесиң да!. "Эл" деген маани калктын көпчүлүгүн түзөрүн эмдигиче биле албай турганы жаман болду.Жазылбаган мыйзам ушуну айтат.
Парламентти кимдер олтурат, баарын кайдан санамакпыз, азын айталы: мурун шашлык сатып күлала болуп, базардын күлтүңдөгөн катындары менен кер-мур айтышып жүргөнү бар экен, арак чыгарып элди сугарып атканы бар, ун салган тегирменчиси бар, дары сатып, адам ден соолугунан пайда тапканы бар, самолет, вертолетторду сатып жооп бербей эле жүргөн эргулу бар, салыктан жеп-жуткан жеп-жуткучу бар, бензин ташып соода кылганы бар, депутаттыкка даяр жүргөнсүп агаларынын ордуна олтурганы бар, жанына зөөкүр эркек тура алгыс албуут, колунан келсе, эркекти боозуткусу келген аял аттуусу бар, криминалы менен "жыт алышканы" бар... негатив мүнөздөмө берчүнүн баары бар, толтура! Ошондон улам парламент бир бүтүнгө бириге албай, маани-маңыздуу иштей албай турат. Бирин-бири аңдуу, жамандоо, көралбоо, жажалап жалган кеп менен жеңип туруу, жеке турмушка ашкере киришүү, эл көзүнө кыйын болуп көрүнгүсү келген жоругу бар ж.б. парламенттин маңызын түзүп калгандай да көрүнөт. Ооба, парламентте сөзсү талаш-тартыш болот, пикир келишпөөчүлүк болот, аны мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн дейли. Ал эми биздин парламентте көбүнчө жеке кызыкчылыктын кармашы, жеке абройлордун кармашы болуп турганы, "сенден мен кыйын" чыры мурун талкалатат, бет түздөтөт. Бул жакшы көрүнүш эмес. Баса, "парламент" деген сөз француздардан алынган тура, ал "сүйлөө" деген маанини билдирет экен. Ал эми биздин парламентти "куру сөз сүйлөө" деп койсо деле жарашпай көрсүн! Куп гана жарашат да! Кээде туруп бооруң эзилет да, кайсы бир депутат баланча деген айылдын ары жагындагы сууга көпүрө салынбай жатат дегенди эки саат түшүндүрө албай "сайрайт" дейсиң, ал көпүрө жөнүндө унутуп да каласың, тигинин далдырагын угуп олтуруп! Көпчүлүгүдө билим деген таптакыр жок.
Биздин парламентке мүнөздүү көрүнүштүн бири: кай маселе болбосун дароо комиссия түзө салып изилдеп-иликтеп кирүү. Анысы жакшы, бирок, андан чыккан майнабы көрүнбөйт го?! Кана, кайсы комиссия мыкты, ташка тамга баскандай чечим чыгарып берди? Санай албайбыз. Анткени, андай факт жок.
Парламентте чырдуу окуялар болуп келди, ал күндөлүк турмуш деңгээине жетип да калды. Ошондой иштердин бири- парламенттги "Ата Мекен" фрациясынын депутаттарынын мародердукка катышы бар деген такталып жаткан факт. Бул иш жакынкы жылдарда чыныгы баасын ала турган түрү жок. Ал ишти изилдеген тарап "тангыс факт бар" дейт, айыпталып жаткан тарап "ал деген жалган жалаа" деп турат.
Биздин парламенттин негизги милдети- бирин-бирин башка жүк түшкөндө колдоо, мисалы, кайсы бир депутатты коррупционер деп шек алганда кандай гана коргошот, кеп башында айтылбадыбы. Каратып туруп ошентип жатышпайбы. Айланайын депутаттар, өмүр бою жетекчи кызматтарда иштеп, чеги коюлган айлык алып жүрүп анан эле жөн адам он өмүр сүрсө да иштеп таба албаган байлыкты топтоп алса, аны ким дейбиз? Албетте, коррупционер дейбиз, Анан ошол коррупционер мыйзам чегинде жооп бериши керек да. Ал Конституцияда да, анын негизинде чыккан башка мыйзамдарда да дапдаана жазылып турбайбы. Анан эмне үчүн коррупциялык ишке шегип бар делген депутаттарды жантыгыңардан жата калып колдойсуңар?! Анткени, таза эмесиңер арбын. Бүгүн болбосо, эртең сөзсүз түрдө кылтакка илинесиңер, ошондо силерди да колдоп беришет. "Мен сага, сен мага" деген эле кеп. Ушул жагдайды бүтүндөй эл журт көрүп-билип турат. А депутаттар болсо, элиңди урганы жок!
Кез-кези менен айтыла калчу эле, кийин көп айтыла баштады: "Бийликтин баарын Атамбаев колуна топтоп алды" деген кеп. Андай болсо, парламент тарапты эмне үчүн теске салбайт. Эмне үчүн парламенттеги Генпрокуратура айткан коррупциялык ишке шектүүлөрдү ордуна койбойт? Билесиңер да, өткөндө Сатыбалдиевдин өкмөтү отставкага кетип, анын ордуна жаңы өкмөт курамын түзөрдө президент фракция башчыларын чогултуп алып "кызмат бөлүштүрүүнү токтотуңуздар" деп сурана талап кылбады беле. Аны ким укту? Эч ким уккан жок, мурункудай эле өкмөт курамын бөлүшүп турушту. Сөз кыскасы, президент бийликти "мыкчып" алган жери жок. Ошондой болсо жакшы болмок. Тигине, парламент тарап "Кумтөрдүн" ишин тототуу керек деди эле, өкмөт ага көнгөн жок, президент өкмөт тарапта турду, жок, туурасы-өкмөт президент тарапта турду. Ошентип, бийлик бутактары ар кимиси өз арбайын согуп жатканы. Парламенттик башкаруу өз жемишин бере албай жатат.
Парламент эс алууга кетти, эки ай бою эс алышат. Кез-кези менен көрүнүп коюп жүрчү депутаттар да эс алат. Ошол эс алуудан кийин азыркы депутаттар келбей эле койсо, он-он бешинен башкасы, алардын ордуна башкалар келсе деп жаш балача ойлоп да кетесиң. Анткени, бул парламент элди кайсы бир деңгээлде жадатып койду, ишенимин өтөй албай коюшту. Дагы бир жыл булардын "мыскыл жана тамашасын, детектив-петективин" көрүп олтуруу шайлоочуга өтө эле оор болбос бекен?!
Баратбай Аракеев











??.??